Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2008-жылдын 15-октябры № 213

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

           "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө"
           Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана
                     толуктоолор киргизүү тууралу

     1-берене.

     "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын  Мыйзамына  (Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,
2004-ж.,  № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги-
зилсин:
     1. Преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "Ушул Мыйзам  Кыргыз  Республикасынын Эсептөө палатасынын статусун
максаттарын, милдеттерин,  принциптерин, функциясын, ыйгарым укуктарын,
укуктарын жана милдеттерин аныктайт.".
     2. 1-статьяда:
     1-3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "Мамлекеттик аудит  -  аудит  боюнча  мамлекеттик бийлик органынын
мамлекеттик ресурстарды (финансылык,  материалдык ж.б.) башкаруу боюнча
ишмердиги, анын максаты мамлекеттик каражаттарды жана мүлктү пайдалану-
унун натыйжалуулугу,  финансылык отчет түзүүнүн жана бухгалтердик  эсеп
жүргүзүүнүн  тууралыгы, финансылык  тартип бузуулардын алдын алуу болуп
эсептелет.
     Аудит - көз карандысыз жана кесипкөй баа берүү,  ошондой эле аудит
жүргүзүүчү субъект тарабынан даярдалган маалыматтын тууралыгы жана ише-
нимдүүлүгү жөнүндө отчет берүү.
     Аудиттин түрлөрү - финансы аудити, шайкеш келүү аудити жана натый-
жалуулук аудити.
     Финансы аудити - аудиторго бардык финансы отчеттуулугу мыйзам  та-
лаптарына жана бухгалтердик стандарттарга ылайык даярдалгандыгы жөнүндө
пикирин билдирүүгө мүмкүндүк берген аудит объектинин финансы  отчеттуу-
лугун жана эсепке алуу системасын изилдөө жана талдоо.
     Шайкеш келүү аудити - аудит объекти тарабынан анын ишин жөнгө сал-
ган мыйзамдарды сактоосуна баа берүү.
     Натыйжалуулук аудити  -  аудит  объектинин  ишинин   үнөмдүүлүгүн,
өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун изилдөө жана талдоо.
     Тышкы аудит - ички аудиттин натыйжалуулук аудитин кошкондо  Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн отчет берүүсүнө, анын ишинин натыйжалуулугуна
аудит жүргүзүүгө чакырылган мамлекеттик аудиттин жогорку органынын  көз
карандысыз функциясы.
     Ички аудит  - ички контроль системасынын адекваттуулугуна жана на-
тыйжалуулугуна, финансылык  жана башкаруучулук маалыматтын ишенимдүүлү-
гүнө жана  тууралыгына,  ишмердиктин жана башкаруунун натыйжалуулугуна,
үнөмдүүлүгүнө жана эффективдүүлүгүнө, активдердин сакталышына жана Кыр-
гыз Республикасынын  мыйзамдарынын  сакталышына талдоону, баалоону жана
мониторингди өзүнө  камтыган ички аудит объектисинин ичинде аткарылуучу
көз карандысыз жана калыс функция.
     Алдын ала  изилдөө - аудит жүргүзүүгө ыйгарым укук алынганга чейин
статистикалык, финансылык жана бухгалтердик отчетторду алуу;";
     Статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
     "Финансы дисциплинасы - экономикалык иштин бардык субъекттери жана
алардын  кызмат адамдары үчүн мамлекеттик каражаттарды пайдалануу менен
байланыштуу болгон милдеттүү тартип.";
     9-бөлүк 10-бөлүк деп эсептелсин.
     3. 3-статьяда:
     статьянын аталышындагы  "жана  анын  аймактык  бөлүмдөрүнүн" деген
сөздөр алып салынсын;
     статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
     "Эсептөө палатасы өз ишинде  Кыргыз  Республикасынын  Президентине
жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине отчет берет.".
     4. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "4-статья Эсептөө палатасынын ишинин максаты

     Эсептөө палатасынын ишинин негизги максаты аудит жана аудиттин на-
тыйжалуулугу: республикалык бюджеттин аткарылышына, жергиликтүү бюджет-
ти, бюджеттен тышкаркы жана атайын каражаттарды түзүүгө жана аткарууга,
мамлекеттик  жана муниципалдык менчикти пайдаланууга баа берүү,  мамле-
кеттик аудиттин эл аралык стандарттарын камсыз кылуу жана  ишке  ашыруу
болуп саналат.".
     5. 5-статьяда:
     2-бөлүгүндөгү "мекемелеринин" деген сөздөн кийин "мамлекеттик" де-
ген сөз менен толукталсын;
     4-бөлүктөгү "33  пайыз  жана  андан ашыкты" деген сөздөр "10 пайыз
жана андан ашыкты" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     6. 7-статьяда:
     1-8-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "1) жергиликтүү жана республикалык бюджетти аткарууга, мамлекеттик
бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда салык жана бажы кызматтарынын  ишине
аудит;
     2) мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдаланууга аудит;
     3) мамлекеттик  жана/же  муниципалдык менчикке катышууда чоњ үлүшү
бар мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит;
     4) бюджеттик эмес каражаттарды пайдаланууга аудит;
     5) каражаттарды республикалык же  жергиликтүү  бюджеттерден  алган
жеке  менчик  же менчиктин башка түрүндөгү мекемелердин жана уюмдардын,
аталган каражаттарга карата гана, ишине аудит;
     6) Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик  ички жана тышкы карызынын
абалына жана аны тескөөгө аудит;
     7) мамлекеттик  бийлик органдарынын жана башка уюмдардын суроо-та-
лаптарына корутундуларды, жоопторду берүү үчүн аудит;
     8) козголгон  кылмыш  иштери  боюнча  укук коргоо органдарынын су-
роо-талаптарына, ошондой эле соттордун жана Омбудсмендин (Акыйкатчынын)
токтомдоруна корутундуларды, жоопторду берүү үчүн менчигинин түрүнө ка-
рабастан мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит;";
     статья төмөнкүдөй мазмундагы 14-16-пункттар менен толукталсын:
     "14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө боюнча опе-
рацияларды жүзөгө ашырууга,  республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы
эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын  Улуттук  банкына
аудит;
     15) коммерциялык банктар жана  башка  финансы-кредиттик  мекемелер
тарабынан  республикалык  жана жергиликтүү бюджеттерди тейлөө бөлүгүндө
аларга аудит;
     16) өткөрүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын
Президентине жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кењешине  сунуштарды
киргизүү.".
     7. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "8-статья. Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары

     1. Эсептөө палатасы төмөнкүлөргө укуктуу:
     1) белгиленген статистикалык,  финансылык жана бухгалтердик отчет-
туулукка алдынала изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
     2) ушул Мыйзамдын 7-статьясында көрсөтүлгөн багыттар боюнча  аудит
жүргүзүүгө  жана жыйынтыктары боюнча аудит жөнүндө отчет жана башка от-
четторду берүүгө;
     3) аудит объектисинин ишине тиешелүү корутундуларды берүүгө;
     4) ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, аудит объекттерине
милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйрук берүүгө;
     5) Кыргыз  Республикасындагы бардык мамлекеттик бийлик жана жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкынан, менчигинин  түрүнө  карабастан  мекемелерден  жана  уюмдардан
Эсептөө палатасынын  ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон суралуучу маа-
лыматтарды белгиленген  мыйзамдын чектеринде алууга. Кыргыз Республика-
сынын Улуттук  банкы, банктар жана башка кредиттик-финансылык мекемелер
Эсептөө палатасынын  суроо-талабы  боюнча жана "Банктык жашырын сыр жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипке ылайык эгер-
де алар республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каражат алышса, кото-
рушса, пайдаланышса  же  мамлекеттик  менчикти пайдаланышса, же болбосо
аны башкарышса, ошондой эле улуттук мыйзамдар же мамлекеттик бийлик ор-
гандары тарабынан  берилген  салыктык, бажылык жана башка жењилдиктерге
жана артыкчылыктарга  ээ  болушса операцияларга жана аудит жүргүзүлүүчү
объекттердин эсептеринин абалына зарыл болгон документтик ырастоону бе-
рүүгө тийиш;
     6) акчанын  өз  учурунда  келип түшүүлөрүнө,  мыйзамдуу бекитилген
көрсөткүчтөр менен салыштырганда республикалык бюджетти аткаруу процес-
синде бюджеттик ассигнованиелерди иш жүзүндө чыгымдоого ыкчам контролду
ишке ашырууга,  четтеп кетүүлөрдү  жана  тартип  бузууларды  аныктоого,
аларга талдоо жүргүзүүгө, аларды четтетүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.
     2. Эсептөө палатасынын төмөнкүлөргө укугу жок:
     1) аудит объекттеринин саясый максаттарын илгерилетүүгө;
     2) аудит объектисинин кызмат адамдарына жана кызматкерлерине адми-
нистрациялык жана башка санкцияларды колдонууга.".
     8. 9-статьяда:
     1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын
     "Эсептөө палатасы Эсептөө палатасынын төрагасынан, үч аудиторунан,
аппаратынан жана анын аймактык бөлүмдөрүнөн түзүлөт.";
     2-бөлүк алып салынсын;
     3-бөлүктө:
     - "бекитилет" деген сөз "түзүлөт" деген сөз менен алмаштырылсын;
     - бөлүк  төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:  "Эсептөө
палатасынын түзүмү жана штаттык расписаниеси бекитилген бюджеттин  жана
штаттык  сандын  чегинде Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан бекити-
лет.".
     9. 11-статьяда:
     1 жана 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 
     "Эсептөө палатасы  өз  ишин  стратегиялык,  жылдык  жана утурумдук
пландардын негизинде  жүргүзөт,  алар Эсептөө палатасынын ишинин бардык
багыттарын эске алуу менен мамлекеттик аудитти жүзөгө ашыруу зарылчылы-
гынан улам түзүлөт.
     Эсептөө палатасынын  иш планына Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, анын профилдик Комитети-
нин тапшырмалары,  ошондой  эле  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн су-
роо-талаптары киргизилет. Эсептөө палатасынын жана анын аймактык бөлүм-
дөрүнүн иш планы Эсептөө палатасынын Кењешинде бекитилет.";
     3-бөлүктөгү "жүргүзүлгөн"  деген  сөз "кабыл алынган" деген сөздөр
менен алмаштырылсын;
     статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
     "Пландан тышкаркы  контролдук  иш-чаралар  Кыргыз  Республикасынын
Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин тапшырмаларынын
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,  ошондой эле козголгон кылмыш  иштери
боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин суроо-талаптарынын неги-
зинде жүргүзүлөт.".
     10. 12-статьяда:
     1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "Эсептөө палатасынын  жогорку  органы болуп жети адамдан:  Эсептөө
палатасынын төрагасынан  жана  аудиторлорунан,  Кыргыз  Республикасынын
Президентинин  бир өкүлүнөн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин эки депутатынан турган Эсептөө палатасынын Кењеши саналат.";
     5-бөлүктө:
     - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "1) стратегиялык,  жылдык  жана утурумдук иш пландарды карайт жана
бекитет;";
     - 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "3) аудиторлордун,  топтордун жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчиле-
ринин аудит жана натыйжалуулук аудити жөнүндө отчетторунун долбоорлорун
угат;";
     - 6-пунктундагы "иштеп чыгат жана" деген сөздөр алып салынсын;
     - 7-пунктундагы "Аудитордун" деген сөз алып салынсын;
     - 8 жана 9-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "8) Эсептөө палатасынын бюджетинин долбоорун бекитет;
     9) Эсептөө   палатасынын   аппаратынын,   түзүмдүк  жана  аймактык
бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин отчетторун угат;".
     11. 14-статьянын  3-бөлүгү  "бюджеттин"  деген  сөздөн кийин "жана
гранттардын" деген сөздөр менен толукталсын.
     12. 16-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "Жогорку билимдүү жана мамлекеттик башкаруу,  аудит жана контроль,
экономика,  финансы жана укук жаатында 15 жылдан кем эмес кесиптик таж-
рыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын  төрагасы
боло алат."
     13. 17-статьянын 1-бөлүгүндө:
     бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1 жана 2-пункттар менен толукталсын:
     "1) Кыргыз Республикасынын Президентине Эсептөө палатасынын  ауди-
торунун кызмат ордуна талапкерлер боюнча сунуш киргизет;
     2) бекитилген бюджеттин жана штаттык сандын чегинде Эсептөө  пала-
тасынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;";
     1-6-пункттар тиешелүү түрдө 3-8-пункттар деп эсептелсин;
     бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
     "9) текшерүүдө табылбаган тартип бузуулар  жөнүндө  күбөлөндүрүүчү
документтер  аныкталганда  кайра текшерүү жүргүзүү жөнүндө маселени че-
чет;";
     7 жана  8-пункттар тиешелүү түрдө 10 жана 11-пункттар деп эсептел-
син;
     9-пункт 12-пункт  деп  эсептелсин жана төмөнкүдөй редакцияда баян-
далсын:
     "12) аудитти  жана натыйжалуулук аудитин өткөрүү мөөнөттөрүн узар-
тат аудиттердин жыйынтыктары боюнча айрым отчетторду карап чыгуу  чечи-
мин кабыл алат;";
     10-14-пункттар тиешелүү түрдө 13-17-пункттар деп эсептелсин.
     14. 18-статьянын  2-пунктунун  6-пунктчасындагы "Аудитордун" деген
сөз алып салынсын.
     15. 20-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "Жогорку билимдүү жана мамлекеттик аудит жана контроль, экономика,
финансы  жана  укук жаатында 10 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар
Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын аудитору боло алат."
     16. 21-статьяда:
     2-пункту алып салынсын;
     3-6-пункттары тиешелүү түрдө 2-5-пункттар деп эсептелсин;
     4-пунктундагы "мурда" жана "бул жолку" деген сөздөр алып салынсын;
     5-пунктундагы "компьютерлер  убактылуу  алып  коюлат" деген сөздөр
"компьютерлерди убактылуу алып коюу сунуш кылынат" деген  сөздөр  менен
алмаштырылсын;
     7 жана 8-пункттар 6 жана 7-пункттар деп эсептелип,  төмөнкүдөй ре-
дакцияда баяндалсын:
     "6) иштин башкаруу багыттары боюнча аудиттин  материалдарын  кабыл
алуу үчүн жооптуу болуп дайындалууга;
     7) башкаруу багыттарына иштин жыйынтыгы боюнча отчетко кол  коюуга
өзгөчө укугу бар;";
     статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
     "8) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин,  анын комитеттеринин
жана комиссияларынын жыйналыштарына жана сессияларына Кыргыз  Республи-
касынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышат.".
     17. 22-статьянын 2-бөлүгүндө:
     бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-пункт менен толукталсын:
     "1) Кыргыз Республикасынын Эсептөө  палатасынын  Кењеши  тарабынан
аныкталуучу Эсептөө палатасынын ишинин белгиленген багыттары үчүн;";
     1-6-пункттар тиешелүү түрдө 2-7-пункттар деп эсептелсин;
     6-пункттагы "Аудитордун" деген сөз алып салынсын.
     18. 24-статьяда:
     статьянын аталышындагы  "Эсептөө  палатасынын"  деген сөздөн кийин
"аппаратынын жана" деген сөздөр менен толукталсын;
     1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "1. Жогорку  билимдүү жана мамлекеттик аудит жана контроль, эконо-
мика, финансы  жана укук жаатында 7 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы
бар Кыргыз  Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын аппаратынын жана
аймактык бөлүмүнүн жетекчиси боло алат.";
     2-пункту "Эсептөө палатасынын" деген сөздөн кийин "аппаратынын жа-
на" деген сөздөр менен толукталсын;
     статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
     "3. Аппараттын жетекчиси аппараттын ишине жетекчиликти ишке ашырат
жана анын ишин уюштурат,  Эсептөө палатасынын төрагасынын тапшырмаларын
аткарат.";
     3 жана 4-пункттар тиешелүү түрдө 4 жана 5-пункттар деп эсептелсин;
     4-пункта;
     - 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "2) аймактык бөлүмдүн иш планын иштеп чыгат жана Эсептөө палатасы-
нын Кењешине сунуш кылат;";
     - 5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "5) аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн аудит-
тер жөнүндө отчетторго кол коет;";
     5-пунктта:
     - 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "3) Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн компетенциясынын  алка-
гында даярдалган аудит жөнүндө отчетторду жана башка отчетторду Эсептөө
палатасына берүүгө;";
     - пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
     "5) Эсептөө палатасынын төрагасы менен макулдашып  айрым  аудиттер
боюнча отчеттордун долбоорлорун Эсептөө палатасынын Кењешинин карап чы-
гуусуна киргизүүгө;";
     - 5-пунктча 6-пунктча деп эсептелсин.
     19. 25-статьяда:
     статьянын аталышында  жана  текстинде "адистер" деген сөз "кызмат-
керлер" деген сөз менен алмаштырылсын;
     1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "1. Мамлекеттик аудит жана контроль,  экономика, финансы жана укук
жаатында 5 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасы-
нын жараны Эсептөө палатасынын кызматкери боло алат.";
     - 2-бөлүгүндө:
     - 3-пунктундагы "финансы контролун жүзөгө ашырган органдар"  деген
сөздөр "салык жана бажы органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
     - 5-пунктундагы "Кењешине" деген сөз "төрагасына" деген сөз  менен
алмаштырылсын;
     - бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
     "6) аудитти  жүргүзүүгө  отчетко кол коюу укугу менен аны жүргүзүү
үчүн топтун жетекчиси болуп дайындалууга.";
     статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
     "Эсептөө палатасынын кызматкери, эгерде төмөндөгүлөр орун алса ау-
дитти же натыйжалуулук аудитин жүргүзүүгө укугу жок:
     1) аудит объектисинин жетекчисинин, уюштуруучусунун же кызматкери-
нин жакын тууганы болсо;
     2) аудит объектисине таандык болгон жеке  мүлктүк  кызыкчылыктарга
ээ болсо;
     3) аудитке алынып жаткан мезгил аралыгында аудит объектисинин кыз-
маткери болгон учурда.".
     20. 28-статьяда:
     статьянын аталышында  жана  текстинде  "аудитор" деген сөздөр алып
салынсын;
     статья төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
     "Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору кызматка дайындалгандан
кийин  Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кењешинин жыйналышында ант бери-
шет:
     "Мен,..... Кыргыз  Республикасынын  Эсептөө  палатасынын  төрагасы
(аудитору)  кызматына  киришүү  менен  Кыргыз  Республикасына  ак  ниет
иштөөгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо-
го,  өз милдетимди мамлекеттин жана кыргыз элинин кызыкчылыгында ак-ни-
ет,  так жана кесипкөйлүк менен аткарууга ант беремин. Эгерде ушул бер-
ген антымды бузсам Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алдында жоопкерчи-
лик  тартам.".  Эсептөө  палатасынын  кызматкерлери Эсептөө палатасынын
Кењешинде ант беришет.";
     2-бөлүк 3-бөлүк деп эсептелсин.
     21. 36-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "Аудитти жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарына ылайык атайын каражаттардын эсептери түзүлгөн  ишкана-
лардын,  уюмдардын жана бирикмелердин ушул каражаттарга аудит бөлүгүндө
кирешелерине жана чыгашаларына таркатылат.".
     22. 44   жана  45-статьялардагы  "мамлекеттик  секторлордо"  деген
сөздөр алып салынсын.
     23. 55-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жана аудиттин натыйжалуулугун" де-
ген сөздөр алып салынсын.
     24. 60-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "60-статья. Атайын отчеттор

     Эсептөө палатасы өзгөчө маанилүү же шашылыш маселе  боюнча  Кыргыз
Республикасынын  Президенти  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
үчүн атайын отчет даярдайт.".
     25. 62-статьяда:
     4-бөлүктө "басылмаларды" деген сөздөн кийин "атайын  ушул  максат-
тарга  республикалык  бюджеттен  бөлүнүп  берилген  каражаттарга" деген
сөздөр менен толукталсын.
     26. 63-статьяда:
     1-бөлүктө "бюджеттен" деген сөздөн кийин "жана  башка  каражаттар-
дан" деген сөздөр менен толукталсын;
     2-бөлүктөгү "бюджет боюнча комитетине" деген сөздөр "профилдик ко-
митетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     27. 64-статьяда:
     "бюджет боюнча комитетине" деген сөздөр "профилдик комитетине" де-
ген сөздөр менен алмаштырылсын;
     статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
     "Материалдык-техникалык базаны чыњдоо, кызматкерлердин потенциалын
жогорулатуу  жана  аудитордук  иштин жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүсүнө
өбөлгө түзүү үчүн Эсептөө палатасын күтүүгө кеткен чыгашалардын  сумма-
сынын  10  пайыз  өлчөмүндө атайын фонд түзүлөт.  Бул фондду пайдалануу
тартиби Эсептөө палатасынын тиешелүү Регламенти тарабынан  жөнгө  салы-
нат.".
     28. 68-статья алып салынсын.

     2-берене.

     Ушул Мыйзам расмий  жарыяланган  күндөн  тартып  10  күндөн  кийин
күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев