Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2008-жылдын 23-майы № 93

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

         "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
             өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

     1-берене.

     Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 "Энергети-
ка жөнүндө" Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизил-
син:
     1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча  ар  кайсы  жөндөмөлөрдө  турган
"Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы" деген сөздөр "Кыргыз Рес-
публикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик  органы"
деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөздөргө алмаштырылсын.

     1-п. менен берилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын
16-майындагы №  85  "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өз-
гөртүүлөр киргизүү  жөнүндө"  Мыйзамы  менен  киргизилген өзгөртүүлөрдү
кайталайт

     2. 3-статьяда:
     он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
     "энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр  -  энергия  ресурстарын  берүү,
бөлүштүрүү,  сатуу, сактоо (электр жана жылуулук энергияларын сактоодон
башка) жана энергия ресурстарын ташуу;";
     статья төмөндөгүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар
менен толукталсын:
     "электр энергиясы  -  параметрлерин белгиленген чектерде туруктуу,
үзгүлтүксүз жана сапаттуу кармап турууну талап кылган, бир учурда чыга-
рылуучу жана керектелүүчү товардын өзгөчө түрү;
     Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу  мам-
лекеттик  органы - энергетика тармагындагы мамилелердин жөнгө салынышын
жана контролдонушун ишке ашыруу үчүн Өкмөт ыйгарым укук  берген  мамле-
кеттик орган.";
     он үчүнчү абзац он бешинчи абзац деп эсептелсин.
     3. 5-статьянын  экинчи  абзацындагы "Жогорку Кењештин эки палатасы
тарабынан" деген сөздөр "Жогорку Кењеш тарабынан" деген сөздөргө алмаш-
тырылсын.

     5-статьянын экинчи   абзацы   Кыргыз   Республикасынын 2008-жылдын
16-майындагы №  85  "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өз-
гөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон

     4. 16-статьяда:
     статья төмөндөгүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:
     "Лицензиянын ээси мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп  берген
менчиктин  чегинде  жооп  берет жана электр энергиясынын сапатын камсыз
кылат.";
     экинчи жана  үчүнчү  абзацтар  үчүнчү  жана  төртүнчү абзацтар деп
эсептелсин.

     2-берене.

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн  ченемдик  укуктук  актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

     3-берене.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев