Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2009-жылдын 30-марты № 101

                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

               "Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана
              архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
                  Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу

     2009-жылдын 19-февралында           Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-берене.

     "Кыргыз Республикасындагы шаар  куруу  жана  архитектура  жөнүндө"
Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кене-
шинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизил-
син:
     40-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "40-статья. Автордук, техникалык жана мамлекеттик
                 архитектуралык-курулуштук көзөмөл

     1. Кыргыз Республикасынын аймагында курулчу объекттер Кыргыз  Рес-
публикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте автордук,  техникалык жана мамле-
кеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө алынууга тийиш.
     2. Курулуш объекттеринин опурталдуулук даражасы боюнча мамлекеттик
архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө  же  курулуш  жумуштарын  аткарууда
техникалык   көзөмөлгө  алынчу  категорияларды  Кыргыз  Республикасынын
Өкмөтү аныктайт.
     3. Курулушка  автордук  көзөмөл  эксплуатацияга киргизилчү курулуш
объекттеринин архитектуралык-курулуштук,  технологиялык же башка техни-
калык чечилиштери долбоордук чечимдерге ылайык келишин камсыздоо макса-
тында ишке ашырылат.
     4. Курулуш жумуштарынын аткарылышына техникалык көзөмөл архитекту-
ралык-курулуштук,  технологиялык же башка техникалык чечилиштердин ыла-
йык келишин камсыздоо максатында ишке ашырылат.
     5. Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл  курулуш  процес-
синде  аткарылуучу жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоор-
дук документтердин талаптарына  ылайыктыгын  текшерүү  максатында  ишке
ашырылат.".

     2-берене.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев