Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\18840d7c-e22f-4109-9f1a-155aa596ce33\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 4-августу № 183

Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө

(КР  2013-жылдын 30-июлундагы № 175, 2017-жылдын 20-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам мамлекеттин улуттук коопсуздугунун ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында негизги багыттарды белгилейт.

1-берене. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу (мындан ары азык-түлүк коопсуздугу) - республиканын азык-түлүк көз карандысыздыгын жана тамак-аш азыктарын белгиленген керектөөнүн минималдуу ченемине ылайык калк үчүн азык-түлүккө табигый жана экономикалык жеткиликтүүлүктү камсыз кыла турган Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалы;

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому

азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу - азык-түлүк кризисинин алдын алууга, анын ичинде тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченеминин деңгээлинде калктын социалдык жактан аялуу катмарынын негизги тамак-аш азыктарына болгон керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган экономикалык, уюштуруучулук жана башка чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

азык-түлүк кризиси - Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же олуттуу бөлүгүндө тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемине ылайык калкты негизги тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу коркунуч алдында калган жана бул коркунуч мамлекеттик жөнгө салуунун чараларын колдонуу менен гана четтетилиши мүмкүн болгон кырдаал;

калктын социалдык жактан аялуу катмары - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык коргоо органдары тарабынан аныкталган жарандардын катмары;

тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченеми - тамактанууга керектөөнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген тамак-аш азыктарын керектөө ченеми;

тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн керектүү деңгээли - Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу камсыз кылынуучу, калктын жашы, жынысы, эмгек шарты, климат, ошондой эле тамак-аш рационунун башка өзгөчөлүктөрү боюнча бөлүштүрүүнүн түзүмүн эске алуу менен, негизги тамак-аш азыктарына орточо калктын жан башына керектөөнүн негизинде эсептелген ата-мекендик товар өндүрүүчүлөр тарабынан негизги тамак-аш азыктарын жана тамак-аш чийки заттарын өндүрүүнүн деңгээли;

тамак-аш азыктарына болгон табигый жеткиликтүүлүк - калктын социалдык жактан аялуу катмарынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жетиштүү көлөмдө аларды керектөөчү жерлерге тамак-аш азыктарынын үзгүлтүксүз келип турушу;

тамак-аш азыктарына болгон экономикалык жеткиликтүүлүк - калктын анын ичинде социалдык жактан аялуу катмарынын тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемине ылайык керектөөнүн түзүмүн, баалардын тутумун, кирешенин деңгээлин, социалдык жөлөк пулду колдонуу учурундагы сатып алуу мүмкүнчүлүгү;

өзгөчө режим - азык-түлүк кризис таасир кылуучу мезгилдин белгилүү убактысы. Убактылуу өзгөчө режимдин чектери Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин сунушу боюнча Өкмөттүн чечими менен белгиленет.

калктын туура тамактануусу - калктын ар түрдүү топторунун туура тамактанууга болгон керектөөлөрүн алардын салт-санааларын жана экономикалык абалын эске алуу менен канааттандырууну камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-берене. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамдар

Азык-түлүк коопсуздугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдердин талаптарына негизделет.

3-берене. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу

1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун максаты - тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемине ылайык, алардын бар экенине, жеткиликтүүлүгүнө жана коопсуздугуна негизделген, керектүү өлчөмдөгү тамак-аш азыктарына калктын жетишүүсү үчүн, ошондой эле туура тамактанууга мүмкүндүк алуу үчүн шарттарды түзүү.

2. Азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү боюнча жалпы мамлекеттик жана тармактык программаларды кабыл алуу жана ишке ашыруу аркылуу азык-түлүк коопсуздугу төмөнкү жолдор менен камсыз кылынат:

- техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулган техникалык регламенттердин, стандарттардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү, ташып келинүүчү жана сатылуучу тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк сырьелорунун сапатын жана адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугун камсыз кылуу;

- азык-түлүк кризиси же анын коркунучу пайда болгон учурда калктын, биринчиден, социалдык жактан аялуу катмары үчүн негизги тамак-аш азыктарын оперативдүү сатып алуунун, жеткирүүнүн жана бөлүштүрүүнүн тартибин аныктоо;

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан негизги тамак-аш азыктарынын тизмегин бекитүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык уюмдарда алардын уюштуруучулук-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан тамак-аш азыктарын өндүрүү, сактоо жана сатуу үчүн мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу.

3. Өкмөт азык-түлүк кризиси же анын коркунучу пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңешинин сунушу боюнча белгиленген мезгилге азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчө режимин белгилейт.

4. Тамак-аш азыктарынын бар болгону мамлекеттик материалдык резервдин запасынын, импорттун, азык-түлүк жактан көрсөтүлгөн жардамдын жана жеке өндүрүшүнүн айкалышы менен аныкталат.

5. Тамак-аш азыктары алардын табигый бар болгондугу менен, ошондой эле сатып алуучулук жөндөмдүүлүккө карата жеткиликтүү болушу керек.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-берене. Тамак-аш азыктарын өндүрүүнү мамлекеттик колдоонун негизги багыттары

1. Азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү менен камсыздалат. Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн стратегиялык максаты Кыргыз Республикасынын калкын атамекендик чарбакер субъекттеринин өндүрүшүнүн эсебинен негизги тамак-аш азыктарга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу болуп саналат.

2. Мамлекеттик колдоонун негизги багыттары төмөндөгүлөр болуп саналат:

- айыл чарба өндүрүүчүлөрү тапшырган тамак-аш азыктарына мурдатан жарыяланган баалар боюнча төлөп берүүгө кепилдиктер;

- негизги тамак-аш азыктарын өндүрүүнү дотациялоо;

- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган лизингдик ишмердикти өнүктүрүү;

- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарларынын, асыл тукум ишинин селекциясын жана үрөнчүлүгүн өнүктүрүү, өндүрүш технологиясын өркүндөтүү, тамак-аш азыктарын кайра иштетүү, сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча илимий изилдөө программаларын каржылоо.

5-берене. Азык-түлүк коопсуздугу менен байланышкан кризистүү кырдаалдар учурундагы иш-чаралар

Азык-түлүк кризиси же анын коркунучу пайда болгон учурда Өкмөт белгилейт:

- калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн белгилүү мезгилге негизги тамак-аш азыктарын ченемдик бөлүштүрүүнү белгилейт;

- мамлекеттик материалдык резервге сатып алынуучу сырьего болгон кепилдик берүүчү бааларды белгилейт;

- рентабелдүүлүктүн чектик деңгээлин же соода үстөгүнүн чектик деңгээлин белгилөө жолу менен товардын (жумуш, кызмат көрсөтүү) айрым түрлөрүнө мамлекеттик жөнгө салууну киргизет;

- жөнгө салынуучу товарлардын (жумуш, кызмат көрсөтүү) тизмегин белгилейт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сезондуу алымдарды белгилөө аркылуу негизги тамак-аш азыктарынын экспорттук жана импорттук ташып келүүлөрүн жөнгө салат;

- калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн негизги тамак-аш азыктарын оперативдүү сатып алууну, жеткирүүнү жана бөлүштүрүүнү уюштурат;

- азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү максатында республикалык бюджеттен натыйжалуу жана жетиштүү каржылоого өбөлгө түзөт.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-берене. Азык-түлүк коопсуздук чөйрөсүндөгү маалымат, мониторинг жана талдоо

1. Азык-түлүк коопсуздук чөйрөсүндөгү маалымат, агроөнөржай комплексинин абалына мониторинг жана талдоо жүргүзүү өзүнө төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун жана азык-түлүктөн көз карандысыздыгынын деңгээлин эсептөөнүн негизги тутуму, ошондой эле негизги тамак-аш азыктарын өндүрүүнү пландаштыруу үчүн база болуп саналган Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк өндүрүүнүн керектүү жана иш жүзүндөгү деңгээлинин балансын жана ал жыл сайын Өкмөт тарабынан түзүлөт;

- тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн абалын, азык-түлүктүн жана айыл чарба, азык-түлүк өнүмдөрүн өндүрүүнүн керектүү жана иш жүзүндөгү деңгээлинин жалпы мамлекеттик жана региондук балансын;

- агроөнөржай комплексинин өнүгүү абалын;

- азык-түлүктүн өндүрүлгөн жана алын келинген көлөмдөрү, анын кыймылы, баасы, сапаты, ошондой эле календардык жыл ичинде керектөө динамикасы жөнүндө маалыматтарын;

- айыл чарба сырьесунун жана азык түлүктүн ички рыногунун абалы жана өнүгүү тенденциясын;

- мамлекеттик материалдык резервдин болушун жана көлөмүн;

- мамлекеттик материалдык резервди сактоо үчүн кампа жайларынын болушун жана абалын;

- азык-түлүктүн, айыл чарба өнүмдөрүн жана кошо сатылуучу товарлардын дүң соодасын;

- калктын айрым топторунун сатып алуу жөндөмдүүлүгүн;

- азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик жана максаттуу программалардын, келишимдердин, макулдашуулардын жана иш-чаралардын аткарылышын;

- Кыргыз Республикасында колдонулуучу техникалык регламенттердин, эларалык, мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин болушун, ошондой эле тийиштүү техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу ченемдик укуктук актыларды.

2. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымат берүүнүн тартибин Өкмөт белгилейт.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

3. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалыматтарды топтоо, мониторинг жана талдоо үчүн жоопкерчилик айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.

4. Туура тамактанууну уюштуруу системасынын натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзүү үчүн жоопкерчилик саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-берене. Азык-түлүк товарлардын сапаты жана коопсуздугу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жеке жана юридикалык жактар тарабынан өндүрүлүүчү, ташып келүүчү жана сатылуучу тамак-аш азыктарынын тийиштүү техникалык регламенттер, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык ченемдердин жана эрежелердин, ошондой эле Кыргыз Республикасында колдонулуучу башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келиши керек.

2. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна жана сапатына мамлекеттик көзөмөл аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өзүнүн компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, алып кирилген жана сатылган тамак-аш продукциялары тиешелүү техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-берене. Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеш

1. Өкмөт азык-түлүк менен республиканы туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча байланышкан стратегиялык жана оперативдүү мүнөздөгү башкаруу жана чечимдерди кабыл алуу аракеттерин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын азык-түлүк боюнча кеңешин түзөт.

2. Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеши кеңеш берүүчү орган болуп саналат жана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана тескемелерин, Өкмөттүн токтомдорун жана тескемелерин жана башка ченемдик-укуктук актыларын, ошондой эле Өкмөт тарабынан бекитилүүчү өзүнүн жобосун жетекчиликке алат.

3. Азык-түлүк кризиси же анын коркунучу пайда болгондугу жөнүндөгү чечим Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин сунушу боюнча, кабыл алынган чечим тууралу Жогорку Кеңешке бир убакытта кабарландыруу менен кабыл алынат.

4. Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин жумушчу органы болуп айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-берене. Азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү

Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу камсыз кылынды деп төмөндөгү учурларда эсептелет, эгерде:

- мамлекеттик материалдык резервдин запастык деңгээли калктын социалдык жактан аялуу катмарынын негизги тамак-аш азыктарына болгон 90 күндүк керектөөлөрүнүн орду толтурулса;

- республиканын мамлекеттик бюджети ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келген негизги тамак-аш азыктарын ташып келүүлөрүн каржылоого мүмкүнчүлүгү болсо;

- Кыргыз Республикасында колдонулуучу ченемдик талаптарга ылайык келген тамак-аш азыктарынын сапаты, калориялуулугу жана коопсуздугу камсыз кылынса.

10-берене. Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жооптуу адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

11-берене. Корутунду жоболор

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2008-жылдын 8-августунда № 58 жарыяланды

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- ушул Мыйзамдан келип чыккан ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышын камсыз кылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев