Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Бишкек шаары

2009-жылдын 11-майы № 152

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

            Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

             өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

 

              (КР 2011-жылдын 17-октябрындагы № 173,

                   2016-жылдын 30-майындагы № 75

                Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

 

 2009-жылдын 24-апрелинде           Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                    Кењеши тарабынан кабыл алынган

 

     1-берене.(КР 2011-жылдын 17-октябрындагы № 173 Мыйзамына ылайык
               күчүн жоготту)

 

     2-берене.

 

   (КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

 

     3-берене.

 

     "Акционердик коомдор  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамына

(Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кењешинин  Жарчысы,  2003-жыл,  №  6,

240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

     1. 10-статьянын  1-пунктунун  экинчи  абзацы төмөнкүдөй редакцияда

баяндалсын:

     "Өкмөт жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомду уюш-

турат же  анын  тењ  уюштуруучусу  катары чыга алат же акцияларды сатып

алат жана коомдун акционери боло алат.".

     2. 36-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "4. Мамлекеттик  кызматчылар Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду-

нун директорлор кењешинин жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында

түзүлгөн, ушул статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы жайылтылбаган коом-

дун мүчөлөрү боло алат.

     Коомдун директорлор  кењешинин  курамына мамлекеттик кызматчыларды

тандоо жана  көрсөтүү  тартиби  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан

аныкталат.".

 

     4-берене.

 

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  өзүнүн  ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

     5-берене.

 

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев