Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\096aad71-243c-42f4-948e-12e0a5ebaf92\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2008-жылдын 23-майы № 96

 

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2002-ж., № 5, 123-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 2-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, башка мыйзамдардан" деген сөздөр "башка мыйзамдык актылардан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 3-статьяда:

1-бөлүктүн экинчи жана бешинчи абзацтарындагы "коммуналдык" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "муниципалдык" деген сөздөргө алмаштырылсын;

1-бөлүктүн үчүнчү абзацы ", менчиктештирүү объектилери менен бир комплексти түзүүчү жер участокторун кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;

2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Бул статьяда көрсөтүлгөн мамлекеттик мүлктү ажыратуу Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен жөнгө салынат.".

3. II главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"II глава

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы"

4. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы

 

Мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү программасы (мындан ары Программа), менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү программаларга ылайык жүзөгө ашырылуучу төмөндөгү стратегиялык объектилерди: магистралдык темир жолдорду, магистралдык газ өткөргүчтөрдү, улуттук электр берүү тармагын, гидроэлектрстанцияларды (Нарын гидроэлектрстанцияларынын каскадын) кошпогондо, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана аларды менчиктештирүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Программа белгилүү бир календарлык мезгилге карата түзүлөт жана эки бөлүмдөн турат.

Программанын биринчи бөлүмү белгилүү бир мезгилге карата мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн милдеттерин, мамлекеттик объектилерди менчиктештирүү мүмкүндүктөрү боюнча бөлүштүрүүнү, мамлекеттик мүлктү сатуудан республикалык бюджетке акча каражатынын түшүү божомолун камтыйт.

Программанын экинчи бөлүмү мамлекеттин менчигинде турган жана менчиктештирүүгө жатпаган уюмдардын жана объектилердин тизмегин; мыйзамда аныкталган тартипте менчиктештирилүүгө жаткан объектилердин тизмегин өзүндө камтыйт.

Программанын колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүп жаткан жылдын 1-майына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү мезгил үчүн отчет берет.".

5. 5 жана 6-статьялар алып салынсын.

6. 7-статьяда:

1-бөлүктөгү "жана түз инвестицияларды тартуу" деген сөздөр алып салынсын;

2-бөлүктө:

сегизинчи абзацтагы "өзүнүн аймактык органдары аркылуу" деген сөздөр алып салынсын;

онунчу абзацтагы "менчиктештирүү процессинде түзүлүүчү" деген сөздөр алып салынсын;

он алтынчы абзацтагы "чарба жүргүзүүчү коомдордун" деген сөздөр "чарбалык шериктештиктердин (коомдордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын; "эсеп жүргүзөт" деген сөздөрдөн кийин "жана аткарылышын контролдойт;" деген сөздөр менен толукталсын;

3-бөлүктө "менчиктештирүү процессинде түзүлгөн ачык акционердик коомдун" деген сөздөр алып салынсын;

4-бөлүктө "жана уставдык капиталында мамлекетке тиешелүү акциялары (үлүштөрү) бар чарба жүргүзүүчү коомдордогу акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланышкан ыйгарым укуктардан башка" деген сөздөр алып салынсын.

7. 8-статьянын 1-бөлүгү алып салынсын.

8. 9-статьяда:

2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдаштыкта" деген сөздөр алып салынсын;

4-бөлүк алып салынсын.

9. 10-статьянын 2-бөлүгү алып салынсын.

10. 11-статьянын 1-бөлүгүндө ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мамлекеттик мүлктү сатууну уюштурууга жана ишке ашырууга ыйгарым укук берилген юридикалык жактар" деген сөздөр алып салынсын.

11. 12-статьянын 1-бөлүгү "Мамлекеттик уюмдар жана ишканалар" деген сөздөрдөн кийин "белгиленген тартипте аракетке жарамсыз деп таанылган жеке жактар" деген сөздөр менен толукталсын.

12. 13-статья алып салынсын.

13. 14-статьянын 2-бөлүгүндө "эки" деген сөз алып салынсын.

14. 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15-статья. Менчиктештирүүнүн усулдарын колдонуу

 

Менчиктештирүүнүн усулун тандоо менчиктештирүү объектисине жараша мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилерин менчиктештирүү усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат.".

15. 18-статьяда:

2-бөлүк алып салынсын;

3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кийин сатып алуу менен башкарууга берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.".

16. 19-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Менчиктештирүүнүн усулу катарында кийин сатып алуу менен ижарага алуу ижарада турган объекттерге карата колдонулат. Кийин сатып алуу менен ижарага берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.".

17. 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20-статья. Чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык

капиталдарына салым катары кошуу

 

Мамлекеттик мүлктү чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары кошуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.".

18. IV глава төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-статья менен толукталсын:

"20-1-статья. Түз сатуу

 

Түз сатуу мамлекеттик мүлктү белгилүү бир инвесторго менчиктештирүүнүн усулу болуп эсептелет. Мамлекеттик мүлктү түз сатуу усулун колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.".

19. 22-статьянын экинчи сүйлөмүндөгү "ушул Мыйзамдын 26-статьясынын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүнө ылайык" деген сөздөр алып салынсын.

20. 24-статьяда:

- 1-бөлүктөгү экинчи сүйлөм алып салынсын;

- 2-бөлүктө:

биринчи сүйлөмдөгү ", салык инспекциясынын" деген сөздөр алып салынсын;

экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Менчиктештирүү боюнча комиссия аудитордук, консультациялык, баалоочу, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартууга укуктуу, алар өздөрү аткарган иштердин аныктай жана негиздүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".

21. 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"25-статья. Акциялаштырууга даярдык

 

Менчиктештирүү боюнча комиссия:

мамлекеттик ишкананын мүлкүн инвентаризациялоонун жана финансылык отчетунун документтерине талдоо жүргүзөт;

ишкананын финансылык-экономикалык абалына жана ишине талдоо жүргүзөт;

мамлекеттик ишкананы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлүүчү акционердик коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн аныктайт.

Эгерде мамлекеттик ишкана менчиктештирүү боюнча комиссиянын пикири боюнча аны акциялаштырганга чейин кандайдыр бир өзгөртүп түзүүгө муктаж болсо, менчиктештирүү боюнча комиссия мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүү) боюнча өзүнүн рекомендацияларын иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна киргизет, ал рекомендациялар мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткенден кийин колдонулат.

Менчиктештирүү боюнча комиссия жүргүзүлгөн иштин негизинде отчет түзөт жана аны мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.".

22. 26-статьяда:

1-бөлүк "мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;

2-4-бөлүктөр алып салынсын;

5-бөлүк сүйлөмдүн башында "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн мурда "Уставдык капиталды аныктоодо" деген сөздөр менен толукталсын.

23. 27-статьяда "уставын макулдашат, башкаруу органдарын түзөт" деген сөздөр алып салынсын.

24. VI глава алып салынсын.

25. VII главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"VII глава

Менчиктештирүү объектисинин наркын аныктоо, менчиктеш-

тирүүдөн түшкөн кирешелер жана аларды бөлүштүрүү".

26. 32-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"32-статья. Менчиктештирүү объектилеринин наркын аныктоо тартиби

 

Менчиктештирүү объектилеринин наркын аныктоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгиленет. Баалоону жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү нормативдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.".

27. 34-статьяда:

2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" деген сөздөр "мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:

"Мамлекеттик мүлк үчүн башка өлкөлөрдүн акча бирдиктери менен төлөөдө банктын чыгымдары жана курстук айырма сатып алуучунун эсебинен төлөнөт.".

28. 36-статьяда:

1-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана ушул Мыйзамга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-бөлүктүн тогузунчу абзацындагы "ушул Мыйзамдын 17-статьясынын алтынчы бөлүгүнүн" деген сөздөр "сатуу-сатып алуу келишиминин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

29. 38-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"38-статья. Менчиктештирүүдөн баш тартуу

 

Объектини менчиктештирүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда болот:

эгерде:

жак ушул Мыйзамдын 12-статьясына ылайык сатып алуучу боло албаса;

объектини менчиктештирүүгө чектөө коюлган же тыюу салынган болсо.".

30. 39-статьяда:

1-бөлүк "юридикалык жактар" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен толукталсын;

3-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "прокуратура органдары" деген сөздөр "укук коргоо органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

3-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К.Бакиев