Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2008-жылдын 16-майы № 85

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

                  Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
                актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

 2008-жылдын 24-апрелинде                Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-берене.

     Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 "Энергети-
ка жөнүндө"Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
     1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Энергетика  боюнча мамлекеттик агенттик" деген ар кайсы жөндө-
мөлөрдө турган  сөздөр  "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы
ыйгарым укуктуу  мамлекеттик  орган" деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөз-
дөргө алмаштырылсын.
     2. 5-статьяда:
     биринчи абзацтагы  "коммуналдык"  деген  сөз  "муниципалдык" деген
сөзгө алмаштырылсын;
     2-бөлүк алып салынсын.
     3. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "10-статья. Аткаруучу кењеш

     Кыргыз Республикасынын  энергетика  тармагындагы  ыйгарым  укуктуу
мамлекеттик органда  Аткаруучу  кењеш түзүлөт. анын курамы жана иш-мил-
деттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
     4. 13-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "Улуттук энергетика программасы (УЭП) Кыргыз Республикасынын Өкмө-
тү тарабынан  иштелип  чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
тарабынан бекитилет.". 

     2-берене.

     Кыргыз Республикасынын  1997-жылдын  28-февралындагы  № 8 "Электр
энергетикасы жөнүндө"Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
     3-статьяда:
     биринчи абзац алып салынсын;
     экинчи абзацта  "аныктайт"  деген сөз "иштеп чыгат" деген сөздөргө
алмаштырылсын. 

     3-берене.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                  К.Бакиев