Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2009-жылдын 26-майы № 171

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

                 Кыргыз Республикасынын Жер кодексине
            толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

     1-берене.

     Кыргыз Республикасынын  Жер  кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин  Жарчысы, 1999-ж., N 9, 440-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор
жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
     1. 5-статьяда:
     1-пункттун биринчи  абзацы  "Чет өлкөлүк жактарга" деген сөздөрдөн
кийин ",  эгер  ушул статьяда башкача каралбаса" деген сөздөр менен то-
лукталсын;
     Статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
     "4. Чет  өлкөлүк  банктар  менен адистештирилген финансы-кредиттик
мекемелер айыл чарба багытындагы жер участокторун өндүрүп алуу кырдаалы
түзүлгөндө айыл  чарба багытындагы жерлерди бир жыл аралыгында менчикте
кармоого укуктуу.".
     2. 29-статьянын  1-пунктундагы "нарктык баасы (нормативдик баасы)"
деген сөздөр "рыноктук наркы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
     3. 111-статьянын  2-пунктундагы  "жер участокторун соодада сатууда
алардын старттык баасын," деген сөздөр алып салынсын. 

     2-берене.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     3-берене.

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик
укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев

     2009-жылдын 10-апрелинде            Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган