ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 5-августу № 194
Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жагында келип чыккан коомдук мамилелерди жөнгө салат жана аны жүзөгө ашыруунун укуктук, экономикалык, уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
зыяндуу өндүрүштүк фактор - кызматкерге тийгизген таасири анын ооруп калышына же эмгекке жарамдуулугунун азайышына алып келүүчү өндүрүштүк фактор;
пайда табуучу - камсыздандыруу келишими анын пайдасына түзүлгөн жак;
жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилиги - кызматкер эмгектик (кызматтык) милдетин аткарып жатканда анын өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыянды төлөп берүү боюнча жумуш берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген милдети;
кош камсыздандыруу - бир эле мүлктү эки же бир нече камсыздандыруучуда камсыздандыруу;
аннуитет келишими - камсыздандыруу келишими, ага ылайык камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүн келишимде белгиленген мөөнөттүн ичинде, пайда табуучунун пайдасына мезгил-мезгили менен төлөп турууга милдеттүү;
кесиптик тобокелчилик классы - экономикалык иш-аракеттин түрлөрү боюнча калыптанган өндүрүштүк жаракат алуунун жана кесиптик ооруларга чалдыгуунун деңгээли;
жоопкерчилик лимити - камсыздандыруучу бир камсыздандыруу окуясы боюнча төлөп берүүчү камсыздандыруу төлөмүнүн эң жогорку өлчөмү;
эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткаруудагы кырсыктуу окуя (мындан ары - кырсыктуу окуя) - кызматкер эмгектик (кызматтык) милдеттерин же жумуш берүүчүнүн тапшырмасын аткарып жатканда ага зыяндуу жана (же) опурталдуу өндүрүштүк фактордун таасир этишинин натыйжасында кызматкердин жаракат алышы же ууланышы жана ошонун кесепетинен эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготушу, кесиптик ооруга чалдыгышы же өлүмгө учурашы;
опурталдуу өндүрүштүк фактор - кызматкерге тийгизген таасири анын эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготушуна (эмгектик майыптыкка же кесиптик ооруга) же өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон өндүрүштүк фактор;
кайра камсыздандыруу - камсыздандыруу төлөмүн төлөп калуу тобокелчилигин башка камсыздандыруучу менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча толук бойдон же жарым-жартылай камсыздандыруу. Мында кайра камсыздандыруу келишимин түзгөн, камсыздандыруу келишими (негизги келишим) боюнча камсыздандыруучу жак кайра камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылуучу жак болуп саналат;
кесиптик оору - кызматкердин эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарышына байланыштуу ага зыяндуу жана (же) опурталдуу өндүрүштүк факторлордун таасир этишинен улам пайда болгон өнөкөт же катуу оору;
чогуу камсыздандыруу - бир объектини бир келишим боюнча бир нече камсыздандыруучу тарабынан биргелешип камсыздандыруу;
эмгекке жарамдуулукту жоготкондук даражасы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган камсыздандыруу окуясы болгондон кийин кызматкердин эмгектик (кызматтык) милдеттерди аткарууга жарамдуулугунун азайыш деңгээли;
камсыздандырылуучу - камсыздандыруу уюму (камсыздандыруучу) менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жаран же юридикалык жак;
камсыздандыруу сый акысы - келишимде шартталган акы, аны камсыздандырылуучу камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруучуга төлөп берүүгө милдеттүү;
камсыздандыруу суммасы - кызматкер эмгектик (кызматтык) милдетин аткарып жатканда анын өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу төлөп берүүгө милдеттенген камсыздандыруу төлөмүнүн суммасы;
камсыздандыруу төлөмү - камсыздандыруу окуясы болгон учурда келген зыянды жабуу үчүн камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүүчү сумма;
камсыздандыруу тобокелчилиги - болушуна карата камсыздандыруу жүргүзүлүүчү деп болжолдонгон окуя;
камсыздандыруу окуясы - камсыздандыруу келишиминде же мыйзамда каралган окуя, анын болушу менен камсыздандыруучунун камсыздандырылуучуга, камсыздандырылган жакка же болбосо пайда табуучуга камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүгө милдеттүүлүгү келип чыгат; кызматкер эмгектик (кызматтык) милдетин аткарып жатканда анын өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян алып келген окуя, анын болушу менен камсыздандыруу төлөмүн жүзөгө ашыруу жагы кызматкер эмгектик (кызматтык) милдетин аткарып жатканда анын өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралат;
камсыздандыруучу - коммерциялык уюм болуп саналган жана камсыздандыруунун тиешелүү түрүн жүргүзүүгө лицензиясы бар юридикалык жак (камсыздандыруу уюму);
камсыздандыруу акылары - камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруучуга мезгил-мезгили менен төлөнүп туруучу камсыздандыруу сый акысы;
камсыздандыруу резервдери - камсыздандыруунун түрлөрү боюнча алынган камсыздандыруу акыларынан камсыздандыруучулар тарабынан алар өздөрүнө алган камсыздандыруу милдеттерин аткарууну камсыз кылуу максатында түзүлүүчү атайын акчалай фонддор;
камсыздандыруу тарифтери - камсыздандыруучу иштеп чыккан жана камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп бериле турган камсыздандыруу сый акысынын өлчөмүн аныктоодо ал тарабынан колдонулуучу тарифтер;
эмгекке жарамдуулук - кызматкердин тийиштүү квалификациядагы, көлөмдөгү жана сапаттагы жумушту аткарууга жарамдуулугу;
ыйгарым укуктуу орган - өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде эмгек, жумуштуулук жана социалдык коргоо жагында мамлекеттик саясатты координациялоочу жана жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган.
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
1. Ушул Мыйзам эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыян үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жана аткаруу процессинде келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзам мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине карата жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин жөнгө салбайт.
3. Ушул Мыйзам жумуш берүүчүнүн өз иш-аракетин жүргүзүүгө байланышкан жарандык жоопкерчилигин ыктыярдуу түрдө, кошумча камсыздандырууну жүзөгө ашыруу укугун чектебейт.
3-берене. Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыян үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келтирилген зыян үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башкача эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
4-берене. Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыян үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жагындагы мамлекеттик көзөмөл жана контроль
1. Камсыздандыруу иш-аракетине мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Камсыздандыруучунун ушул Мыйзамдын талаптарын аткарышын контролдоо Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдүк кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5-берене. Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыян үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун объектиси жана субъектилери
1. Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана денсоолугуна келген зыян үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун (мындан ары - жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун) объектиси болуп жумуш берүүчүнүн кызматкер эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарганда анын өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыянды төлөп берүүгө милдеттүүлүгү менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыгы эсептелет.
2. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун субъектилери болуп камсыздандырылуучу, камсыздандыруучу жана пайда табуучу эсептелет.
6-берене. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун максаты жана негизги принциптери
1. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун максаты болуп эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келген кызматкерге камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө аркылуу аны камсыздандыруу жагынан коргоону кепилдөө саналат.
2. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишимде көрсөтүлгөн өз милдеттерин тараптардын аткарышын камсыз кылуу.
эмгектин коопсуздугун жогорулатуудагы жумуш берүүчүнүн экономикалык кызыкдарлыгы.
7-берене. Жумуш берүүчү милдеттүү камсыздандыруучу жоопкерчилик
Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыян үчүн жумуш берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган көлөмдөгү жоопкерчилиги милдеттүү камсыздандырууда камтылат.
8-берене. Камсыздандырылуучунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздандырылуучу төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууга келишим түзүү үчүн камсыздандыруучуну тандоого;
2) өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле пайда табуучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын соттук тартипте коргоого;
3) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча милдеттүү камсыздандыруунун шарттарын, жумуш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүнү камсыздандыруучудан талап кылууга;
4) камсыздандыруу тобокелчилигине баа берүү үчүн көз карандысыз экспертти тартууга;
5) камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө чечимине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте талаш жүргүзүүгө;
6) камсыздандыруу окуясы болгондо ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан кызматкерди текшерүүдөн өткөрүү учурунда катышып турууга.
2. Камсыздандырылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө камсыздандыруучу менен төмөнкүдөй учурларга карата келишим түзүүгө:
мурда кабыл алынган кызматкерлерге карата ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин отуз жумушчу күндүн ичинде;
жаңы кабыл алынган кызматкерлерге карата жумушка алынган күндөн баштап он жумушчу күндүн ичинде;
2) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу сый акысын төлөөгө жана камсыздандыруу боюнча бардык документтердин сакталышын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылууга;
3) өндүрүштөгү кырсыктуу окуялардын алдын алууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
4) камсыздандыруу окуясы болгондугу жөнүндө өзүнө белгилүү болгон күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул тууралу камсыздандыруучуга кечиктирбестен билдирүүгө;
5) камсыздандыруу окуясынын болушунун жагдайларын ыйгарым укуктуу органдын жана камсыздандыруучунун өкүлдөрүн милдеттүү катыштыруу менен иликтөөнү камсыз кылууга;
6) камсыздандыруу окуясынын болушун, ошондой эле зыян келгендигин далилдөөгө;
7) камсыздандыруу төлөмдөрүн эсептөө үчүн зарыл документтерди келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө камсыздандыруучуга берүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерди милдеттүү медициналык кароодон өз учурунда өткөрүп турууну камсыз кылууга;
9) камсыздандыруу окуялары болордун алдындагы кызматкерлердин эмгек шарттары тууралуу документтерди ыйгарым укуктуу органга жана саламаттык сактоо уюмуна берүүгө;
10) өндүрүштөн ажыратпастан туруп кызматкерлерди эмгектин коопсуз ыкмаларына жана усулдарына үйрөтүүгө;
11) ыйгарым укуктуу органдын кырсыктуу окуянын алдын алуу, болтурбоо жана иликтөө боюнча чечимдерин аткарууга;
12) камсыздандыруучуга өзүнүн жоюлушу же кайра түзүлүшү жөнүндө өз убагында кабарлоого;
13) камсыздандыруу окуяларынан улам келип чыккан чыгымдарды азайтуу үчүн чараларды көрүүгө;
14) камсыздандыруу окуясынын болушу үчүн жоопкерчиликтүү жакка карата талап коюу укугунун камсыздандыруучуга өтүшүн камсыз кылууга;
15) ушул Мыйзамда каралган учурларда кызматкердин пайдасына же болбосо кызматкердин өлүмүнө байланыштуу келген зыянды төлөтүп алууга укуктуу жактын пайдасына аннуитет келишимин түзүүгө.
3. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери каралышы мүмкүн.
9-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздандыруучу төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруу окуяларын иликтөөгө катышууга;
2) медициналык-социалдык эксперттик комиссия кызматкерди медициналык кароону жүргүзгөндө катышып турууга;
3) камсыздандыруу окуялары боюнча маалыматты текшерүүгө жана зарыл болгон учурларда тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга суроо жиберүүгө;
4) камсыздандыруу тобокелчилигине баа берүү үчүн камсыздандырылуучунун объектисин иликтөөнү жүргүзүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин камсыздандыруу келишиминде каралган учурларда камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартууга;
6) камсыздандыруу окуяларын болтурбоо боюнча сунуштамаларды берүүгө;
7) камсыздандыруу тобокелчилигине баа берүү үчүн көз карандысыз эксперт тартууга;
8) зыян келтирген жакка кайра талап коюуга.
2. Камсыздандыруучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө ага камсыздоо полисин берүүгө;
2) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттары менен камсыздандырылуучуну тааныштырууга жана жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыгуучу анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө;
3) камсыздандыруу окуясы болгондо ушул Мыйзамга жана жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимине ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүгө;
4) өзүнүн иш-аракетинин натыйжасында камсыздандыруучу жана пайда табуучу тууралуу алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга;
5) камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандырылуучу тарабынан зыянды азайтуу үчүн жумшалган чыгымдарды төлөп берүүгө;
6) камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда пайда табуучуга баш тартуунун себептеринин жүйөөлөнгөн негиздемесин жазуу жүзүндө жиберүүгө;
7) камсыздандырылуучу жоюлган учурда капиталдаштырылган төлөмдөрдү (камсыздандыруу сый акыларын) чогултуп турууга.
3. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери каралышы мүмкүн.
10-берене. Пайда табуучунун укуктары
Пайда табуучу төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) ушул Мыйзамда жана жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана шарттарда камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга;
2) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттары тууралу камсыздандырылуучудан жана камсыздандыруучудан маалыматтарды акысыз алууга;
3) камсыздандыруу окуясын иликтөө маселелери боюнча чечимдерди ыйгарым укуктуу органга же сотко даттанууга;
4) медициналык-социалдык экспертиза маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылууга;
5) камсыздандыруу окуясы болгондугу тууралуу камсыздандыруучуга билдирүүгө;
6) камсыздандыруу окуясын иликтөөгө катышууга, анын ичинде кызматкерлердин өкүлү же өзүнүн ишенимдүү адамы аркылуу катышууга.
11-берене. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими
1. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келтирип алышы мүмкүн болгон кызматкердин пайдасына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда түзүлүүчү келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими милдеттүү камсыздандыруунун ушул түрү боюнча иш-аракет жүргүзүүгө лицензиясы бар камсыздандыруучу менен гана түзүлүшү керек.
Камсыздандырылуучу камсыздандыруучуну тандоодо эркин болот.
Камсыздандыруучу жазуу жүзүндө өз жүйөөлөрүн жана негиздерин көрсөтүү менен жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш тартууга укуктуу.
3. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими жазуу жүзүндө, камсыздандыруучу тарабынан камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүү жолу менен түзүлөт.
Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн негиз болуп камсыздандырылуучунун арызы саналат.
Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш болгон шарттардын толук эместиги үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруучу тартат. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча анын айрым бир шарттарынын толук эместигинин натыйжасында талаш келип чыккан учурда талаш камсыздандырылуучунун пайдасына чечилет.
4. Камсыздандыруу полиси жоголуп кеткен учурда камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун арызынын негизинде камсыздандыруу полисинин дубликатын берүүгө милдеттүү.
5. Эгерде жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандырылуучунун же пайда табуучунун абалын ушул Мыйзамда каралганга салыштырганда начарлаткан шарттарда түзүлсө, камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандыруучу ушул Мыйзамда каралган шарттарга ылайык камсыздандырылуучуга жана пайда табуучуга карата ушул Мыйзамда белгиленген милдеттерди аткарат.
6. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
1) камсыздандырылуучунун аталышы, жайгашкан жери, банктык реквизиттери;
2) камсыздандырылуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты (ал болсо) жана жашаган жери (эгерде ал жеке жак болсо) же болбосо анын аталышы, жайгашкан жери, банктык реквизиттери (эгерде ал юридикалык жак болсо);
3) камсыздандыруу объектисин көрсөтүү;
4) камсыздандыруу окуясын көрсөтүү;
5) камсыздандыруу суммасынын өлчөмү, камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү;
6) камсыздандыруу сый акысынын өлчөмү, аны төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү;
7) келишимдин тараптарынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;
8) келишимге өзгөртүүлөр киргизүүнүн жагдайлары жана тартиби;
9) келишим түзүлгөн күн жана анын колдонулуу мөөнөтү;
10) камсыздандыруу полисинин номери жана сериясы.
Тараптардын макулдашуусу боюнча келишимге башка шарттар киргизилиши мүмкүн.
12-берене. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу
1. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандырылуучу камсыздандыруу сый акысын төлөгөн учурдан баштап, ал эми аны бөлүп-бөлүп төлөгөндө, эгерде жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, биринчи камсыздандыруу акысы төлөнгөн учурдан баштап күчүнө кирет жана тараптар үчүн милдеттүү болуп калат.
2. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими, ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн учурду кошпогондо, ал күчүнө кирген күндөн баштап он эки айлык мөөнөткө түзүлөт.
Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруу мөөнөтү бүткөнгө чейин колдонууда болот жана биринчи камсыздандыруу окуясы болгондо өзүнүн колдонулушун токтотпойт.
3. Жумуш берүүчү өз иш-аракетин он эки айдан аз мөөнөткө жүзөгө ашырганда келишим ошол иш-аракет жүргүзүлүүчү мөөнөткө түзүлөт.
13-берене. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин токтотуу
1. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими өзүнүн колдонулушун төмөндөгүдөй учурларда токтотот:
1) келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
2) келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулганда.
2. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин токтотуу жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими токтотулганга чейин болгон камсыздандыруу окуялары боюнча пайда табуучуга камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү милдетинен камсыздандыруучуну бошотпойт.
14-берене. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу
Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
15-берене. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин жараксыздыгы
Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин жараксыз деп табуунун негиздери жана натыйжалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
16-берене. Камсыздандыруу суммасы
Камсыздандыруу суммасы жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде аныкталат, бирок ал персоналдын категориялары (өндүрүштүк, администрациялык-башкаруучу, көмөкчү) боюнча алганда бардык кызматкерлердин жылдык эмгек акы фондусунан кем болбошу керек.
17-берене. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый акысынын өлчөмүн жана аны төлөөнүн тартибин аныктоо
1. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый акысы ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген, жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминдеги камсыздандыруу суммасына көбөйтүлгөн камсыздандыруу тарифинин негизинде, тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
2. Камсыздандыруу тарифтеринин чектери экономикалык иш-аракеттин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү менен, кесиптик тобокелчиликтин классына жана персоналдын категориясына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Экономикалык иш-аракеттин түрлөрүн кесиптик тобокелчиликтин классына киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4. Камсыздандыруу сый акысын төлөө камсыздандырылуучу тарабынан бир жолу же болбосо жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган тартипте жана мөөнөттө бөлүп-бөлүп жүргүзүлөт.
18-берене. Камсыздандыруу окуясын жана келген зыяндын өлчөмүн аныктоо
1. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу окуясы деп кызматкердин эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда анын өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыянды төлөп берүү боюнча жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигинин башталуу фактысы эсептелет.
2. Кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыян өзүндө кызматкердин өлүмүнө же эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугуна байланышкан зыяндын материалдык жактан тастыкталышын камтыйт.
Кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыяндын өлчөмү ушул Мыйзамга ылайык берилген документтердин негизинде аныкталат.
19-берене. Зыяндын өлчөмүн аныктоонун тартиби. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырууну төлөп берүү
1. Кызматкердин өлүмүнөн же эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугунан улам эмгек акысынан (кирешесинен) айрылгандыгына байланышкан зыяндын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат.
2. Кызматкердин ден-соолугунун жабыркашынан улам келип чыккан кошумча чыгашалардын (эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкону аныкталган учурда - аннуитет келишими түзүлгөнгө чейин жумшалган чыгымдардын), ошондой эле кызматкерди (ал өлүмгө учураган учурда) көмүүгө кеткен чыгашалардын өлчөмү бул чыгашаларды ырастоочу документтердин негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык камсыздандыруучу тарабынан аныкталат.
3. Кошумча чыгымдарды төлөп берүү боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү жумшалган чыгымдарды ырастоочу документтер камсыздандыруучуга берилген күндөн тартып жети жумуш күнүнүн ичинде төлөнөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда кызматкердин же болбосо кызматкерди кемүүдө чыгаша тарткан адамдын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча камсыздандыруучу сөөктү коюуга кеткен чыгымдын бөлүгүн камсыздандыруу төлөмүнүн эсебинен төлөп берүүгө укуктуу.
Кызматкер тарткан кошумча чыгашаларды (эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкон учурда - аннуитет келишими түзүлгөнгө чейин жумшалган чыгашаларды), ошондой эле кызматкерди көмүүгө кеткен чыгашаларды төлөп берүү боюнча камсыздандыруу төлөмүн алуучулар болуп тийиштүү түрдө кызматкер же болбосо сөөк коюуга чыгаша тарткан адам саналат.
4. Эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугунан улам кызматкердин же болбосо кызматкер өлүмгө учураганына байланышкан зыянды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөтүп алууга укуктуу адамдардын эмгек акысынан (кирешесинен) айрылгандыгына байланыштуу келген зыянды төлөп берүүгө жумшалуучу камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүү ушул Мыйзамдын 23-беренесине ылайык камсыздандырылуучу түзгөн аннуитет келишиминде белгиленген камсыздандыруу сый акысынын өлчөмүнө барабар келген өлчөмдө жүзөгө ашырылат.
Эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугунан улам кызматкердин же болбосо кызматкер өлүмгө учураганына байланышкан зыянды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөтүп алууга укуктуу адамдардын эмгек акысынан (кирешесинен) айрылгандыгына байланыштуу келген зыянды төлөп берүүгө жумшалуучу камсыздандыруу төлөмүн алуучулар болуп, эгерде камсыздандырылуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зыянды төлөтүп алууга укуктуу адамдарга карата өзүнүн зыянды толук көлөмдө төлөп берүү боюнча милдеттенмесин аткарса, камсыздандырылуучу саналат.
Камсыздандырылуучунун макулдугу боюнча камсыздандыруу төлөмү ал аннуитет келишимин түзгөн камсыздандыруу уюмуна тикелей которулушу мүмкүн.
5. Кызматкердин ден-соолугу жабыркашына же анын курман болушуна байланышкан камсыздандыруу төлөмү реалдуу зыяндын өлчөмүндө, бирок жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген камсыздандыруу суммасынан көп эмес төлөнөт.
6. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүнү камсыз кылууга байланышкан чыгашаларды камсыздандыруучу өз эсебинен төлөйт.
20-берене. Камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүнүн жалпы шарттары
1. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү тууралуу талап камсыздандырылуучу тарабынан же пайда табуучу болуп саналган башка адам тарабынан жазуу жүзүндө, камсыздандыруу төлөмүн төлөтүп алуу үчүн зарыл болгон документтерди тиркөө менен камсыздандыруучуга берилет.
2. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндө арызга төмөндөгү документтер тиркелет:
1) камсыздандыруу полисинин көчүрмөсү;
2) камсыздандыруу окуясынын болгондугун жана кызматкерге келген зыяндын өлчөмүн ырастоочу документтер;
3) эмгекке жарамдуулугун жоготушу аныкталгандыгы тууралуу тийиштүү медициналык мекеменин маалымкатынын көчүрмөсү;
4) кызматкердин өлгөндүгү тууралу күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана пайда табуучунун кызматкер өлүмгө учураганда зыянды төлөтүп алууга укугун ырастаган документ;
5) пайда табуучунун керт башын ырастаган күбөлүктүн көчүрмөсү;
6) эгерде бар болсо, камсыздандыруу окуясы болгондо зыянды болтурбоо же азайтуу максатында камсыздандыруучу тарткан чыгымдарды ырастаган тастыктаган документтер.
Камсыздандыруучунун камсыздандырылуучудан же пайда табуучудан кошумча башка документтерди талап кылуусуна жол берилбейт.
3. Пайда табуучулар болуп жабыр тарткан кызматкер (ал өлүмгө учураган учурда - кызматкердин өлүмүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зыянды төлөтүп алууга укугу бар адам), ошондой эле камсыздандырылуучу же пайда табуучуга келген зыянды камсыздандыруучунун ушул Мыйзамда белгиленген жоопкерчилигинин өлчөмүнүн чегинде төлөп берген жана камсыздандыруу төлөмүнө укук алган жак эсептелет.
4. Камсыздандыруу төлөмү пайда табуучунун жазуу жүзүндө берген арызы же нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн ишеним каты боюнча ден-соолугун калыбына келтирүүдө ага кызмат көрсөткөн жакка тикелей төлөнүшү мүмкүн.
5. Камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүдө камсыздандыруучу пайда табуучудан анын камсыздандыруучуга талап коюу укугун чектөөчү шарттарды кабыл алууну талап кылууга укуксуз.
21-берене. Зыян келтирген жакка карата кайра талап коюу укугу
1. Камсыздандыруу төлөмүн төлөп берген камсыздандыруучу төлөнүп берилген сумманын чегинде камсыздандырылуучуга кайра талап коюуга төмөндөгү учурларда укуктуу:
1) эгерде камсыздандыруучунун жоопкерчилиги, зарыл коргонуу жана өтө зарылдык ал-абалында жасалган аракеттерди кошпогондо, анын камсыздандыруу окуясынын болушун көздөгөн, атайы жасаган же болбосо мындай окуянын болушуна көмөк берген аракеттеринен улам келип чыкса;
2) камсыздандырылуучу камсыздандыруу окуясынын зыянын азайтуу жагында атайылап чара көрбөгөндө.
2. Камсыздандырылуучунун камсыздандыруунун натыйжасында төлөнүп берилген зыян үчүн жоопкерчиликтүү жакка карата кайра талап коюу укугу камсыздандыруу төлөмүн төлөп берген камсыздандыруучуга ал төлөгөн сумманын чегинде өтөт.
22-берене. Камсыздандыруучуну камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн бошотуунун негизи
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин камсыздандыруу келишиминде каралган учурларда камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмдөрүнөн толук же жарым-жартылай баш тартууга укугу бар.
23-берене. Аннуитет келишимин түзүү
1. Кызматкердин эмгекке жарамдуулугун жоготкондугу же болбосо өлүмгө учурагандыгы аныкталган учурда жумуш берүүчү кызматкердин өлүмүнө байланыштуу зыянды төлөтүп алууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укугу бар адамдын пайдасына аннуитет келишимин түзүүгө укуктуу.
2. Аннуитет келишими камсыздандырылуучунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, жумуш берүүчүнүн келтирилген зыянды төлөп берүү боюнча жоопкерчилиги келип чыккан күндөн тартып он беш календардык күндөн кечиктирилбестен түзүлөт.
3. Аннуитет келишими жабыр тарткан кызматкердин же болбосо кызматкердин өлүмүнө байланышкан зыянды төлөтүп алууга укугу бар адамдардын алар тийиштүү жаш курагына жеткенге чейин же камсыздандыруу келишими түзүлгөн мезгил ичинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн өлчөмдө жана мөөнөттө утурумдук төлөмдөрдү (аннуитеттерди) төлөп турууда киреше алышын камсыздоочу шарттарда түзүлүшү керек.
24-берене. Эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын аныктоо үчүн кызматкерди текшерүүнүн тартиби
1. Кызматкердин (кызматкерлердин) эмгекке жарамдуулугунун бир күндөн ашык жоготулушуна алып келген ар бир кырсыктуу окуя медициналык корутундуга ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кырсыктуу окуя жөнүндө акт менен жол-жоболоштурулат.
2. Эмгекке жарамдуулугун жоготкондук даражасын аныктоо үчүн кызматкерди зарыл текшерүүдөн өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, камсыздандырылуучунун, камсыздандыруучунун же кызматкердин кайрылуусу же болбосо соттун чечими боюнча тийиштүү медициналык-социалдык эксперттик комиссия жүргүзөт.
Кырсыктуу окуянын же кесиптик оорунун натыйжасында эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын аныктоо үчүн кызматкерди текшерүүдөн өткөрүүнүн тартиби, ошондой эле кошумча жардамга жана багып-кароого муктаждыгын аныктоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Кесиптик оорулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде аныкталат.
Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун субъекттеринин ортосунда келип чыккан бардык талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
26-берене. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу субъектилеринин мамлекеттик статистикалык отчеттуулугу
Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу субъектилеринин мамлекеттик статистикалык отчеттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик статистикалык иш-аракетти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
27-берене. Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыян үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыян үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жоопкерчилик тартат.
28-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдан кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- алгы айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу жумуш берүүчүлөргө кызматкерлердин орточо санына жараша таркалат:
- 1000 адамдан ашса - ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан;
- 501ден 1000 адамга чейин - 2010-жылдын 1-январынан;
- 201ден 500 адамга чейин - 2011-жылдын 1-январынан;
- 51ден 200 адамга чейин - 2012-жылдын 1-январынан;
- 50 адамга чейин - 2013-жылдын 1-январынан.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |