Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 24-майындагы № 88 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b5860d61-f102-41cc-b090-51d872cfa7ad\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 27-июлу № 254

Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө

Ушул Мыйзам мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мамилелерди, ошондой эле өзүнүн мүлкүн легалдаштырган жактарды салыктык, бажылык, администрациялык, кылмыш-жаза жана ушул Мыйзамда каралган башка укук бузууларды жасаганы үчүн жоопкерчиликтен бошотууга байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.

 

1-берене. Мыйзамдын максаты

 

Мүлктү легалдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу, легалдаштырылуучу мүлктүн кол тийгистигинин кепилдиктерин, мүлктү легалдаштыруу процессине катышкан жактардын кол тийгистигинин кепилдиктерин белгилөө жана мүлктү легалдаштыруу процессинин сырларын сактоо ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.

 

2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр

 

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:

Мүлктү легалдаштыруу - кирешени жашыруу максатында мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүдөн чыгарылган жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол-жоболонбогон болбосо тийешеси жок жакка жол-жоболонгон мүлккө укуктарды ыктыярдуу декларациялоого байланыштуу иш аракеттер.

Мүлктү легалдаштыруу субъекттери (мындан ары - легалдаштыруу субъекттери) - мүлктү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте легалдаштыруучу жеке адамдар - Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары (мамлекеттик ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди кошпогондо). Жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга легалдаштыруу жөнүндө декларацияны тапшырган күндөн тартып легалдаштыруу субъектисинин статусуна ээ болушат.

Легалдаштыруу объекттери - мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте декларацияланбаган, Кыргыз Республикасынын аймагында да, анын чегинен тышкары да турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк.

Кыймылдуу мүлк - акча каражаттары (улуттук жана чет өлкөлүк валютада), транспорт каражаттары, легалдаштыруу субъектисинин ишканалардагы катышуу үлүштөрү, баалуу кагаздар, юридикалык жактардын активдери.

Кыймылсыз мүлк - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык аныкталчу кыймылсыз мүлк.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ушул Мыйзамда каралган тартипте мүлктү легалдаштыруу жөнүндө документтерди кабыл алуучу жана жол-жоболоочу Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети.

Легалдаштыруу мөөнөтү - ушул Мыйзамда каралган, анын аралыгында Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрыла алчу мөөнөт.

Легалдаштыруу жөнүндө декларация - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формаларда легалдаштыруу фактысын ырастоочу документ.

 

3-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү

 

Ушул Мыйзамдын күчү легалдаштыруу субъекттерине, Кыргыз Республикасынын аймагында да, анын чегинен тышкары да тургандарга: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболонбогон; экономикалык жүгүртүүдөн чыгарылган, башка жакка жол-жоболонгон алардын мүлктөрүнө жайылтылат.

Ушул Мыйзамдын күчү инсанга, адамзаттын тынчтыгына жана коопсуздугуна, конституциялык түзүлүштүн жана мамлекеттин коопсуздугунун негиздерине, коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы кылмыштарды жасоонун натыйжасында алынган адамдардын мүлктөрүнө, ошондой эле таандык укугу сот тартибинде талашылып жаткан мүлктөргө жайылтылбайт.

 

4-берене. Легалдаштыруу субъекттерине мамлекеттик кепилдиктер

1. Легалдаштыруу субъекттери 2008-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде төмөнкү статьяларда каралган укук бузууларды жасаганы үчүн жоопкерчиликтен бошотулушат:

1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 180, 182, 200, 201, 202-1-статьяларында, 204-статьянын 1-бөлүгүндө, 208-215, 307, 309 жана 314-статьяларында;

2) Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 9-1, 22, 23, 24, 24-1, 25, 26, 35, 35-3-главаларында;

3) салык, бажы мыйзамдарында, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарда;

2. Легалдаштыруу субъекттери - жеке адамдар ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен бошотулушат.

Легалдаштыруу субъекттери - юридикалык жактар ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган укук бузуулар боюнча жоопкерчиликтен бошотулушат.

Мында легалдаштыруу субъекттеринин - юридикалык жактардын кызмат адамдары ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган укук бузуулар боюнча жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.

3. Мүлктү легалдаштыруу мезгилинде жана андан кийин легалдаштыруу субъекттеринин 2008-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги каржы-чарбалык иштерине карата текшерүүнүн кандай түрлөрүн болбосун жүргүзүүгө тыюу салынат.

4. Мүлктү легалдаштыруу мезгилинде текшерүүлөрдүн кандай түрлөрүн болбосун жүргүзүүгө мораторий киргизилет.

5. Легалдаштыруу мезгили бүткөндөн кийин легалдаштырылган мүлккө карата текшерүүнүн кандай түрлөрүн болбосун жүргүзүүгө, процесстик, анын ичинде ушул Мыйзамга ылайык легалдаштыруу процессин жүргүзүүдө алынган маалыматтардын негизинде кылмыш-жаза куугунтугун же администрациялык жаза чараларын колдонуу боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат.

6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана легалдаштыруу процессинин башка катышуучулары мүлктү легалдаштыруу процессинде алынган маалыматтардын купуялыгын камсыз кылуулары тийиш.

7. Легалдаштыруу процесси бүткөндөн кийин легалдаштыруу субъектисинин талабы боюнча, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган легалдаштыруу субъектисинин катышуусунда легалдаштыруу субъектисинин мурда берилген бардык салык декларацияларын жок кылууга милдеттүү.

8. Мамлекет легалдаштыруу субъекттерине төмөнкүлөрдү кепилдейт:

1) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык легалдаштырылчу мүлктөрдүн пайда болуу булактары жөнүндө маалыматтарды көрсөтүүдөн бошотууну;

2) легалдаштыруу процессинин бардык катышуучуларынын мүлктү легалдаштыруу субъекттерине тиешелүү купуялуулукту (жашырындуулукту) камсыз кылууларын;

3) легалдаштыруу субъекттерине карата кийин салык салууда кысым чаралары колдонулбасын;

4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мүлктү легалдаштыруу боюнча аткарымдары тууралу маалыматтарды сотторго гана көрсөтүүсүн.

9. Ушул Мыйзамды колдонуудагы бардык карама-каршылыктар легалдаштыруу субъектисинин пайдасына чечмеленет.

 

5-берене. Мүлктү легалдаштыруу мөөнөтү

 

2009-жылдын 1-октябрынан тартып 31-декабрына чейинки убакыт мүлктү легалдаштыруу мөөнөтү болуп саналат.

 

6-берене. Жеке жактардын мүлктү легалдаштырууну уюштуруу жана жүргүзүү тартиби

 

1. Жеке адам менчик укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген документтер менен ырасталган мүлктү легалдаштырат.

2. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өздөрүнүн жана жакын туугандарынын алган кирешелери, милдеттенмелери жана менчик укугу бар мүлкү жөнүндө жыл сайын декларация берүүгө тийиш болгон жеке адамдар 2009-жыл үчүн маалыматтарды кирешенин булагын көрсөтпөстөн берүүгө укуктуу. Берилген декларацияга ушул Мыйзамдын 4-беренесинин жоболору жайылтылат.

3. Жеке адамдын Кыргыз Республикасында мүлктү легалдаштыруу жолжобосу:

1) легалдаштыруу субъектиси мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга легалдаштыруу жөнүндө декларацияны (мындан ары - декларация) укук белгилөөчү документтердин түп нускасын тиркөө менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген форма боюнча берет. Декларация эки нускада толтурулат жана аны мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга легалдаштыруу субъектиси жеке өзү берет.

Менчик укугун ырастоочу документ легалдаштырылып жаткан мүлктүн ар бир бирдигине берилет. Чет өлкөдө жайгашкан мүлккө менчик укугун ырастоочу документтерди бергенде, легалдаштыруу субъектиси документтердин мамлекеттик же расмий тилдеги котормосун тиркейт. Мүлктүн наркын баалоо легалдаштыруу субъектисинин өзү тарабынан жүзөгө ашырылат.

2) мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдү текшерет:

- легалдаштыруу субъектиси жөнүндө декларациядагы маалыматтардын анын инсандыгын ырастоочу документтерге шайкеш келүүсүн;

- менчик укугун ырастоочу документтердин декларацияга киргизилген мүлккө шайкеш келүүсүн.

Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган декларация толтурууда так эместиктер табылганда же менчик укугун ырастоочу документтер жок болгон учурда гана декларацияны кабыл алуудан баш тартууга укуктуу. Легалдаштыруу субъектиси жаңы декларация толтурууга жана мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга тапшырууга укуктуу.

3) Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган декларацияны кабыл алганда, мөөр жана мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын жооптуу адамынын койгон колу менен күбөлөндүрүлгөн декларациянын экинчи нускасы легалдаштыруу субъектисине кайрылып берилет.

4. Легалдаштыруу субъектисинин декларацияны толтуруусунун жана мүлктүн түрлөрү боюнча декларацияга тиркелүүчү документтерди көрсөтүүсүнүн өзгөчөлүктөрү:

1) акча каражаттарын легалдаштырууда легалдаштыруу субъектиси декларацияга эсептин же банктагы өз атындагы эсептердин көчүрмөсүн тиркейт. Кайрып берүү шарты менен башка адамга берилген акча каражаттарын легалдаштырууда легалдаштыруу субъектиси мындай каражаттардын берилген фактысын ырастоочу документти көрсөтөт;

2) кыймылсыз мүлктү легалдаштырууда легалдаштыруу субъектиси декларацияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө менчик укугун каттоо боюнча Мамлекеттик комитеттен алынган мүлккө менчик укугун ырастоочу документти тиркейт;

3) баалуу кагаздарды легалдаштырууда легалдаштыруу субъектиси декларацияга Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлгө алуу жана жөнгө салуу кызматынын эрежелерине жана ченемдик актыларына ылайык көз карандысыз каттоочунун эмитентинин реестринен алынган көчүрмөнү тиркейт.

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна баалуу кагаздарды номиналдуу ээлик кылууга берүү, ошондой эле номиналдык ээлик кылуудан аларды чыгаруу боюнча аткарымдар баалуу кагаздарды легалдаштыруу болуп эсептелбейт.

4) коомдун уставдык капиталына катышуу үлүшүн легалдаштырууда легалдаштыруу субъектиси декларацияга коомдун уюмдаштыруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркейт, анда уставдык капиталдын легалдаштыруу субъектисине таандык үлүшү көрсөтүлөт;

5) автоинспекция органдарында катталууга тийиш болгон автотранспортту легалдаштырууда легалдаштыруу субъектиси декларацияга автоинспекция органы тарабынан берилген техникалык паспортту тиркейт.

5. Декларацияда баяндалган жана ага тиркелген документтердеги маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти легалдаштыруу субъектиси тартат.

6. Жеке адам тарабынан мүлктү легалдаштыруунун натыйжасында анда легалдаштырылган мүлккө киреше салыгын төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болбойт.

 

7-берене. Юридикалык жактардын мүлктү легалдаштырууну уюштуруу жана жүргүзүү тартиби

 

1. Юридикалык жак тарабынан мүлктү легалдаштыруу жолжобосу төмөнкүлөргө карата жүзөгө ашырылат:

1) бухгалтердик эсепте легалдаштырылган мүлктү бирдейлештирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү инвентардык ведомосттордун негизинде, билдирилген мүлктү бухгалтердик теңдемге киргизүү жолу менен, мыйзамдарда каралган тартипте каттоону талап кылбаган кыймылдуу мүлккө;

2) ылайыксыз жак тарабынан легалдаштыруу субъектисине мүлктү кайтарымсыз берүү жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишимдер жана ушул мүлккө легалдаштыруу субъектисинин менчик укугун ырастоочу башка келишимдер жана документтер болгондо, бухгалтердик теңдемге киргизүү жолу менен, мыйзамдарда каралган тартипте милдеттүү каттоону талап кылган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө;

3) легалдаштырылган акча каражаттарынын юридикалык жактын бет эсебине киргизилгенин ырастоочу банктык документтердин негизинде бухгалтердик теңдемге киргизүү жолу менен, акча каражаттарына.

Юридикалык жактын мүлктү легалдаштыруу жолжобосу юридикалык жактын өткөн жылдардын кирешеси жана уставдык капиталга үлүшү катары аткаруу боюнча милдеттенмеси жок алынган займдарды таанууну эсепке албайт.

2. Легалдаштыруу мезгилинде юридикалык жактын мүлктү легалдаштырууну жүзөгө ашыруу тартиби төмөнкүдөй:

1) юридикалык жак легалдаштыруу субъектисинин статусун алуу үчүн өзүнүн легалдаштыруу жолжобосунан өтүү ниети жөнүндө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга арызын берет;

2) арыз берилгенден кийин легалдаштыруу мезгилинде юридикалык жак кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоону жүргүзүүнү, келишимдерди жана башка укук белгилөөчү документтерди жол-жоболоону, банк эсебине акча каражаттарын киргизүүнү камсыз кылат;

3) ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган иш аракеттер бүткөндөн кийин, юридикалык жак мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга бухгалтердик теңдемди (легалдаштыруу жөнүндө декларацияны) жана бухгалтердик теңдемди бекитүү тууралу юридикалык жактын башкармасынын жогорку органынын чечимин көрсөтөт.

3. Юридикалык жактын мүлкү бухгалтердик теңдемдин (легалдаштыруу жөнүндө декларациянын) түзүлгөн күнүнө легалдаштырылган деп таанылса, ал эми ушул юридикалык жакка карата мүлктү легалдаштыруу жолжобосу бухгалтердик теңдем мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга берилген учурга аяктаган деп таанылат.

4. Катталбаган чарбалык ишти жүзөгө ашырып келген жактардын мүлкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык алардын иши мүлктү легалдаштыруу мезгилинде мамлекеттик каттоого алынган учурда легалдаштырылат. Мында ал жак катталбаган ишти жүргүзгөндүгү үчүн кылмыш-жаза жана администрациялык жоопкерчиликтен бошотулат.

 

8-берене. Мүлктү легалдаштыруу процессинин башка катышуучуларынын ыйгарым укуктары

 

1. Легалдаштыруу субъекттеринен тышкары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы бар каржы мекемелери (мындан ары - каржы мекемелери) мүлктү легалдаштыруунун катышуучулары болуп саналышат. Каржы мекемелери жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мүлктү легалдаштыруу процессинде өз иштерин жана ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык жүзөгө ашырышат.

2. Салык органдары, бажы органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө менчик укугун каттоо боюнча Мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлгө алуу жана жөнгө салуу кызматы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы, укук коргоо органдары, башка мекемелер жана уюмдар легалдаштыруу процессине кыйыр тийешеси бар жактар катары таанылышат. Көрсөтүлгөн бийлик органдарынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызмат адамдарынын иш аракеттери ушул Мыйзамдын жоболоруна карама-каршы келбөөсү же анын чегинен чыкпоосу керек.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө саналган органдар мүлктү легалдаштырууда легалдаштыруу субъекттерине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

 

9-берене. Декларацияланбаган салык, бажы милдеттенмелерине мунапыс берүүнүн тартиби

 

1. Ушул Мыйзам күчүнө киргенде, 2008-жылдын 31-декабрына чейин пайда болгон жана жоюлбаган бардык салык жана бажы милдеттенмелери, легалдаштыруу субъекттеринин айыптары, пайыздары, туумдары, эгерде алар мүлктү легалдаштыруу күнүнө чейин пайда болсо жоюлган болуп эсептелет жана ушул мүлктү легалдаштыруунун натыйжасы болуп саналат. Ушул мүлккө карата эч кандай кылмыш-жаза, администрациялык же башка териштирүүлөр демилгеленбөөсү керек.

2. Ушул берене 2008-жылдын 31-декабрына чейин салык жана бажы милдеттенмелерин декларациялабаган же жоюшпаган салык төлөөчүлөргө карата, ошондой эле салык салуу максатында агенттик иш милдеттерди аткаруучу жактарга карата колдонулат.

3. Ушул берене декларацияланган, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан текшерилген жана эсепке алынган, бирок жоюлбаган салык жана бажы милдеттенмелерине карата колдонулбайт.

4. Мамлекеттик бюджетке ашыкча төлөнгөн салык суммалары бар легалдаштыруу субъекттери кайтарып алуу укугун жоготушат, бирок ушул ашыкча төлөмдөр пайыздар, туумдар жана салык санкциялар боюнча карыздарды жоюунун эсебине эсептелиши мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталгандай көзөмөлдөөчү органдарга (салык жана бажы органдарын кошуп алганда), ошондой эле укук коргоочу органдарга ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган төлөмдөргө карата текшерүүнүн кандай болбосун түрлөрүн (көзөмөлдөө, маалыматтарды сурап алуу, инспекциялоо) жүргүзүүгө тыюу салынат.

 

10-берене. Мүлктү легалдаштыруу жолжобосун аяктоо

 

Ушул Мыйзамдын жоболорун сактоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөрү жана жооптуу адамынын колу менен күбөлөндүрүлгөн легалдаштыруу жөнүндө декларациянын экинчи нускасын алган учурдан тартып мүлк легалдаштырылган делип эсептелет.

 

11-берене. Легалдаштыруу субъекттерине мунапыс берүү жолжобосу

 

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып, мүлктөрүн легалдаштырган жана 2008-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда, ушул Мыйзамдын 4-беренесинде каралган укук бузууларды жасаган адамдарга карата бардык тергөөдө жана тергөө органдарынын өндүрүшүндө, соттордун кароосунда турган кылмыш-жаза жана администрациялык иштер токтотулушу керек.

Ушул Мыйзамдын 4-беренесинде каралган жана 2008-жылдын 31-декабрына чейин жасалган укук бузуулар үчүн соттолгон жана жазаларын өтөп жаткан адамдарга ушул Мыйзам колдонулбайт.

 

12-берене. Ушул Мыйзамды аткаруу

Ушул мыйзамды аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:

1) тергөө органдарына - кылмыштары жөнүндө иш бул органдардын өндүрүшүндө турган адамдарга карата;

2) сотторго:

- кылмыштары жөнүндө иш соттордун өндүрүшүндө турган жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин каралбаган адамдарга карата, ошондой эле кылмыштары каралган, бирок өкүмдөрү мыйзамдуу күчүнө кирелек адамдарга карата;

- өкүмдү аткаруу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 72-статьясында белгиленген тартипте кийинкиге жылдырылган соттолгон адамдарга карата;

 

13-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушу

 

Ушул Мыйзамдын колдонулушу ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) прокурор тарабынан санкцияланган токтомунун, ошондой эле соттун токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат.

 

14-берене. Даттануу тартиби

 

Легалдаштыруу субъектиси мамлекеттик органдардын чечимине жана аракетине (аракетсиздигине) жогорку баскычтагы мамлекеттик органдарга болбосо сотко даттанууга укуктуу.

 

15-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

              Президенти

          

          К.Бакиев