Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\096aad71-243c-42f4-948e-12e0a5ebaf92\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 18-декабры № 267

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө

(КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 277, 2011-жылдын 30-июнундагы № 67,
2011-жылдын 18-июлундагы № 110, 2012-жылдын 13-июлундагы № 110, 
2013-жылдын 4-февралындагы № 12
, 2013-жылдын 13-декабрындагы № 220,
2015-жылдын 28-июлундагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ишинин негизги принциптерин жана кепилдиктерин, ошондой эле анын негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.

1-глава
Жалпы жоболор

 

1-берене. Жогорку Кеңештин депутаты

 

1. Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык партиялык тизмелер боюнча шайланган жана Конституцияда, ушул Мыйзамда, Жогорку Кеңештин Регламентинде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген мыйзам чыгаруу жана башка ыйгарым укуктарды Жогорку Кеңеште жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктар берилген, 21 жаш курагынан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.

2. Жогорку Кеңештин депутатынын кызмат оруну Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку саясий мамлекеттик кызмат оруну болуп саналат.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

1. Жогорку Кеңештин депутаты беш жылга шайланат.

2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй мазмундагы ант кабыл алынган күндөн тартып башталат:

"Мен, ..., Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип:

Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында аткарууга, кыргыз мамлекетинин эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоого ант берем".

Антты кабыл алууда анын текстинен жана ант берүүнүн жол-жоболорунан четтөөгө жол берилбейт.

3. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары Конституцияда жана ушул Мыйзамда каралган мөөнөтүнөн мурда токтотуу учурларынан тышкарыда. Жогорку Кеңештин тийиштүү чакырылышынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу менен бир учурда токтотулат.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 , 2012-жылдын 13-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

3-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу

 

1. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учур-

ларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) ал тарабынан депутаттык ыйгарым укуктарды тапшыруу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу түрүндөгү арыз берилгенде;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;

3) башка ишке өткөндө же ал тарабынан депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган ишти таштабаганда;

4) шайлоо жараксыз деп табылганда;

5) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кеткенде;

6) сот тарабынан депутат ишке жарамсыз деп табылганда;

7) аны дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

8) депутат өлгөндө;

9) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

10 бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөөлүү себептерсиз 30 же андан көп жумушчу күнү жок болгондо.

    11) (КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

    12) (КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

    13) (КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, негиз келип чыккан күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан отуз календардык күндөн кечиктирилбей кабыл алынган токтом менен жүзөгө ашырылат.

3. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун натыйжасында пайда болгон бош мандаты ээлөөнүн тартиби конституциялык мыйзам тарабынан аныкталат.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси

 

1. Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгү анын инсандыгын жана анын ыйгарым укуктарын ырастаган документ болуп саналат. Жогорку Кеңештин депутатынын статусу "Жогорку Кеңеш" төш белгиси менен да ырасталат.

2. Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси жөнүндө Жобо, алардын үлгүлөрү Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.

 

5-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу менен сыйышпаган иш

 

1. Жогорку Кеңештин депутаты бир эле учурда башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта тура албайт, ишкердик ишти жүзөгө ашыра албайт, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочу кеңешинин курамына кире албайт.

2. Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарынын мезгилинде окуу жана башка аскердик жыйындарга чакыруудан бошотулат.

3. Жогорку Кеңештин депутаты эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында шугулданып жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын башкаруу органдарынын, камкорчулук кылуучу же байкоочу кеңештеринин, башка органдарынын, ошондой эле алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн курамына кире албайт.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын ишин башка милдеттерди аткаруу менен айкалыштыруу

 

Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иш жүргүзө алат.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын шайлоочулар менен өз ара мамилеси

 

1. Жогорку Кеңештин депутаты шайлоочулар менен байланышып турууга, шайлоочулардын кайрылууларын кароого, ошондой эле жарандарды кабыл алууга милдеттүү.

2. Депутат байланышын үзбөй турган региондор анын өз алдынча, ошондой эле ал турган парламенттик фракция тарабынан аныкталат.

3. Шайлоочулар менен иштөөгө бөлүнгөн күндөр Жогорку Кеңештин Регламентинде аныкталат.

 

8-берене. Депутаттык этика

 

1. Депутат өзүнүн ишинде жалпы таанылган моралдык ченемдерди карманууга, өзүнүн кадыр-баркын сактоого, башка депутаттардын, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын сактоого, Жогорку Кеңешке, шайлоочуларга жана бүтүндөй мамлекетке шек келтире турган аракеттерге, билдирүүлөргө жана жоруктарга жол бербөөгө тийиш.

2. Депутаттык мандатты жекече максаттарга пайдаланууга жол берилбейт.

3. Депутат өзүнүн ишинде Депутаттык этика кодексинин талаптарын сактайт.

 

2-глава
Жогорку Кеңештин депутатынын укуктары жана милдеттери

 

9-берене. Жогорку Кеңешинин депутатынын негизги укуктары жана милдеттери

 

1. Жогорку Кеңештин депутаты төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

1) мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорун Жогорку Кеңешке киргизүүгө, ошондой эле Жогорку Кеңеште каралууга жаткан ченемдик укуктук актылар боюнча башка сунуштарын киргизүүгө жана аларды чакырып алууга;

2) Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жетекчи жана башка кызмат орундарына шайлоого жана шайланууга:

3) Жогорку Кеңештин Регламентинде аныкталган тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын жана башка органдардын курамына кирүүгө;

4) депутаттык суроо-талаптар менен мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка юридикалык жактарга кайрылууга жана аларга жооп берүүнү талап кылууга;

5) Жогорку Кеңеш тарабынан өткөрүлгөн парламенттик угууларга жана башка иш-чараларга катышууга;

6) ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдарды аткаруусун текшерүүсүнүн зарылдыгы жөнүндө жана парламенттик иликтөөлөр жүргүзүү жөнүндө Жогорку Кеңештин тийиштүү органдарына сунуштар киргизүүгө;

7) Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын жана анын органдарынын стенограммаларындагы жана протоколдорундагы өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүнүн тексттерин жарыяланганга чейин ач убагында алууга жана таанышууга;

8) фракцияга биригүүгө.

2. Жогорку Кеңештин депутаты төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарын ак ниеттүү аткарууга;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында, парламенттик фракцияларда, өзү мүчөсү болуп саналган комитеттер менен убактылуу комиссиялардын жыйналыштарында, жүйөөлүү себептерден улам жок болгондо жана добуш берүү укугун Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган учурларда жана тартипте өткөрүп берүүдөн башка учурларда каралып жаткан маселелерге катышууга жана добуш берүүгө:

3) (КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) депутаттык этика нормаларын сактоого;

5) ички фракциялык тартипти сактоого;

6) Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын тапшырмаларын аткарууга;

7) Жогорку Кеңешинин Регламентинде белгиленген күндөрдө шайлоочулар менен иш жүргүзүүгө.

3. Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болот.

(КР 2013-жылдын 4-февралындагы № 12, 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

10-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын пленардык жыйналыштардагы укуктары

 

Депутат Жогорку Кеңештин жыйналышында төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

1) Жогорку Кеңештин Регламентинде аныкталган тартипте, Жогорку Кеңештин кароосуна жаткан ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча сунушталган мыйзамдардын долбоорлорун, Жогорку Кеңештин токтомдорун киргизүүгө;

2) күн тартиби, жыйналышты алып баруу, жол-жоболор жана Жогорку Кеңешинин Регламентинде каралган башка маселелер боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;

3) талкууланып жаткан маселелердин маңызы боюнча жарыш сөздөргө катышууга, сунуштарын, сын-пикирлерин жана түзөтүүлөрүн киргизүүгө, ошондой эле Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган тартипте алар боюнча өзүнүн пикирлерин айтууга;

4) Жогорку Кеңеш шайлаган же анын контролдугу алдындагы мамлекеттик органдын же анын кызмат адамынын, ошондой эле алардын мыйзамдарды жана Жогорку Кеңештин чечимдерин аткаруусу тууралуу маалыматтарын угуу жөнүндө сунуштарын киргизүүгө:

5) Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган жол-жоболорго ылайык баяндамачыга, кошумча баяндамачыга, ошондой эле жыйналышта төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө:

6) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жарандардын кайрылууларын жана депутаттын суроо-талабына берилген жана коомдук мааниге ээ болгон мамлекеттик органдардын жоопторун жарыя кылууга;

7) парламенттик фракциянын тапшырмасы боюнча күн тартибиндеги маселелер боюнча өзгөчө ой-пикиринин текстин төрагалык кылуучуга берүүгө;

8) Жогорку Кеңеште каралып жаткан маселелер боюнча сүйлөнгөн сөздөрдүн, билдирүүлөрдүн, сунуштардын жана сын-пикирлердин тексттерин жыйналыштын протоколуна киргизүү үчүн берүүгө.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110, 2013-жылдын 4-февралындагы № 12, 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

11-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында депутаттын сунуштарын жана сын-пикирлерин кароо

 

1. Жогорку Кеңештин жыйналышында депутат жана парламенттик фракция тарабынан айтылган же төрагалык кылуучуга кат жүзүндө берилген сунуштар менен сын-пикирлер Жогорку Кеңештин же анын органдарынын жыйналышында каралат же тийиштүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын кароосуна жөнөтүлөт, кийин ал тууралуу депутатка маалымдалат.

2. Депутаттын сунуштары менен сын-пикирлери жөнөтүлгөн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын кызмат адамдары аларды бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана натыйжасы жөнүндө Жогорку Кеңештин депутатына кабарлоого милдеттүү.

3. Депутаттардын сунуштарын жана сын-пикирлерин кароого жана ишке ашырууга контролдук Жогорку Кеңештин комитеттери, убактылуу комиссиялары жана Аппараты тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

12-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын Өкмөттүн мүчөсүнө суроолор менен кайрылуусу

 

1. Депутат Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган тартипте өткөрүлүүчү "өкмөттүк күндө" Премьер-министрге жана Өкмөт мүчөлөрүнө, чакырылгандарга суроолору менен кайрылууга акылуу.

2. Суроо депутат же болбосо фракция тарабынан Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттерине алдын ала кат жүзүндө берилет, ал Өкмөттүн тийиштүү мүчөсүн чакыруу үчүн негиз болот.

3. Өкмөттүн чакырылган мүчөсү Жогорку Кеңештин жыйналышына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, ал берилген маселеге кат жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү. Өкмөттүн мүчөсүнүн жообу депутатка же тийиштүү парламенттик фракцияга маалымдалат.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110, 2013-жылдын 4-февралындагы № 12 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

13-берене. Депутаттын Жогорку Кеңештин комитеттериндеги жана убактылуу комиссияларындагы укуктары

 

Жогорку Кеңештин комитетинин же убактылуу комиссиясынын мүчөсү төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

1) тийиштүү комитеттин же убактылуу комиссиянын жыйналыштарында, алардын компетенциясына кирген ар кандай маселелерди сунуш кылууга жана аларды кароого катышууга;

2) комитеттин, убактылуу комиссиянын ишинин чегинде депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүүгө, депутаттык иликтөө жүргүзүүгө:

3) ошол комитеттин карамагына таандык маселелер боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу тууралуу сунуштарын киргизүүгө;

4) мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринен Жогорку Кеңештин комитеттеринин, убактылуу комиссияларынын иши үчүн зарыл маалыматтарды алууга;

5) өзү мүчө болбогон комитеттин же убактылуу комиссиянын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш берүү укугу менен катышууга, сунуштарды киргизүүгө, маселелерди талкуулоого катышууга.

Жогорку Кеңештин депутатына ал киргизген маселе боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсү берилет. Депутат ошондой эле Жогорку Кеңештин комитети, убактылуу комиссиясы чечим кабыл алууда анын ой-пикирин эске алуу үчүн өзүнүн позициясын кат жүзүндө баяндап берүүгө акылуу.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

14-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын парламенттик фракцияларга мүчөлүгү

 

1. Жогорку Кеңештин депутаты саясий партиянын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешке шайланган депутаттардан түзүлгөн парламенттик фракциянын курамына кирет.

2. Жогорку Кеңештин депутаты бир гана парламенттик фракциянын мүчөсү болуп саналат.

3. Парламенттик фракциянын мүчөсү төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

1) парламенттик фракциянын жетекчи органдарына жана кызмат орундарына шайлоого жана шайланууга;

2) парламенттик фракция жөнүндө жоболорду иштеп чыгууга жана бекитүүгө катышууга;

3) фракциянын компетенциясына кирген кандай маселе болсун сунуштарды киргизүүгө жана кароого катышууга;

4) фракциянын жыйналышынын күн тартиби боюнча сунуштарды киргизүүгө;

5) мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорун, депутаттык суроо-талаптарды, билдирүүлөрдү жана башка документтерди киргизүүгө;

6) Жогорку Кеңештин кароосуна жаткан маселелер боюнча фракциянын позициясын түзүү боюнча талкууга катышууга жана сунуштар киргизүүгө;

7) фракциянын тапшырмаларына ылайык Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында, комитеттин жана убактылуу комиссиянын жыйналыштарында аларда каралып жаткан маселелер боюнча фракциянын позициясын жарыялоо үчүн анын атынан чыгып сүйлөөгө.

4. Депутаттын парламенттик фракциядагы иши ушул Мыйзамда, Жогорку Кеңештин Регламентинде жана парламенттик фракция жөнүндөгү Жободо аныкталат.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110, 2012-жылдын 4-февралындагы № 12, 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

15-берене. Депутаттык суроо-талап

 

1. Жогорку Кеңештин депутаты мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга суроо-талабы менен кайрылуу укугуна эч болот. алар суроо-талапка кеминде бир айлык мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү.

2. Депутаттык суроо-талап кат жүзүндө жол-жоболоштурулат.

3. Депутаттардын Жогорку Кеңештин жыйналышынын убагында аткаруу бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына карата кат жүзүндө же оозеки айтылган суроо-талаптары Жогорку Кеңештин Аппараты тарабынан стенограмма боюнча жол-жоболоштурулат жана ага депутат өзү кол коет жана Жогорку Кеңештин Аппараты тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткаруу бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына жөнөтүлөт.

4. Депутаттык суроо-талашта ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө кат жүзүндө жооп алынбаган учурда, жооп берүүнү кечеңдеткен органдын өкүлү же кызмат адамы түшүндүрмө берүү үчүн Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйналышына чакырылат.

5. Мамлекеттик сырды түзгөн кабарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

6. Мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери депутаттын же Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринин, комиссияларынын суроо-талабы боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар менен чечимдерди турмушка ашырылышын текшерүү үчүн зарыл болгон материалдарды берүүгө, аны жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.

Текшерүүчүлөрдүн объекттерге тоскоолдуксуз кирүүгө, мыйзамдарды жана чечимдерди турмушка ашыруу боюнча жетекчилер кабыл алган чаралар менен таанышууга укугу бар.

 

16-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын мыйзамдуулукту бузууну четтетүүнү талап кылуу укугу

 

1. Жарандардын укуктары жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктары бузулган же мыйзамдуулук башкача бузулган учурда депутат мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү катары укук бузууларды токтотууну талап кылууга, ал эми зарыл болгон учурларда тийиштүү органдарга жана кызмат адамдарына мындай укук бузууларга бөгөт коюу талабы менен кайрылууга акылуу. Укук бузуу фактысы депутаттын талабы боюнча укук коргоо органынын ыйгарым укуктуу өкүлү белгиленген тартипте түзгөн протоколдо белгилениши мүмкүн.

2. Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, ошондой эле депутаттын талабы берилген укук коргоо органдарынын кызматкерлери укук бузууну четтетүү үчүн, ал эми зарыл болгон учурда күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу үчүн токтоосуз чара көрүүгө, кийин ал жөнүндө депутатка маалымат берүүгө милдеттүү. Укук бузууну четтетүү боюнча чара көрүлбөгөн учурда, кызмат адамдары мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.

3. Жогорку Кеңештин депутаты айкын болгон жарандардын укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузуулар жана башка укук бузуулар жөнүндө комитеттин, комиссиянын же парламенттик фракциянын жыйналышында маселени кароо сунушун киргизүүгө акылуу.

(КР 2013-жылдын 4-февралындагы № 12, 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

17-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын маалымат алуу жана таратуу укугу

 

1. Жогорку Кеңештин депутаты Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу мыйзам долбоорлор, документтер, ошондой эле Президенттин, Өкмөттүн, Жогорку соттун аппараттары, башка мамлекеттик органдар жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан расмий түрдө таратылган маалыматтык жана маалымдамалык материалдар менен камсыз кылынат.

2. Жогорку Кеңеш жана мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өч алдынча башкаруунун башка органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар, алардын кызмат адамдары Жогорку Кеңештин депутаты кайрылган учурда депутаттык ишке байланышкан маселелер боюнча аны адистердин консультациялары менен камсыз кылууга, зарыл болгон маалыматты токтоосуз түрдө берүүгө милдеттүү.

3. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишти камсыз кылуу үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын көчүрмө-көбөйтүүчү жана электрондук-эсептөө техникасын пайдаланууга укуктуу.

4. Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык ишинин маселелери боюнча теле жана радио уктуруунун мамлекеттик каналдары боюнча жана мамлекеттик басылмаларда "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте чыгым сүйлөөгө укуктуу.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

18-берене. Кызмат адамдары тарабынан Жогорку Кеңештин депутатынын токтоосуз түрдө кабыл алынуу укугу

 

Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык ишин жүзөгө ашырууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери жана башка кызмат адамдары тарабынан токтоосуз түрдө кабыл алуу укугунан пайдаланышат.

 

19-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишине катышуу укугу

 

Жогорку Кеңештин депутаты мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишине кеңешчи добуш берүү укугу менен катышууга акылуу.

 

20-берене. Депутаттык иликтөө

 

1. Комитеттердин, парламенттик фракциялардын биринин демилгеси боюнча же Жогорку Кеңештин чечими боюнча Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кандай маселе болбосун депутаттык иликтөө жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Бардык мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары депутаттык иликтөө жүргүзүүгө зарыл көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Алар иликтөө жүргүзгөн депутаттык комиссиянын талабы боюнча маселени объективдүү изилдөө үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди тоскоолдуксуз берүүгө милдеттүү. Депутаттык иликтөө жүргүзүп жаткан комиссияга түшүндүрмөлөр берүүдөн эч ким качууга акысыз.

(КР 2013-жылдын 4-февралындагы № 12, 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

21-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын шайлоочулар менен иш жүргүзүүдөгү ыйгарым укуктары

 

Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде алар боюнча зарыл чараларды көрөт;

2) ченемдик актыларда аныкталган тартипте жарандарды жеке өзү кабыл алууну жүргүзөт;

3) жарандардын арыздарын кароого байланыштуу суроо-талаптарды мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жиберет;

4) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтүлгөн жарандардын сунуштарынын, арыздарынын жана даттанууларынын каралышын контролдойт, ошондой эле аларды кароодо жеке өзү катышууга укуктуу.

Мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын, уюмдардын жана коммерциялык эмес ишканалардын кызмат адамдары депутаттын контролдоо ишинде ага көмөк көрсөтөт;

5) шайлоочулар, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен чогулуштарды, конференцияларды жапа жолугушууларды өткөрөт;

6) депутаттык күбөлүгүн көрсөтүп мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга тоскоолдуксуз кирет. Иши мамлекеттик сырды сактоого байланышкан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кирүү тартиби мыйзамдарда белгиленет:

7) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар өткөргөн иш-чараларга, шайлоочулардын жашаган жери, иши, окуусу же кызматы боюнча чогулуштарына катышат.

 

22-берене. Депутаттын Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын тапшырмаларын аткарууга катышуусу

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жогорку Кеңештин же анын органдарынын тапшырмасы боюнча мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан мыйзамдардын аткарылышын текшерүүгө катышат. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө депутат Жогорку Кеңешке же анын органдарына маалымат берет жана зарыл болгон учурда, айкын болгон кемчиликтерди четтетүү, мыйзамсыз чечимдерди жокко чыгаруу, мыйзамдарды же башка укуктук ченемдик актыларды бузууга жана Жогорку Кеңештин токтомдорун аткарбоого жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарын киргизет.

 

23-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын кирешелери жана мүлкү жөнүндө декларация

 

Жогорку Кеңештин депутаты жеке менчик укугунда өзүнө таандык болгон кирешелери жана мүлкү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте декларация берет. Кирешелерди атайылап жашыруу менен байланышкан жана Кыргыз Республикасынын салык уюмдары тарабынан айкындалган укук бузуулар жөнүндө маалыматтар Жогорку Кеңештин расмий басылмасында жарыяланууга тийиш.

 

3-глава

Жогорку Кеңештин депутатынын ишинин кепилдиктери

 

(Главанын аталышы КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

24-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын көз карандысыздыгынын кепилдиги

 

1. Жогорку Кеңештин депутаты эл шайлаган адам катары элдин жана мамлекеттин коргоосунда турат. Өз мандатынын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде Жогорку Кеңештин депутаты кызматтык милдетин аткарууда болгон деп эсептелет.

Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ичинде, ошондой эле андан кийин депутаттык ишмердигине байланыштуу ой-пикири, айткан сөзү үчүн же Жогорку Кеңеште добуш берүү жыйынтыгы үчүн куугунтуктоого алынышы мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин депутатын мазактоо, ушуга тете депутаты жаманатты кылуу же болбосо анын депутаттык ишмердүүлүгү тууралуу бурмаланган түрүндө маалымат таратуу, ошондой эле ага каршы багытталган ар кандай агрессивдүү аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

2. Жогорку Кеңештин депутаты, ал тарабынан өзгөчө оор кылмыш жасаган учурду копшогондо, жазык-процесстик мыйзамдарда каралган негиздер боюнча кармалууга же камакка алынууга, тинтилүүгө, жекече текшерүүгө алынышы мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин депутатына тийиштүү турак жай, кызматтык жай, жүгү, жеке жана кызматтык транспорт каражаттары, жазышкан каттары, байланыш каражаттары, ошондой эле документтери текшерүүгө жана тинтүүгө жатпайт.

3. Депутатты кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга, ал тарабынан өзгөчө оор кылмыш жасаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана жол берилет.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

25-берене. Мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруунун кепилдиктери

 

Жогорку Кеңештин депутатынын мыйзам чыгарууга демилге укугу мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде ченемдик укуктук актылардын долбоорун же болбосо ченемдик укуктук актыларга киргизген түзөтүүлөрдү профилдик комитеттердин жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарында милдеттүү түрдө кароо, Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган чечимдерди кабыл алуу менен кепилденилет.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

26-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын кайрылууларын кароо боюнча кызмат адамдарынын милдеттери

 

1. Кызмат адамы депутаттын кайрылуусуна бир айдын ичинде жооп берүүгө милдеттүү.

2. Депутаттын мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын карамагындагы маселелер боюнча кайрылуулары ошол органдар тарабынан каралууга тийиш. Карала турган күн жөнүндө депутатка күн мурдатан маалымат берилүүгө тийиш.

 

27-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын шайлоочулар менен иштөөсүндө мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын көмөк көрсөтүү боюнча милдеттери

 

Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери Жогорку Кеңештин депутатынын кайрылуусу боюнча шайлоочулар менен иштөө учурунда зарыл көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Алар бул максатта тийиштүү жайларга жана коомдук жерлерге кирүүнү камсыз кылышат, депутат менен жолугушуунун орду жана убагы жөнүндө шайлоочуларга кабарлайт. Зарыл учурларда депутатка орун-жай, тийиштүү жабдуулар жана маалыматтык материалдар берилет.

 

28-берене. Депутатты кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кеңештин макулдугун алуунун тартиби

 

1. Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш-жаза иши Башкы прокурор тарабынан гана козголушу мүмкүн.

2. Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор же ишти карап жаткан сот Жогорку Кеңешке тийиштүү сунуштама киргизет.

3. Башкы прокурордун, соттун Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү сунуштамасын кароо үчүн Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган тартипте комиссия түзүлөт.

Комиссия сунуштаманы бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен карайт. Зарылчылыкка жараша Башкы прокурордон жана соттон кошумча материалдар талап кылынышы мүмкүн.

Комиссия Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселени кароодо маселеси чечилүүгө тийиш болгон депутатты, прокуратуранын, соттун өкүлдөрүн же арыз ээсин (жеке айыптоочуну) угууга милдеттүү.

Иликтөө боюнча комиссия тарабынан маалымкат, ошондой эле чечимдин долбоору түзүлүп, жарыя кылынгандан кийин Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселе Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизилет.

Аталган маселени кароодо, ошондой эле берилген чечим долбоорунда депутаттар сунуштамадагы фактыларды чечмелөө, баа берүү же тактоо менен гана чектелет. Чечим долбоору боюнча жарыш сөзгө комиссиядан баяндамачы, фракциялардын өкүлдөрү жана маселеси чечилүүгө тийиш болгон Жогорку Кеңештин депутаты катышат.

4. Башкы прокурордун же соттун сунуштамасын канааттандыруу жөнүндө чечим, эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүгү добуш берген болсо, кабыл алынды деп эсептелет. Чечим Жогорку Кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.

Жогорку Кеңештин жүйөөлөштүрүлүп кабыл алынган токтому жөнүндө үч күндүк мөөнөттө Башкы прокуратурага жана сотко билдирилет.

Жогорку Кеңеш негиздер пайда болгон учурда өз чечимин кайра кароосу мүмкүн.

5. Башкы прокурор же сот каралып жаткан иш аяктаган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө тергөөнүн же ишти кароонун жыйынтыктары жөнүндө Жогорку Кеңешке билдирүүгө милдеттүү.

6. Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартуусу ошол депутатка карата кылмыш-жаза ишин жүргүзүүнү жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат.

7. Депутатка кол салган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

29-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын ишин уюштуруу

 

1. Жогорку Кеңештин депутатынын ишин уюштуруу Жогорку Кеңештин Аппараты жана Иш башкармалыгы тарабынан жүзөгө ашырылат, алар аны кызматтык жай, керектүү канцелярдык жана техникалык каражаттар, байланыш каражаттары, ошондой эле транспорт менен тейлөөнү камсыз кылышат. Депутат социалдык турмуш-тиричилик шарттары, жумушчу жайы жана Жогорку Кеңештин жыйналыштар залында жекече орун менен камсыздалат.

2. Өз иш-аракетин камсыз кылуу максатында Жогорку Кеңештин депутаты жардамчыларды жана консультанттарды алууга укуктуу, алардын иш-аракети Жогорку Кеңештин депутаттарынын жардамчылары жана консультанттары жөнүндө Жобо менен жөнгө салынат.

3. Депутат мыйзам долбоорлору менен иштөө боюнча атайын адабияттар, керектүү маалыматтык материалдар жана мезгилдүү басылмалар менен камсыз болот.

4. Жогорку Кеңештин депутатына ыйгарым укуктарынын бүткүл мөөнөтүнө дипломатиялык паспорт берилет.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгү аккредицияланган өлкөгө барган Жогорку Кеңештин депутатына зарыл жардам жана колдоо көрсөтүүгө тийиш.

5. Депутаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары иш сапарларына чыккан Жогорку Кеңештин депутатынын чыгымдары ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө төлөнүп берилет.

 

30-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусу үчүн материалдык-каржы шарттарын камсыз кылуу

 

1. Жогорку Кеңештин депутатынын иши, ошондой эле анын парламенттик ишмердүүлүгүнө байланышкан чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт.

2. Жогорку Кеңештин депутатынын бир айлык акчалай акысы ал ант берген күндөн баштап, бирок ал мурдагы кызмат ордунан бошонгон же анын кызмат кылуусу токтотулган күндөн эрте эмес күндөн тартып төлөнөт, ал эми анын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдарын төлөп берүү боюнча каражаттар ал шайланган күндөн баштап төлөнөт.

3. Жогорку Кеңештин депутаты чыгармачылык ишмердүүлүгү үчүн төлөнгөн акыдан тышкары башка эч кандай акы төлөм алышы мүмкүн эмес. Жогорку Кеңештин депутатынын чыгармачылык ишмердүүлүгү үчүн төлөнүүчү акы деп искусство чыгармалары жана алардын аткарылышы, макалаларды жана китептерди жарыялоо, радио жана телеберүүлөрдө чыгып сүйлөө үчүн автордук гонорарлар, ошондой эле Жогорку Кеңештин, парламенттик фракциялардын, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарынан тышкары мезгилдердеги илимий-педагогикалык иштери үчүн акы төлөө саналат.

 

31-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын турак жай менен камсыз болууга укугу

 

1. Бишкек шаарында турак жайы жок Жогорку Кеңештин депутатына анын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мезгилине турак жай мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда кызматтык турак жай берилет.

2. Бош кызматтык турак жай жок болгон учурда Жогорку Кеңештин депутатына Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актыларда каралган өлчөмдөрдө жана тартипте турак жайды ижарага алгандыгы үчүн ай сайын компенсация төлөнөт.

3. Ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон Жогорку Кеңештин депутаты ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык берилген кызматтык турак жайды мандаттын күчү токтотулган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен бошотуп берүүгө милдеттүү. Ээлеген кызматтык турак жай ордун бошотуп бербөө турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте көчүрүлүп чыгарууга алып келет.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө аныкталган турак жайга акы төлөө Жогорку Кеңештин иш-милдети үчүн тиешелүү жылга бюджет жөнүндө мыйзам менен каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Жогорку Кеңештин депутаты коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү өз каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырат.

 

32-берене. Депутаттын транспорттук тейлөөгө укугу

 

1. Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын аймагында, таксилерди кошпогондо, жүргүнчүлөрдү ташуучу мамлекеттик автоунаалардын бардык түрлөрүн бекер пайдалануу, ошондой эле сапарга чыгуу документтерин кезексиз алуу укугуна ээ болот.

2. Жогорку Кеңештин депутатына өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын жүзөгө ашыруусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында жол жүрүү үчүн кызматтык автоунаа берилет. Жогорку Кеңештин депутаты өз ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу жеке менчик автоунаасын да пайдалана алат.

3. Депутаттын кызматтык автотранспорт каражаты жок болгон учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жогорку Кеңештин депутатына өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу жол жүрүүлөрү үчүн кызматтык автоунаа берүүгө милдеттүү.

4. Жогорку Кеңештин депутатынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусу үчүн жеке менчик автоунаасын пайдалануусуна байланыштуу чыгымдары Жогорку Кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө тийиштүү жылга Жогорку Кеңештин иш-милдеттерине республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен каралган каражаттардын чектеринде ага төлөнүп берилет.

 

33-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын байланыш каражаттарын пайдалануусу

 

1. Мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары, уюмдар Кыргыз Республикасынын аймагында Жогорку Кеңештин депутатына алардын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна байланыштуу аталган органдар менен уюмдардын тескөөсүндөгү байланыштын бардык түрлөрүн берүүгө милдеттүү.

2. Жогорку Кеңештин депутаты байланыш кызматын кезексиз алуу укугуна ээ болот.

3. Жогорку Кеңештин депутатынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланышкан почталык жана телеграфтык кат-кабар жөнөтүмдөрүнүн бардык түрлөрү өкмөттүк деңгээлде жөнөтүлөт (берилет), иштелип чыгылат жана жеткирилип берилет.

4. Жогорку Кеңештин депутатынын, мобилдик байланышты кошпогондо, байланыш каражаттарын пайдаланууга кеткен чыгымдары тийиштүү жылга Жогорку Кеңештин иш-милдетине карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралган каражаттардын эсебинен төлөнөт.

5. Жогорку Кеңештин депутатынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн байланыш каражаттарын пайдалануусунун тартиби жана чектери Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленет.

 

34-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын мейманканага кезексиз жайгашууга укугу

 

Жогорку Кеңештин депутаты, ошондой эле аны коштоп жүргөн адам мамлекеттик жана муниципалдык мейманканада кезексиз жайгаштырылууга укуктуу.

 

35-берене. Депутаттын эмгек укуктарына кепилдиктер

 

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жогорку Кеңештин депутаты туруктуу иштеген Жогорку Кеңеште өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.

2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жалпы жана үзгүлтүксүз эмгек стажына, мамлекеттик кызмат стажына, адистиги боюнча иш стажына эсептелет. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтү аяктагандан кийин анын үзгүлтүксүз эмгек стажысы сакталат.

Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин Жогорку Кеңешке шайланганга чейинки мурдагы ишине (кызматына), ал эми ал бош болбогон учурда ошого тете башка ишке (кызматка) орноштурулат.

Мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда Жогорку Кеңештин депутаты жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кадрлар резервине киргизилиши мүмкүн, андан ары ал мамлекеттик органдын бош кызмат ордуна биринчи кезекте дайындалууга укуктуу болот.

Сунушталган кызматтан баш тарткан учурда же депутат мамлекеттик мекемелерге, ишканаларга жана жеке секторго ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында кесиптик кайра даярдоого жөнөтүлөт.

3. Парламент ишин мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда Жогорку Кеңештин депутаттарына эмгек акынын орточо эки айлыгынын өлчөмүнөн төмөн эмес эс алуу жөлөкпулу төлөнөт.

      4. (КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Аскер кызматчыларынан жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен Жогорку Кеңешке шайланган депутатка кезектеги аскердик же атайын наам ыйгаруу "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

6. Жогорку Кеңештин депутатына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү класстык чен ыйгарылат.

(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

36-берене. Депутаттын өргүүсү

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул жана кошумчаларды төлөө менен 30 календардык күн өлчөмүндөгү акы төлөнүүчү ар жылдык эмгек өргүүсү берилет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жогорку Кеңештин депутатына төмөндөгүлөр берилет:

1) кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө, бала асырап алгандыгына байланыштуу өргүү;

2) эмгек акысы сакталбаган өргүү (үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча, никеге катталган, бала төрөлгөн, баланы баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда);

3) окуу өргүүсү.

Мамлекеттик кызматтагы жумуш стажы беш, он жана он беш жылдан ашык болсо, акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү тийиштүүлүгүнө жараша эки, төрт жана алты калдендардык күнгө көбөйөт. Окумуштуулук даражасы жана илимий наамы болсо, эмгек өргүүсү "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.

(КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 277, 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

37-берене. Жогорку Кеңештин депутатын медициналык, турмуш-тиричилик жана пенсиялык жактан камсыз кылуу

 

1. Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү үчүн белгиленген шарттарда медициналык, санатордук-курорттук жана турмуш-тиричилик жактан камсыздалат.

Жогорку Кеңештин депутатын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мезгилинде жаракат алса же ден-соолугуна башка зыян келтирилсе, алар үчүн медициналык, санатордук-курорттук жана турмуш-тиричилик жактан камсыздоо ушул беренеде белгиленген шарттарда ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин да сакталат.

2. Депутаттын ыйгарым укуктарын аткарган жана пенсия курагына жеткен Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия алууга жана жеңилдиктерди алууга укуктуу.

 

38-берене. Жогорку Кеңештин депутатын социалдык жактан коргоо

 

Депутаттык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты өлгөн учурда же депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мезгилинде алган жаракаттын, жарааттын, оорунун кесепетинен ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин өлсө, дүйнөдөн кайткан (өлгөн) адамдын үй-бүлөсүнө жана багуусундагыларга Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бир жолку берилүүчү жөлөкпул төлөнөт.

 

39-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу жана мамлекеттик кайтарууга алуу

 

1. Жогорку Кеңештин Төрагасынын сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына алардын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мезгилине кызматтык курал берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берет.

Жогорку Кеңештин депутатына Жогорку Кеңештин имаратында курал алып жүрүүгө тыюу салынат.

2. Куралды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Жогорку Кеңештин депутаты мамлекеттик кайтарууга алынышы мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 30-июнундагы № 67, 2013-жылдын 13-декабрындагы № 220 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

40-берене. Жогорку Кеңештин депутатына, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана башка туугандарына укукка сыйбаган аракеттер үчүн жоопкерчилик

 

Жогорку Кеңештин депутатына, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана башка туугандарына депутаттык ишмердүүлүгүн токтотуу же анын мүнөзүн өзгөртүү максатында көрсөтүлгөн күч колдонуу же күч колдонуу менен коркутуп-үркүтүү түрүндө укукка сыйбаган аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

 

41-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик

 

Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери тарабынан ушул Мыйзамдын талаптары аткарылбаса, депутаттык ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууга Жогорку Кеңештин депутатына тоскоолдуктар түзүлсө, ушуга тете аларга алдын ала жалган маалыматтар берилсе же Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары жана кайрылуулары боюнча маалыматтарды, жоопторду берүүнүн ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрү жана тартиби сакталбаса, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.

 

4-глава

Корутунду жоболор

 

42-берене. Ушул мыйзамдын күчүнө кириши

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- 2005-жылдын 18-августундагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- 2006-жылдын 29-декабрындагы № 229 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- 2006-жылдын 29-декабрындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- 2007-жылдын 12-февралындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 45 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

К.Бакиев