Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\83ce3f63-5a14-4cf8-a33e-0a97ef1acd21\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ 

2008-жылдын 9-июлу № 141

Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын,
2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2012-жылдын 10-августундагы № 167,
2013-жылдын 11-июлундагы № 130 
2014-жылдын 26-июнундагы № 94, 2014-жылдын 7-июлундагы № 116,
2016-жылдын 27-июлундагы № 149, 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 192, 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194,
2016-жылдын 23-декабрындагы № 216,
2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

2-глава. Судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери

3-глава. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоонун, Жогорку соттун төрагасын жана төрагасынын орун басарларын шайлоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби

4-глава. Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо тартиби, аларды которуу, жергиликтүү соттун төрагасын жана төраганын орунбасарын шайлоо

5-глава. Судьялардын ыйгарым укуктарын токтото туруу, кызматтан четтетүү жана ыйгарым укуктарын токтотуунун негиздери жана тартиби

6-глава. Судьялардын жоопкерчилиги

7-глава. Судьялардын статусунун социалдык кепилдиктери

8-глава. Корутунду жоболор

 

Бул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусун, судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдиктерин, Кыргыз Республикасынын судьяларын шайлоо, дайындоо тартибин, аларды которууну (ротациялоону), кызматтан бошотууну, судьялардын жоопкерчилигин, алардын ишин материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуу чараларын жана ушул статуска байланышкан башка жоболорду карайт.

 

1-глава
Жалпы жоболор

 

1-берене. Судьялар - сот бийлигин алып жүрүүчүлөр

 

1. Кыргыз Республикасында сот бийлиги судьялардын атынан чыгуучу төмөндөгү сотторго гана таандык:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна (мындан ары - Жогорку сот);

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Жогорку соттун Конституциялык палатасы);

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна (мындан ары - жергиликтүү соттор);

мыйзам менен түзүлгөн адистешкен сотторго.

2. Судьялар деп Конституцияда жана ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте сот адилеттигин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жана өзүнүн милдеттерин кесипкөй негизде аткарган адамдар саналат.

3. Сотко же судьяларга урмат көрсөтпөө мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

2-берене. Судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдар

 

1. Судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул конституциялык Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынан жана ченемдик укуктук актыларынан турат.

2. Мамлекеттик кызмат, эмгек, социалдык, материалдык-техникалык жана башка жактан камсыз кылуу, мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул конституциялык Мыйзамда жөнгө салынбаган жагынан судьяларга жайылтылат.

 

3-берене. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу принциптери

 

1. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьялар төмөнкүдөй негизги принциптерди жетекчиликке алат:

- сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашырышы;

- мыйзамда каралган учурларда сот адилеттигин акысыз жүзөгө ашыруу;

- соттордун өз алдынчалыгы жана судьялардын көз карандысыздыгы;

- мыйзам жана сот алдында бардыгынын теңдиги;

- судьялардын жооптуулугу;

- бардык соттордо иштерди териштирүүнүн ачык-айкындыгы;

- сот актыларынын милдеттүүлүгү;

- мыйзамда белгиленген тартипте сот адилеттигин жүзөгө ашырууга жарандардын катышуусу.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле эгерде алар сотто ишти алып баруу үчүн жетиштүү каражаттарга ээ болбогондугунун далилин сотко көрсөтө алган ар кандай учурда сот тарабынан акысыз корголууга укуктуу.

3. Сот бийлигин эч кимдин эркине карабастан соттор Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамга гана баш ийип, өз алдынча жүзөгө ашырат.

Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга катышкан судьялар, сот арачылары көз карандысыз, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамга гана баш ийишет.

Кыргыз Республикасында соттордун өз алдынчалыгын, судьялардын көз карандысыздыгын кысымга алуучу мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар чыгарылышы мүмкүн эмес.

4. Мыйзам жана сот алдында бардыгы тең.

Судьялар процесске катышкан кайсы бир органдарга, жактарга, тараптарга алардын кайсы мамлекетке, социалдык топко, жыныска, расага, улутка, тилге же саясатка таандык экендигине артыкчылык бербестен, алардын тегине, мүлктөй же кызмат абалына, жашаган жерине, туулган жерине, динге мамилесине, ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандык экендигине карабастан, ошондой эле мыйзамда каралбаган башка негиздерге таянбай сот адилеттигин калыс жүзөгө ашырат.

5. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларын, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу учурунда судьялар койгон талаптарды жана тескемелери бардык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү жана алар кыйшаюусуз аткарууга тийиш.

Соттор мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын контролдойт.

Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга зарыл маалыматтар, документтер жана алардын көчүрмөлөрү судьялардын талабы боюнча милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш.

Сот актыларын, судьялардын талаптарын жана тескемелерин аткарбагандык мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет.

6. Мыйзамда каралган учурларда жабык жыйналышта каралууга тийиш болгондон башка иштер бардык соттордо ачык териштирилет.

7. Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамда каралган учурларда сот адилеттигин жүзөгө ашырууга катышууга укуктуу.

8. Сот арачылары катары сот адилеттигин жүзөгө ашырууга катышып жаткан жарандарга коюлуучу талаптар мыйзам менен белгиленет.

Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга катышкан мезгили үчүн сот арачыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик бюджеттен сый акы төлөнөт.

 

4-берене. Судьянын статусу

 

1. Судьянын статусу анын ээсинин инсандыгына, квалификациясына жана жүрүм-турумуна бийик стандарттарды коюу менен аны алууга жана токтотууга жогорулатылган талаптар, судьялык ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, бийик статуска шайкеш келүүчү материалдык жана социалдык камсыз кылуу жана башка кепилдиктер менен аныкталат.

2. Адамда судьянын статусу тиешелүү соттун судьялык кызматына кирген күндөн тартып келип чыгат жана судьялык кызматтан бошотуу жөнүндө акт чыгарылган күндөн жана ушул конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын ыйгарым укуктары токтогондон тартып токтотулат. Судья ант берген учурдан тартып кызмат ордуна кирди деп эсептелет.

3. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары бирдиктүү статуска эгедер жана өз ара тиешелүү сотторду уюштуруу жана процесстик иш жөнүндө мыйзамдар аркылуу аныкталган ыйгарым укуктар менен гана айырмаланышат.

4. Судьяларга ээлеген кызматына, судьялык кызматтагы иш стажына жана мыйзамда каралган башка жагдайларга жараша квалификациялык класстар ыйгарылат.

5. Ээлеген кызматына жараша эмгек акысынын өлчөмүндөгү, ошондой эле отставкага чыккан же статусу токтотулган учурда чыгуу жөлөкпулдарынын өлчөмүндөгү айырмачылыктарды белгилөө жана ээлеген кызматына, иш стажына жана башка жагдайларына жараша ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген жана башка айырмачылыктар статусу өзгөрүлдү дегенди билдирбейт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

5-берене. Судьянын анты

 

1. Кыргыз Республикасынын шайланган же дайындалган судьялары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы ант берген күндөн тартып башталат.

Ант салтанаттуу кырдаалда төмөнкүдөй мазмунда берилет:

"Мен .... Кыргыз Республикасынын судьясынын кызматына киришип жатып, өз Ата-Мекенимдин жана элимдин алдында:

сот адилеттигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык так, ак ниеттүү, калыс жана адилеттүү жүзөгө ашырууга;

судьянын Ар-намыс кодексинин эрежелерин так сактоого ант берем.".

2. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары антты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жыйналышында өздөрү шайланган күнү беришет.

3. Жергиликтүү соттордун судьялары антты өздөрү дайындалган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен Жогорку соттун судьяларынын жыйналышында беришет.

Бир жергиликтүү соттон башкасына которулган жергиликтүү соттун судьясы ант берүүгө алып келинбейт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

51-берене. Статусуна ылайык судьяга коюлуучу талаптар

 

1. Судья төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) Конституцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кыйшаюусуз сактоого, судьянын антын актоого;

2) Кыргыз Республикасынын судьяларынын Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого жана судьянын кадыр-баркын жана беделин жаманатты кыла турган бардык нерселерден качууга;

3) сот адилеттигин орундоо боюнча ишке мыйзамсыз кийлигишүү аракеттерине каршы турууга;

4) судьялардын кеңешмесинин сырын сактоого;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз мүлкүн, кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоого;

6) эмгек тартибинин эрежесин сактоого.

2. Судья төмөнкүлөргө укуксуз:

1) сотто жана башка мамлекеттик органдарда жеке же юридикалык жактардын иштери боюнча (мыйзамдуу өкүлчүлүктөн тышкаркы учурда) өкүлү болууга;

2) ушул маселе боюнча сот акты мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин кароонун заты болуп эсептелген маселе боюнча ачык-айкын сүйлөп чыгууга жол берүүгө;

3) судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланышпаган максаттарда, мыйзамда жетимдүүлүгү чектелген маалыматтарга киргизилген маалыматтарды же ага судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланыштуу белгилүү болуп калган кызматтык маалыматтарды жарыя кылууга же пайдаланууга;

4) протоколдук жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу берилген белектерди пайдаланууга. Мындай белектер мамлекеттик менчик катары таанылат да, судья тарабынан мыйзамдарда каралгандан тышкаркы учурларда соттун актысы боюнча өзү судьялык кызматты ээлеген сотко өткөрүп берилет. Протоколдук жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белекти өткөрүп берген судья Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте аны сатып ала алат;

5) Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары - Судьялар кеңеши) уруксатысыз чет мамлекеттердин, саясий партиялардын ардак жана атайын (илимий жана спорттук наамдардан тышкары) наамдарын, сыйлыктарын жана башка айырмалоо белгилерин алууга;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине же Жогорку Соттун, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чет мамлекеттердин тиешелүү сотторунун эл аралык жана чет өлкө уюмдары менен өз ара негизде макулдашууларына ылайык ишке ашырылуучу кызматтык иш сапарларынан тышкары жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынан тышкары жактарга кызматтык иш сапарларга чыгууга;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде же Жогорку Соттун, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чет мамлекеттердин тиешелүү соттору, эл аралык жана чет өлкө уюмдары менен өз ара негизде, эгерде макулдашууларда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башкаруу органдарынын, камкордук же көзөмөлдүк кылуучу кеңештеринин органдарынын курамына кирүүгө;

8) иш таштоолорго жана митингдерге катышууга;

9) ишкердикти жүзөгө ашырууга, ошондой эле судьялык кызматты депутаттык иш же мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин, төмөнкүлөрдөн тышкары, башка акы төлөнүүчү иштер менен катар алып жүрүүгө:

- тийиштүү соттун төрагасы менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү педагогикалык, илимий, эксперттик жана чыгармачылык иштерден. Көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашыруу судьянын иштеген жери боюнча аткарган ишинин санына жана сапатына таасир этпеши керек;

- соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандап алуу кеңешинин (мындан ары - Судьяларды тандоо кеңеши), Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын иштерине катышуудан.

3. Судьялар партияда тура албайт, кандайдыр бир саясий партияларды колдоп же аларга каршы чыга албайт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2016-жылдын 27-июлундагы № 149, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

52-берене. Судьянын негизги укуктары

 

1. Судья ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда, анын негизинде кабыл алынган башка мыйзамдарга ылайык төмөндөгүлөргө укуктуу:

башка сотко которулууга (ротацияланууга);

соттун төрагалыгына же соттун төрагасынын орун басарлыгына, ошондой эле судьялык өз алдынча башкаруу органдарына, Судьяларды тандоо кеңешине жана Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына  шайланууга;

(абзац КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

отставкага чыгууга;

судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгына талаптардын бузулгандыгы жөнүндө ага каршы кандай гана айыптоолор болбосун төгүндөөнү же алардын негизсиздигин таанууну талап кылууга;

анын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга мамлекет жана судьялык өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көмөк көрсөтүлүшүнө;

ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген кепилдиктердин камсыз кылынышына.

2. Эгерде бул укуктарды ишке ашыруу судьянын бийик статусуна карама-каршы келбесе, ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөндөр судья болуп эсептелген жарандын Кыргыз Республикасынын жарандарына Конституцияда берилген башка укуктарын чектебейт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

53-берене. Судьялардын квалификациясын жогорулатуу

1. Судья квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.

Судьялардын квалификациясын жогорулатуу бул мезгилге эмгек акысын сактоо менен, үч жылда бир жолудан кем эмес, окуу программаларына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Судьянын квалификациясын жогорулатуудан өтүүсүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Жогорку соттун төрагасы жана Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.

3. Судьялардын квалификациясын жогорулатуу республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

(КР 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

54-берене. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу

1. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди окутууну Сот адилеттигинин жогорку мектеби жүзөгө ашырат. Судьянын кызмат ордуна талапкер болушкан адамдар бир жылга чейинки мөөнөттөгү окуудан өтүүгө тийиш, бул мезгилдин аралыгында ага иш орду боюнча эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүсү берилет. Окуу аяктаганда квалификациялык экзамен өткөрүлөт.

2. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди окутуудан өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Жогорку соттун төрагасы жана Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-берене. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы

 

1. Судья жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турган учурга чейин өзүнүн кызмат ордун ээлейт жана өзүнүн ыйгарым укуктарын сактайт.

2. Судьянын бийик наамы менен коошпогон, ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартип жосунун (жосундарын) олуттуу, же болбосо системалуу жасоо кынтыксыздык талаптарын бузуу деп түшүнүлөт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына) 

 

7-берене. Сот бийлигинин символдору

 

1. Сот адилеттигин ишке ашырган учурда судьялар мантия кийишет жана чечимди Кыргыз Республикасынын атынан чыгарышат.

2. Сот жыйналыштарынын залдарында Кыргыз Республикасынын Герби жана Туусу илинет.

3. Кыргыз Республикасынын шайланган жана дайындалган судьяларына күбөлүк берилет.

Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судь-

яларынын күбөлүгү Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан берилет.

Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасынын, төраганын орун басарынын күбөлүгү Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялар чогулушунун чечиминин негизинде Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан берилет.

Жергиликтүү соттун төрагасынын, төраганын орун басарынын күбөлүгү жергиликтүү соттун судьялар чогулушунун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) тарабынан берилет.

Көңүл буруңуздар! "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруунун алкактарында судьялар корпусун түзүү аяктаганга чейин 7-берененин 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацынын колдонулушу токтотулду

Жергиликтүү соттун судьясынын күбөлүгү Президент тарабынан берилет.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

8-берене. Судьялардын квалификациялык класстары

1. Судьяларга ээлеген кызматтарына, судьянын кызматындагы иштеген стажына, сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатына, тартибинин кынтыксыздыгына жараша квалификациялык класстар ыйгарылат.

2. Квалификациялык класстар төмөндөгүчө бөлүнөт:

- бешинчи квалификациялык класс;

- төртүнчү квалификациялык класс;

- үчүнчү квалификациялык класс;

- экинчи квалификациялык класс;

- биринчи квалификациялык класс;

- жогорку квалификациялык класс.

3. Судьяларга квалификациялык класстар Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Президент тарабынан ыйгарылат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

9-берене. Кыргыз Республикасынын судьясына квалификациялык классты ыйгаруу тартиби

1. Квалификациялык класстар төмөндөгүлөргө ыйгарылат:

1) жергиликтүү соттордун судьяларына - бешинчи-экинчи квалификациялык класстар;

2) Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларына - биринчи квалификациялык класс ыйгарылышы мүмкүн.

Жергиликтүү соттордун судьяларына ишинин стажын, сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын, кынтыксыз жүрүм-турумун эске алуу менен биринчи жана жогорку квалификациялык класстар ыйгарылышы мүмкүн.

2. Жергиликтүү соттун судьясынын кызматына биринчи жолу дайындалган жана квалификациялык классы жок судьяга дайындалган күндөн тартып кеминде алты айдан кийин бешинчи квалификациялык класс ыйгарылат.

Судьяга кезектеги квалификациялык класс кеминде үч жылдан эрте эмес ыйгарылышы мүмкүн. Мында үч жылдык мөөнөт судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырбаган мезгилдеги мөөнөттү камтыбайт. Судьяга тартип жазасы колдонулган учурда үч жылдык мөөнөттүн өтүшү тартип жазасы жоюлду деп эсептелчү күнгө чейин токтотула турат.

Судьяларга берилген квалификациялык класстар аларда өмүр бою калат. Кезектеги квалификациялык класс ыйгарылганда мурдагы квалификациялык класс күчүн жоготот.

3. Судьяны квалификациялык классынан ажыратууга жазык иши боюнча соттун өкүмү менен дайындалган кошумча жазанын түрү катары сот тартибинде гана жол берилет.

(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын, 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

10-берене. Квалификациялык класска кошумча төлөө

1. Квалификациялык класстары бар судьяларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте кызматтык айлык акыларына кошумча төлөм белгиленет.

2. (КР 2016-жылдын 23-декабрындагы № 216 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2016-жылдын 23-декабрындагы № 216 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-глава
Судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери

 

11-берене. Судьянын көз карандысыздыгы

1. Судьянын көз карандысыздыгы төмөндөгүлөр аркылуу камсыз кылынат:

1) сот адилеттигин мыйзам менен каралган тартипте гана жүзөгө ашыруу;

2) жоопкерчилик ким тарабынан болбосун соттун ишине коркутуу аркылуу кийлигишүүгө тыюу салуу;

3) судьянын алмашылбастыгы;

4) судьянын кол тийбестиги;

5) судьяны, анын жогорку статусуна ылайык мамлекеттин эсебинен материалдык жана социалдык жактан милдеттүү түрдө камсыз кылуу;

6) соттук өз алдынча башкаруу органдарынын иштеши;

7) отставкага чыгуу укугуна.

2. Конституцияда жана ушул конституциялык мыйзамда каралган судьянын көз карандысыздыгынын кепилдиктери кандай учурда болсо да алып салынышы же төмөндөтүлүшү мүмкүн эмес.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

12-берене. Судьянын ишине кийлигишүүгө жол берилбестик

1. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишке ар кандайча кийлигишүүгө тыюу салынат. Судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишине кийлигишүүгө күнөөлүү адам мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартат.

2. Ушул конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралган учурлардан тышкары судьядан конкреттүү сот иши боюнча отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.

3. Процесстик мыйзамда каралган учурлардан жана тартиптен бөлөк учурларда судья каралган же анын өндүрүшүндө турган иштердин маңызы боюнча кандайдыр бир түшүндүрмөлөрдү жасоого, таанышуу үчүн ишти кимдир-бирөөгө берүүгө милдеттүү эмес.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

13-берене. Судьялардын алмашылбастыгы

 

1. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары алмашылбайт. Алар өз кызмат ордундарын ээлешет жана конституциялык мөөнөттүн чегинде өз ыйгарым укуктарын сакташат.

2. Судья Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана негиздер боюнча каралбаса, кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулбайт же четтетилбейт же анын ыйгарым укуктары токтотула турушу же токтотулушу мүмкүн эмес.

3. Республиканын бир регионунда жайгашкан жергиликтүү сотто өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу судья которуу (ротациялоо) тартибинде ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда жана негиздерде гана ошол жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн башка жергиликтүү соттун тең же жогору турган кызмат ордуна жиберилиши мүмкүн.

 

14-берене. Судьянын кол тийбестиги

1. Судья кылмыш жасаган жеринде кармалгандан башка учурларда кол тийбестик укугуна ээ жана кармалууга жана камакка алынууга, тинтилүүгө же жекелей текшерүүгө кабылууга тийиш эмес. Кылмыш жасаганынын шектүүлүгү боюнча кармалган же башка негиз боюнча же болбосо кайсы бир укук коргоо органдарына мажбурлап алынып келинген судья, эгерде кармалган учурда бул судьянын инсандыгы белгилүү болушу мүмкүн болбосо, анын инсандыгы аныкталгандан кийин токтоосуз бошотулууга тийиш.

2. Судья, анын ичинде ыйгарым укуктары токтотулгандан, кызматынан бошотулгандан кийин судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып турган мезгилде жасаган укукка каршы жосуну үчүн сот тартибинде салынуучу жазык жана административдик жоопкерчиликке ушул конституциялык Мыйзамда белгиленгенден башкача тартипте тартылышы мүмкүн эмес.

3. Башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максаттарында, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, судьяны жекелей текшерүүгө жол берилбейт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына

3-глава
Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоонун, Жогорку
соттун төрагасын жана төрагасынын орун басарларын шайлоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби

 

(Главанын аталышы КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

15-берене. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларына коюлуучу талаптар, аларды шайлоонун тартиби

1. Жогорку сотко 40тан жаш эмес, 70 жаштан улуу эмес, "Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесип боюнча он жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны судья болушу мүмкүн.

Жогорку соттун Конституциялык палатасына 40тан жаш эмес, 70 жаштан улуу эмес, "Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесип боюнча он беш жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик жана расмий тилдерди билген Кыргыз Республикасынын жараны судья боло алат.

1-1. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордун ээлөө үчүн талап кылынган юридикалык кесип боюнча иш стажына ушул конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген жергиликтүү соттордун судьялары үчүн каралган кызмат орундарындагы иштөө убактысы кошуп эсептелет.

2. Жогорку соттун, анын ичинде Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушуна негизделген Президенттин сунуштамасы боюнча, бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат. Жогорку соттун судьялары Конституцияда белгиленген жаш курак чегине жеткенге чейин шайланат; Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары - биринчи жолу 7 жылдык мөөнөткө, ал эми андан кийин - Конституцияда белгиленген жаш курак чегине жеткенге чейин шайланат.

3. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо конкурстук негизде Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.

Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс ушул конституциялык Мыйзамдын 211-беренесинде белгиленген тартипте, конкурстук тандоо өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордун ээлөөгө биринчи жолу талапкер болгон жана судьялык иш стажы жок адамдарга, ошондой эле судьялык иш стажы бар адамдарга, мында алардын конкурска катышууга берген арызы менен адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуунун мөөнөтү он жылдан ашса, төмөнкүдөй кошумча талап белгиленет - талапкерлерди окутуунун натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын болушу.

4. Судьяларды тандоо кеңеши Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын чек жаш курагына жеткенге чейин алтымыш күндөн кечиктирбестен же Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда кыскартылганга же аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошоткон күндөн тартып жыйырма күндөн кечиктирилбестен Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт.

5. Конкурска катышууга арыз талапкер тарабынан Судьяларды тандоо кеңешине кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он күндүн ичинде берилиши керек.

Арызга төмөндөгүлөр тиркелет:

1) паспорттун көчүрмөсү;

2) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) талапкердин юридикалык кесип боюнча иш стажы бар экендигин тастыктаган эмгек китепчесинин жана башка документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

4) конкурска катышаардын алдындагы бир жыл ичинде берилген ден-соолугунун абалы жөнүндөгү медициналык корутунду.

Арызга талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн башка документтер (пикирлер, сунуштамалар) тиркелиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын иштеп турган судьялары арыз берүү жолу менен Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышууга укуктуу.

Конкурска катышууга арыз берген Кыргыз Республикасынын судьяларынын өздүк делолору Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппараттары судьяларынын жана жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) аппараттары тарабынан Судьяларды тандоо кеңешине сунушталат.

6. Арыздарды кабыл алуу аяктагандан кийин жана конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча Судьяларды тандоо боюнча кеңеш он жумушчу күндүн ичинде Жогорку Соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерлигин Президентке киргизет.

6-1. Талапкерлерде Жогорку соттун жана Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерди шайлоого жолтоо болуучу жагдайлар болбогон учурда, Президент аларды он жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке көрсөтөт.

Президент Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо боюнча кеңешке өзүнүн чечимин жүйөөлөштүрүү менен кайтарып берүүгө укуктуу.

Эгерде Судьяларды тандоо боюнча кеңеш он жумушчу күндүн ичинде Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерди шайлоого жолтоо болуучу жагдайларды белгилебесе. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Президентке ушул эле талапкер боюнча сунушту кайталап киргизет.

Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна мурда сунушталган талапкерди Президентке кайталап киргизүү жөнүндө чечим Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Президент Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан кайрадан көрсөтүлгөн талапкерди Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна дайындоого жолтоо болуучу жагдайлар болбогон мурда киргизилген талапкерлер менен бирге, Судьяларды тандоо боюнча кеңештен кайрадан сунуш келип түшкөн күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке көрсөтөт.

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Президент тарабынан баяндалган жагдайлар менен макул болгон учурда, Судьяларды тандоо боюнча кеңеш он жумушчу күндүн ичинде талапкерлердин тийиштүү тизмесинен кезектүүлүк тартибинде жаңы талапкерди алган баллына жараша сунуштайт.

Судьяларды тандоо боюнча кеңештин кайталанган сунуштары көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылганга чейин киргизилет. Талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылган учурда, Судьяларды тандоо боюнча кеңеш калган бош орундарга жаңы конкурстук тандоо жарыялайт.

7. (Биринчи абзац КР 2014-жылдын 26-июнундагы № 94 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Сунушталган талапкер боюнча Жогорку Кеңеш сунуштама келип түшкөн күндөн тартып эки жумадан кечиктирбестен чечим кабыл алат.

8. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат ордуна сунушталган талапкерлер Жогорку Кеңеште шайланбай калган учурда көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин тизмесинен Судьяларды тандоо кеңешинин сунуштамасы менен Президент башканын талапкерлигин киргизет.

Жогорку соттун, Жогорку срттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо үчүн жаңы талапкерлик боюнча Президенттин сунуштамасын Жогорку Кеңеш сунуштама келип түшкөн күндөн тартып эки жумадан кечиктирилбеген мөөнөттө карайт.

9. Жогорку сотко, Жогорку соттун Конституциялык палатасына төмөндөгүдөй адамдар судья боло алышпайт:

1) соттуулугу, анын ичинде алынган же жоюлган соттолгондугу барлар;

2) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордунан мурда бошотулгандар;

3) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын жаманатты кылганына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулган же "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын сегизинчи жана тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча адвокаттык ишке иштөө укугунун лицензиясынан ажыратылгандар;

31) кылмыш жасоого шектелгендер же айыпталгандар же болбосо аларга карата реабилитациялабоочу негиздер боюнча жазык куугунтуктоосу токтотулгандар;

4) чет мамлекеттин жарандыгы барлар.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 19-апрелиндеги N 06-р чечими

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги N 06-р чечими

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 01-февралындагы N 02-р чечими

 

 

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2014-жылдын 26-июнундагы № 94, 2016-жылдын 29-ноябрындагы 192, 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

16-берене. Жогорку соттун төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоонун жана бошотуунун тартиби

 

1. Жогорку соттун судьялары өздөрүнүн курамынан үч жылдык мөөнөт менен төраганы жана төраганын орун басарларын шайлайт.

Бир эле судья Жогорку сотко катары менен эки мөөнөт төрага, төраганын орун басары болуп шайланышы мүмкүн эмес.

2. Жогорку соттун төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ишке ашырылат.

3. Жогорку соттун Конституциялык палатасына төраганы жана төраганын орун басарларын шайлоо жана бошотуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамда каралган тартипте ишке ашырылат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

4-глава
Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо тартиби, аларды которуу, жергиликтүү соттун төрагасын
жана төраганын орунбасарын шайлоо

 

17-берене. Жергиликтүү судьяларга коюлуучу талаптар

 

1. Жергиликтүү соттордун судьяларына 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес, Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны боло алат.

2. Жергиликтүү соттун судьясынын кызматын ээлөөгө биринчи жолу талапкерленген жана судьялык иш стаждары жок адамдарга, ошондой эле судьялык иш стаждары бар адамдарга, ошол эле убакта алардын конкурска катышууга арыз бергендиги менен судьялык кызматтан бошотулган же судьялык ыйгарым укугу токтотулган мөөнөттүн ортосундагы тыныгуу он жылдан ашса, анда төмөндөгүдөй кошумча талаптар белгиленет: квалификациялык экзаменди (мындан ары - экзамен) берүүнүн натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын болушу. Экзамен талапкерлердин окуусунун жыйынтыктары боюнча тапшырылат. Сертификат үч жыл бою жарактуу. Окутуунун программасы, экзаменди алуу боюнча комиссиянын курамы, ошондой эле аны берүүнүн тартиби Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.

Көңүл буруңуздар!
2010-жылдын 27-июнунда референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Конституцияга ылайык жергиликтүү соттордун судьялык корпусунун түзүлүшү аяктаган күндөн тартып берилген статьянын 2-бөлүгү күчүнө кирет (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 2-абзацын караңыз)

3. Жергиликтүү сотторго төмөнкүдөй адамдар судья болушу мүмкүн эмес:

1) соттуулугу, анын ичинде соттолгондугу алып салынган же жоюлган;

2) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордунан бошотулган;

3) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын жаманатты кылгандыгына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулган же "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын сегизинчи жана тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча адвокаттык иш жүргүзүү укугун берген лицензиядан ажыратылгандар;

31) кылмыш жасоого шектелгендер же айыпталгандар же болбосо аларга карата реаблитациялабоочу негиздер боюнча жазык куугунтуктоосу токтотулгандар;

4) чет мамлекеттин жарандыгы барлар.

4. Судьянын кызмат ордун ээлөө үчүн зарыл болгон юридикалык кесип боюнча иш стажына төмөнкү кызматтардагы иш убактысы эсептелет:

- жогорку юридикалык билими бар Жогорку Кеңештин депутаттарынын;

- Президенттин Аппаратынын юридикалык бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин, Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн;

- Жогорку Кеңештин Аппаратынын юридикалык бөлүмчөлөрүнүн, укук тартиби, адам укуктары, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укук маселелерин алып барган ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын (юридикалык жогорку билим алган учурдан тартып) жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын юридикалык жогорку билими бар жардамчыларынын, консультанттарынын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) Аппаратынын юридика бөлүмчөсүнүн, коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн;

- Жогорку соттун аппаратынын кызматкерлеринин;

- Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппаратынын кызматкерлеринин;

- жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин;

- прокуратура органдарынын кызматкерлеринин;

- юстиция системасынын кызматкерлеринин;

- ички иштер органдарынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин;

- улуттук коопсуздук кызматынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин;

- бажы органдарынын жана финансы полиция органдарынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин;

- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, ошондой эле аларга караштуу мекемелердин юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комиссияларынын, фонддорунун аппараттарынын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;

- Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) аппаратынын жогорку юридикалык билими бар кызматкерлеринин;

- менчигинин формасына карабастан юридикалык жактардын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;

- Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын;

- Кыргыз Республикасынын нотариустарынын;

- жогорку окуу жайлардын укук маселеси менен иштеген профессорлор-окутуучулар курамынын, окумуштуу катчысынын.

Мында адистиги боюнча иш стажына орунду ээлөөдө юридикалык жогорку билимдин болушунун милдеттүүлүгүн талап кылган кызмат орундарында иштеген убакыт кошуп эсептелет.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 19-апрелиндеги N 06-р чечими

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги N 06-р чечими

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 01-февралындагы N 02-р чечими

 

 

18-берене. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс

 

1. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо конкурстук негизде Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан жүргүзүлөт.

2. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөө конкурстук тандоону өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

3. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат орду төмөнкүлөргө байланыштуу түзүлөт:

1) жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аякташына;

2) Конституцияда белгиленген куракка жеткенине;

3) жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда аяктаганына же судьянын кызмат ордунан бошотулганына;

4) жергиликтүү соттордун судьясынын жаңы штаттык бирдиги киргизилгендигине;

5) адистештирилген соттордун түзүлүшүнө.

4. Судьяларды тандоо кеңеши жергиликтүү соттун судьясынын чек жаш курагына жеткенге чейин алтымыш күндөн кечиктирбестен, же жергиликтүү соттун судьяларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандан же аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошоткон күндөн тартып жыйырма күндөн кечиктирбестен жергиликтүү соттун судьяларынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт. Конкурс жөнүндө кулактандыруу мамлекеттик басма сөз органдарына, ошондой эле Судьяларды тандоо кеңешинин сайтына жайгаштырылат.

Жергиликтүү соттун судьясы анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин сексен күндөн эрте эмес жана алтымыш күндөн кеч эмес өзүн жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоо жөнүндө Улуттук кеңешке арыз менен кайрылууга укуктуу. Мындай учурда Судьяларды тандоо кеңеши арыз келип түшкөн күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө аны ушул Конституциялык мыйзамдын 211-беренесинде каралган эрежелер боюнча карайт. Мында эгерде талапкер Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоого сунушталбаса, анда жергиликтүү соттун судьясынын боло турган бош кызмат ордуна иштеп жаткан судьянын талапкерлиги четтетилген күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен конкурс жарыяланат. Мындай судья анын талапкерлиги Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан четке кагылган күндөн тартып бир жылдан кийин гана судьялардын бош кызмат орундарына болгон башка конкурстарга катышууга укуктуу.

Көңүл буруңуздар! "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруунун алкактарында судьялар корпусун түзүү аяктаганга чейин 18-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацынын колдонулушу токтотулду

5. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 4, 5-пункттарынын негизинде бош орун пайда болгондо жергиликтүү соттун судьяларынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик басма сөз органына, ошондой эле Судьяларды тандоо кеңешинин интернет-сайтына бош орун пайда болгон күндөн тартып жыйырма күндөн кечиктирилбестен жайгаштырылат.

6. (КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту).

(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын, 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

19-берене. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөө үчүн конкурска документтерди берүү тартиби

1. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкердин арызы жана документтери талапкердин жеке өзү тарабынан же болбосо почта аркылуу берилет.

Судьяларды тандоо кеңешинин атына даректелген жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна талапкердин арызы Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет.

Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

1) талапкердин жарандыгын жана жашын күбөлөндүрүүчү паспортунун көчүрмөсү;

2) "Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими жөнүндө дипломунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, талапкерде юридикалык кесиби боюнча иш стажы бар экенин ырастаган башка документтери;

4) конкурска катышаар алдындагы бир жыл ичинде берилген ден соолугунун абалы жөнүндөгү медициналык корутунду;

5) ушул конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган талапкерге коюлуучу кошумча талаптардын болушун ырастоочу документ.

Арызга талапкердин ким экендигин мүнөздөөчү башка документтер (пикирлер, сунуштар) тиркелиши мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын учурдагы судьялары арыз берүү жолу менен жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышууга укуктуу.

Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын документтери Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппараттары тарабынан түзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилет.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын документтери Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын учурдагы судьяларынын документтери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) судьянын өздүк ишин;

2) караган иштеринин санын жана сапатын чагылдыруучу судьялык кызмат ордунда иштеген мезгилиндеги маалыматтарды;

3) сыйлыктары, кубаттоолору жана жазалары жөнүндөгү маалыматтарды;

4) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна талапкерлердин арыздарды жана документтерди берүү мөөнөтү Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан аныкталат жана кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он төрт күндөн аз болбоого тийиш.

Ошондой эле ушул берене менен белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин берилген документтер кабыл алынбайт.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы арызды жана ага тиркелген документтерди кабыл алгандан кийин тиешелүү органдардан талапкердин соттуулугу жөнүндөгү маалыматты өз алдынча сурап алат.

Тиешелүү ыйгарым укуктуу орган он күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө талапкердин соттуулугунун бардыгы же жоктугу жөнүндө маалыматты жиберүүгө милдеттүү.

5. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышууга документтери кабыл алынган адамдар талапкерлердин тизмесине киргизилет. Талапкерлердин тизмеси талапкерлердин кесиптик жана моралдык сапаттары жөнүндө пикирлерди алуу үчүн конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып кырк күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик басма сөз органына жана Судьяларды тандоо кеңешинин интернет-сайтына жарыяланат.

Пикирлерди алуу үчүн мөөнөт Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан аныкталат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

20-берене. Квалификациялык экзамен

(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

 

21-берене. Конкурстук тандоо

("Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнүн ишке ашыруунун алкактарында судьялык корпусту түзүү аяктагандан кийин КР 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

 

211-берене. Конкурстук тандоо

1. Конкурстук тандоо - бул юридикалык билимдин жогорку деңгээлине ээ, Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына сунуштоо үчүн инсандык, квалификация жана жүрүм-турум талаптарына жооп берген адамдарды табуу максатында көз карандысыз коллегиялуу орган - Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылуучу процесс.

Конкурстук тандоо маанилүү кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарды аныктоо үчүн аңгемелешүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

Аңгемелешүүгө төмөнкүлөр киргизилет:

1) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап калган, иштеп жаткан судьялар;

2) судьялык иш стажы бар адамдар, мында алардын конкурска катышууга берген арызы менен адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуу мөөнөтү он жылдан ашпагандар;

3) экзамен тапшыруунун натыйжалары боюнча сертификат алган адамдар.

2. Аңгемелешүүгө киргизүүдө Судьяларды тандоо боюнча кеңеш төмөнкүлөрдү иликтейт:

1) талапкерлердин документтерин жана алардын мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун;

2) декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияларын;

3) талапкердин жүрүм-турумунун кынтыксыздыгын тастыктоочу башка маалыматты (талапкерге пикирлерди, сунуштамаларды).

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерге карата декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияларын суратып алууга милдеттүү.

Документтерди иликтөөнүн натыйжалары боюнча Судьяларды тандоо боюнча кеңеш талапкерди конкурстук тандоого киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Талапкерди киргизүү жөнүндө чечим ачык добуш берүү менен Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.

3. Аңгемелешүү Судьялар кеңеши аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

Аңгемелешүүнүн суроолору Судьялар кеңеши тарабынан жыл сайын бекитилет жана Судьяларды тандоо боюнча кеңештин расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

31. Талапкер судья болуп дайындалган учурда өзүнүн телефондук сүйлөшүүлөрүн угууга жазуу жүзүндө макулдук берет.

32. Талапкер өзүнүн полиграфологиялык изилдөөдөн өткөндөгүнүн натыйжаларын кошумча берүүгө укуктуу. Анын натыйжаларын баалоонун тартиби Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.

4. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан сунушталган талапкерлердин тизмеси Президентке сунуштоо же дайындоо үчүн конкурстук тандоодон өтүүдө алган баллдарына ылайык кемүү иретинде түзүлөт.

Конкурстун жыйынтыктары боюнча баллдардын эң көп санын алган талапкерлер Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан бош орундарга барабар санда сунуштоо же дайындоо үчүн Президентке сунуштамаланат.

Конкурстук тандоодон өткөн, бирок Президентке сунуштамаланбаган талапкерлер талапкерлердин тизмесинде калтырылат.

Тиешелүү тизмеден талапкерлерди сунуштамалоо алган баллдарынын санына жараша, кезектүүлүк тартибинде ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Талапкерлер аларды Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Президентке сунуштамаланганына жараша талапкерлердин тизмесинен чыгарылат.

Талапкерлердин тизмеси мурда сунушталган бардык талапкерлер дайындалган же шайланган, судьялардын бардык бош кызмат орундары толтурулган же болбосо көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылган учурларда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан таратылат.

Конкурстук тандоонун бардык материалдары талапкердин өздүк делосуна тиркелет. Конкурска катышкан талапкерлердин өздүк делолору кайтарылып берилбейт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталат.

(КР 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

22-берене. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди дайындоо жана аларды жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жергиликтүү сотторго жиберүү тартиби

 

1. Жергиликтүү соттордун судьялары конкурстук тандоодон өткөн жана Судьяларды тандоо кеңеши сунуштаган адамдардын ичинен Президент тарабынан дайындалат.

2. Конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоо үчүн талапкерге сунуштама Президентке киргизилет.

Президент өзүнүн жүйөөлөнгөн чечими менен сунушталган талапкер боюнча материалдарды алган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде Судьяларды тандоо боюнча кеңешке кайтарып берүүгө укуктуу.

Бул учурда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш он жумушчу күндүн ичинде алган баллына жараша талапкерлердин тизмесинен жаңы талапкерди кезектүүлүк тартибинде сунуштайт.

Судьяларды тандоо боюнча кеңештин кайта сунуштары көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылганга чейин киргизилет. Талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылган учурда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жаңы конкурс өткөрөт.

3. Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо Конституцияда каралган мөөнөткө Президенттин Жарлыгы менен ишке ашырылат.

Жергиликтүү соттун дайындалган судьясы Президенттин Жарлыгы менен жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн конкреттүү жергиликтүү сотко жиберилет.

(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын, КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2014-жылдын 26-июнундагы № 94 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

23-берене. Жергиликтүү соттун судьяларын которуунун (ротациялоонун) негиздери жана тартиби

 

1. Жергиликтүү соттун судьялары бир жергиликтүү соттон башка жергиликтүү сотко төмөнкүдөй негиздер боюнча которулушу мүмкүн:

1) өз каалоосу боюнча;

2) сот кайра уюшулган, түзүмү жана судьялардын штаттык саны өзгөргөн учурда;

3) судьядан жана мамлекеттен көз каранды болбогон жагдайлар боюнча судьяларды мамлекеттик коргоо максаттарында;

4) башка жергиликтүү соттун бош судьялык кызмат ордуна конкурстук жол менен тандап алууга жергиликтүү соттун судьясы катышкан учурда.

2. Судьяларды которуу (ротациялоо) судьялардан арыздар түшкөнүнө жараша Судьялар кеңеши тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиз боюнча жүзөгө ашырылат. Судьялардын арыздары Судьялар кеңешинин наамына ыйгарым укуктуу органга берилет.

Судьялар кеңеши которуу (ротациялоо) жөнүндөгү судьялардын арыздарын карап чыгып, аларды канааттандырат жана которуу (ротациялоо) жөнүндө судьянын бирдиктүү макулдугу болгондо гана которуу (ротациялоо) жөнүндө Президентке сунуш киргизет.

Бир жердеги жергиликтүү соттон башка жердеги жергиликтүү сотко которулган судьялар акыркы которулган (ротация болгон) күндөн тартып беш жылдан эрте эмес учурда которуу (ротациялоо) тууралуу арыз менен кайра кайрылууга укуктуу.

3. Жергиликтүү сот кайра уюштурулган, анын судьяларынын штаттык бирдиктерин башка жергиликтүү сотторго берүү менен түзүмү өзгөрүлгөн учурда штаттык кызмат орундары берилген сотко которулушуна (ротация болушуна) байланыштуу жоюлган соттордун же болбосо түзүмү өзгөрүлгөн соттордун судьяларынын пикири угулат. Судьяларды которуу (ротациялоо) боюнча Судьялар кеңешинин чечими судьялардын жаңы жердеги ишинин бардык жагдайларын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кабыл алынат.

4. Которуу (ротациялоо) маселелерин Судьялар кеңеши судьялардан жана мамлекеттен көз каранды болбогон жагдайлардан судьяларды мамлекеттик коргоо максаттарында кийинкиге калтырбастан карайт. Укук коргоо органдарынын тиешелүү материалдары менен ырасталган тиешелүү жергиликтүү соттун төрагасынын кайрылуусу же судьянын кайрылуусу ушул маселени кароо үчүн негиз болуп саналат. Судьяларды мамлекеттик коргоого алуу максатында которуу (ротациялоо) боюнча Судьялар кеңешинин чечими судьяга каршы коркунучтун бар экенин негиздеген бардык жагдайларды иликтегенден жана аныктагандан кийин кабыл алынат.

5. Жергиликтүү соттун судьясын которуу (ротациялоо) анын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө карай жүзөгө ашырылат.

6. Судьяларды которуу (ротациялоо) чечими Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынат жана тиешелүү Жарлык чыгаруу үчүн Президентке жиберилет. Чечим Президентке келген күндөн тартып он күн ичинде Жарлыкка кол коюлат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык

 

24-берене. Жергиликтүү соттордун төрагаларын жана төрагалардын орун басарларын шайлоонун тартиби

 

1. Жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагалардын орун басарлары тиешелүү жергиликтүү соттун судьяларынын чогулушунда үч жылдык мөөнөткө шайланат.

2. Бир эле сотто бир эле судья эки мөөнөткө катары менен жергиликтүү соттун төрагалыгына, төраганын орун басарлыгына шайланышы мүмкүн эмес.

Көңүл буруңуздар! "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруунун алкактарында судьялар корпусун түзүү аяктаганга чейин 24-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн колдонулушу токтотулду

3. Жергиликтүү соттордун төрагаларын, төрагалардын орун басарларын шайлоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

5-глава
Судьяны кызматтан четтетүүнүн, ыйгарым укуктарын токтотуунун негиздери жана тартиби

(Главанын аталышы КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

25-берене. Судьяны кызматынан убактылуу четтетүү

 

1. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берген учурда, ал кызмат ордунан убактылуу четтетилет (судьянын милдеттерин аткаруудан четтетилет).

2. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы аны Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу сунушту андан ары Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн Президентке, жергиликтүү соттун судьясы боюнча сунушту - Президенттин кароосуна киргизет.

3. Судьяны кызмат ордунан убактылуу четтетүү судьянын эмгек акысын жана судьяны материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуунун жана башка түрлөрүн токтото турууга алып келбейт.

4. Кызматынан убактылуу четтетилген судья, эгерде аны кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө чечимди кабыл алууга түрткү болгон жагдайлар жоюлса, аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан мурда ээлеген кызматына кайрадан коюлат (судьянын милдеттерин аткарууга киришти деп эсептелет).

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык

 

26-берене. Судьяны кызматтан бошотуунун негиздери жана тартиби

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 5 мартындагы N 18-р чечими

 

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

27-берене. Судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун негиздери жана тартиби

 

1. Судьянын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн бүтүшүнө, курагынын чегине жеткендигине байланыштуу токтотулат.

Көңүл буруңуздар! "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруунун алкактарында судьялар корпусун түзүү аяктаганга чейин 27-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын (ыйгарым укуктардын мөөнөттөрүнүн аяктаганына байланыштуу ыйгарым укуктарды токтотуу бөлүгүндө) колдонулушу токтотулду

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

1) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

11. Судьянын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндө арыз берилгенде;

2) жеке каалоосу боюнча кат жүзүндө арыз берилгенде;

3) ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жөндөмсүздүгү медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталганда;

4) Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы жергиликтүү соттун судьясы болуп дайындалганда; жергиликтүү соттун судьясы Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланганда;

5) сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка жумушка өткөндө;

6) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же жарандыгынан чыкканда, же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

7) судьянын эмгекке жарактуулугу чектелгендиги жөнүндө же аны эмгекке жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

8) ал өлгөндө;

9) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аны өлдү деп жарыялаганда;

10) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аны дайынсыз жок деп тааныганда;

11) жергиликтүү соттун судьясы ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча башка жергиликтүү сотко которуудан баш тартканда;

12) ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

13) реабилитациялабоочу негиздер боюнча ага карата жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө соттун айыптоочу өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө киргенде;

14) судьяны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасы колдонулганда;

15) судьянын кызмат орду менен айкалышпаган иштер менен алектенгенде;

16) саясий партияларга мүчө болгондо, ал кайсы бир саясий партияны колдоп чыкканда;

17) Президенттикке, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталганда;

18) Жогорку Кеңешке шайлоолорго катышып жаткан саясий партиянын каттоодон өткөн тизмесине киргенде.

2. Судьянын ыйгарым укуктары ушул берененин 11-бөлүгүнүн 14-пунктун кошпогондо, ушул берененин 1 жана 11-бөлүктөрүндө каралган негиздер пайда болгон күндөн тартып Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, ал эми ушул берененин 11-бөлүгүнүн 14-пунктунда каралган учурларда - Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Президент же Жогорку Кеңеш тарабынан судьяны кызмат ордунан бошотуу жолу менен токтотулат.

Ушул берененин 11-бөлүгүнүн 9, 10, 13-пункттарында каралган соттун чечимдери жокко чыгарылган учурда, жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары Президент тарабынан, ал эми Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеш тарабынан кайрадан жаңыртылат.

3. Отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндөгү арыз ал берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.

(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын, КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

271-берене. Судьянын отставкасы

1. Судьянын кызмат ордунан кетиши судьянын отставкасы деп таанылат.

2. Ар бир судья жаш курагына карабастан өз каалоосу боюнча отставкага укугу бар. Эгерде судья катары анын жүрүм-туруму кынтыксыз болуп саналса жана анын ыйгарым укуктары ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүндө, 11-бөлүгүнүн 1, 3, 5, 11, 17, 18-пункттарында каралган негиздер боюнча токтотулган болсо, судья отставкага кетти деп эсептелет.

3. Отставкадагы судьяларга Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген тартипте отставкадагы судьянын күбөлүгү берилет.

4. Эгерде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен гана билип туруп адилетсиз сот актысын чыгарууда судьянын күнөөлүү экени аныкталбаса, отставкадагы судьянын наамы, судьялык коомдоштукка таандыктуулугу, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда ал айткан пикир жана сот тарабынан кабыл алынган чечим үчүн кол тийбестиктин кепилдиктери отставкадагы судьяда сакталып калат.

5. Судья Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап турганда жана аны жаманатты кылуучу кадамдарга барбаганга, ошол аркылуу сот бийлигинин беделин төмөндөтүүгө жол бербегенге чейин отставкада деп эсептелет.

Судья Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткон же аны жаманатты кылуучу кадамдарга барган, ошол аркылуу сот бийлигинин беделин төмөндөтүүгө жол берген учурда, анын отставкада болуусун токтотуунун тартиби жана шарттары Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-глава
Судьялардын жоопкерчилиги

 

28-берене. Судьялардын тартип жоопкерчилиги

 

1. Судья тартип бузган жосун жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартылат.

2. Судьянын өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы, же болбосо кызматтан тышкары иштериндеги айыптуу аракети же аракетсиздиги тартип жосуну деп таанылат, алар төмөнкүлөрдөн билинет:

1) сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузганда;

2) судьянын Абийир кодексин одоно бузганда;

3) кеңешүүчү бөлмөнүн сырларын же иш жабык сот жыйынында каралганда судьяга белгилүү болгон сырларды ачыкка чыгарганда;

4) сот адилеттигин жүргүзүүдө же мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруудагы анын ишине кийлигишүүлөрдүн ар кандай түрлөрү, ошондой эле мыйзамда каралбаган ар кандай башка кийлигишүүлөр тууралуу Судьялар кеңешине мыйзамда белгиленген тартипте билдирбей койгондо;

5) өз мүлкүн, кирешелери менен чыгашаларын өз убагында декларациялабаганда жана бербегенде, мында ага билип туруп жалган маалыматтарды чагылдырганда;

6) сот ишинде терс кесепеттерге алып келген эмгек тартибинин эрежелерин одоно бузганда;

7) ушул конституциялык Мыйзамдын 51-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган судьяга коюлуучу башка талаптарды одоно бузганда.

3. Эгерде мыйзамды одоно бузууга жол берилбесе, сот актысын жокко чыгаруу же өзгөртүү судьяны тартип жоопкерчилигине тартууга алып келбейт.

4. Судьяны тартип бузган жосунду жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартуу төмөнкүдөй тартип жазасынын түрүнүн бирин колдонууга алып келет:

1) алдын ала эскертүү;

2) эскертүү;

3) сөгүш берүү;

4) судьяны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу.

Ар бир тартип бузган жосун үчүн жасалган жосундун мүнөзүн, аны жасаган жагдайларды жана кесепеттерин, тартип жосунун жасаган судьянын күнөөсүнүн формасын, ким экендигин, судьянын аракеттери (аракетсиздиги) аркылуу жеке (юридикалык) жактардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары канчалык даражада бузулгандыгын эске алуу менен бир гана тартип жазасы көрүлөт.

Эгерде судья ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартип жазасы күчүндө турган мөөнөттүн ичинде, тиешелүү тартип жазасы көрүлгөндөн кийин жаңы тартип жосунун жасабаса, судья тартип жоопкерчилигине тартылган жок деп эсептелет.

5. Судьяга алдын ала эскертүү судьянын аракеттерине (аракетсиздигине) карата оозеки сөгүш берүү, ал эми эскертүү жана сөгүш - судьянын аракеттерине (аракетсиздигине) карата жазуу жүзүндөгү сөгүш берүү аркылуу жасалат.

Алдын ала эскертүүнүн күчү алты ай мөөнөттү, эскертүү - тогуз ай мөөнөттү, сөгүштүкү - он эки ай мөөнөттү түзөт.

Алдын ала эскертүү, эскертүү же сөгүш Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан колдонулган тиешелүү тартип жазасынын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин алып салынышы мүмкүн. Аларды алып салуунун тартиби "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.

6. Судьяны тартип бузган жосун жасагандыгы үчүн ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу өзгөчө учурларда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими менен ырасталган, судьянын кынтыксыздык талаптарын бузгандыгы үчүн тартип жазасынын эң катуу чарасы катары колдонулат.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн негиз боюнча Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары ээлеген кызмат ордунан Президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан, ал эми жергиликтүү соттордун судьялары - Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.

7. Судьяны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жоопкерчилигине тартуунун тартиби бузулган учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими сотко даттанылышы мүмкүн.

Судьяга карата тартип жазасынын башка түрүн колдонуу жөнүндө Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимдери даттанууга жатпайт.

Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттун судьяларын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин, Президенттин чечимдери даттанууга жатпайт.

8. Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу тартиби "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

29-берене. Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун тартиби

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

30-берене. Судьяга карата жазык ишин козгоо, судьяны жазык жоопкерчилигине, сот тартибинде тарттырылуучу администрациялык жоопкерчиликке тартуунун тартиби

 

1. Судьяга карата жазык ишин козгоо жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (мындан ары - Башкы прокурор) кабыл алат.

2. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча жол берилет.

Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына тийиштүү сунушту киргизет, анда жазык ишинин жагдайлары, судья айыпталып жаткан жазык мыйзамынын беренеси, жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берүү жөнүндө өтүнүч көрсөтүлөт.

3. Судьяны сот тартибинде берилүүчү администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына сунуштаманы тиешелүү мамлекеттик орган киргизет.

4. Жазык ишин же администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү ишти тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын же укук бузуунун курамынын квалификацияланышы өзгөргөн учурда ал судьянын абалын начарлатууга алып келиши мүмкүн болсо, судьяны жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга ушул беренеде белгиленген тартипте жол берилет.

5. (Бөлүк КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Эгерде сунуштамадагы жүйө-далилдер судья судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жатканда карманган позицияга негизделген болсо, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны сот тартибинде берилүүчү жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштаманы канааттандыруудан баш тартат.

7. Ошол эле негиздер боюнча Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан андай макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда судьяны жазык же сот тартибинде тарттырылуучу администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө кайталап сунуш киргизүүгө жол берилбейт.

8. Ыйгарым укуктары токтотулган судьялар ушул беренеде белгиленген тартипте судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде жасашкан жосундары үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышат.

9. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын судьяны сот тартибинде салынуучу жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө чечими даттанылбайт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 10-августундагы №167, 2014-жылдын 7-июлундагы № 116, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 27-декабрындагы Чечимин караңыз

 

31-берене. Судьяга карата токтоосуз издөө жана тергөө аракеттерин жүргүзүү

 

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 167 Конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

7-глава

Судьялардын статусунун социалдык кепилдиктери

 

32-берене. Судьяларды материалдык жактан камсыз кылуу

 

1. Судьялар сот бийлигин финансылоо үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан эмгек акы менен камсыз кылынат.

Судьялардын эмгек акы шарты Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Президент тарабынан аныкталат. Судьялардын эмгек акысынын өлчөмү алар кызматта турган кезинде азайтылышы мүмкүн эмес.

2. Турак жайга же аны жакшыртууга муктаж болгон судьяларга кызматтык турак жай берилет же турак жайды арендалоого байланыштуу чыгымдар компенсацияланат же болбосо турак жай шартын жакшыртуу үчүн жетиштүү финансылык каражаттар сот системасынын бюджетинен бөлүнөт.

Судьяга кызматтык турак жай судья өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган сот турган жерден берилет. Кызматтык турак жайдын аянтынын өлчөмү судьянын ар бир бүлөсүнө алынганда турак жай аянтынын кеминде 20 чарчы метринен аз болбошу керек.

Кызматтык турак жай менчиктештирилбейт.

Жаш курагынын чегине жеткендиги боюнча ыйгарым укуктары токтотулган, кеминде 20 жылдык судьялык иш стажы бар жана кызматтык турак жайды ээлеп турган судья мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен өзүнчө квартира же үй түрүндө турак жай менен камсыз кылынат же ага жеке турак жай куруп алууга көмөк көрсөтүлөт.

Турак жай менен камсыз кылуунун же жеке турак жай куруп алууга көмөк көрсөтүүнүн тартиби Судьялар кеңешинин макулдугу менен Өкмөт тарабынан аныкталат.

3. Судьяга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте денсоолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул төлөп берүү менен узактыгы отуз календарлык күнгө барабар ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү белгиленет.

Судьяга анын юридикалык кесип боюнча иш стажын эске алуу менен жыл сайын төмөндөгүдөй кошумча акы төлөнүүчү өргүү берилет:

- 5 жылдан 10 жылга чейин - 2 жумушчу күн;

- 10 жылдан 15 жылга чейин - 4 жумушчу күн;

- 15 жылдан 20 жылга чейин - 6 жумушчу күн;

- 20 жылдан жогору болгондо - 8 жумушчу күн.

Аял-судьяларга боюнда болгондугу жана бала төрөгөндүгү, ошондой эле баланы баккандыгы боюнча өргүү эмгек мыйзамына ылайык берилет.

Судьяга жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек мыйзамына ылайык эмгек акысын сактабастан өргүү берилиши мүмкүн.

4. Судья акысыз формалык кийим (мантия) менен камсыз кылынат.

Формалык кийимдин (мантиянын) сыпатталышы, аны кийип жүрүү жана эсептен чыгаруу мөөнөтү, формалык кийимди (мантияны) судьяларга берүүнүн тартиби Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

33-берене. Судьяны жана анын үйбүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо чаралары

 

1. Судья мамлекеттин эсебинен милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш. Ооруган учурда дарыланууга байланышкан чыгымдар мамлекеттин каражаттарынын эсебинен компенсацияланат. Медициналык маалым-кат менен ырасталган судьянын ооруган мезгилинде орточо айлык эмгек акысы сакталат.

Мамлекеттин каражаттарынын эсебинен медициналык милдеттүү камсыздандыруунун жана судья ооруган мезгилде дарыланууга байланыштуу чыгымдарды компенсациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу судья мертинген же анын андан ары кесиптик ишин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган денсоолугуна башкача зыян келтирилген учурда ага ай сайын эмгек акы менен мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу боюнча алган төлөмдөрдү кошпостон дайындалган пенсиянын ортосундагы айырмачылык түрүндө компенсация төлөнөт.

2. Судьянын өмүрү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга тийиш.

Судья кайтыш болгон учурда, ошондой эле ушул Конституциялык мыйзамдын 27-беренесинин 11-бөлүгүнүн 9-пунктунда каралган негиздер боюнча судья ыйгарым укуктарын токтоткон учурда анын үйбүлөсүнө судьялык иштеги ар бир толук жылы үчүн соңку кызмат орду боюнча орточо айлык эмгек акынын эсебинде бир жолку, бирок анын бир жылдык эмгек акысынан кем болбогон жөлөкпул төлөнөт.

3. Ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 11-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык ыйгарым укуктары токтотулган адамдарга, судьялык стажы жыйырма жана андан көп жыл болсо; ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 11-бөлүгүнүн 3 жана 7-пунктуна ылайык; жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу; судьялык стажы он беш жана андан көп жыл болсо ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн өткөндүгүнө байланыштуу судья болуп иштеген ар бир толук жыл үчүн акыркы кызмат орду боюнча төлөнгөн орточо бир айлык эмгек акынын эсебинде, бирок анын бир жылдык эмгек акысынан кем эмес бир жолку жөлөкпул төлөнөт.

Мында ушул бөлүктүн биринчи абзацында саналып өткөн жана судьялыкка жаңы шайланган же дайындалган адамдарга акыркы шайланган же дайындалган учурдан берки судьялык ишинин мезгили кызмат ордунан мурда бошотулган же судьялык ыйгарым укуктары токтотулганда бир жолку жөлөкпул алган учурда гана эсепке кирет.

4. Пенсиялык куракка жеткен судьяларга мыйзамда каралган тартипте жана учурларда пенсия жалпы негиздерде төлөнөт.

Ушул берененин 3-бөлүгүндө саналган адамдарга, ошондой эле отставкадагы судьяларга дайындалган пенсияга үстөк акы төмөнкүдөй тартипте жана өлчөмдө эсептелет:

- судья катары 15 жылдан 20 жылга чейинки иш стажысы болсо - дайындалган пенсиянын өлчөмүнөн 1,5 эселенген үстөк акы;

- судья катары 20 жылдан 25 жылга чейинки иш стажысы болсо - дайындалган пенсиянын өлчөмүнөн 2 эселенген үстөк акы;

- судья катары 25 жана андан ашык жыл иш стажы болсо - дайындалган пенсиянын өлчөмүнөн 2,5 эселенген үстөк акы.

5. Судьялык иштин стажысын жана үстөк акы чегерүү үчүн пенсиянын өлчөмүн эсептөө судья ыйгарым укуктарын токтоткон же судья кызмат ордунан бошотулган учурдан тартып белгиленет.

6. Конституциялык соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп иштеген адамдарга пенсиясына үстөк акынын өлчөмү юридикалык кесип боюнча иш стажысын эске алуу менен ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүнө ылайык аныкталат.

7. Ушул берене менен белгиленген үстөк акыларды төлөө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.

(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын, КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

34-берене. Судьяларды мамлекеттик коргоо

 

1. Судьяларды мамлекеттик коргоо алардын кызматтык ишине байланыштуу өмүрүнө, денсоолугуна жана мүлкүнө кол салуу коркунучу болгондо камсыз кылынат жана төмөнкүдөй коопсуздук чаралары көрүлөт:

1) жеке кайтаруу, турак жайын жана мүлкүн кайтаруу;

2) курал, жекече коргонуунун атайын каражаттарын берүү жана коркунуч жөнүндө кабарлоо;

3) коопсуз жерге убактылуу жайгаштыруу;

4) коргоого алынган судья жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу;

5) башка сотко которуу (ротациялоо), иштеген (кызмат кылган) жерин өзгөртүү жөнүндө сунуш кылуу;

6) башка жерге жашоо үчүн көчүрүү.

2. Зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн коопсуздук чаралары судьялардын жакын туугандарына карата да колдонулушу мүмкүн. Көрүлүп жаткан коопсуздук чаралары коргоого алынган адамдардын турак жайлык, эмгектик, пенсиялык жана башка укуктарын кысымга албоого тийиш.

3. Коопсуздук чараларын колдонуу шарттары жана тартиби Өкмөт тарабынан белгиленет.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-глава
Корутунду жоболор

 

35-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

 

1. Ушул конституциялык Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин жергиликтүү соттордун судьясынын кызмат ордуна компьютердик тесттен өтүү түрүндө квалификациялык экзамен тапшырган адамдарга карата Мыйзамдын ушул конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболору ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап үч жыл бою колдонулбайт.

2-1. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2-2. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2-3. (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2-4. Ушул конституциялык Мыйзамдын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурстук тандоону өткөрүү үчүн судьянын бош кызмат орду болушу бөлүгүндөгү ченемдери 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруу алкагында өткөрүлүүчү конкурстук тандоо учурларына жайылтылбайт.

2-5. Судьянын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышкан, бирок андан өтпөй калган же өткөн, бирок судьянын кызмат ордуна шайланбай же дайындалбай калган судья ээлеп турган кызмат ордунан "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык ээлеп турган кызмат ордуна башка судьянын шайланышына же дайындалышына байланыштуу, аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан бошотулат.

Ушул конституциялык Мыйзамдын 33-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 4-бөлүгүнүн экинчи абзацынын, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн жоболору судьянын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышкан, бирок андан өтпөй калган же өткөн, бирок судьянын кызмат ордуна шайланбай же дайындалбай калган судьяга жайылтылбайт.

Ушул конституциялык Мыйзамдын 271-беренесин колдонуу ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин пайда болгон мамилелерге жайылтылат.

3. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 96-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 4, 95-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын аттестациялоонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 177-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын аттестациялоонун тартиби жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 7, 577-ст.).

4. Сот органдарына жана судьялык өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул конституциялык Мыйзамдан келип чыккан чараларды көрүү сунушталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.

6. Ушул конституциялык Мыйзамдын 211-беренесинин 31, 32-бөлүктөрү көрсөтүлгөн бөлүктөрдө айрым аракеттерди жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын жөнгө салган Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.

7. Полиграфологиялык изилдөөдөн өтүүнүн тартиби аны ишке ашыруу үчүн көз карандысыз уюмдарды милдеттүү түрдө тартуу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү процессине жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетүүсүн камсыз кылуу менен Өкмөт тарабынан белгиленет.

(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын, КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 26-майындагы № 662013-жылдын 11-июлундагы № 130, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын
           Президенти

 

К.Бакиев