Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
                         Кыргыз Республикасынын
              2011-жылдын 15-июлундагы № 101 Мыйзамына ылайык
                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2009-жылдын 26-январы № 27
 
                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
 
           "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү
       мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
                Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
 
      2008-жылдын 18-декабрында           Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                          Кењеши тарабынан кабыл алынган
 
     1-берене.
 
     "Жергиликтүү өз  алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик ад-
министрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку  Кењешинин  Жарчысы, 2008-жыл, № 5, 474-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
     1. 20-статьянын 6-бөлүгүнүн 10-пунктундагы "жана жайыттарды" деген
сөздөр алып салынсын.
     2. 27-статьяда:
     4-бөлүгүнүн бешинчи  абзацындагы  ", жайыттарды" деген сөздөр алып
салынсын;
     5-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "3) талап кылынбаган жана пайдаланылбай жаткан жайыттарды пайдала-
нуу маселелери;".    
 
     2-берене.  
 
     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 
 
     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев