Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

2009-жылдын 24-июлу № 251

Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 2012-жылдын 10-октябрындагы №170,
2013-жылдын 5-августундагы № 188,
2016-жылдын 22-мартындагы № 24,
2016-жылдын 20-майындагы № 68, 2016-жылдын 7-июлундагы № 100, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202
2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38, 2018-жылдын 6-августундагы N 88
, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 , 2019-жылдын 8-майындагы N 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-глава
Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзам жөнгө салуучу чөйрө

1. Ушул Мыйзам төмөндөгүлөр менен:

- баалуу кагаздардын ачык сунушталышы жана эмиссиясы;

- баалуу кагаздарга ээлик кылуу жана аны жүгүртүү;

- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын жана башка катышуучуларынын ишмердиги;

- баалуу кагаздар рыногуна көзөмөл жүргүзүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзам мамлекеттик баалуу кагаздардын, муниципалдык баалуу кагаздардын, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын баалуу кагаздарынын эмиссиясын жөнгө салбайт.

Мамлекеттик баалуу кагаздарды, муниципалдык баалуу кагаздарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын баалуу кагаздарын фондулук рынокто жүгүртүү Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жөнгө салынат.

3. Кыргыз Республикасынын резидент эмес - эмитенттеринин баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүү ушул Мыйзам жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары жана башка мыйзамдары менен жөнгө салынат.

2-берене. Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдар

1. Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган ченемдик-укуктук актылардан турат.

2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эл аралык укуктун баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу жалпы таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

3-берене. Ушул Мыйзамдын максаты үчүн пайдаланылчу терминдер жана аныктамалар

Андеррайтинг - ачык эмиссияда чыгарылчу баалуу кагаздарга андеррайтер тарабынан ал баалуу кагаздардын эмитенттери менен макулдашуунун негизинде жазылууну жүргүзүү же сатуу.

Андеррайтер - баалуу кагаздардын эмитенти менен ачык чыгарылчу баалуу кагаздарга жазылууну же сатууну ишке ашыруу, же баалуу кагаздарга жазылууну же андан башка бир жак сатып алышын камсыздоого милдеттенме алуу менен келишим түзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу. Баалуу кагаздардын эмитенти менен андеррайтердин ортосундагы келишимде андеррайтерге бардык баалуу кагаздарга же алардын бөлүгүнө жазылууга же бардык баалуу кагаздарды же алардын жазылуу боюнча таратылбаган же ачык эмиссиянын жыйынтыгы боюнча ачык жазылуу үчүн белгиленген акыркы датага карата сатып алынбаган бөлүгүн сатып алуу милдети тагылышы мүмкүн.

Аффилирленген жак - башка бир жеке жактын же юридикалык жактын кабыл алчу чечимдерине төмөнкүлөрдүн:

- түзүлгөн келишимдин;

- акциялардын ири пакетине (үлүшкө) ээ болгондуктан;

- юридикалык жактын кызмат адамы (компаниянын башкаруучусу) болгондуктан;

- юридикалык же жеке жакка жогоруда айтылган негиздер боюнча башка юридикалык же жеке жак контроль жүргүзө алуусунан улам таасир эте алчу ар кандай жеке жана юридикалык жак.

Акциялардын контролдук пакетинин ээси - акционердик коомдун акцияларынын контролдук пакетине төмөндөгү негиздердин бири боюнча түз же кыйыр ээ болгон жеке жак же юридикалык жак:

- жак баалуу кагаздардын менчик ээси болуп саналат;

- жак акциялар боюнча добуш укугун ишке ашырууга же контролдоо укугуна ээ болот;

- жак акциялардан ажыратуу укугуна ээ болот же акциялардан ажыратуу укугун контролдойт.

Акциялардын ири пакетинин ээси - акционердик коомдун акцияларынын ири пакетине төмөнкүдөй негиздердин бири боюнча түз же кыйыр ээлик кылган жеке жак же юридикалык жак:

- жак баалуу кагаздардын менчик ээси болуп саналат;

- жак акциялар боюнча добуш укугун жүзөгө ашыруу укугуна ээ болот же аны жүзөгө ашырууну контролдойт.

Баалуу кагаздардын экинчи рыногу - баалуу кагаздар рыногунун субъекттеринин ортосунда мурда чыгарылган баалуу кагаздарды жүгүртүү процессинде болуучу баалуу кагаздар рыногунун биринчи рыногундагы мамилелерден башка мамилелер.

Делистинг - фондулук биржанын өзгөчө тизмесинен баалуу кагаздарды алып салуунун жол-жобосу. Делистинг эрежелери фондулук биржа тарабынан белгиленет.

Кызмат адамы - баалуу кагаздар рыногунун эмитентинин же кесипкөй катышуучусунун аткаруучу органынын төрагасы, директорлор кеңешинин мүчөсү, жетекчиси жана мүчөсү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык кызмат адамы деп таанылчу адам.

Инвестор - баалуу кагаздарга каражат салуучу жеке же юридикалык жак.

Институттук инвестор - инвестициялык активдерге инвестицияларды салуу максатында жеке же юридикалык жактардын каражаттарын тартуучу юридикалык жак же үлүштүк инвестициялык фонд.

Жеке инвестор - институттук инвестор болбогон инвестор.

Квалификациялуу инвестор - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу, Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - жеке же юридикалык жак, ошондой эле бүтүм жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна берилүүчү акча каражатынын бир жолку көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү институциялык же жекече инвестор.

Квалификациялуу инвесторлорго гана арналган баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Инвестициялык активдер - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында инвестициялык актив катарында аныкталган акчалай каражаттар, баалуу кагаздар, башка активдер.

Башкаруучу компаниянын кардары - институттук инвестор жана/же жеке инвестор.

Жашырын маалымат - жарыя (ачык) эмес, ачыкка чыгарылышы эмитент чыгарган баалуу кагаздардын рыноктук баасына жана аны менен жасалчу бүтүмдөргө, эмитенттин өзүнө жана ал жүргүзүп жаткан ишке, ошондой эле бул маалымат тийиштүү болгон башка адамдарга олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн болгон ар кандай маалымат.

Акциялардын контролдук пакети - акционердик коом чыгарган жөнөкөй акциялардын 50 пайыздан ашууну;

Баалуу кагаздардын котировкасы - фонд биржасынын соода-сатык системасында баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу боюнча соода-сатыктык катышуучусу тарабынан сунушталган баа.

Акциялардын ири пакети - акционердик коом чыгарган жөнөкөй акциялардын 5 жана андан ашык пайызы;

Листинг - баалуу кагаздарды фонд биржасынын фондулук биржа аныктоочу атайын критерийлерге ылайык келген баалуу кагаздарына кошуу жолжобосу. Листингге карата минимум талаптарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгилейт.

Номиналдык кармоочу - баалуу кагаздардын ээсинин же башка кармоочусунун кызыкчылыгын көздөп чыгуучу жана келишимдин негизинде баалуу кагаздар боюнча мүлк укуктарын өзүнүн атынан жана ээсинин же башка кармоочусунун тапшырмасы боюнча ишке ашыруучу, баалуу кагаздын ээси эмес жеке адам.

Баалуу кагаздардын жүгүртүлүшү - экинчи рынокто баалуу кагаздар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо.

Баалуу кагаздар рыногундагы жалпыга ачык маалымат - ушул Мыйзамга ылайык ачыкка чыгарылууга тийиш болгон маалымат.

Баалуу кагаздардын алгачкы рыногу - эмитент баалуу кагаздарды жарандык-укуктук бүтүм жасоо жолу менен биринчи ээлик кылуучуга берүү процессинде келип чыгуучу мамилелер.

Облигацияларды жоюу - жайгаштырылган облигацияларды жүгүртүүдөн сый акы жана облигациянын номиналдык наркын төлөө (кийин сатуу максатында эмес) же аны облигацияларды чыгаруу проспектинде белгиленген тартипте ошол эле эмитенттин акциясына (акцияларына) конвертациялоо жолу менен алуу боюнча эмитенттин аракеттери.

Жекече сунуш - баалуу кагаздарды экинчи рынокто курамы мурдатан аныкталган жактар чөйрөсүндө жайгаштыруу же сатуу боюнча сунуш.

Проспект - эмитент баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуунун чегинде чыгарган жана эмитент, анын финансылык абалы, ал чыгарган (чыгаруучу) баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтарды камтыган документ.

Туунду баалуу кагаздар - баалуу кагазды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн механизми базалык активдин келишиминде белгиленген мөөнөттүн аралыгында сатып алуу же сатуу укугу менен же болбосо ушундай баалуу кагаздын негизин түзгөн базалык активдин баасын өзгөртүүгө байланыштуу пайда болуучу мүлктүк укук (милдеттенме) менен байланышкан баалуу кагаздар. Туунду баалуу кагаздардын түрлөрү, аларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн шарттары, ошондой эле алардын базалык активине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу - баалуу кагаздар рыногунда иштин бир же бир нече түрүн жүргүзүүгө лицензиясы бар юридикалык жак.

Ачык компания - баалуу кагаздарына 50 же андан көп адам ээлик кылуучу эмитент жана/же баалуу кагаздарын ачык сунуш кылган же сунуш кылуучу эмитент. Ачык акционердик коомдор ачык компаниялар болуп саналат.

Ачык сунуш - төмөнкүлөрдөн:

- жеке сунуштоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жолжобосун ишке ашыруу процессинде баалуу кагаздарды сатуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткаруучу сот өндүрүшүндө баалуу кагаздарды башка сатуудан кандай ыкма менен тандалса да, анын ичинде кулактандыруу, проспект же билдирме формаларын жайылтуу менен коштолгон ар кандай жеке жана юридикалык жактар тарабынан баалуу кагаздарды жайгаштыруу же сатуу боюнча сунуш.

Баалуу кагаздардын ачык эмиссиясы - баалуу кагаздарды ачык сунуштоо менен коштолгон баалуу кагаздар эмиссиясы.

Баалуу кагаздарды жайгаштыруу - жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо жолу менен эмитенттин баалуу кагаздарын биринчи ээлик кылуучунун ажыратып берүүсү.

Баалуу кагаздар рыногунун жөнгө салынчу субъекти - баалуу кагаздар рыногундагы жөнгө салынчу субъект деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

- ачык компания;

- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу;

- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн-өзү жөнгө салуучу уюму.

Байланышкан жак - жеке жана юридикалык жактыкы:

жеке жактыкы:

- ошол жеке жактын жакын тууганы;

жана юридикалык жактыкы:

- юридикалык жактын акцияларынын ири пакетин (үлүшүн, пайын) кармоочу;

- юридикалык жактын акцияларынын ири пакетинин (үлүшүнүн, пайдын) уюштуруучусунун же ээсинин жакын тууганы;

- юридикалык жактын кызмат адамы, ошондой эле юридикалык жактын туунду коомунун же негизги коомунун кызмат адамы;

- кызмат адамынын жакын туугандары;

- туунду, көз каранды, негизги коом.

Фонд биржасынын соода системасы - баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо жана аткаруу үчүн керектүү бүтүмдөрдү жасоонун, маалыматты иштетүүнүн, сактоонун, иштеп чыгуунун жана ачуунун мүмкүндүгүн камсыздоочу эсептөөчү каражаттардын, программалык камсыздоонун, маалыматтар базасынын, телекоммуникациялык каражаттардын жана башка жабдуулардын жыйындысы.

Башкаруучу компания - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу, башкаруучу компаниянын кызыкчылыгы үчүн өзүнүн атынан жана кардарларынын эсебинен инвестициялык активдерди операциялык башкаруу боюнча иш жүргүзөт.

Баалуу кагаздардын жеке эмиссиясы - баалуу кагаздардын эмиссиясы, анын жүрүшүндө эмитент өзүнүн баалуу кагаздарын жекече сунуш кылуу жолу менен чыгарат жана жайгаштырат.

Финансылык инструмент - Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө уруксат берилген баалуу кагаздар, улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы акчалай каражаттар жана башка инвестициялык активдер.

Фондулук биржа - акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, баалуу кагаздар менен бүтүмдөр жасоого түздөн-түз көмөк көрсөтүүчү кызматтар көрсөтүүнү, ал эми бүтүмдөр жана соодалык сессиялар жөнүндө маалымат тооруктун катышуучуларына тоорук өткөрүлчү жер жана убагы, фондулук биржада сатууга жол берилген баалуу кагаздардын тизмеси жана котировкасы соода сессияларынын натыйжалары жөнүндө маалымат ачык жарыялануу жолу менен ачып берүүчү баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу.

Баалуу кагаздар:

- акциялар, облигациялар;

- мамлекет чыгарган баалуу кагаздар;

- туунду баалуу кагаздар;

- пайлык инвестициялык фонддогу пай.

Баалуу кагаз алардын ээлеринин бир чыгарылыштын чегиндеги эмитентке карата бирдей укуктарын күбөлөндүрөт.

Эксперт - тийиштүү тармак боюнча атайын билими, квалификациясы жана тажрыйбасы бар жана жөнгө салынчу субъект жөнгө салынчу субъекттин ишинин маселелери боюнча компетенттүү пикир берүү максатында ишке тартуучу жеке адам. "Эксперт" деген түшүнүк аудиторду, көз каранды эмес баалоочуну камтыйт, бирок алар менен чектелбейт.

Эксперттик уюм - тийиштүү тармак боюнча атайын билими, квалификациясы жана тажрыйбасы бар жана жөнгө салынчу субъект жөнгө салынчу субъекттин ишинин маселелери боюнча компетенттүү пикир берүү максатында ишке тартуучу юридикалык жак. "Эксперттик уюм" деген түшүнүк аудитордук компанияны, баалоо ишин жүргүзүүчү компанияны камтыйт, бирок алар менен чектелбейт.

Эмитент - баалуу кагаздардын ээлеринин алдында ушул баалуу кагаздар менен бекитилген укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча өз атынан милдеттенмелерди алган юридикалык жак.

Баалуу кагаздар эмиссиясы - баалуу кагаздарды жайгаштыруу үчүн зарыл болгон ырааттуу иштердин жыйындысы.

Биржа бүтүмдөрүн аткаруу - бүтүмдөн келип чыгуучу милдеттенмелерди тараптардын аткаруусу менен фонд биржасында түзүлгөн баалуу кагаздар менен бүтүм жасоо боюнча эсеп-кысаптарды ишке ашыруу.

Пенсиялык активдер - активдердин (акчалай каражаттардын) жыйындысы, алар пенсиялык салымдардын жана аларды жайгаштыруудан түшкөн, пенсиялык эсептерде эсепке алынган кирешенин бөлүгүнүн жайгаштыруунун эсебинен куралат.

Исламдык атайын финансылык компаниянын бөлүнгөн активдери - исламдык атайын финансылык компания сатып алуучу мүлк жана талап кылуу укуктары, алар боюнча түшкөн каражаттар.

Исламдык баалуу кагаздарды кармоочу - эмитенттин белгиленген менчигинде же бизнесинде ага пайызды камсыз кылуучу кеминде бир исламдык баалуу кагазы бар жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ болгон жеке же болбосо юридикалык жак.

Исламдык баалуу кагаздарды ишенимдүү башкаруу - карамагына өткөрүп берилген исламдык баалуу кагаздарды юридикалык жактын сый акы үчүн (белгилүү бир мөөнөттүн ичинде) өз атынан ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруусу.

Инвестициялык долбоор - инвестициялык макулдашуунун негизинде ишке ашырылуучу, белгилүү бир мезгилдин ичинде белгиленген натыйжаларга жеткенге чейин инвестицияларды практикалык ишке ашырууну кароочу иш-чаралардын жана документтердин комплекси.

Исламдык баалуу кагаздар - эмитенттин белгиленген менчигиндеги же бизнесиндеги бөлүштүрүлгүс үлүшкө карата менчик укугун күбөлөндүрүүчү, исламдык финансылоо принциптеринин (Шарият стандарттарынын) негизинде чыгарылуучу баалуу кагаздар.

Исламдык атайын финансылык компания - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык исламдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүзөгө ашыруучу оригинатор түзгөн юридикалык жак.

Оригинатор - сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде исламдык атайын финансылык компанияга активдерин же бизнесин берүүчү жана/же исламдык атайын финансылык компаниянын уюштуруучусу болуп эсептелүүчү юридикалык жак.

Исламдык баалуу кагаздарды жоюу - кармоочуга таандык исламдык баалуу кагаздардын санынын ушул чыгарылыштагы исламдык баалуу кагаздардын жалпы санына карата катышындагы пропорционалдуу үлүшкө туура келүүчү акчалай сумманы бөлүнгөн активдердин эсебинен, исламдык баалуу кагаздардын чыгарылышынын проспектинде белгиленген мөөнөттө, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөө.

Исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү - баалуу кагаздар рыногунун эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде, исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын кызыкчылыгында аракет жүргүзүүчү кесипкөй катышуучусу.

Резервдик фонд - исламдык баалуу кагаздарды жайгаштыруудан алынган акча каражаттарын инвестициялоонун натыйжасында келип чыгуучу чыгашаларды жабууга арналган каражаттар, аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби исламдык баалуу кагаздар чыгарылышынын проспектинде аныкталат.

Шарияттык кеңеш - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлгөн, исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу финансылоонун исламдык принциптерине ылайык келүүсүн ырастоочу көз карандысыз орган.

 (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2016-жылдын 7-июлундагы № 100, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202, 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-берене. Документардык жана документардык эмес баалуу кагаздар

1. Документардык баалуу кагаз белгиленген формадагы кагаз түрүндөгү документ болуп саналат. Документардык формада чыгарылган баалуу кагаздардын реквизиттери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.

Документардык формада көрсөтүүчүгө ылайыкталган баалуу кагаздар гана чыгарылат.

2. Документардык эмес баалуу кагаздар - энчилүү баалуу кагаздар, алар боюнча укуктар баалуу кагаздарды кармоочулардын реестриндеги эсепке жазуу менен же депозитарийдеги эсебиндеги жазуу менен күбөлөндүрүлөт.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-глава
Баалуу кагаздар рыногун мамлекеттик жөнгө салуу

 

5-берене. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

1. Баалуу кагаздар рыногунда бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, жөнгө салынчу субъекттердин иштерин жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү, инвесторлордун укуктарынын корголушун камсыздоочу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткаруучу мамлекеттик башкаруу органы баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет.

2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө мыйзамдары менен белгиленет.

6-берене. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери тарабынан жеке кызыкчылыктары бар экени жөнүндө маалыматтын ачылышы

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери алардын Кыргыз Республикасында же анын чегинен сыртта жүргүзүп жаткан ишкердигиндеги, Кыргыз Республикасында же анын чегинен сыртта чыгарылган баалуу кагаздардагы ар кандай жеке кызыкчылыктарын ачып берүүгө милдеттүү. Жеке кызыкчылыктарды ачуу жеке кызыкчылык пайда болгон күндөн баштап 2 иш күндүн ичинде ишке ашырылат.

2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери өзүнүн жеке кызыкчылыгы бар маселелерди кароого жана/же алар боюнча чечим чыгарууга катышпоого тийиш.

3. Эгер каралып жаткан маселенин предмети баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин жакын тууганы же аффилирленген адамы болсо, кызматкер же анын жакын тууганы же кызматкердин аффилирленген адамы акциялардын ири пакетине (үлүшкө) ээлик кылган юридикалык жак болсо, же башка финансылык кызыкчылыгы бар болсо, анда анын жеке кызыкчылыгы бар деп таанылат.

7-берене. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин жашыруун сырды сакташы

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жашырын маалыматты ачыкка чыгарууга укуктуу.

2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда билген жактар жана/же башка маселелер жөнүндө бардык маалыматтардын жашырындыгын сактоого милдеттүү.

8-берене. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иш милдеттери

Ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу башка мыйзамдарын аткаруу үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй иш милдеттерди аткарат:

- баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгат жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу маселеси боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын иштерин координациялайт;

- Кыргыз Республикасында баалуу кагаздарынын интеграцияланган улуттук рыногун түзүү максатында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына талаптарды иштеп чыгат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат;

- ачык сунуш кылуунун шарттарын жана анын проспектин каттайт;

- баалуу кагаздар менен кесипкөй иш жүргүзүүнүн, баалуу кагаздар боюнча операциялардын, ачык компаниялардын жана кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын жана маалыматтарды ачышынын унификацияланган стандарттарын иштеп чыгат;

- (жетинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишти лицензиялоону ишке ашырат:

- лицензиялоо жөнүндө жана баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талаптар бузулган учурда аталган лицензияларды убактылуу токтотот;

- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын лицензияларынын реестрин жүргүзөт;

- өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдарга уруксат берет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда уруксатты убактылуу токтотот же кайра алып коет;

- Кыргыз Республикасындагы Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;

- (онунчу абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары жана ачык компаниялар баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдардын талабын сакташын контролдойт;

- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары, ачык компаниялар ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарынын талаптарын аткарышын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте текшерет;

- ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарын бузган кесипкөй катышуучуларга жана ачык компанияларга карата ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарында каралган чараларды колдонот;

- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда адилеттүүлүктү, натыйжалуулукту, атаандаштыкты жана тартипти өнүктүрүүгө жана сактоого көмөк көрсөтөт;

- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик органдары, чет мамлекеттердин органдары менен кызматташат;

- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт;

- баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын кесиптик деңгээлин жогорулатууга көмөк берет.

- баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт;

- баалуу кагаздар менен кесипкөй иш жүргүзүүчү жактарга жана уюмдарга коюлган квалификациялык талаптарды иштеп чыгат;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салууга, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарын колдонууга байланыштуу маселелер боюнча түшүндүрмөлөр берет, тиешелүү усулдук рекомендацияларды иштеп чыгат;

- баалуу кагаздар рыногунда түзүлгөн мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу боюнча башка иш милдеттерди аткарат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 5-августундагы № 188, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-берене. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары

Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн иш милдеттерин ишке ашыруу максатында ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:

- баалуу кагаздар рыногун натыйжалуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;

- Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын интеграцияланган улуттук рыногунун натыйжалуу жана ачык-айкын иштешин камсыздоо максатында анын түзүлүшүн камсыздоочу талаптарды иштеп чыгууга;

- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары сактоого милдеттүү болгон финансылык туруктуулук критерийлерин (ченемдерин) жана аларды сактоо боюнча талаптарды иштеп чыгууга;

- (бешинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- лицензиялоо жөнүндө жана баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарга ылайык баалуу кагаздар менен кесипкөй иш жүргүзүүгө лицензияларды берет, аракетин убактылуу токтотот;

- баалуу кагаздар рыногунун ачык компанияларын жана кесипкөй катышуучуларын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдарын баалуу кагаздар рыногунун бул субъекттери Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарын сакташы боюнча текшерүүгө;

- ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана алардын аткарылышын камсыз кылууга;

- ачык компаниялардын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын маалыматтарды ачуусу жана отчет берүүсү боюнча ушул Мыйзам менен белгиленген талаптарга кошумча талаптарды иштеп чыгууга;

- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына карата капиталдын минимум өлчөмүнө жана тобокелдин максимум чегине карата талаптарды иштеп чыгууга;

- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн активдердин структурасы боюнча чектөөлөрдү иштеп чыгууга;

- баалуу кагаздар менен тыюу салынган иштер жасалган фактылары аныкталган учурларда фондулук биржада баалуу кагаздарды сатууну токтотууга;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда катталган жактын (акционердин) бет эсеби боюнча операцияларга жана эмитенттин баалуу кагаздары боюнча операцияларга бөгөт коюуга жана бөгөттү токтотууга;

- пайлык инвестициялык фонддордун пайлары менен операцияларды жана бүтүмдөр жасоону токтотууга жана кайрадан баштоого;

- жөнгө салынуучу субъекттерге аткаруу үчүн милдеттүү болгон эскертүүлөрдү берүүгө, ошондой эле алардан эскертүүнүн аткарылышын талап кылууга;

- баалуу кагаздар рыногун мамлекеттик жөнгө салуучу айрым милдеттердин аткарылышын өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча материалдарды укук коргоо органдарына жиберүүгө жана доо арыз менен сотко кайрылууга;

- мамлекеттик органдардан баалуу кагаздар рыногунун эмитенттерине жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына тиешелүү маалыматтарды сурап алууга;

- баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жөнгө салынчу субъекттерге Кыргыз Республикасынын администрациялык укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык администрациялык санкцияларды салууга;

- баалуу кагаздардын ачык сунушталышын, баалуу кагаздардын жеке эмиссиясын каттагандык жана башка көрсөтүлгөн кызматтар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйым алууга;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу чет өлкөлүк ведомстволор менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кызматташтык жөнүндөгү макулдашууларга кирүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 5-августундагы № 188, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-берене. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жөнгө салынуучу субъекттерден маалымат суратып алуу укугу

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда жөнгө салынчу субъекттен ушул Мыйзамда тыюу салынбаган маалыматты берүүнү, суроо-талаптын себебин көрсөтүү менен талап кылынууга укуктуу.

2. Жазуу жүзүндө суроо-талапты алган жөнгө салынчу субъект маалымат берүү зарылдыгы жөнүндө суроо-талапта суроонун себеби көрсөтүлбөгөн же талап кылынган маалымат ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укукту мамлекеттик органдын предмети болбогон учурлардан тышкары, маалымат берүү суроо-талабын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте аткарууга милдеттүү.

3. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жана жашырын маалыматты сактоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын аткарууга милдеттүү.

4. Жөнгө салынуучу субъекттерден түшкөн маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, ачыкка чыгарылууга же үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес.

11-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жөнгө салынчу субъекттерди текшерүү укугу

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн кызматкерлерине жөнгө салынчу субъект Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоосун текшерүүгө ыйгарым укук берүүгө укуктуу.

2. Текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:

- жөнгө салынуучу субъекттин иш жайына жумуш убагында кирүүгө;

- жөнгө салынчу субъекттен документтерди жана текшерүүгө тиешелүү маалыматтарды талап кылууга;

- текшерилүүчү субъекттин жетекчилигине билдирүү менен документтерди текшерүүгө жана көчүрүп жазып алууга, ошондой эле текшерилчү документтердин көчүрмөлөрүн жасоого.

3. Жөнгө салынчу субъект төмөнкүлөргө милдеттүү:

- кызматкерди текшерүү жүргүзүү үчүн өз аймагына киргизүүгө;

- текшерүү жүргүзүүгө үчүн талап кылынган документтерди даярдоого;

- текшерүү жүргүзүү үчүн талап кылынган маалыматтарды берүүгө;

- кызматкерге текшерүүнүн жүргүзүүгө жардам көрсөтүүгө.

4. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүүлөрдү Кыргыз Республикасынын текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө жүргүзөт.

5. Жөнгө салынчу субъект, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын кызматкеринин текшерүү жүргүзүүгө байланышкан аракеттери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

12-берене. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жөнгө салынчу субъектиге карата чара колдонуу укугу

1. Жөнгө салынчу субъект Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарын бузгандыгы аныкталган учурларда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнгө салынчу субъектке мыйзамдын бузулушун жоюу жөнүндө милдетүү түрдө аткарылчу эскертүү жиберүүгө, аталган субъектти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопко тартууга жана төмөнкүдөй максаттарда соттук чечим алуу үчүн сот органына кайрылууга укуктуу.

- баалуу кагаздардын ээлеринин жана/же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кардарларынын укуктарын коргоо үчүн;

- эгер башка жеке же юридикалык жакка зыян келтириши мүмкүн болсо, жөнгө салынчу субъекттин ар кандай активдерди төлөө, өткөрүп берүү, тескөө же кандайдыр бир башка жолдорду колдонуусун чектөө үчүн.

2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары баалуу кагаздар рыногу боюнча мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын бузгандык фактылары аныкталганда, ошондой эле анык эмес жана/же толук эмес маалымат бергенде, же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары төлөөгө жөндөмсүз болуп калышканда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:

1) аныкталган кемчиликтерди токтоосуз же белгиленген мөөнөттүн ичинде оңдоодо тиешелүү аткарылышы милдеттүү эскертүү (көрсөтмө) жиберүүгө;

2) администрациялык жаза-чараларын колдонууга;

3) аткарылышы милдеттүү болгон:

- финансылык оңдоо чараларын жүргүзүү;

- текшерилүүчүнүн каражатынын эсебинен аудит жүргүзүү талаптары менен кайрылууга;

4) инвестициялык фонд болуп эсептелген кесипкөй катышуучулардын активдерин сактоо максатында алты айлык мөөнөткө мөөнөткө убактылуу администрацияны дайындоого;

5) үч айга чейин мөөнөткө лицензияны иштетүүнү убактылуу токтотууга;

6) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүүгө;

7) төлөөгө кудуретсиз болгон учурда банкроттук процессин баштоо үчүн сотко доо менен кайрылууга.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24, 2016-жылдын 7-июлундагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-берене. Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү жана сактоону ишке ашырат.

2. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун Бирдиктүү мамлекеттик реестри баалуу кагаздардын реестринен жана баалуу кагаздарга ачык сунуштоо реестринен турат.

3. Баалуу кагаздар реестринде эмитенттер Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарган бардык баалуу кагаздар жөнүндө, анын ичинде жеке сунуш (баалуу кагаздардын жеке эмиссиясы) жолу менен жайгаштырылган баалуу кагаздардын чыгарылыштары жөнүндө маалыматтар болот.

4. Баалуу кагаздардын реестринде төмөнкүдөй маалыматтар болушу керек:

- эмитенттин толук аталышы;

- эмитенттин мамлекеттик каттоосу жөнүндө маалыматтар;

- эмитенттин юридикалык дареги;

- эмитент тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын түрү;

- баалуу кагаздарды чыгаруунун мамлекеттик каттоо номери;

- баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталган жана бүткөн дата;

- баалуу кагаздардын ар бир түрү боюнча чыгарылган баалуу кагаздардын саны, алардын эмиссиялоо, номиналдык наркы жана/же жайгаштыруу баалары боюнча маалыматтарды;

- жайгаштыруу үчүн пайдаланылган сунуш түрү (ачык жана жекече);

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маалыматтар.

5. Баалуу кагаздардын реестрине киргизүү үчүн эмитентке карата баалуу кагаздардын чыгарылышы жөнүндө маалыматты ачуунун тартиби жана көлөмү боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен ушул Мыйзамга ылайык белгиленет.

6. Баалуу кагаздардын ачык сунушталышынын реестри төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

- эмитенттин толук аталышын;

- эмитенттин мамлекеттик катталышы жөнүндө маалыматтарды;

- эмитенттин юридикалык дарегин;

- чыгарылышы эмитент тарабынан ачык сунуштоо аркылуу ишке ашырылган баалуу кагаздардын түрүн;

- баалуу кагаздарды чыгаруунун мамлекеттик каттоо номерин;

- баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталган жана бүткөн датаны;

- баалуу кагаздардын ар бир түрү боюнча чыгарылган баалуу кагаздардын саны, алардын эмиссиялоо номиналдык наркы жана/же жайгаштыруу баасы боюнча маалыматты;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка маалыматтарды.

7. Жеке жана/же юридикалык жак баалуу кагаздардын Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн чыгаруу жана/же ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана көлөмдө бербегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

8. Ар кандай кызыкдар жак баалуу кагаздарды жекече сунуш кылган эмитенттердин уюштуруучулары (акционерлери) тууралуу маалыматтан тышкаркы, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын Бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматты алууга укуктуу.

9. Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарынын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби, ошондой эле андагы маалыматтарды алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2013-жылдын 5-августундагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-глава
Баалуу кагаздардын ачык сунушталышы жана ачык эмиссиясы

 

14-берене. Ушул главанын максаты

1. Ушул глава эмиссия процессинде баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуунун, ошондой эле мурда чыгарылган баалуу кагаздарды жүгүртүүдө жана аларды ачык сунуш кылуунун тартибин жана талаптарын белгилейт.

2. Ушул главанын жоболору мамлекеттик баалуу кагаздардын муниципалдык баалуу кагаздарын, Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын баалуу кагаздарынын жүгүртүлүшүнө карата колдонулбайт.

3. Инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын ачык сунуштоо Кыргыз Республикасынын инвестициялык фонддор жөнүндө мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

4. Карыздык баалуу кагаздарды ачык сунуштаган эмитенттерге карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-берене. Баалуу кагаздардын ачык сунушталышы

1. Баалуу кагаздар рыногун жолго салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда баалуу кагаздардын бул түрү боюнча жок дегенде бир проспект катталган шартта, ачык компаниялардын баалуу кагаздары гана ачык сунушталышы мүмкүн.

2. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2-1. Эгерде эмитент ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектини каттатпаса, баалуу кагаздардын эмиссиясынын учурунда баалуу кагаздарды ачык сунуштоого тыюу салынат.

3. Чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздары ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ачык сунушталышы мүмкүн.

4. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4-1. Ачык сунуштоонун шарттары жана проспекти катталган баалуу кагаздардын ачык эмиссиясында алар ачык сунуштоо шарттарында жана проспектиде белгиленген мөөнөттүн ичинде, бирок баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары жана проспекти мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып бир жылдан ашык эмес мезгилде ачык сунушталышы мүмкүн.

5. Ачык сунушталган баалуу кагаздарды сатуу-сатып алуу боюнча бүтүмдөр фондулук биржа аркылуу гана жасалышы керек.

6. Ачык сунушталган баалуу кагаздарды жайгаштыруу ачык сунуш кылуу жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылган күндөн тартып кеминде 5 жумушчу күндөн кийин башталышы мүмкүн.

Баалуу кагаздардын ачык сунушталганы жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу сунуш кылуунун ордун көрсөтүп жарыялоо аркылуу ишке ашырылат, ал жерде каалаган жак баалуу кагаздардын ачык сунушталышынын шарттары жана проспекти менен тааныша алат.

Баалуу кагаздардын ачык сунушталганы жөнүндө маалыматты ачууга карата кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгилениши мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 5-августундагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

16-берене. Баалуу кагаздар эмиссиясынын учурунда баалуу кагаздарды ачык сунуштоо шарттарын жана баалуу кагаздардын проспектин каттоо

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

161-берене. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо

1. Ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер берилет:

- арыз;

- баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары;

- баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген проспект;

- эмитенттин юридикалык жак катары катталганын ырастаган документтин көчүрмөсү (эгерде эмитент мындай документти мурда бербесе);

- уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кошуу менен юридикалык жактын уставынын көчүрмөсү (эгерде эмитент мурда мындай документтерди бербесе);

- баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жөнүндө эмитент кабыл алган чечимди ырастоочу документтин көчүрмөсү;

- баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти каттоо үчүн комиссиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.

- эгерде эмитент өз ишин үч жылдан кем жүзөгө ашырып жатса, аяктаган финансылык акыркы 3 жыл үчүн же аяктаган финансылык 2 жыл үчүн эмитенттин жылдык бухгалтердик отчетунун көчүрмөсү;

- берилген бухгалтердик отчетко карата аудитордун (аудитордун квалификациялык жана кесипкөй компетенциясына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат) корутундусу;

- проспекти түзгөн учурга акыркы аяктаган отчеттук квартал үчүн эмитенттин кварталдык бухгалтердик отчетунун көчүрмөсү;

- корпоративдик башкаруу кодексинин көчүрмөсү;

- камсыз кылынган облигацияларды чыгарган учурда эмитенттин милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуунун бар экенин ырастоочу документтер.

2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алат.

 (КР 2013-жылдын 5-августундагы № 188, 2016-жылдын 20-майындагы № 68, 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

17-берене. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектин каттоодон баш тартуу

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

17-1-берене. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартуу

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти төмөнкүдөй учурларда мамлекеттик каттоодон баш тартат:

- эгер эмитенттин баалуу кагаздарды ачык сунуштоону ишке ашыруусу баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына каршы келсе;

- ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердеги маалыматтар баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына шайкеш келбесе;

- документтерден анык эмес маалыматтар табылса.

2. Ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартылган учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул тууралуу арыз ээсине мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен баш тартуунун себебин жана анын негизин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.

3. Ачык сунуштоонун шарттары жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартылган баалуу кагаздар ачык сунушталбайт.

4. Баалуу кагаздардын ачык сунушталышынын шарттарын жана проспектин мамлекеттик каттоодон алар максатка ылайыктуу эмес деген жүйөө боюнча баш тартылышы мүмкүн эмес.

 (КР 2013-жылдын 5-августундагы № 188, 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

18-берене. Чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарын жана чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарына карата мамилелерди күбөлөндүрүүчү баалуу кагаздарды ачык сунуштоого карата талаптар

1. Чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарын ачык сунуштоо жана ушул ачык сунуштоонун проспекти Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоодон өткөндөн кийин гана чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздары Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунушталышы мүмкүн.

2. Чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздары чет өлкөлүк эмитент төмөнкү шарттарды канааттандырса Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунушталышы мүмкүн:

- эмитент өзү резидент болгон өлкөдө юридикалык жак катары катталса жана өзү катталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамына жараша ачык акционердик коомго барабар юридикалык статуска ээ болсо;

- эмитент Кыргыз Республикасында колдонуудагы фондулук биржанын листингине коюлчу талаптарды канааттандырса;

- эмитент баалуу кагаздар рыногунун брокердик жана/же дилердик иш жүргүзгөн кесипкөй катышуучусу менен Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда анын кызыкчылыгынын атынан чыгуу үчүн келишим түзсө;

- эмитент өзүнүн Кыргыз Республикасында ачык сунушталуучу баалуу кагаздарына ээлик кылуучулардын укуктарын эсепке алуу үчүн, баалуу кагаздар рыногунун депозитардык ишти жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучусу менен келишим түзсө.

3. Чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарынын ачык сунушталышына ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленгенден тышкары Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында Кыргыз Республикасында катталган эмитенттердин баалуу кагаздарынын ачык сунушталышына карата белгиленген талаптар коюлат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарына карата укуктарын күбөлөндүргөн баалуу кагаздардын ачык сунуштоо ишке ашырылышы мүмкүн.

Чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарына карата укуктарды күбөлөндүргөн баалуу кагаздарды чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

(КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-берене. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары

1. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары бардык шарттардын ачык жана жеткиликтүү баяндалышын камтыган документ болуп эсептелет, аларды аткарбоо баалуу кагаздардын эмиссиясын токтотууга алып келет.

2. Ачык сунуштоонун шарттарына карата талаптар:

- ачык сунуштоонун шарттарында ачык сунуштун жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү;

- ачык сунуштун шарттарында ачык сунушталып жаткан баалуу кагаздарга акы акчалай гана төлөнөөрүн көрсөтүү;

- ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда каралган башка шарттар.

3. Ачык сунуштоонун шарттары эмитенттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет.

20-берене. Проспектиге коюлуучу талаптар

1. Проспект төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

1) проспект түзүлгөн күндү;

2) эмитент жөнүндө жалпы маалыматтарды:

- баалуу кагаздардын эмитентинин аталышы жана дареги;

- эмитенттин түзүлүү жана өнүгүү таржымалы;

- чарбалык ишинин негизги түрү;

- эмитенттин өнөр жайлык, банктык жана финансылык топторго, башка бирикмелерге катышуусу, ошондой эле эмитенттин туунду жана ага көз каранды чарбалык шериктиктери жөнүндө;

3) эмитенттин кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар:

- башкаруу органдарынын эмитенттин структурасы жана компетенциясы жөнүндө маалымат;

- эмитенттин башкаруу органдарынын курамына кирген адамдардын тизмеси, башкаруучу уюм жөнүндө маалымат, эмитенттин башкаруу органдарына кирген адамдардын, акциялардын ири пакетинин ээлеринин жана акциялардын контролдук пакетинин ээлери болгон акционерлердин ортосундагы аффилирленген байланыштардын мүнөзү;

- эмитенттин жана анын туунду жана көз каранды коомдорун ушул кызмат адамдарына таандык акциялардын (үлүштөрдүн) саны;

4) эмитенттин акционерлери (катышуучулары) тууралу маалыматтар:

- акциялардын ири пакеттеринин ээлери жана акциялардын контролдук кылган акционерлер жөнүндө маалыматтар;

- эмитент тарабынан аякталган акыркы финансылык үч жыл ичинде же эмитент өз ишин үч жылдан аз жүзөгө ашырса, ал каттаган ар бир финансы жылы ичинде, ошондой эле баалуу кагаздар проспекти түзүлгөн күнгө чейинки мезгилде, анын кызмат адамдарынын, акциялардын ири пакеттеринин ээлеринин, алардын аффилирленген жактарынын кызыкчылыгы бар бүтүмдөр жасагандыгы жөнүндө маалыматтар;

5) эмитенттин баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтар:

- эмитенттин ошол учурга карата чыгарылган бардык баалуу кагаздары;

- ачык сунушталчу баалуу кагаздардын түрү;

- эгер номиналдык наркынын болушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса, баалуу кагаздын номиналдык наркы;

- ачык сунушталышы болжолдонгон баалуу кагаздардын саны;

- ушул ачык сунуштоонун чегинде сатуу белгиленген жана эмитентке баалуу кагаздарды ачык сунуштоо ишке ашты деп эсептөө үчүн керектүү баалуу кагаздардын эң аз саны;

- ачык сунуштоодо баалуу кагаздын баасы (бааны аныктоонун тартиби);

- баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары жана мөөнөттөрү;

- баалуу кагаздарды төлөө, баалуу кагаздар боюнча киреше алуу ыкмасы, баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн мөөнөтү жана жоюунун тартиби;

- баалуу кагаздарды конвертациялоонун тартиби (конвертациялануучу баалуу кагаздарды чыгарууда);

- сунушталып жаткан баалуу кагаздар чыгарылганын же жайгаштыруу сунушталып жатканын көрсөтүү;

- баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ачуунун тартиби;

- ачык сунушталчу баалуу кагаздарды алууга артыкчылыктуу укуктун бар экени, жайгаштырылчу баалуу кагаздарды алууга жана жүгүртүүгө бардык чектөөлөр (баалуу кагаздарды эмиссиялоодо) жөнүндө маалыматтар;

- баалуу кагаздарды ачык сунуштоону уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүчү жактар жөнүндө маалымат;

- баалуу кагаздарды сатуу белгиленип жаткан фондулук биржа жөнүндө маалымат;

- эмитент фондулук биржанын листингине киргизилгени жөнүндө маалымат;

- эмитенттин баалуу кагаздарын алууга байланыштуу тобокелдер;

- эксперттин (эксперттик уюмдун) корутундусу, эмитент аудитордон бөлөк, кошумча эксперт (эксперттик уюмду) тарткан учурда ал корутунду проспектте болууга жана/же проспектте ага шилтеме жасалууга тийиш;

- баалуу кагаздардын ачык сунушталышы ишке ашкан жок деп таанылган учурда баалуу кагаздардын акысына төлөнгөн каражаттарды кайтаруу тартиби.

6) финансылык отчет жана башка финансылык маалымат:

- эмитенттин бүткөн акыркы 3 финансылык жылдагы жылдык бухгалтердик отчету же эгер эмитент өзүнүн ишин 3 жылдан аз жүргүзүп жаткан болсо - ар бир аяктаган финансылык жыл үчүн жылдык бухгалтердик отчету, аудитордун (аудиторлордун) ушул бухгалтердик отчет боюнча корутундусу;

- эмитенттин аяктаган отчеттук квартал үчүн проспект түзүлгөн учурга карата кварталдык бухгалтердик отчету;

- эмитенттин учурдагы карыздары жана кредиттери жөнүндө маалыматтар;

- бүткөн акыркы финансылык 3 жылда, ал эми эгер эмитент өзүнүн ишин 3 жылдан аз жүргүзүп жаткан болсо аякталган ар бир финансылык жылда болгон орчундуу фактылар жөнүндө маалыматтар;

- баалуу кагаздарды пландалган ачык жайгаштыруунун натыйжасында тартылган каражаттарды пайдалануунун тартиби жана жумшалышы.

6-1) эмитент өндүрүүчү же керектөөчү товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жалпы наркынын 5 жана андан ашык пайызын түзгөн көлөмдө эмитенттин товарларын (жумуштарын, кызмат көрсөтүүлөрүн) керектөөчүлөр жана берүүчүлөр жөнүндө;

6-2) эмитенттин активдеринин жалпы көлөмүнүн 10 пайыздан кем эмесин түзгөн активдеринин сыпаттамасы жана көлөмү, анын ичинде:

- активдин бааланган суммасын, баалоочунун аталышын, ар бир актив бааланган датаны жана тийиштүү келишимдердин колдонуу мөөнөтү бүтө турган датаны көрсөтүү менен, эмитенттин ишенимдик башкарууга өткөрүлүп берилген, ошондой эле эмитенттин милдеттенмелеринин камсыз кылынышы болуп саналган активдери жөнүндө;

- дебиторлордун тизмесин көрсөтүү менен, эмитенттин активдеринин баланстын наркынын 5 жана андан ашык пайызын түзгөн дебитордук карыздар, аларды жоюунун мөөнөттөрү жөнүндө;

6-3) кредиторлордун тизмесин, анын ичинде эмитент чыгарган баалуу кагаздар боюнча кирешени төлөө боюнча карыздын суммасын көрсөтүү менен, эмитенттин милдеттенмелеринин баланстык наркынын 5 жана андан ашык пайызын түзгөн кредитордук карыздар, аларды жоюунун мөөнөттөрү жөнүндө;

6-4) ушул бөлүктүн 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн жактарды кошпогондо, эмитенттин аффилирленген жактары жөнүндө;

6-5) облигациялык заёмдун максаттуу арналышы жөнүндө. Мында максаттуу арналыш катары жүгүртүү каражаттарын толуктоону проспектиде көрсөтүүгө жол берилбейт;

6-6) камсыз кылынган облигацияларды чыгарган учурда бул чыгарылыштагы облигациялардын камсыз кылынышы жөнүндө;

6-7) облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө;

7) проспектке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана инвесторлорду адаштырбаган башка маалыматтар да киргизилсе болот.

Ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылар менен проспектин курамына, мазмунуна жана аны жол-жоболоштуруу тартибине кошумча талаптар коюлушу мүмкүн.

2. Проспектке эмитенттин анда чагылдырылган маалымат үчүн жооптуу кызмат адамдары жана башка адамдары кол коюуга тийиш.

Проспектке кол койгон адамдар проспектте көрсөтүлгөн туура эмес, толук эмес жана/же инвесторду адаштырган маалыматтын натыйжасында баалуу кагаздардын ээсине келтирилген зыян үчүн эмитент менен кошо жооп тартышат.

3. Кыргыз Республикасында баалуу кагаздарды ачык сунуштаган чет өлкөлүк эмитенттин проспекти төмөнкүдөй кошумча маалыматтарды камтууга тийиш:

- Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун максаты (себеби);

- чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарына ээлик кылуучулардын укуктарын ишке ашыруунун тартиби;

- баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын укуктарын ишке ашырууга байланыштуу талаштарды кароонун жана эмитенттер баалуу кагаздар боюнча талаптарды аткарбаганда эмитентке доо коюунун тартиби;

- эмитенттин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн аталышы, анын ыйгарым укуктары жана баалуу кагаздардын ээлеринин алдындагы жоопкерчилиги;

- чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарын сатып алууга байланышкан тобокелдер, анын ичинде чет өлкөлүк эмитенттин ишин контролдоо боюнча мамлекеттик органдын чектелген мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө;

- чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарына ээлик кылууга байланыштуу тобокелди азайтуучу чаралар;

- эмитенттин кредиттик рейтинги жөнүндө маалымат;

- эмитент резиденти болуп саналган өлкөнүн чегинен сырттагы баалуу кагаздардын жүгүртүлүшү жөнүндө маалымат;

- эмитенттин баалуу кагаздары менен тооруктар жүргүзүлгөн (жүргүзүлүүчү) чет өлкөлүк фондулук биржалар жөнүндө маалымат;

- эмитент жөнүндө кошумча маалымат алууга болуучу мезгилдүү басма жана электрондук басылмалар;

- ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтар.

(КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-берене. Эксперттердин корутундулары жана отчеттору

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каттоо үчүн тапшырылган проспектте эксперт (эксперттик уюм) даярдаган корутундуга же отчетко шилтеме бар болсо, ал төмөнкүлөрдү да камтууга тийиш:

- эксперттин квалификациясынын баяндамасы;

- эксперт (эксперттик уюм) баалуу кагаздардын эмитентинин аффилирленген же байланышы бар жагы экендиги жөнүндө маалымат.

2. Проспектке эксперттин (эксперттик уюмдун) проспектти корутунду же отчет менен кошо же ошол корутундуга же отчетко шилтеме жасап жарыялоого макулдугу тиркелүүгө, же проспектте эксперттин (эксперттик уюмдун) ага макулдугу жөнүндө айтылууга тийиш.

22-берене. Баалуу кагаздар эмиссияланганда проспектиге толуктоолор жана өзгөртүүлөр

1. Эмитент төмөнкүдөй учурларда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга проспектиге кирген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду толук жаңы маалыматтары менен каттоо үчүн өзгөртүүлөр же толуктоолор пайда болгон же аныкталган учурдан тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү, эгерде:

- проспектте камтылган маалыматтарда өзгөртүүлөр болсо;

- эгерде проспект баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырылганга чейин бар болгон маанилүү жаңы маалымат пайда болсо;

- эгер проспектте жалган же адаштыруучу маалыматтар болсо, же проспектте маалыматты ачууда орчундуу өксүктөр бар болсо.

2. Проспектке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоо баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзгөртүүлөр жана толуктоолор тапшырылган учурдан тартып 10 жумушчу күндөн ашык эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.

Проспектке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоо учурунда ошол ачык сунуш кылуунун баалуу кагаздары менен бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.

3. Проспектидеги өзгөртүүлөр жана толуктоолор катталган учурда баалуу кагаздар эмитенти:

- ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган проспектидеги өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жана ыкмалар менен ачык сунуштаган баалуу кагаздардын болгон жазылуучуларына жана баалуу кагаздарды ачык сунуштаган ар кандай башка инвесторлорго ачып берүүгө;

- ачык сунушталган баалуу кагаздарга жазылуучуларга, Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган укуктук актыларында каралган тартипте, ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында камтылган проспектеги маалыматтар өзгөртүлгөн учурлардан тышкары, алар ачык сунуштоо акцептерин кайра чакыртып алып, ачык сунуш кылынган баалуу кагаздарды сатып алууда төлөнгөн каражаттын ордун толтуруп алышы мүмкүнчүлүгүн ачып берүүгө тийиш.

4. Ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы үчүнчү, бешинчи, жетинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтарда жана 6-6-пунктунда көрсөтүлгөн облигацияларды чыгаруу проспектиндеги маалыматтарды өзгөртүү облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушунун чечиминин негизинде, төмөнкүдөй шарттар сакталганда эмитент тарабынан жүзөгө ашырылат:

1) эмитент тарабынан сатып алынган облигацияларды кошпогондо, ушул чыгарылыштын жайгаштырылган облигацияларынын жалпы санынын 85 пайызынан кем эмесине ээлик кылган облигация кармоочулар бул чечим үчүн добуш берсе;

2) облигацияларды кармоочулардын курамында, эмитент тарабынан сатып алынган облигацияларды кошпогондо, ушул чыгарылыштын облигацияларынын 10 пайыздан ашыгына ээ болгон 2 же андан ашык жак бар болгон учурда, - облигациялардын мындай кармоочуларынын жалпы санынын 75 жана андан ашык пайызы чыгаруу шарттарын өзгөртүү үчүн добуш берсе.

 (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2013-жылдын 5-августундагы № 188, 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

23-берене. Баалуу кагаздардын ачык сунушталышын токтотуу жана ачык сунуштардын шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздардын ачык сунушталышын 1 айдан ашык эмес мөөнөткө токтото тура алат:

- проспекте жалган же адаштыруучу кандай болбосун маанилүү маалымат болгон учурда;

- баалуу кагаздарды ачык сунуштоо процессинде баалуу кагаздарды сунуш кылуу шарты бузулганда;

- баалуу кагаздарды ачык сунуштоо процессинде ушул Мыйзамда жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптар бузулганда.

Убактылуу токтотуунун мөөнөтү бүткөндө жогоруда аталган бузуулар четтетилбеген учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды ачык сунуштоо болгон жок деп тааныйт жана ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгарат.

2. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоо токтотулган учурда, ачык сунуштоо токтотулган мөөнөттүн ичинде баалуу кагаздарды сунуштоого тыюу салынат.

3. Проспекти каттоо жокко чыгарылган учурда баалуу кагаздардын ачык сунуштарын жүргүзүүчү адамдар, баалуу кагаздарды андан ары сунуштоону токтотушу керек.

4. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 5-августундагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

24-берене. Баалуу кагаздардын ачык сунуштоонун жарнагы

1. Баалуу кагаздардын ачык сунуштарынын жарнагы адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык жайылтылган же жеткирилген маалымат же арыз болуп эсептелет.

2. Жарнак баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун проспектисинде камтылбаган маалыматтарды камтыбашы керек.

3. Ушул Мыйзамга жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык маалыматы, анын ичинде ушул Мыйзамга ылайык катталган проспектини ачыкка чыгаруу жарнак болуп эсептелбейт.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-берене. Баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча жазылуу арызы

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу (инвестор) инвестор баалуу кагаздардын ачык сунуштарынын, проспектинин таанышкандан жана баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча жазылуу арызына инвестордун кол койгондон кийин гана кардар (инвестор) үчүн ачык сунушталган баалуу кагаздарды алышы мүмкүн.

Инвесторду арыз менен камсыздоо брокердик ишмердик жүргүзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна жүктөлөт.

2. Инвесторго берилүүчү баалуу кагаздарды сатып алууга жазылуу арызы төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:

- ачык сунушталган баалуу кагаздардын рыноктук баасы;

- ачык сунушталган баалуу кагаздарды төлөө тартиби жана мөөнөтү;

- ушул баалуу кагаздарды сатып алуу менен байланышкан тобокелдиктер;

- эгер болсо, брокер жана инвестордун кызыкчылыктарынын каршылыгы;

- инвесторлордун маалымат алуу укугу;

- баалуу кагаздарды сатып алуу менен байланышкан башка маанилүү маалыматтар.

3. Ачык сунуштун объектиси чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздары болуп эсептелсе, арыз чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарын сатып алуу тобокелдиктери жөнүндө, анын ичинде чет өлкөлүк эмитенттин ишмердиги үчүн көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдын чектелген мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты камтышы керек.

4. Инвестор ачык сунушталган баалуу кагаздарды сатып алууга макул болгон учурда баалуу кагаздарды жана проспектини ачык сунуштоо шарттарына ылайык инвестор баалуу кагаздарды сатып алууга жазылуу арызын толтурат жана ага кол коет. Мында инвестор арызда көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө ачык сунушталган баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн төлөм жүргүзөт.

26-берене. Ачык сунуштоодо баалуу кагаздарды жайгаштыруу

1. Баалуу кагаздардын ачык сунуштоону жүргүзгөн эмитентке баалуу кагаздарды ачык сатуунун жүрүшүндө түшкөн акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.

Баалуу кагаздарды ачык сатуунун жүрүшүндө түшкөн акча каражаты андеррайтинг кызматын көрсөтүүчү брокердин банктык эсебинде же баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздардын ачык сунушу ишке ашты же ишке ашкан жок деп тааныганга чейин брокердин депозитарийинде сакталат.

2. Ачык сунуштардын предмети болуп саналган баалуу кагаздар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баалуу кагаздарды ачык сунуштоо ишке ашкан же ашпаган деп таанылганга чейин депозитарийдин өзүнчө эсебинде сакталат.

3. Ачык сунуш ишке ашырылды деп таанылган учурда акча каражаты эмитенттин эсептештик эсебине которулат, ал эми баалуу кагаздар инвесторлордун (сатып алуучулук) эсебине жана менчигине өткөрүлөт.

4. Ачык сунуш ишке ашпай калды деп таанылган учурда:

- баалуу кагаздарды жайгаштыруудан түшкөн акча каражаттары 3 жумушчу күндүн ичинде баалуу кагаздардын ачык сунушу ишке ашпаган деп таанылган күндөн кийин инвесторго кайтарылат;

- баалуу кагаздар ушул баалуу кагаздарды ачык сунуштаган эмитенттин эсебине кайтарылат. Мында ачык сунушу ишке ашпаган деп таанылган ачык эмиссиянын баалуу кагаздары жок кылынууга жатат.

5. Ишке ашпаган деп таанылган баалуу кагаздардын сунуштары менен байланышкан бардык чыгымдар ушул баалуу кагаздарды ачык сунуштаган эмитенттин эсебине таандык болот.

6. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө белгиленген чектөөлөр тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү ачык сунушталган облигацияларга жана башка баалуу кагаздарга карата колдонулбайт. Облигацияларды сатуудан түшкөн каражаттарды сактоо жана эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2013-жылдын 5-августундагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-берене. Аларды эмиссиялоодо баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары

1. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоо төмөнкү шарттардын бири аткарылган учурда ишке ашырылган болуп эсептелет:

- ачык сунушталган бардык баалуу кагаздардын проспектте көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде сатылып бүтүшү;

- проспектте баалуу кагаздардын сатылышы ачык сунуштун ишке ашырылгандыгын таануу үчүн зарыл болгон минималдуу саны көрсөтүлгөндө жана проспектте белгиленген мөөнөттө баалуу кагаздардын ушул минималдуу санынан кем эмеси сатылышы;

- андеррайтинг жөнүндө макулдашууга ылайык бул ачык сунуштун бардык баалуу кагаздары же проспектте белгиленген баалуу кагаздардын минималдуу санынын андеррайтерге же андеррайтерлерге сатылышы.

2. Баалуу кагаздардын ачык эмиссиясын жүргүзгөн эмитент баалуу кагаздарды сатып бүткөндөн кийин 30 календардык күндүн ичинде баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ачык сунуштардын жыйынтыгы жөнүндө отчет берет.

Ачык сунуштун жыйынтыктары жөнүндө отчет берүүнүн формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

3. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет берилген учурдан тартып 10 жумушчу күндүн ичинде баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо тууралу чечим кабыл алууга же баалуу кагаздардын ушул ачык сунушу жана баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгарууга милдеттүү.

Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет берилген учурдан тартып 10 жумушчу күн өткөндөн кийин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздардын ушул ачык сунушун ишке ашпаган деп таануу жөнүндө чечим кабыл алууга укугу жок.

4. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоодон өткөргөн учурдан тартып эмитент 5 жумушчу күндүн ичинде баалуу кагаздардын ачык сунуштарынын жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды төмөнкүлөр аркылуу ачыкка чыгарууга милдеттүү:

- ачык сунуштардын жыйынтыгын жарыялоо;

- фондулук биржага билдирүү.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 5-августундагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-глава
Ачык компаниянын милдеттери

 

28-берене. Ушул главанын максаты

1. Ушул главанын жоболору ушул Мыйзамга ылайык ачык компаниялар болуп эсептелген эмитенттерге карата колдонулат.

2. Инвестициялык фонддор инвестициялык фонд жөнүндө мыйзамдарда белгиленген маалыматты ачуу боюнча талаптар менен катар ушул главага ылайык маалыматтын ачылышын камсыз кылууга милдеттүү.

29-берене. Ачык компанияларга карата талаптар

Ачык компания болуп эсептелген эмитент төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ачык компанияда аудит жүргүзүү үчүн талаптарга жооп берген аудиторго ээ болууга;

- кызмат адамдарынын кесиптик квалификациясына жана тажрыйбасына карата талаптарды белгилеген ички документке ээ болууга.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

30-берене. Маалыматтардын ачылышы

1. Ачык компания болуп саналган эмитент маалыматтарды мезгили менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган, курамына эмитенттин кварталдык финансылык отчету жана башка маалыматтар киргизилген маалыматтарды жылдык жана кварталдык отчеттор формасында ачууну жүзөгө ашырып туруусу керек.

2. Жылдык жана кварталдык отчеттун курамына киргизилген финансылык отчет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалышы керек.

3. Жылдык отчет төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- эмитенттин жылдык финансылык отчетун жана ага аудитордук корутунду;

- эмитент тарабынан мурда чыгарылган бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтарды;

- эмитент тарабынан отчеттук жыл ичинде чыгарылган бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтарды;

- эмитенттин акционерлеринин (катышуучуларынын) жалпы саны жөнүндө маалыматты;

- бардык ири акционерлердин жана акциялардын контролдук пакетин кармоочулардын тизмесин жана эмитенттин акцияларынын санындагы алардын үлүшүн;

- эмитенттин ар бир кызмат адамы жөнүндө маалыматтарды;

- эмитенттин корпоративдик башкаруу практикасы, анын ичинде отчеттук мезгилде колдонулган же өзгөртүлгөн практикасы жөнүндө кыскача маалыматты;

- отчеттук мезгил үчүн эмитенттин ишмердиги жана финансылык жыйынтыктары жөнүндө жетекчинин отчетун, анын ичинде көз карандысыз директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн айтылган ар түрдүү пикирлерин;

- жайгашкан жерин, негизги багытын, чарчы метрде аянтын жана жүктөнүмү бар, же болбосо жок экендигин көрсөтүү менен, кыймылсыз мүлк объекттери тууралуу маалыматты;

- ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматты.

4. Ар кварталдык отчет, отчеттук квартал аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен түзүлөт.

Ар кварталдык отчет, анын ичинде финансылык отчет жөнүндө кыскача маалымат Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кварталдык отчет аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен, жалпыга маалымдоонун басма сөз же электрондук каражаттарында жарыяланышы керек.

Ар кварталдык отчет төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- эмитенттин отчеттук квартал үчүн финансылык отчетун;

- эмитенттин отчеттук квартал ичинде чыгарган бардык баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтарды;

- бардык ири акционерлердин жана акциялардын контролдук пакетин кармаган акционерлердин тизмесин жана эмитенттин акционерлеринин санындагы алардын үлүшүн;

- отчеттук кварталда орун алган эмитенттин финансылык-чарбалык ишине таасир берген олуттуу фактылардын тизмесин;

- ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтарды.

5. Жылдык отчет отчеттук жыл аяктагандан кийин 90 календардык күндөн кечиктирилбестен түзүлөт.

Жылдык отчеттун, анын ичинде финансылык отчеттун кыскача баяндалышы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө жалпыга маалымдоонун басма сөз, же болбосо электрондук каражаттарына жарыяланышы керек.

6. Жылдык жана кварталдык отчеттун көчүрмөсү ар түрдүү кызыкдар адамга таанышуу үчүн ачык болушу керек, аларга отчеттун көчүрмөсү аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпаган акы алуу менен берилиши мүмкүн.

7. Эмитент анын баалуу кагаздарынын листингин жүргүзүүчү фондулук биржага төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:

- отчеттук квартал аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен ар кварталдык отчеттун көчүрмөсүн;

- эмитенттин жылдык отчету ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилгенден кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен жылдык отчеттун көчүрмөсүн.

8. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кандай гана болбосун кызыкдар жактарга кварталдык жана жылдык отчеттун ачыктыгын камсыздоонун башка түрлөрү белгилениши мүмкүн.

9. Кварталдык отчет жана аны ачыкка чыгаруу жөнүндө маалымат баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук квартал аяктагандан кийин 35 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.

Жылдык отчет жана аны ачыкка чыгаруу жөнүндө маалымат баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эмитенттин ыйгарым укуктуу органы жылдык отчетту бекиткенден кийин 35 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.

Банк ишин жүзөгө ашыруучу эмитент банк ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жогоруда аталган маалыматтардын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы жөнүндө маалыматты ал жарыяланган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүүгө милдеттүү.

Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмитенттин жылдык жана кварталдык отчетторун жарыялоого же башка бир жол менен адамдардын кеңири чөйрөсүнө алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга укуктуу.

 (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

31-берене. Маанилүү фактылар жөнүндө маалыматтын эмитент тарабынан ачылышы

1. Ачык компания болуп саналган эмитент өзүнүн финансы-чарбалык ишине тийиштүү маанилүү фактылар (окуялар, иш аракеттер) жөнүндө маалыматты ачууга милдеттүү.

Маанилүү фактыларга эмитенттин финансы-чарбалык ишине жана/же баалуу кагаздардын баасына таасир этүүчү окуялар (фактылар) кирет, анын ичинде:

- эмитенттин башкаруу органдарына кирген адамдардын (катышуучулардын жалпы жыйынынан тышкары) тизмесиндеги өзгөртүүлөр;

- эмитенттин шайланма башкаруу органдарына, эмитенттин, ошондой эле анын туунду жана көз каранды коомдорунун уставдык капиталына кирүүчү жактардын катышуусунун өлчөмүндөгү өзгөрүүлөр;

- баалуу кагаздардын 5 жана андан ашык пайызынын (үлүштөрүнүн) ээлеринин тизмесиндеги өзгөрүүлөр, ошондой эле баалуу кагаздардын 5 жана андан ашык пайызынын (үлүштөрүнүн) ээлеринин өзгөрүүлөрү жөнүндө;

- уставдык капиталдын 20 жана андан көп пайызына эмитент ээ болгон юридикалык жактардын тизмесиндеги өзгөрүүлөр;

- эмитенттин реестринде анын добуш берүүчү акцияларынын 5 пайызынан ашыгына ээ болгон жактын пайда болушу;

- бүтүм жасалган күндө өлчөмдөрдү же мүлктүн баасы эмитенттин активдеринин 10 жана андан ашык пайызын түзгөн, эмитенттин бир жолку келишимдери;

- кыймылсыз мүлктүн аянтына карабастан, аны сатып алуу, бир жылдан ашык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга алуу же өткөрүп берүү, же болбосо ээлигинен ажыратуу предмети болуп саналган келишимди же башка документти түзүү фактысы жана/же мындай келишимди мамлекеттик каттоо фактысы;

- эмитенттин активдеринин наркынын 10 пайыздан ашуунга жогорулашына же азайышына алып келген бир жолку факты (фактылар);

- эмитенттин таза пайдасынын же таза зыянынын 10 пайыздан ашуунга жогорулашына алып келген бир жолку факты (фактылар);

- эмитентти, анын туунду жана көз каранды коомдорун кайра уюштуруу;

- эмитенттин баалуу кагаздары боюнча эсептелинген жана (же) төлөп берилүүчү (төлөп берилген) кирешелери;

- жалпы жыйналыштардын чечимдери;

- эмитенттин баалуу кагаздарынын жоюлушу;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка окуялар (фактылар).

2. Эмитент маанилүү факты келип чыккан учурдан тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен төмөнкүлөргө милдеттүү:

- маанилүү факты жөнүндө маалыматты эмитенттин баалуу кагаздарынын ээлеринин көпчүлүгүнө жеткиликтүү нускада таркатылуучу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого;

- фондулук биржага маанилүү факты жөнүндө маалымат берүүгө.

3. Эмитент маанилүү маалыматты ачкан күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен ушул беренеде белгиленген тартипте маанилүү факты жана анын ачылышы жөнүндө маалыматты баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүгө милдеттүү.

4. Фондулук биржа маанилүү фактылар жөнүндө маалыматты алган учурдан тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен өзүнүн тоорукка катышуучуларына маанилүү фактылар жөнүндө маалымат жеткирүүгө милдеттүү. Тооруктун катышуучусу маалымат алган учурдан тартып, 3 жумушчу күндүн ичинде берилген маанилүү маалыматтар жөнүндө маалыматты өзүнүн кардарына тааныштырууга милдеттүү.

Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган эмитенттердин маанилүү фактылар жөнүндө кабарларын жарыялоого же кандайдыр бир башка жолдор менен кеңири коомчулукка алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга укуктуу.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде алардын ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык баалуу кагаздар рыногунун жөнгө салынуучу субъекттеринин иши жөнүндө милдеттүү жарыяланууга жатуучу маалыматтарды жарыялоо үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон түрлөрүнө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

32-берене. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоону ишке ашырбаган, баалуу кагаздарынын ээлеринин саны 50гө чейин жана андан ашуунга көйбөгөн эмитенттин милдеттенмеси

1. Ачык компания катары саналбаган эмитенттин баалуу кагаздарынын ээлеринин саны 50гө чейин көбөйгөн учурда, мындай эмитент төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) 5 күндүн ичинде аталган факты жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтыган кат жүзүндөгү маалымдаманы жөнөтүү аркылуу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө:

- эмитенттин аталышы жана юридикалык дареги;

- 50гө жакын жана андан ашуун ээлик кылуучулар ээлеген баалуу кагаздардын түрү;

2) 6 айдын ичинде өзүнүн ишин ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө.

Ачык компанияга карата ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды эмитент аткарганга чейин эмитенттин баалуу кагаздарын ачык сунуштоого тыюу салынат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эмитенттин реестрин жүргүзүүчү көз карандысыз реестр кармоочу 5 жумушчу күндүн ичинде эмитентке жана баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аталган эмитенттин баалуу кагаздарына 50гө жакын жана андан ашуун баалуу кагаз ээлери ээлик кыларын билдирүүгө милдеттүү.

5-глава
Эмитенттин ачык компания статусунан чыгышы

 

33-берене. Эмитенттин ачык компания статусунан чыгуусунун тартиби

1. Ачык компания болуп саналган баалуу кагаздар эмитенти ачык компания статусунан эмитенттин чечиминин негизинде чыгууга укуктуу.

2. Ачык жүгүртүүдө акциялары гана болгон эмитенттин ачык компания статусунан чыгуу жөнүндө чечими акционерлердин жалпы чогулушунда, коомдун добуш берүүчү акцияларынын жалпы санынан добуштардын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү менен кабыл алынат. Муну менен бирге мындай чечимге каршы добуш берген акционерлер акцияларын сатууга коюуга укуктуу, ал эми эмитент аларды Кыргыз Республикасынын акционердик коомдордун ишин жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө көз карандысыз баалоочу тарабынан аныкталган нарк боюнча сатып алууга милдеттүү.

Эмитенттин акцияларына 50дөн аз акционерлер ээлик кылган шартта гана эмитенттин ачык компания статусунан чыгуу жөнүндө чечими кабыл алынышы мүмкүн.

3. Ачык жүгүртүүдө акциялардан тышкары баалуу кагаздары болгон эмитенттин ачык компания статусунан чыгуу жөнүндө чечими эмитенттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан ачык жүгүртүүдө турган бардык баалуу кагаздарды сатып алуу жана жоюу шартында гана кабыл алынат.

4. Баалуу кагаздардын эмитенти ачык компания статусунан чыгуу жөнүндө маселеси каралганга чейин кеминде 30 күн мурда убакытта бул факты жөнүндө фондулук биржага жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү аркылуу билдирүүгө тийиш, анда төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:

- ачык компаниянын аталышы жана юридикалык дареги;

- фондулук биржада тоорук ишке ашырылып жаткан баалуу кагаздардын түрү;

- ачык компания статусунан чыгуу жөнүндө маселесин кароонун мөөнөтү.

5. Фондулук биржа эмитенттин ачык компания статусунан чыгууну пландаштырып жатканы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүнү алганы жөнүндө маалыматты тооруктагы өзүнүн катышуучуларына мындай билдирүү алынгандан тартып бир жумушчу күндөн кечикпестен билдирүүгө тийиш. Тооруктун катышуучусу бүтүмдөр түзгөнгө чейин эмитенттин баалуу кагаздарын алган кардарлардын кызыкчылыгында өзүнүн кардарын эмитенттин ачык компания статусунан чыгууну пландаштырып жатканы тууралу жазуу жүзүндө билдирүүнү жөнөтүү менен тааныштырууга милдеттүү.

6. Эмитент ачык компания статусунан чыгуу жөнүндө маселе каралган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен төмөнкүлөргө милдеттүү:

- жалпыга маалымдоо каражаттарында ачык компания статусунан чыгуу жөнүндө маселенин каралышынын натыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялоого;

- ачык компания статусунан чыгуу жөнүндө маселенин каралышынын натыйжалары жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берүүгө.

7. Фондулук биржа эмитенттин ачык компания статусунан чыгуу жөнүндө маселенин каралышынын натыйжалары жөнүндө маалыматты мындай маалымат алынгандан тартып бир жумушчу күндөн кечиктирбестен тооруктагы өзүнүн катышуучуларына жеткирүүгө милдеттүү.

8. Баалуу кагаздардын эмитенти ачык компаниянын ыктыярдуу жоюлушу жөнүндө маселени караганга чейин кеминде 30 күндөн кем эмес убакытта фондулук биржага аталган факты тууралу жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү аркылуу билдирүүгө тийиш, анда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:

- ачык компаниянын аталышы жана юридикалык дареги;

- фондулук биржада соодалоо ишке ашырылып жаткан баалуу кагаздардын түрү;

- ыктыярдуу жоюу жөнүндө маселени кароонун мөөнөтү.

9. Баалуу кагаздардын эмитенти ачык компанияны төлөөгө жөндөмсүз деп таануу тууралу доо сот өндүрүшүнө алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен фондулук биржага аталган факты жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү аркылуу кабарлоого милдеттүү.

10. Фондулук биржа жазуу жүзүндө билдирүүнү алгандыгы жөнүндө маалыматты тооруктагы өзүнүн катышуучуларына мындай билдирүү алынгандан тартып бир жумушчу күндөн кечиктирбей билдирүүгө тийиш. Тооруктун катышуучусу келишимдерди түзгөнгө чейин эмитенттин баалуу кагаздарын алган кардарлардын кызыкчылыгында өзүнүн кардарын эмитенттин жазуу жүзүндө билдирүүсү менен тааныштырууга милдеттүү.

11. Эмитент ачык компаниянын ыктыярдуу жоюлушу жөнүндө маселе каралгандан тартып же ачык компанияны төлөөгө жөндөмсүз деп таануу тууралу сот чечими күчүнө киргенден тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен, ыктыярдуу жоюу жөнүндө маселени кароонун натыйжалары же ачык компанияны төлөөгө жөндөмсүз деп таануу тууралу сот чечими күчүнө киргени жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тийиш, ошондой эле көрсөтүлгөн маалыматты баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана фондулук биржага көрсөтүүгө милдеттүү.

12. Фондулук биржа ачык сунуштоочу компаниянын ыктыярдуу жоюу жөнүндө маселенин эмитент тарабынан кароонун натыйжалары же ачык компаниянын үстүнөн ачык компанияны төлөөгө жөндөмсүз деп таануу тууралу сот чечими күчүнө киргени жөнүндө маалыматты тооруктагы өзүнүн катышуучуларына мындай маалымат алынгандан тартып бир жумушчу күндөн кечикпестен билдирүүгө тийиш.

34-берене. Эмитенттин ачык компания статусунан чыгуусунун натыйжалары

1. Баалуу кагаздардын эмитентине жана башка жактарга, анын ичинде баалуу кагаздардын ээлери эмитент тарабынан ачык компания статусунан чыгуу жөнүндө же ыктыярдуу жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган же ачык компания сот тарабынан төлөөгө жөндөмсүз деп табылган күндөн тартып баалуу кагаздарды ачык сунуштоого тыюу салынат.

2. Ачык компания статусунан чыгуу жөнүндө эмитент чечим кабыл алгандыгына байланыштуу ачык компания болбой калган баалуу кагаздар эмитенти мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдын ичинде маалыматты ушул Мыйзамда ачык компанияга карата белгиленген тартипте жана көлөмдө ачыкка чыгарууну жүзөгө ашырууга милдеттүү.

6-глава
Баалуу кагаздардын эмиссиясы

 

35-берене. Баалуу кагаздардын эмиссиясы

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, баалуу кагаздардын эмиссиясынын жол-жобосу төмөнкү этаптарды камтыйт:

- баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө эмитент тарабынан чечимдин кабыл алынышын;

- (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоону;

- чыгаруунун документтик формасы үчүн - баалуу кагаздарды жана/же баалуу кагаздардын сертификатын даярдоону;

- баалуу кагаздарды жайгаштырууну;

Баалуу кагаздардын ачык эмиссиясында эмиссиянын жол-жобосу төмөнкү этаптар менен толукталат:

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо;

- баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ачуу.

Баалуу кагаздардын ачык эмиссиясында эмиссиянын жол-жобосу баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ачуу менен толукталат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өтпөгөн баалуу кагаздар менен бүтүмдөр жасоого тыюу салынат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.

4. Баалуу кагаздардын мурдагы чыгарылышын болду же болгон жок деп тааныганга чейин баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга мүмкүн эмес.

 (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 5-августундагы № 188, 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

35-1-берене. Облигацияларды чыгаруунун шарттары

1. Эгерде эмитент облигацияларды чыгарууну мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документтерди берген күнгө карата анда акыркы 3 жыл ичинде жүгүртүүдө жүргөн (акцияларды кошпогондо) баалуу кагаздарды (анын ичинде сый акы төлөө же баалуу кагаздарды жоюу боюнча милдеттенмелерди) чыгаруунун шарттарын өз убагында аткарбаган же такыр аткарбаган учурлар, ошондой эле акыркы 3 жыл ичинде жүгүртүүдө жүргөн баалуу кагаздардын (акциялардын жана облигацияларды кармоочулар макул болгон учурда облигациялардын ыктыярдуу делистингин кошпогондо) делистинги болбосо гана, эмитент акцияларды чыгарууну жүзөгө ашырууга укуктуу.

2. Облигацияларды жүгүртүүнүн ушул облигацияларды чыгаруунун проспектинде белгиленген мөөнөтүнүн ичинде эмитент төмөнкүдөй шарттарды сактоого милдеттүү:

1) квалификациялуу инвесторлорго гана арналган облигацияларды кошпогондо, ээлигинен ажыратуу датасына карата алганда эмитенттин активдеринин жалпы наркынын 25 пайызынан ашкан суммада эмитенттин активдеринин курамына кирген мүлктү өз ээлигинен ажыратпоо;

2) квалификациялуу инвесторлорго гана арналган облигацияларды кошпогондо, облигацияларды чыгарууну мамлекеттик каттоо датасына карата алганда эмитенттин активдеринин жалпы наркынын 10 пайызынан ашкан, эмитенттин облигацияларын чыгарууга байланышпаган милдеттенмелерин аткарбоо фактысына жол бербөө;

3) эмитенттин түзүү документтерине эмитенттин ишинин негизги түрлөрүн өзгөртүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизбөө;

4) уюштуруу-укуктук формасын өзгөртпөө.

Ушул бөлүктө каралган шарттар эмитент тарабынан бузулган учурда, эмитент облигацияларды кармоочулардын талабы боюнча, облигацияларды алар боюнча топтолгон пайыздык кирешени эсепке алуу менен облигациялардын номиналдык наркына туура келген баада сатып алууга милдеттүү.

3. Жайгаштырылган облигацияларды эмитент тарабынан сатып алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлүүгө тийиш:

1) эмитенттин органы облигациялардын делистинги жөнүндө чечим кабыл алганда;

2) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана фондулук биржанын ички документтери менен аныкталган маалыматтарды фондулук биржага берүү боюнча атайын (листингдик) талаптар аткарылбагандыктан улам фондулук биржа эмитенттин облигацияларын делистингдөө жөнүндө чечим кабып алганда.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген учурларда эмитент топтолгон пайыздык кирешени эсепке алуу менен, жайгаштырылган облигацияларды алардын номиналдык баасына туура келген баа боюнча, же болбосо облигациялардын адилеттүү рыноктук баасы боюнча, кайсы баасы жогору экенине жараша өйдөрөөк баада сатып алууну жүзөгө ашырууга милдеттүү.

(КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-2-берене. Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушу

1. Ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы үчүнчү, бешинчи, жетинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтарда жана 6-6-пунктунда көрсөтүлгөн облигация чыгаруу шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алуу максатында, облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушу өткөрүлөт.

2. Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушуна катышуу жана добуш берүү укугу бар облигация кармоочулардын тизмеси реестрдин кармоочусу тарабынан, облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүгө чейин 3 жумушчу күн калганда түзүлөт. Облигацияларды кармоочулардын чогулушуна катышууга облигацияларды кармоочулардын реестринде ушул датага карата катталган жактардын укугу бар.

Эгерде облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушуна катышууга жана добуш берүүгө укугу бар облигация кармоочулардын тизмеси түзүлгөндөн кийин, бул тизмеге киргизилген жак ага таандык облигацияларды өз ээлигинен ажыратса, облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушуна катышуу укугу облигациянын жаңы кармоочусуна өтөт. Мында облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушуна катышуу үчүн, көрсөтүлгөн жак облигацияларга менчик укугун ырастаган документтерди (реестрден көчүрмөнү) эмитентке берет.

3. Эмитент облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүүнү ушул эмитенттин баалуу кагаздары менен бүтүмдөр жасалуучу фондулук биржага, реестрди кармоочуга, депозитарийге жиберет жана облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушу өткөрүлө турганы жөнүндө маалыматты облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушу өткөрүлүүчү датага чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында таркатылуучу, 5 миң нускадан кем эмес тираж менен чыгуучу жалпыга маалымдоонун басылма каражаттарына, өзүнүн интернет-ресурсуна жана/же фондулук биржанын интернет-ресурсуна мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялайт.

Жарыя интернет-ресурска жайгаштырылган убакыт бир айдан кем болбошу керек. Интернет-ресурста жарыя жайгаштырылган дата жана убакыт көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде облигацияларды кармоочулардын саны 50 кармоочудан ашпаса, кабарлама облигацияларды кармоочуларга кат жүзүндө кабарлама жиберүү аркылуу да жеткирилиши керек.

4. Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби эмитенттин башкаруу органы бекитүүчү, эмитенттин ички документтеринде белгиленет.

Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушунда добуш берүү "бир облигация - бир добуш" принциби боюнча жүзөгө ашырылат.

Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушунда чечим кабыл алуу ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген талаптарды эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат.

5. Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушунун чечими ал кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, жалпыга маалымдоонун басылма каражаттарында жарыяланууга тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн чечим жарыяланган күндөн тартып 3 күндүн ичинде эмитент кабыл алынган чечим жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, депозитарийге жана реестрди кармоочуга билдирүүгө милдеттүү.

6. Ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы үчүнчү, бешинчи, жетинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтарда жана 66-пунктунда көрсөтүлгөн облигацияларды чыгаруу проспектиндеги маалыматтарды өзгөртүү маселелери боюнча жалпы чогулуш өткөрүлгөн датадан тартып облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушунда кабыл алынган чечим жалпыга маалымдоонун басылма каражаттарына жарыялаган күндөн кийинки датага чейинки мезгилде облигацияларды жайгаштыруу жана жүгүртүү токтотулат.

Облигацияларды кармоочулар ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы үчүнчү, бешинчи, жетинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтарда жана 66-пунктунда көрсөтүлгөн облигацияларды чыгаруунун шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда, облигацияларды жайгаштырууну жана жүгүртүүнү токтотуп туруу мөөнөтү облигацияларды чыгаруу проспектиндеги өзгөртүүлөрдү мамлекеттик каттоо датасынан кийинки күнгө чейин узартылат.

(КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

36-берене. Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо жана баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары

1. Уюштуруучулук чыгарылыштагы акцияларды мамлекеттик каттоо үчүн эмитент каттоочу органга төмөнкүдөй документтерди берет:

- каттоо үчүн арызын;

- эмитенттин юридикалык жак катары катталганын ырастоочу документтин көчүрмөсүн;

- юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн;

- уставдык капиталдын төлөнгөнүн ырастаган документтерди;

- каттоо жыйымын төлөгөндүгүн ырастоочу документти.

2. Жеке эмиссияда (жашыруун жайгаштыруу) баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн эмитент каттоочу органга төмөнкү документтерди берет:

- каттоо үчүн арызын;

- эмитенттин юридикалык жак катары катталганын ырастоочу документтин көчүрмөсүн (акционердик коом болуп эсептелбеген юридикалык жактар үчүн);

- юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн (акционердик коом болуп эсептелбеген юридикалык жактар үчүн);

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан баалуу кагаздарды чыгаруу жана жабык жайгаштыруу жөнүндө кабыл алынган чечимди ырастоочу документтин көчүрмөсүн;

- документтик баалуу кагаздар чыгарылган учурда баалуу кагаздардын бланктарынын үлгүлөрүн;

- каттоо жыйымын төлөгөндүгүн ырастоочу документти;

- камсыз кылынган облигациялар чыгарылган учурда, эмитенттин милдеттенмелерин аткаруунун камсыз кылынышынын бар экенин ырастоочу документтер.

3. Ачык эмиссияда баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо аларды мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердин негизинде ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти каттоо менен бир учурда ишке ашырылат. Эмитент тарабынан баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү кошумча берилет.

4. Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоодо ошол чыгарылышына мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат. Мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда баалуу кагаздарды чыгарууну каттоого же мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга милдеттүү:

- уюштуруучулук чыгарылыштагы акцияларды мамлекеттик каттоодо жана жабык жайгаштыруу үчүн арналган баалуу кагаздарды чыгарууда, ушул беренеде көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен;

- ачык жайгаштырууга арналган баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоодо, ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген мөөнөттөрдө.

5. Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн комиссиялык жыйым алышат, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

6. Ачык эмиссиянын жыйынтыктары ушул Мыйзамдын 27-беренесине ылайык чыгарылат. Белгиленген мөөнөт ичинде жайгаштырылбаган баалуу кагаздар жокко чыгарылат жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу жазылат. Жайгаштырылбаган баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жокко чыгарылууга жатат.

7. Акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоо акциялардын уюштуруучулук чыгарылышынын жыйынтыктарын таануу болгондугун билдирет.

8. Эгерде баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоодо билдирилген шарттарга жана тартипке ылайык баалуу кагаздарды жайгаштыруу мөөнөтү аяктаганда аларды жайгаштыруу баалуу кагаздарды чыгарууну болду деп таануу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген баалуу кагаздардын минималдык санынан аз эмес жайгаштырылса, жабык жайгаштыруу үчүн арналган баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыгы болду деп таанылат. Мында, чыгарылган баалуу кагаздардын баардыгы жайгаштырылбаган учурда, жайгаштырылган баалуу кагаздардын санында баалуу кагаздарды чыгаруу болду деп таанылат. Белгиленген мөөнөт ичинде жайгаштырылбаган баалуу кагаздар жокко чыгарылат жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу жазылат.

Мындай баалуу кагаздарды жайгаштыруу бүткөндөн кийин эмитент 30 күндөн кечиктирбестен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкү маалыматтарды камтыган билдирүү берүүгө милдеттүү:

1) баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталган жана бүткөн датаны;

2) жайгаштырылган баалуу кагаздардын санын;

3) бир баалуу кагазды жайгаштыруунун баасын;

4) баалуу кагаздарды жайгаштыруу үчүн түшүүлөрдүн жалпы көлөмүн, анын ичинде:

- улуттук валютада акчалай каражаттардын көлөмүн;

- төгүлгөн учурга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын валютасында туюнтулган чет өлкө валютасынын көлөмүн;

- Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында туюнтулган жайгаштырылган баалуу кагаздар үчүн төлөм катары төгүлгөн материалдык жана материалдык эмес активдердин көлөмүн;

- коомдун көз каранды эмес реестр кармоочусу берген акционерлердин реестринин көчүрмөсүн;

- баалуу кагаздардын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтерди.

 (КР 2013-жылдын 5-августундагы № 188, 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

61-глава.
Исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү

 

(Глава КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

361-берене. Исламдык баалуу кагаздардын өзгөчөлүктөрү

1. Исламдык баалуу кагаздар эмитенттин белгилүү бир менчигиндеги же бизнесиндеги исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын алардын инвестицияларына пропорционалдуу бөлүнгүс укугун билдирет.

2. Исламдык баалуу кагаздарды чыгарууда бул кагаздардын эмитенти төмөнкүлөргө укугу жок:

1) исламдык баалуу кагаздарды кармоочуга пайыздарды төлөп берүүгө;

2) исламдык баалуу кагаздарды кармоочуга баалуу кагаздар боюнча кирешени кепилдөөгө.

3. Исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттар Кыргыз Республикасынын жана анын жарандарынын кызыкчылыктарына зыян алып келиши мүмкүн болгон, мыйзамда тыюу салынган иштерди финансылоого жумшалбашы керек.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

362-берене. Исламдык баалуу кагаздардын түрлөрү

Кыргыз Республикасында эмитенттер төмөнкүдөй баалуу кагаздарды чыгарышы мүмкүн:

1) исламдык ижаралык сертификаттар (Сукук аль Ижара), мында оригинатор эмитентке менчик укугун же белгилүү бир активдерди пайдалануу укугун берет, ал эми эмитент исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда ижара акысын алуу үчүн бул активдерди кайрадан оригинаторго ижарага берет;

2) долбоордук финансылоонун исламдык сертификаттары (Сукук ал Истисна), мында эмитент оригинаторго белгилүү бир активдерди өндүрүүгө ыйгарым укук берет, ал эми активдерди өндүрүү бүткөндөн кийин эмитент исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда ижара акысын алуу үчүн бул активдерди оригинаторго ижарага берет;

3) үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттары (Сукук аль Мудараба), мында эмитент белгилүү бир бизнесте эмитенттин салымдарын башкаруу үчүн оригинаторду өзүнүн жоопкерчилиги чектелген өнөктөшү кылып дайындайт, ал эми пайда исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда бөлүнөт;

4) инвестициялык агенттиктин исламдык сертификаттары (Сукук аль Уакала Би Аль Иститмар), мында эмитент оригинаторду исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда эмитенттин салымдарын башкаруу үчүн өзүнүн агенти кылып бекитет;

5) өнөктөштүктүн исламдык сертификаттары (Сукук аль Мушарака), мында эмитент жана оригинатор капиталын же активдерин белгилүү бир бизнеске салат жана оригинатор бул бизнести башкаруучу болуп дайындалат, мында бул бизнестен түшкөн пайдалар исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда бөлүштүрүлөт.

363-берене. Исламдык баалуу кагаздарды чыгарууга карата талаптар

1. Исламдык ижаралык сертификаттар. Исламдык ижаралык сертификаттарды чыгаргандан кийин оригинатор активди (активдерди) исламдык баалуу кагаздарды чыгаруудан алынган каражаттарга карата сатуу-сатып алуу келишими боюнча эмитентке сатат. Андан кийин эмитент ижара келишиминин негизинде жана ижара акысы үчүн оригинаторго (же анын ишенимдүү адамына) бул активди (активдерди) ижарага берет. Эмитент ижара төлөмдөрүн исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын арасында бөлүштүрөт.

Исламдык ижаралык сертификаттар эмиссиянын проспектине ылайык алардын мөөнөтү бүткөнгө чейин жоюлушу же сатып алынышы керек.

Оригинатор (же анын ишенимдүү адамы) исламдык баалуу кагаздарды колдонуунун белгиленген мөөнөтү бүткөндө же милдеттенмелер аткарылбаган учурлар келип чыкканда эмитенттен активди (активдерди) сатып алууга милдеттенет.

Исламдык ижаралык сертификаттардын негизинде жаткан активдер финансылоонун исламдык принциптеринин талаптарына (Шарият стандарттарына) ылайык келиши керек. Бул активдерди пайдалануу финансылоонун ислам принциптеринин талаптарына (Шарият стандарттарына) ылайык келиши керек.

Исламдык ижаралык сертификаттардын негизинде жаткан активдер үчүн эмитенттин төлөгөн баасы бул активдердин рыноктук наркын, калдыктын наркын же чыныгы наркын чагылдырышы керек.

2. Долбоордук финансылоонун исламдык сертификаттары. Долбоордук финансылоонун исламдык сертификаттарын чыгаргандан кийин эмитент контракттын негизинде белгилүү бир активдерди өндүрүүгө оригинаторго ыйгарым укук берет. Эмитент активдерди өндүргөндүгү үчүн оригинаторго исламдык баалуу кагаздарды чыгаруудан түшкөн каражаттар менен төлөйт.

Долбоордук финансылоонун исламдык сертификаттарынын негизинде жаткан актив (активдер) финансылоонун исламдык принциптеринин талаптарына (Шарият стандарттарына) ылайык келиши керек.

Тиешелүү долбоор аяктагандан кийин оригинатор эмитентке белгилүү бир активдерге карата укукту өткөрүп берет. Долбоор аяктагандан кийин тиешелүү актив (активдер) оригинаторго (же анын ишенимдүү адамына) ижара келишиминин негизинде жана ижара акысы үчүн ижарага берилет.

Долбоордук финансылоонун исламдык сертификаттары эмиссиянын проспектине ылайык алардын мөөнөтү бүткөнгө чейин жоюлушу же сатып алынышы керек.

Оригинатор (же анын ишенимдүү адамы) исламдык баалуу кагаздарды колдонуунун белгиленген мөөнөтү бүткөндө же милдеттенмелер аткарылбаган учурлар келип чыкканда активди (активдерди) эмитенттен сатып алууга милдеттенет.

3. Үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттары. Үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарын чыгаргандан кийин эмитент башкарууга карата келишимдин негизинде оригинаторду өзүнүн жоопкерчилиги чектелген өнөктөшү кылып дайындайт. Оригинатор белгилүү бир бизнесте исламдык баалуу кагаздарды чыгаруудан алынган каражаттарды башкарат, башкаруу финансылоонун исламдык принциптеринин талаптарына (Шарият стандарттарына) ылайык келиши керек.

Оригинатордон башка кайсы болбосун үчүнчү жак исламдык баалуу кагаздардан түшкөн эмиссиялык кирешелердин наркына кепилдик бере алат.

Исламдык баалуу кагаздар белгиленген мөөнөткө чейин жоюлушу керек, бирок жоюунун наркы бул кагаздардын негизинде жаткан бизнестин наркына жараша болот.

Бизнестен түшкөн кирешелер исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектине ылайык келген шарттарда бөлүштүрүлөт. Оригинатордун этибарга албоосунун, алдамчылыгынын же милдеттенмесин атайын аткарбагандыгынын натыйжасында зыян келтирилген учурда мындай зыяндын орду оригинатордун гана эсебинен толтурулат.

4. Инвестициялык агенттиктин исламдык сертификаттары. Инвестициялык агенттиктин исламдык сертификаттарын чыгаргандан кийин эмитент инвестициялык агенттиктин контрактынын негизинде оригинаторду өзүнүн инвестициялык агенти кылып дайындайт. Оригинатор исламдык баалуу кагаздарды чыгаруудан алынган каражаттарды белгилүү бир иш-аракетке инвестициялайт, бул иш-аракет финансылоонун исламдык принциптеринин талаптарына (Шарият стандарттарына) ылайык келиши керек.

Оригинатордон башка кайсы болбосун үчүнчү жак исламдык баалуу кагаздардан түшкөн эмиссиялык кирешелердин наркына кепилдик бере алат.

Исламдык баалуу кагаздар белгиленген мөөнөткө чейин жоюлушу керек, бирок аларды жоюунун наркы бул кагаздардын негизинде жаткан инвестициялардын наркына жараша болот.

Бизнестен түшкөн кирешелер исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектине ылайык келген шарттарда бөлүштүрүлөт. Оригинатордун этибарга албоосунун, алдамчылыгынын же милдеттенмесин атайын аткарбагандыгынын натыйжасында зыян келтирилген учурда мындай зыяндын орду оригинатордун гана эсебинен толтурулат.

5. Исламдык өнөктөштүк сертификаттары. Исламдык өнөктөштүк сертификаттары чыгарылгандан кийин оригинатор инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруу жана/же белгилүү бир башкаруучулук кызматтарды көрсөтүү үчүн мүлкүн жана/же акча каражаттарын салуу жолу менен белгилүү бир инвестициялык долбоорлорго катышат. Эмитент бул инвестициялык долбоорлорго исламдык баалуу кагаздарды чыгаруудан алынган каражаттарды салуу жолу менен катышат.

Оригинатор жана эмитент өнөктөштүк макулдашууну түзөт. Инвестициялык долбоорлордун пайдалары жана чыгашалары исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинин шарттарына ылайык эмитент менен оригинатордун ортосунда бөлүштүрүлөт.

Оригинатордон башка кайсы болбосун үчүнчү жак эмитенттин инвестициялык долбоорго салымынын наркына кепилдик бере алат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

364-берене. Исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы

1. Исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Исламдык баалуу кагаздар аларды ачык сунуштоонун шарттары жана баалуу кагаздардын ушул түрү боюнча эмиссиянын проспекти катталгандан кийин гана ачык сунушталышы мүмкүн.

2. Исламдык баалуу кагаздарды жана аларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоодо исламдык баалуу кагаздардын эмитенти Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралгандан башка төмөнкү документтерди кошумча түрдө берет:

1) исламдык баалуу кагаздар боюнча кирешелердин өлчөмүн аныктоонун тартибин;

2) исламдык баалуу кагаздарды кармоочуларга исламдык баалуу кагаздар боюнча кирешени төлөп берүүнүн мөөнөттөрүн жана шарттарын;

3) резервдик фондду түзүүнүн тартибин, анын ичинде бул фондду эмитенттин бөлүнгөн активдеринин курамында түзүүгө жана андан ары калыптоого багыттала турган, алынган кирешеден пайыз, ошондой эле резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу боюнча маалыматтарды;

4) инвестициялык долбоор боюнча (катышуунун исламдык сертификаттарын чыгарууда) кирешени эмитент менен оригинатордун ортосунда бөлүштүрүүнүн тартибин жана пайыздык катышын;

5) катышуунун исламдык сертификаттарын сатып алуу же мөөнөтүнөн мурда жоюу, ошондой эле исламдык баалуу кагаздардын чыгарылыш проспектинде белгиленген учурларда эмитенттен мүлктү сатып алуу боюнча милдеттенмелерди кошо алганда, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу проспектинде белгиленген милдеттенмелерди оригинатордун аткаруусунун шарттарын аныктай турган, эмитент менен оригинатордун ортосунда түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн;

6) исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү менен эмитенттин ортосундагы кол коюлган контракттын көчүрмөсүн;

7) бөлүнгөн активдерди түзүүчү мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин көчүрмөсүн (мүлктү ишенимдүү башкарууга берүүдө);

8) долбоордун кеңири сыпаттамасын, пландалган финансылык агымдарды, ыктымалдуу тобокелдиктерди жана жоюунун мөөнөтүн кошо алганда, инвестициялык долбоордун бизнес-планынын көчүрмөсүн;

9) бизнес-пландын, чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинин жана исламдык баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарынын финансылоонун ислам принциптерине ылайык келүүсү жөнүндө Шарияттык кеңештин корутундусун;

10) өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда исламдык баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектин Шарияттык кеңеш менен макулдашкандык жөнүндө корутундуну.

3. Исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде төмөнкүлөр камтылышы керек:

1) исламдык баалуу кагаздар тууралуу маалыматтар:

а) исламдык баалуу кагаздардын түрлөрү;

б) чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын саны;

в) бир исламдык баалуу кагаздын номиналдык наркы;

г) номиналдык наркы боюнча исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жалпы көлөмү;

д) исламдык баалуу кагаздардын кирешелеринин өлчөмүн аныктоонун тартиби;

е) исламдык баалуу кагаздар боюнча кирешени исламдык баалуу кагаздарды кармоочуларга төлөөнүн мөөнөттөрү жана шарттары;

ж) резервдик фондду түзүүнүн тартиби, анын ичинде алынган кирешеден эмитенттин бөлүнгөн активдеринин курамында бул фондду түзүүгө жана андан ары калыптоого багыттала турган пайыз, ошондой эле резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу боюнча маалыматтар;

з) эмитент менен оригинатордун ортосунда инвестициялык долбоор боюнча (катышуунун исламдык сертификаттарын чыгарууда) кирешени бөлүштүрүүнүн тартиби жана пайыздык катышы;

и) бөлүнгөн активдерди ишенимдүү башкаруучуга (оригинаторго) төлөнө турган комиссиялык сый акынын өлчөмү;

к) финансылоонун объектине карата коюлуучу талаптар (катышуунун исламдык сертификаттарын чыгарууда);

л) исламдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу, жүгүртүү жана жоюштуруу жөнүндө маалыматтар, төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен:

- исламдык баалуу кагаздарды жайгаштыруунун мөөнөтүн (жайгаштыруу башталган жана аяктаган датаны);

- исламдык баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн мөөнөтүн (жүгүртүү башталган жана аяктаган датаны);

- исламдык баалуу кагаздарды жоюунун датасын жана шарттарын;

- исламдык баалуу кагаздар жоюла турган жерди (жерлерди);

- исламдык баалуу кагаздарды жоюунун ыкмасын;

м) исламдык баалуу кагаздарды төлөөнүн шарттары жана тартиби, эсептешүүнүн ыкмалары;

н) эмитенттин жана оригинатордун укуктарын жана милдеттерин;

о) ар бир исламдык баалуу кагаз аркылуу кармоочуга берилүүчү укуктар, төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен:

- исламдык баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда жоюунун жана сатып алуунун тартибин (исламдык баалуу кагаздарды жоюунун жана сатып алуунун шарттарын, учурларын, мөөнөттөрүн);

- исламдык баалуу кагаздарды кармоочуларга эмитенттин жана оригинатордун иши жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде исламдык баалуу кагаздарды кармоочулар үчүн маалыматтар чагылдырыла турган жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө маалыматтарды кошуп алганда, эмитенттин жана оригинатордун финансылык отчетун берүүнүн тартибин;

- финансылоо үчүн инвестициялык долбоорлорду тандап алууда (катышуунун исламдык сертификаттарын чыгарууда) оригинатор менен бирдикте чечим кабыл алууга укукту жүзөгө ашыруунун жол-жоболорун;

- келип чыккан мезгилде исламдык баалуу кагаздар боюнча дефолт жарыяланууга тийиш болгон учурларды;

п) исламдык баалуу кагаздар боюнча дефолт болгон учурда эмитент менен оригинатор көрүүчү чаралар, ошондой эле исламдык баалуу кагаздарды жоюштуруу боюнча милдеттенмелер аткарылбаганда же талаптагыдай эмес аткарылганда исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын укуктарын коргоонун жол-жоболору;

р) каттоочунун аталышын, анын жайгашкан ордун, телефон номерин, келишимдин номерин жана датасын көрсөтүү менен исламдык баалуу кагаздар боюнча укуктарды эсепке алуунун тартиби;

с) төлөмдүк агент жөнүндө маалыматтар (аталышы, жайгашкан орду, телефон номери, тиешелүү келишимдин датасы жана номери);

2) исламдык баалуу кагаздарды жайгаштыруудан алынган акчаларды пайдалануу.

Исламдык баалуу кагаздарды жайгаштыруудан алынган акчаларды инвестициялоонун тартиби жана шарттары көрсөтүлөт, ошондой эле келип чыккан учурларда алынган акчанын пландаштырылган бөлүштүрүлүүсүндө өзгөрүүлөр болушу мүмкүн болгон шарттар, мындай өзгөрүүлөрдү, исламдык баалуу кагаздарды чыгаруудан жана жайгаштыруудан алынган каражаттардын эсебинен сатып алынуучу мүлктү баалоонун тартибин жана мөөнөтүн көрсөтүү менен көрсөтүлөт;

3) бөлүнгөн активдер боюнча келип түшкөн убактылуу бош каражаттарды инвестициялоонун тартиби;

4) оригинатор жөнүндө маалыматтар:

а) оригинатор жөнүндө жалпы маалыматтар, мында төмөнкүлөр кошо алынат:

- аталышы жана дареги, анын ичинде алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн аталышы жана дареги;

- бардык мамлекеттик каттоолор жөнүндө маалыматтар (кайра каттоону кошо алганда);

- ишинин түрлөрү;

- аудиторлорунун толук расмий аталышы;

- өнөр жайлык, банктык жана финансылык топторго жана башка бирикмелерге катышуусу;

б) оригинатордун кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар:

- оригинатордун башкаруу органдарынын түзүмү жана компетенциясы жөнүндө маалыматтар;

- оригинатордун башкаруу органдарынын курамына кирүүчү адамдардын тизмеси, оригинатордун башкаруу органдарына кирүүчү адамдардын ортосундагы аффилирленген байланыштардын мүнөзү;

- оригинатордун жана анын туунду жана көз каранды коомдорунун акцияларынын (үлүштөрүнүн) кызмат адамдарына таандык саны;

в) оригинатордун акционерлери (катышуучулары) жана аффилирленген адамдары жөнүндө маалыматтар;

г) оригинатордун тиешелүү исламдык баалуу кагаздарга чейин чыгарган баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтар;

д) оригинатордун акыркы 2 финансылык жылга жылдык финансылык отчету (жаңы түзүлгөн оригинаторлорду кошпогондо);

е) исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү жөнүндө маалыматтар:

- аталышы, жайгашкан орду, байланыш телефондору;

- башкаруу органдары жана кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар;

- баалуу кагаздар рыногунда брокердик жана дилерлик ишти жүзөгө ашырууга исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлүнүн лицензиясынын датасы жана номери;

- исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлдөрүнүн исламдык баалуу кагаздарды кармоочуларга жана эмитенттерге карата укуктары жана милдеттери;

- исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын алдында эмитенттин өз милдеттенмелерин аткаргандыгы жөнүндө эмитенттин отчетун өкүлдүн алуусунун тартиби жана мөөнөттөрү;

- финансылоонун объекти жөнүндө документтерди жана маалыматтарды өкүлдүн алуусунун тартиби жана мөөнөттөрү;

- финансылоонун объектинин исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун шарттарына туура келбегендигинен улам исламдык баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө өкүлдүн эмитентке же оригинаторго талаптарды жөнөтүүсүнүн тартиби жана мөөнөттөрү;

ж) оригинатордун учурдук милдеттенмелери жөнүндө маалыматтар.

4. Исламдык ижаралык сертификаттарды чыгарууда исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде төмөнкүлөр кошумча түрдө көрсөтүлөт:

1) колдонуудагы ижара (финансылык лизинг) келишими ажыратылган учурда жаңы ижара келишимин (финансылык лизингди) түзүүнүн шарттары жана мөөнөттөрү;

2) ижара (финансылык лизинг) келишими түзүлгөндүгүнүн (бузулгандыгынын) фактысы жөнүндө исламдык ижаралык сертификаттарды кармоочуларды жана (же) алардын өкүлүн кабардар кылуунун тартиби жана мөөнөттөрү;

3) бөлүнгөн активдерди түзгөн мүлктү ижарага берүү (финансылык лизинг) келишими боюнча түшкөн төлөмдөрдү бөлүштүрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү;

4) бөлүнгөн активдердин курамына кире турган мүлктөр жана талап кылуу укуктары жөнүндө маалыматтар, ошондой эле аларды алуунун шарттары, тартиби жана мөөнөттөрү.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү документтерге жана аларды жол-жоболоштурууга карата кошумча талаптарды белгилөөгө укуктуу.

6. Эгерде өзгөртүүлөр исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын буза турган болсо, эмитент жана оригинатор исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана жоюу шарттарын өзгөртүүгө укугу жок.

7. Эмитент жана оригинатор исламдык баалуу кагаздарды кармоочуларга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу үчүн белгилеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү билдирүүгө милдеттүү:

1) исламдык баалуу кагаздарга карата дефолттун пайда болгондугу тууралуу;

2) исламдык баалуу кагаздарды сатып алуунун жана жокко чыгаруунун кайсы болбосун планы жөнүндө;

3) исламдык баалуу кагаздар боюнча пайданы төлөбөө тууралуу кайсы болбосун чечими жөнүндө;

4) жаңы исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча кайсы болбосун сунуштар жөнүндө.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

365-берене. Жоюу

1. Оригинатор төмөнкүдөй учурлардын кайсынысында болбосун тиешелүү исламдык баалуу кагаздарды жоёт же сатып алат:

1) исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде белгиленген учурларда;

2) контракттын шарттарында каралган учурларда;

3) Исламдык атайын финансылык компанияны жоюу жөнүндө чечим кабыл алынганда;

4) үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарын, инвестициялык агенттиктин сертификаттарын же өнөктөштүк сертификаттарын чыгарууда - инвестициялык долбоор аяктаган учурда.

2. Инвестициялык долбоор аяктады деп эсептелет:

1) инвестициялык долбоордун мөөнөтү бүткөн учурда;

2) исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектине ылайык.

3. Исламдык баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда жойгон учурда оригинатор исламдык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жетиштүү акчанын суммасын Исламдык атайын финансылык компаниянын бөлүнгөн активдерине которот (өткөрүп берет).

Исламдык атайын финансылык компания исламдык баалуу кагаздарды кармоочулар менен эсептешүүнү бөлүнгөн активдерге кирген каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырат.

4. Оригинатор жоюлган учурда инвестициялык долбоорго катыштырылган кайсы болбосун мүлк исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү тарабынан сатылат жана сатуудан түшкөн кирешелер исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын ортосунда алардын үлүштөрүнө ылайык бөлүштүрүлөт.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

366-берене. Исламдык атайын финансылык компания (ИАФК)

1. Исламдык атайын финансы компаниясынын уюштуруучулук-укуктук формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Исламдык атайын финансылык компания оригинатор тарабынан түзүлөт. Исламдык атайын финансылык компанияны түзүү, иштетүү жана жоюу боюнча чыгымдарды оригинатор тартат. Исламдык атайын финансылык компаниянын түзүлүүсүнө жана ишине байланышкан талаптар Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленет.

2. Исламдык атайын финансылык компаниянын уставдык капиталы акчалай каражаттардын эсебинен гана түзүлөт. Исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу уюштуруучулар компаниянын акцияларын (уставдык капиталдагы катышуу үлүштөрүн) төлөгөндөн кийин жүзөгө ашырылат.

3. Исламдык атайын финансылык компания чыгарган колдонуудагы исламдык баалуу кагаздар толук көлөмдө жоюлмайынча Исламдык атайын финансылык компания кошумча баалуу кагаздарды чыгара албайт.

4. Исламдык атайын финансылык компания тарабынан исламдык баалуу кагаздардын чыгарылышы Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык катталат.

5. Исламдык атайын финансылык компанияны ыктыярдуу кайра уюштуруу жана жоюу исламдык атайын финансылык компания чыгарган исламдык баалуу кагаздардын жоюлгандыгы же сатып алынгандыгы толук ырасталгандан кийин Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Иштеп жаткан исламдык атайын финансылык компаниядагы кайсы болбосун кайра уюштуруулар (кошуу, бөлүү, кошулуу, бөлүнүү, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

6. Исламдык атайын финансылык компания исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын алдындагы кайсы болбосун милдеттенмелерин аткаруу үчүн өз активдерин пайдаланат жана тиешелүү баалуу кагаздар үчүн кайсы болбосун резервдик фондду түзө алат.

Исламдык атайын финансылык компаниянын исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын алдындагы кайсы болбосун милдеттенмелери баалуу кагаздарды чыгарууга тиешеси бар кызмат көрсөтүүлөр үчүн кайсы болбосун төлөмдөрдү исламдык атайын финансылык компания жүргүзөрдөн мурда аткарылат.

7. Өндүрүп алууну исламдык баалуу кагаздардын чыгарылышын исламдык атайын финансылык компания тарабынан камсыздоо болуп саналган бөлүнгөн активдерге багыттоо исламдык атайын финансылык компаниянын милдеттенмелерин аткаруу үчүн гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

8. Исламдык ижаралык сертификаттарды чыгарууну жүзөгө ашыруучу исламдык атайын финансылык компаниянын бөлүнгөн активдеринин курамына мүлктүн төмөнкүдөй түрлөрү кирет:

1) ижарага (финансылык лизингге) берилүүчү кыймылсыз жана башка мүлктөр;

2) түзүлгөн ижара (финансылык лизинг) келишими боюнча талап кылуу укугу;

3) ижара (финансылык лизинг) келишими боюнча алынган, ошондой эле кирешени төлөп берүүгө багытталган акча;

4) резервдик фонддун курамына алынган финансылык инструменттер;

5) исламдык ижаралык сертификаттардын чыгарылышынын проспектинде каралган башка активдер.

Исламдык атайын финансылык компания исламдык ижаралык сертификаттардын чыгарылыш проспектинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө исламдык ижаралык сертификаттарды жайгаштыруудан алынган акчага тиешелүү мүлктү жана талап кылуу укугун сатып алат.

9. Исламдык ижаралык сертификаттарды жүгүртүү исламдык атайын финансылык компаниянын бөлүнгөн активине кирүүчү мүлккө ижара (финансылык лизинг) келишимин (келишимдерин) түзгөндөн кийин гана мүмкүн.

Исламдык атайын финансылык компаниянын бөлүнгөн активине кирүүчү мүлккө ижара (финансылык лизинг) келишими бузулган учурда жана исламдык ижаралык сертификаттардын чыгарылыш проспектинде белгиленген мөөнөттө башка ижарачы (лизинг алуучу) менен жаңы келишим түзүлбөгөн учурда оригинатор бөлүнгөн активдерди түзүүчү мүлктү сатып алат. Мында исламдык атайын финансылык компания исламдык ижаралык сертификаттар мөөнөтүнөн мурда жоюлгандыгын жарыялайт.

10. Исламдык атайын финансылык компания компаниянын бөлүнгөн активдерине кирген мүлккө ижара (финансылык лизинг) келишими түзүлгөндүгүнүн (бузулгандыгынын) фактысы жөнүндө исламдык ижаралык сертификаттардын чыгарылыш проспектинде жана исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү менен түзүлгөн келишимде каралган тартипте жана мөөнөттө исламдык ижаралык сертификаттарды кармоочуларга жана/же алардын өкүлүнө кабарлайт.

11. Бөлүнгөн активдерди түзүүчү мүлккө ижара (финансылык лизинг) келишими боюнча келип түшкөн төлөмдөрдү исламдык атайын финансылык компания исламдык ижаралык сертификаттардын чыгарылыш проспектинде каралган мөөнөттө жана тартипте бөлүштүрөт.

12. Исламдык атайын финансылык компания катышуунун исламдык сертификаттарын жайгаштыруудан түшкөн акча каражаттарын жаңы инвестициялык долбоорду уюштуруу, жүргүзүлүп жаткан инвестициялык долбоорду өнүктүрүү же жөнөкөй шериктештик келишиминин негизинде же болбосо акционердик коомдун же жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу-укуктук формасында юридикалык жакты түзүү менен ишкердик ишти финансылоо үчүн пайдаланат.

Оригинатор инвестициялык долбоорго төмөндөгүлөр катары катышат:

жогоруда аталган юридикалык жактын акционери (катышуучусу);

жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу;

инвестициялык долбоорду ишенимдүү башкаруучу.

13. Исламдык атайын финансылык компаниянын инвестициялык долбоордогу акциялары (катышуу үлүшү) инвестициялык долбоор түзүлгөн учурдан баштап же болбосо катышуунун исламдык сертификаттарынын чыгарылыш проспектинде каралган мөөнөттө оригинаторго ишенимдүү башкарууга берилиши мүмкүн.

14. Эгерде исламдык атайын финансылык компания инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруучу уюмдун акционери болсо, исламдык атайын финансылык компанияга артыкчылыктуу сатып алуу укугун берүүдө акцияларды төлөө үчүн каражаттарды алуу максатында, катышуунун исламдык сертификаттарынын чыгарылган санын көбөйтүүгө жол берилет.

Катышуунун исламдык сертификаттарынын чыгарылган саны көбөйгөндө исламдык атайын финансылык компаниянын ички документтеринде катышуунун исламдык сертификаттарынын чыгарылыш проспектине киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик катталган датага карата катышуунун исламдык сертификаттарынын кармоочусу болуп саналган жактардын катышуунун исламдык сертификаттарын сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралат.

Мындай укукту ишке ашыруунун тартиби исламдык атайын финансылык компаниянын ички документтеринде белгиленет.

15. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу башталган учурда исламдык атайын финансылык компания катышуунун исламдык сертификаттарынын чыгарылыш проспектинде каралган жалпыга маалымдоо каражаттарында 3 жумушчу күндүн ичинде билдирүүнү жарыялоо аркылуу аталган сертификаттарды жүгүртүүнүн мүмкүндүгү тууралуу катышуунун исламдык сертификаттарын кармоочуларга маалымдайт.

16. Инвестициялык долбоор боюнча киреше катышуунун исламдык сертификаттарынын чыгарылыш проспектинин шарттарына ылайык исламдык атайын финансылык компания менен оригинатордун ортосунда бөлүштүрүлөт.

17. Оригинатор жоюлган учурда:

1) коом менен келишим өзүнүн күчүн токтотот. Бул инвестициялык долбоорду түзүүчү мүлк катышуунун исламдык сертификаттарын кармоочулардын өкүлү тарабынан сатылууга жатат, аталган мүлктү сатуудан алынган акча катышуунун исламдык сертификаттарын кармоочуларга алардын үлүштөрүнө ылайык, катышуунун исламдык сертификаттарын чыгаруунун көлөмүндө төлөнөт;

2) инвестициялык долбоордогу акцияларды (катышуу үлүштөрүн) исламдык атайын финансылык компания кийин сатуу жана катышуунун исламдык сертификаттарын кармоочулар менен эсептешүү үчүн исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлүнө берет.

18. Исламдык атайын финансылык компания өзүнүн бухгалтердик эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте өздүк активдери жана бөлүнгөн активдер боюнча өз-өзүнчө финансылык отчет берет. Исламдык атайын финансылык компаниянын бухгалтердик эсепти жана финансылык отчет берүүнү жүргүзүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

19. Исламдык атайын финансылык компания исламдык баалуу кагаздардын исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын активдерине жана өздүк активдерине өз-өзүнчө бөлүп эсеп жүргүзөт.

20. Исламдык атайын финансылык компания өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда финансылоонун ислам принциптеринин талаптарына (Шарият стандарттарына) ылайык келүүсү жана оригинатор койгон талаптарды жетекчиликке алуусу керек.

21. Исламдык атайын финансылык компаниянын аталышы анын иш-аракетине ылайык келиши керек жана "ISFC" ("ИАФК") аббревиатурасын камтууга тийиш.

22. Исламдык атайын финансылык компания катары Кыргыз Республикасында каттоодон өтпөгөн субъекттер өз аталышында "ISFC" ("ИАФК") аббревиатурасын пайдаланууга укугу жок.

23. Исламдык атайын финансылык компания жана анын кызмат адамдары мыйзамга каршы кайсы болбосун аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык толук жоопкерчилик тартат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

367-берене. Исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү

1. Исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү оригинатордун, эмитенттин жана үчүнчү жактын алдында кармоочулардын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат.

2. Эмитент исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлүн баалуу кагаздар рыногунун брокерлик жана дилердик ишти жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучуларынын ичинен дайындайт.

3. Исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү эмитенттин же оригинатордун аффилирленген адамы болбошу керек.

4. Эмитенттин жана исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлүнүн ортосунда контракт түзүлөт. Контракт төмөнкүдөй жоболорду камтышы керек:

1) келишимдин предмети;

2) тараптардын укуктары жана милдеттери;

3) исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө келишимге ылайык милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты өкүлгө эмитент жана оригинатор тарабынан берүүнүн тартиби;

4) эмитентке, исламдык баалуу кагаздарды кармоочуларга өкүлдүн отчет берүүсүнүн тартиби;

5) контракттын шарттарын бузгандык үчүн оригинатордун, эмитенттин жана өкүлдүн жоопкерчилиги;

6) өкүл ишке ашырган кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана тартиби;

7) өкүлдүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартиби жана учурлары;

8) келишимдин колдонулуу мөөнөтү жана аны бузуунун тартиби.

5. Өкүлгө анын милдеттенмелерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүнүн тартибинде оригинатор менен эмитент тарабынан өкүлгө төмөнкүдөй маалыматтарды берүүнүн формасы жана шарттары жөнүндө маалыматтар камтылышы керек:

1) исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын укуктары жана кызыкчылыктары маселелерине карата эмитенттин жана оригинатордун башкаруу органдары мурда кабыл алган тиешелүү чечимдерди;

2) оригинатор менен эмитенттин исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде белгиленген милдеттенмелерин аткаргандыгы боюнча отчетторун, анын ичинде төмөнкүлөр жөнүндө отчетторду:

а) исламдык баалуу кагаздардын негизинде жаткан кайсы болбосун активдердин/бизнестин кирешелерин бөлүштүрүү жана исламдык баалуу кагаздар үчүн тиешелүү резервдик фонддорду түзүү жөнүндө;

б) исламдык сертификаттарды жайгаштыруудан алынган каражаттарды пайдалануу жөнүндө;

в) исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде белгиленген тартипте эмитент менен оригинатордун жылдык финансылык отчетторунун маселелери боюнча;

г) кайсы болбосун инвестициялык долбоорлор боюнча, исламдык баалуу кагаздарды кармоочулар үчүн зарыл болгон тактыктарда.

6. Исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1) исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектине ылайык эмитенттин жана оригинатордун милдеттенмелерин аткаруусун контролдоо;

2) исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында чараларды көрүү;

3) исламдык баалуу кагаздарды жайгаштыруудан алынган каражаттардын эсебинен сатып алынган кайсы болбосун активдерге мониторинг жүргүзүү;

4) исламдык баалуу кагаздарды кармоочуларга бардык аракеттер жана алардын жыйынтыктары жөнүндө ушул бөлүккө ылайык маалымдоо.

7. Исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу үчүн өкүл төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келүүчү жагдайларды аныктоого жана бул жөнүндө мындай жагдайлар келип чыккан учурдан тартып 3 календарлык күндүн ичинде аларга маалымдоого;

2) эмитент менен кол коюлган контракт бузулган датадан тартып 3 календарлык күндүн ичинде өзүнүн өкүл катары ыйгарым укуктары токтотулгандыгы тууралуу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана исламдык баалуу кагаздарды кармоочуларга билдирүүгө;

3) исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү катары өзүнүн ишине тиешелүү маалыматты жана документтерди алардын суроо-талабы боюнча берүүгө;

4) купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.

8. Өкүл исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун шарттарынын кайсы болбосун сакталбагандыгы жөнүндө маалыматты мындай туура келбестиктер табылган датадан тартып 3 календарлык күндүн ичинде, исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.

9. Өкүл исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын тапшырмасы боюнча мындай тапшырманы алгандан кийин 3 календарлык күндүн ичинде, исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун шарттарынын сакталбагандыгына байланыштуу исламдык баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда жоюу же сатып алуу тууралуу табыштаманы эмитентке же оригинаторго берет.

10. Исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлүнүн ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурлардын кайсынысында болбосун 7 күндүн ичинде токтотулат:

1) өкүлдүн баалуу кагаздар рыногунда дилердик же брокердик ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясынын колдонулушу 3 айга чейинки мөөнөткө токтото турулганда;

2) кайра уюштуруу, жоюлуу себептери боюнча өкүлдүн иш-аракети Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык токтотулганда;

3) тараптардын макулдашуусу боюнча;

4) исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын 10 пайызы же андан көбү эмитентке өкүлдү алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылган учурда же болбосо эмитент исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардан алардын өкүлү өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы тууралуу маалымат алган учурда, эмитенттин тапшырмасы боюнча;

5) өкүлдүн келишиминин колдонулушун токтотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-глава
Баалуу кагаздарга карата менчик укугу жана укуктарды өткөрүп берүү

 

37-берене. Баалуу кагаздарга карата менчик укугу

1. Эмитент чыгарган бардык баалуу кагаздар баалуу кагаздардын көз карандысыз реестр кармоочусу тарабынан реестрге катталууга тийиш. Баалуу кагаздардын эмитенти баалуу кагаздардын көз карандысыз реестр кармоочусу менен баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча келишим түзүшү керек.

2. Документтик эмес формадагы баалуу кагаздарга карата менчик укугу реестрди жүргүзүү системасында - реестрди кармоочунун өздүк эсептериндеги жазууларда же депозитарийде баалуу кагаздарга карата укуктарды эсепке алуу учурунда депозитарийлердеги депо эсептериндеги жазуулар менен күбөлөндүрүлөт.

3. Документтик баалуу кагаздарга карата ээлеринин укуктары баалуу кагаздар менен же депозитарийлердеги депо эсептери боюнча сертификаттар жана жазуулар менен (эгерде сертификаттар депозитарийге сактоого берилген учурда) күбөлөндүрүлөт.

4. Бир эле баалуу кагазга болгон менчик укугу бир эле мезгилде баалуу кагаздардын ээлеринин реестринде да, жана депозитарийдин депо эсеби боюнча да чагылдырылышы мүмкүн эмес.

38-берене. Укуктардын баалуу кагаздарга өтүшү

1. Баалуу кагаздарга карата укуктардын пайда болушу, өткөрүлүшү (өткөрүп берилиши), өзгөрүшү, оордотулушу жана токтотулушу жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка негиздер боюнча жүзөгө ашырылат. Баалуу кагаздар боюнча жүгүртүүгө жана укуктарды жүзөгө ашырууга чектөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте гана болот.

2. Аты жазылган документтик эмес баалуу кагазга болгон укук сатып алуучуга төмөнкү учурларда өткөрүп берилет:

- депозитардык ишти жүзөгө ашырып жаткан адамдын баалуу кагаздарына карата укуктарды эсепке алган учурда - сатып алуучунун депо эсеби боюнча кириштөөчү жазууну түшүргөндөн тартып;

- реестрди жүргүзүү системасында баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алган учурда - сатып алуучунун өздүк эсебине кириштөөчү жазуу түшүрүлгөндөн тартып өткөрүлөт.

Документтик баалуу кагаздарга карата укуктарды өткөрүп берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, анда депозитарий же көз карандысыз реестр кармоочу каттоодон өткөн бир кармоочунун эсебинен башка жактын эсебине баалуу кагаздардын төмөнкүнүн негизинде которулушун жүргүзө алат:

- катталган жактын тапшырмасынын;

- фондулук биржада бүтүмдүн жасалгандыгын ырастоочу документтердин;

- укуктук мураскорду ырастоочу документтердин;

- соттун чечиминин.

4. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүп жаткан адам реестрде баалуу кагаздарга болгон укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү тиешелүү жазууну документтерди алган учурдан тартып бир күндүн ичинде жүргүзүүгө же болбосо тиешелүү жазууну жүргүзүүдөн жүйөлүү баш тартууну билдирүүгө тийиш.

5. Баалуу кагаздарга жана баалуу кагаздарга бекитилип берилген укуктарга болгон укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө документтердеги жеке жактардын кол тамгаларынын аныктыгын (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык же баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.

6. Эгерде баалуу кагаздарга болгон укуктардын пайда болушу, өткөрүп берүү (өткөрүү), өзгөртүлүшү, оордотулушу жана токтотулушу жөнүндө маалыматтар баалуу кагаздарга болгон укуктардын эсепке алынышын жүзөгө ашыруучу жакка кабарланбаса, баалуу кагаздарды түзүп жаткан (добуш берүү, дивиденд алуу ж.б.) эмитенттин милдеттенмелерин аткаруу үчүн реестрди жабуу учурунда катталган ээсине карата орундуу болуп табылат. Мындай билдирүүнүн өз учурунда аткарылышына болгон жоопкерчилик баалуу кагазды сатып алуучуга жүктөлөт.

7. Ачык компаниялардын акцияларынын ири пакетинин ээлери жөнүндө ушул Мыйзамга ылайык ачыкка чыгарылган маалыматтарды кошпогондо, баалуу кагаздардын ээлери, баалуу кагаздардын аларга таандык көлөмү жөнүндө жана алар менен операциялар тууралу маалымат жашыруун болуп эсептелет.

Көрсөтүлгөн маалымат төмөндөгүлөргө берилиши мүмкүн:

- баалуу кагаздардын ээлерине жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;

- террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына;

- мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын негизинде башка адамдарга.

(КР 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

39-берене. Баалуу кагаздарды жүгүртүү

1. Ачык сунушталуучу баалуу кагаздарды, ошондой эле ачык акционердик коомдордун акцияларын сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) боюнча бүтүмдөр фондулук биржада Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн баалуу кагаздардан башка баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) боюнча бүтүмдөр, ошондой эле баалуу кагаздар менен, ошонун ичинде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн баалуу кагаздар менен болгон башка бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

39-1-берене. Квалификациялуу инвесторлорго арналган баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чектөөлөр

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актысында, баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде, ачык сунуштоонун шарттарында же баалуу кагаздарды чыгаруунун проспектинде баалуу кагаз квалификациялуу инвесторлорго гана арналганы каралса, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары мындай баалуу кагаздардын квалификациялуу инвесторлор тарабынан гана сатып алынышынын мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

2. Квалификациялуу инвестор болуп саналбаган инвестордун кызыкчылыктарында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан сатып алынган, квалификациялуу инвесторлор үчүн арналган баалуу кагаздын рыноктук наркынын төмөндөшүнүн натыйжасында инвестордо келип чыгуучу чыгашалар үчүн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу квалификациялуу инвестор болуп саналбаган инвестордун алдында жоопкерчилик тартат.

Эгерде баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу инвестор өзү жөнүндө же баалуу кагаздар рыногунун анын кызыкчылыктарында аракеттенген башка кесипкөй катышуучусу билдирген жалган маалыматтардын негизинде инвесторду квалификациялуу деп тааныса, ушул бөлүктө каралган жоопкерчилик келип чыкпайт.

3. Эгерде инвестор квалификациялуу инвестор болуп саналбаган же болбосо квалификациялуу инвестордун статусун жоготкон учурда, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу мындай инвесторго таандык болгон (же анын пайдасына ишенимдүү башкарууда турган) квалификациялуу инвесторлор үчүн арналган баалуу кагаздар менен аларды ажыратып берүү же тындыруу боюнча гана операцияларды өткөрүүгө укуктуу.

4. Квалификациялуу инвесторлор үчүн баалуу кагаздарды мураска алуу, ошондой эле жубайлар ажырашканда бирге топтогон мүлктү бөлүштүрүүнүн натыйжасында, жоюлган уюмдун мүлкүн бөлүштүрүүнүн натыйжасында жана күрөө предметине өндүрүп алууну жүгүртүүнүн жүрүшүндө күрөөнүн предметин өзүнө калтырууда аларды сатып алуу чектелбейт.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

39-2-берене. Камакка алынган баалуу кагаздарды жоюу, алар боюнча кирешелерди төлөө, аларды конвертациялоо, алмаштыруу боюнча аракеттерди же алар менен башка аракеттерди жасоонун тартибин аныктоо

1. Баалуу кагаздарды камакка алууда аларды конвертациялоо, алмаштыруу, жоюу жана алар менен башка аракеттер камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин токтотулуп турат.

2. Эгерде баалуу кагаздар камакка алынганда, шектүү, айыпталуучу баалуу кагаздардын менчик ээси болгон учурда, менчик ээсине кирешелерди төлөө камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин токтотулуп турат.

(КР 2019-жылдын 8-майындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-глава
Баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй иш

40-берене. Баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй иштин түрлөрү

1. Баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй иш деп төмөндөгүлөр таанылат:

- брокердик иш;

- дилердик иш;

- инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш;

- депозитардык иш;

- баалуу кагаздардын кармоочуларынын реестрин жүргүзүү боюнча иш;

- баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу боюнча иш;

- (сегизинчи абзац КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- инвестициялык фонддун иши.

2. Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иш атайын уруксаттын - лицензиянын негизинде коммерциялык уюмдар болуп эсептелген юридикалык жактар тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда кесипкөй иштин айрым түрлөрүн коммерциялык эмес уюмдар деп эсептелген юридикалык жактар да жүзөгө ашырууга укуктуу. Лицензияны берүүнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишти жүзөгө ашырууга коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

3. Брокердик жана (же) дилердик ишти жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары, эгерде кайсы бир адамга ар биринин капиталында 25 пайыздан ашууну таандык болсо, өз ара баалуу кагаздар менен бүтүмдөр түзө алышпайт.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

41-берене. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна коюлуучу талаптар

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

2. Баалуу кагаздар боюнча кесипкөй иштин бир нече түрүн бириктирген шартта жүзөгө ашырганда кесипкөй катышуучунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү ошол иштин түрүнө, ага карата белгиленген уставдык капиталдын эң жогорку минималдуу өлчөмүнүн талаптарына ылайык аныкталат.

3. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өздүк капиталы баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иштин тиешелүү түрү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн кем болбошу керек.

4. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу төмөндөгү талаптарга ылайык келиши керек:

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификацияга ээ жумушчулардын болушу;

- баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык белгиленген программалык-техникалык каражаттардын жана башка жабдуулардын болушу;

- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын баалуу кагаздар рыногундагы ишин жүзөгө ашыруунун шартын жана тартибин белгилеген ички документтери баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык келиши керек;

- баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иштин тиешелүү түрү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди жана финансылык туруктуулуктун башка критерийлерин сактоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптарды сактоо.

5. Кесипкөй ишти жүзөгө ашырууга түздөн-түз катышкан баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгилеген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө милдеттүү.

6. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүнүн жана квалификациялык күбөлүктөрдү берүүнүн тартиби, ошондой эле квалификациялык күбөлүктөрдү колдонууну токтотуп туруунун же кайра чакырып алуунун тартиби Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Квалификациялык күбөлүктөр баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун лицензиясы колдонулган мөөнөткө берилет.

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкери квалификациялык күбөлүгүн ырастоо үчүн бир жылда бирден ашык эмес жолу, квалификацияны жогорулатуу программалары боюнча, квалификациясын милдеттүү жогорулатуудан өтүүгө тийиш. Квалификацияны жогорулатуу программаларын түзүүнүн, квалификацияны милдеттүү жогорулатуудан өтүүнүн, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкеринин өз квалификациясын милдеттүү жогорулатуудан өткөндүгү жөнүндө маалыматтарды берүүсүнүн тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

42-берене. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамына коюлуучу талаптар

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамына карата талаптар төмөндөгүлөрдү камтыйт:

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгилеген квалификациянын ылайык келишин;

- финансы чөйрөсүндө экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушун. Иш тажрыйбасына (стажына) чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланышкан жумуш кирбейт;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген дагы башка талаптарды.

2. Төмөндөгүдөй адам жетекчилик кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес:

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбеген;

- мыйзамда белгиленген тартипте жоюула же алына элек экономика чөйрөсүндө кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;

- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат ордуна документтерин берээрдин алдында бир жыл ичинде финансылык рыноктогу ишине байланыштуу укук бузгандык үчүн администраттвдик жоопко тартылган;

- өткөн мезгилде банкрот деп таанылган же консервацияга, санацияга туш болгон уюмдун жетектөөчү кызматкери болуп эсептелсе же бул адам директорлор кеңешинин же ушул уюмдун аткаруучу органынын мүчөсүнүн (төрагасынын) кызмат ордунда турганда мажбурланып жоюлса. Бул шарт көрсөтүлгөн окуялардын бири болгонго чейин бир жылдан ашык эмес убакта мындай уюмдун жетекчи кызматкерлери катары турган адамдарга карата колдонулат жана анын пайда болушунан кийин 3 жыл аралыгында аракетте болот;

- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун, же болбосо башка финансылык уюмдун жетекчи кызматкеринин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого), макулдук берүүнү кайра чакыртуу жол-жобосуна учураган. Аталган талап жетекчи кызматкердин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдук берүүнү кайра чакыртуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки акыркы ырааттуу 12 айдын ичинде колдонулат.

3. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлери болуп төмөнкүлөр таанылат:

1) директорлор кеңешинин жетекчиси жана мүчөлөрү;

2) аткаруу органынын жетекчиси (аткаруу органынын функцияларын жеке өзү жүзөгө ашыруучу адам) жана мүчөлөрү;

3) башкы бухгалтер же жалгыз бухгалтер;

4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун обочолонгон бөлүктөрүнүн жетекчилерин жана алардын бухгалтерлерин кошпогондо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишти жүзөгө ашыруучу бир же бир нече структуралык бөлүктөрүнүн ишин координациялоону жана/же контролдоону жүзөгө ашыруучу, кардарлар менен түзүлө турган кайсы болбосун келишимдерге, кардарлар менен түзүлгөн келишимдерде жана ченемдик укуктук актыларда каралган отчеттуулуктун ар кыл формаларын кошуп алганда кардарларга жана/же баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бериле турган маалыматтарга, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кардарларынын эсептеринде турган активдердин кыймылын жана калдыгын салыштырууну ырастоочу документтерге кол коюу укугуна ээ болуучу, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун башка жетекчилери.

4. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкери ал дайындалган (шайланган) күндөн тартып өз кызмат ордун макулдашуусуз 45 календардык күндөн ашык эмес ээлеп турууга укуктуу.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндө жана макулдашууга документтердин толук пакети берилбеген, же болбосо макулдашуудан баш тартылган учурда баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу ушул адам менен эмгек келишимин бузууга же эмгек келишими болбогон учурда бул жетекчи кызматкердин ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Ушул бөлүктө белгиленген мөөнөттөн ашык убакыт баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкеринин милдеттерин макулдашуусуз аткарууга (кызмат ордунда жок адамды убактылуу алмаштырууга) тыюу салынат.

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерин дайындоого (шайлоого) макулдук алуу үчүн берилген документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген талаптарга ылайык келген документтердин толук пакети берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде каралат.

5. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерин дайындоого (шайлоого) макулдук берүүнүн тартиби, макулдук алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

6. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлерин дайындоого (шайлоого) макулдук берүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылат:

1) жетекчи кызматкерлер ушул беренеде белгиленген талаптарга ылайык келбегенде;

2) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу ага карата сын-пикирлердеги кемчиликтерин жойбогондо же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу сын-пикирлерди эске алуу менен толуктап иштелип чыккан документтерди ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин бергенде;

3) документтер ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген, жетекчи кызматкер өзүнүн кызмат ордун макулдашуусуз ээлеп тура алган мөөнөт бүткөндөн кийин берилгенде;

4) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан талапкерге карата таасир кылуу чараларын, анын ичинде чектөө чараларын колдонуу болгондо.

Бул талап баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу талапкерди макулдашуу жөнүндө өтүнүч берген датага чейинки бир жыл ичинде колдонулат;

5) талапкердин ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча, ушул талапкер жетекчи кызматкердин кызмат ордун ээлеп турган (ээлеген) же болбосо жетекчи кызматкердин милдетин аткарып турган (аткарган) финансылык уюм, анын ичинде финансылык-кредиттик уюм же камсыздандыруу уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга алып келген чечимдерди талапкер кабыл алгандыгынын фактылары жөнүндө маалыматтар болгондо жана бул бузуу үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул финансылык уюмга, анын ичинде финансылык-кредиттик уюмга же камсыздандыруу уюмуна карата таасир кылуу чаралары колдонулганда.

Бул талап баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бузуулар айкындалган күндөн тартып бир жыл ичинде колдонулат.

Ушул пункттун максаттары үчүн финансылык уюмдун кызматкери деп компетенциясына жогоруда көрсөтүлгөн бузууларга алып келген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу кирген жетекчи кызматкер, же болбосо анын милдеттерин аткаруучу адам жана/же фондулук биржанын трейдери түшүнүлөт.

7. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкеринин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдук берүүдөн бир жылдын ичинде ырааттуу эки баш тартуу болгон учурда, бул адам аны баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучусунун жетекчи кызматкеринин кызмат ордуна экинчи жолу дайындоого (шайлоого) макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан тартып ырааттуу 12 ай өткөндөн кийин баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкери болуп дайындалышы (шайланышы) мүмкүн.

8. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкеринин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдук берүү төмөнкүдөй негиздер боюнча кайра чакыртылат:

1) макулдук берүүгө негиз болгон маалыматтардын анык эместигинин айкындалышы;

2) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жетекчи кызматкерге жана/же бул жетекчи кызматкер тиешелүү кызмат ордун ээлеп турган (акыркы 12 календардык айдын ичинде ээлеген) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна карата таасир кылуу чараларынын системалуу (акыркы календардык 12 айдын ичинде 3 же андан көп жолу) колдонулушу;

3) экономика чөйрөсүндө кылмыштарды жасагандыгы үчүн алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугунун болушу. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерин дайындоого (шайлоого) макулдук берүүнү кайра чакыртып алуу ушул жетекчи кызматкерге баалуу кагаздар рыногунун башка кесипкөй катышуучуларында мурда берилген макулдукту (макулдуктарды) кайра чакыртууга негиз болуп саналат.

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкеринин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдук берүү кайра чакыртылган учурда баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу көрсөтүлгөн адам менен эмгек келишимин дароо бузууга, же болбосо эмгек келишими болбогондо ушул жетекчи кызматкердин ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерин дайындоого (шайлоого) макулдук берүүнү кайра чакыртуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

43-берене. Брокер жана брокердик иш

1. Тиешелүү келишимдин негизинде иш аткаруучу агент же комиссионер катары баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүү брокердик иш деп таанылат.

Брокердик ишти жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу брокер деп аталат.

2. Брокер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык өзүнүн кардарларынын баалуу кагаздарынын жана акчалай каражаттарынын эсебин алууга жана алар менен операцияларды жүргүзүүгө милдеттүү.

Кардарлардын акчалары жана баалуу кагаздары брокердин менчик активдеринен өзүнчө эсепке алынат жана брокер банкрот болгондо же ыктыярдуу жоюлууга туш болгондо ликвидациялык массага киргизилбейт.

3. Брокер депозитарийдеги өзүнүн кардарларынын баалуу кагаздарына болгон укуктарын эсепке алууну, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык брокерлер же брокерлердин депозитарийлери тарабынан ачылган коммерциялык банктардагы кардарлардын айрым эсебиндеги (эсептериндеги) акчалардын сакталышын камсыз кылат. Брокердин кардарларынын депозитарийде же коммерциялык банкта турган активдерине брокердин милдеттенмелери боюнча жаза колдонулбайт.

4. Брокер өзүнүн кардарына тескери маалымат берүүгө акысы жок жана кардардын инвестициялык чечимине таасир этүүчү, кардардын жана брокердин, ошондой эле брокердин аффилирленген же байланышкан адамынын кызыкчылыктарынын ортосунда чыр-чатак пайда кылуучу кандай гана маалымат болбосун ага жеткирип турууга милдеттүү.

5. Брокерге кардарга таандык баалуу кагаздарды кардардын жазуу жүзүндөгү буйругу жок кардардын атынан сатып алууга же сатууга же өткөрүп берүүгө тыюу салынат.

Брокер өзү алган же брокер тарабынан милдеттендирилген адамдын кардарлардан алынган буйруктарды буйрук берген кардарлардын ар биринин аты-жөнүн, буйруктардын жана анын келип түшүшүнүн убактысын көрсөтүү менен күн сайын эсепке алууну жүргүзүүгө милдеттүү.

Брокер ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келишимдин предмети болгон жана ачык жайгаштыруудан өткөн баалуу кагаздар жөнүндө кардарларга маалыматты ачып берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

6. Брокер кардардын буйруктары келип түшкөн тартипте кардардын баалуу кагаздарды сатып алууга, сатууга же алмаштырууга карата буйруктарын аткарууга милдеттүү жана брокердин же аффилирленген жактын же брокердин байланышкан жагынын жеке буйруктарына караганда баалуу кагаздар менен болгон операцияларды жүзөгө ашырууда кардардын буйруктарына артыкчылык берүүгө милдеттүү.

7. Эгерде буйрукту аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууну пайда кылбаса, брокер кардардын буйруктарына түздөн-түз баш ийиши керек, бул учурда брокер анын буйругун аткарууга укугу жок экендигин кардарга кабарлоого милдеттүү.

8. Бир фондулук биржанын сатыгынын катышуучусу болуп эсептелген брокер башка фондулук биржалардын сатыгынын катышуучусу болууга укугу бар.

9. Брокердин жана анын кардарынын, эгерде брокер тарабынан тиешелүү тапшырма алынганга чейин кардарга маалымдалбаган, кызыкчылыктарынын чыр-чатагы ал тапшырма кардардын кызыкчылыктары үчүн зыян алып келүү менен аткарылган учурда, брокер зыяндардын ордун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен белгиленген тартипте өзүнүн эсебинен толтурууга милдеттүү.

10. Эмитенти өзү болуп эсептелсе, брокер баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.

44-берене. Дилер жана дилердик иш

1. Мындай ишти жүзөгө ашыруучу жак тарабынан жарыяланган баалар боюнча, ошондой эле жарыяланган баалар колдонулуучу мөөнөттүн ичинде белгилүү бир баалуу кагаздарды сатып алуу жана/же сатуу милдеттенмеси менен андай баалуу кагаздарды сатып алуунун жана/же сатуунун бааларын жарыялоо менен баалуу кагаздарды өзүнүн атынан жана өз эсебинен сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо дилердик иш деп таанылат.

Баалуу кагаздардын рыногунда дилердик ишти жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучу дилер деп аталат.

Дилер келишим түзүүдөн баш тарткан учурда ага мындай келишимди мажбурлап түзүү жөнүндө жана/же кардарга келтирилген зыяндын ордун толтуртуу жөнүндө доо коюлушу мүмкүн.

2. Дилер төмөнкүлөргө милдеттүү:

- кардарларга, анын ичинде потенциалдуу кардарларга дилердин ар кандай финансылык кыйынчылыктары жөнүндөгү маалыматты ачып берүүгө;

- эсепке алуу регистрлерин жүргүзүүнүн жана ички отчеттуулукту түзүүнүн ички жол-жоболорун жана эрежелерин бекитүүгө.

3. Эмитент өзү болуп эсептелсе, дилер баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.

45-берене. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш

(Берененин аталышы КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Башкаруучу компаниянын кардарларынын инвестициялык активдерин, анын ичинде пенсиялык активдерин ишенимдүү башкаруу боюнча башкаруучу компаниянын иши инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иши деп таанылат.

2. Кардардын инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иши башкаруучу компаниянын кардарынын кызыкчылыгында киреше алуу максатында сый-акыга башкаруучу компания тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Башкаруучу компаниянын иш-милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эмиссиялык баалуу кагаздарга жана башка финансылык инструменттерге акча инвестициялоо тууралу чечимдерди кабыл алуу;

2) инвестициялык активдерди башкаруу процессинде жөнгө салынуучу субъекттер менен өз ара иштөөсү;

3) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте эмиссиялык баалуу кагаздар жана башка финансылык инструменттер менен жасалган бүтүмдөрдүн эсебин жүргүзүү;

4) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин шарттарын аткаруу.

4. Башкаруучу компания кардарлардын активдеринин менчик ээси болуп эсептелбейт. Башкаруучу компаниянын мүлкү башкаруучу компаниянын кардарларынын мүлкүнөн обочолонгон болушу керек.

5. Башкаруучу компания кардарлардын инвестициялык активдерин жана алар менен операциялардын эсебин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.

6. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, инвестициялык активдерди башкаруучу башкарууда турган эмиссиялык баалуу кагаздарга жана башка финансылык инструменттерге карата аларды пайдалануу жана тескөө боюнча укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.

7. инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

8. Башкаруучу компания банкрот жана ыктыярдуу жоюлган учурда башкаруучу компаниянын кардарларынын инвестициялык активи башкаруучу компаниянын жеке активинен өзүнчө эсепке алынат жана жоюлуучу массага кошулбайт.

Башкаруучу компаниянын милдеттенмелери боюнча башкаруучу компаниянын кардарларынын инвестициялык активине өндүрүп алууну салууга жол берилбейт.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

46-берене. Депозитарий жана депозитардык иш

1. Бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга арналган, ошондой эле бул баалуу кагаздардын номиналдык кармоочусу же менчик ээси менен келишимдин негизинде (депозитардык келишим) бүтүмдөрдү жасоодон улам алынган, баалуу кагаздарга карата укуктарды каттоо жана (же) өткөрүп берүү, сактоо жана (же) баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алуу жана алардын башкаларга өтүшү боюнча иш депозитардык иш деп таанылат.

Депозитарийдин баалуу кагаздарды сактоо жана/же баалуу кагаздарга болгон укукту эсепке алуу боюнча кызматтарынан пайдалануучу жак депонент деп аталат.

Депозитарий депозиттердин баалуу кагаздарды инвестициялоо үчүн арналган акча каражаттарын, баалуу кагаздарды сатуудан алынган акча каражаттарын, ошондой эле депозиттин депозитарийинде сакталган баалуу кагаздары боюнча киреше түрүндө алынган акча каражаттарын сактоого жана эсепке алууга укуктуу.

Депозитарий тарабынан коммерциялык банкта ачылган (ачылуучу) өзүнчө банктык эсепте (эсептерде) акча каражаттарын сактоону депозитарий жүзөгө ашырат.

Баалуу кагаздар рыногунун депозитардык ишин жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучусу депозитарий деп аталат.

2. Депозиттик келишимди түзүү депоненттин баалуу кагаздарына менчик укугу депозитарийге өтүшүнө алып келбейт. Депозитарийдин депоненттин акча каражаттарын жана баалуу кагаздарын өз алдынча тескөөгө жана ушул баалуу кагаздарга бекитилген укуктарды жүзөгө ашырууга укугу жок. Депозитарийдин милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу депоненттердин баалуу кагаздарына багытталышы мүмкүн эмес.

Кардарлардын акча каражаттары жана баалуу кагаздары депозитарийдин өздүк менчик активдеринен өзүнчө түрдө эсепке алынат жана депозитарий банкрот болгон же ыктыярдуу жоюлган учурда жоюлуучу массага киргизилбейт.

3. Депозитарий баалуу кагаздардын ээлеринин реестрлеринде баалуу кагаздар боюнча номиналдуу кармоочу катары катталууга укуктуу.

4. Кардарлардын баалуу кагаздары менен түзүлгөн бүтүмдөрдөн түшкөн акчалай каражаттар депозитарийдин кирешеси болуп эсептелбейт.

5. Депозитарий баалуу кагаздарды өткөрүп берүү жөнүндөгү буйрукка ылайык жана бардык жактар үчүн бирдей болгон бүтүм боюнча төлөм акысын тараптардан алууга укугу бар. Депозитарий бүтүмдүн көлөмүнөн пайыз түрүндө бүтүм боюнча төлөм акысын тараптардан алууга укугу жок.

6. Депозитарий депозиттик келишимди аткарбагандыгына же туура эмес аткарылгандыгына байланыштуу депонентке зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчилик тартат.

7. Депозитарийдик иштерди жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык клиринг боюнча иш-милдеттерди аткарууга укуктуу.

8. Өз ара милдеттенмелерди (баалуу кагаздар менен бүтүмдөр боюнча маалыматтарды жыйноо, салыштырып текшерүү, оңдоо жана алар боюнча бухгалтердик документтерди даярдоо) жана баалуу кагаздарды берүү боюнча кошуп эсептөөнү жана алар боюнча эсептешүүлөрдү аныктоо боюнча иштер клиринг боюнча иш-милдеттер деп таанылат.

9. Депозитарийлер баалуу кагаздар менен операциялар боюнча эсептешүүлөргө байланыштуу алар үчүн белгиленген тартипте эсептөөлөр жүргүзүүчү баалуу кагаздар рыногунун катышуучулары менен алардын келишимдеринин негизинде өз ара милдеттенмелерди аныктоодо даярдалган бухгалтердик документтерди аткарууга кабыл алат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

47-берене. Клирингдик уюштуруу жана клирингдик иш

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

48-берене. Инвестициялык фондунун иши

Инвестициялык фондунун иши катары өзүнүн баалуу кагаздарын чыгаруу жана ачык жайгаштыруу аркылуу тартылган каражаттарды баалуу кагаздарга жана башка инвестициялык активдерге кийин диверсификацияланган инвестициялоо менен акчалай каражаттарды тартуу болуп эсептелет.

Инвестициялык фонддорду түзүү жана алардын иши "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен жөнгө салынат.

49-берене. Көзкарандысыз реестркармоочу жана баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча иш

1. Эмитенттин баалуу кагаздарынын реестрин жүргүзүү жана сактоо, көзкарандысыз реестркармоочунун бул баалуу кагаздардын эмитенти менен түзүлгөн келишимдин негизинде эмитенттин баалуу кагаздарынын кармоочуларынын укуктарын каттоо боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча иш баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүү боюнча кесипкөй иш катары таанылат. Ачык компания, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда ачык компания болуп эсептелбеген баалуу кагаздардын эмитенти баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүүнү жана сактоону көзкарандысыз реестркармоочуга өткөрүп берүүгө милдеттүү.

2. Бир эмитенттин баалуу кагаздарын кармоочулардын реестри бир көзкарандысыз реестркармоочу тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Көзкарандысыз реестркармоочу чектелбеген сандагы эмитенттердин баалуу кагаздарын кармоочуларынын реестрлерин жүргүзө алат.

Ачык компаниялардын көз карандысыз реестр кармоочуларына алар жүргүзгөн реестрлердин эмитенттеринин саны жана бул реестрлерде катталган баалуу кагаздардын ээлеринин саны боюнча кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүнүн, баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин киргизүүгө байланышкан башка бардык документтерди жана баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин өткөрүп берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

4. Көз карандысыз реестркармоочу баалуу кагаздарды кармоочунун талабы боюнча бул баалуу кагаздарды кармоочунун баалуу кагаздары жөнүндө маалыматты камтыган реестрдин көчүрмөсүн берүүгө милдетүү. Реестрден алынган көчүрмөдө бул суроо-талап жөнөтүлгөн кармоочуда канча баалуу кагаз бар экендиги жөнүндө маалымат, бул кагаздар үчүн түйшүк тартуу жана башка тиешелүү маалыматтар камтылууга тийиш. Реестрден көчүрмө баалуу кагаз болуп эсептелбейт.

5. Реестрди жүргүзүү боюнча келишимдин же баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча лицензиянын колдонулушу токтотулган учурда көзкарандысыз реестркармоочу эмитент тарабынан көрсөтүлгөн башка көзкарандысыз реестркармоочуга баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин өткөрүп берет. Бул эмитенттин баалуу кагаздарынын реестрин жүргүзүүгө байланышкан бардык башка документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга тийиш.

6. Көзкарандысыз реестркармоочу, ошондой эле анын кызматкерлери, уюштуруучулары, анын кызмат адамдары жана катышуучулары, анын акцияларынын (үлүштөрүнүн, пайларынын) 5 жана андан ашык пайыздарына өз алдынча же аффилирленген жактар менен бирге ээлик кылган эмитенттин аффилирленген адамдары болушу мүмкүн эмес.

Көзкарандысыз реестркармоочу баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүп жаткан эмитенттин баалуу кагаздарына ээлик кылууга укугу жок.

7. Көзкарандысыз реестркармоочунун реестрди жазуудан негизсиз баш тартуусу же андай жазуудан четтөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

Көзкарандысыз реестркармоочу кардарлардын алдында көзкарандысыз реестркармоочу тарабынан баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүнүн тартиби бузулгандыгынын натыйжасында кардарлардын укуктарын жүзөгө ашырууга мүмкүн болбогондуктан келтирилген зыян үчүн (түшпөй калган пайданы бирге кошуу менен) жоопкерчилик тартат.

Көзкарандысыз реестркармоочу эмитент тарабынан баалуу кагаздардын кармоочуларынын реестрин түзүү жана жүргүзүү максатында туура эмес маалыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8. Көзкарандысыз реестркармоочу бардык жактар үчүн бирдей болгон баалуу кагаздарды өткөрүп берүү жөнүндөгү буйруктардын санына ылайык келген төлөм акысын бүтүм боюнча тараптардан алууга укугу бар. Көзкарандысыз реестркармоочу бүтүмдүн көлөмүнөн пайыз түрүндө бүтүм боюнча төлөм акысын тараптардан алууга укугу жок.

9. Баалуу кагаздардын ээлеринин реестрлеринде бекитилген юридикалык жана жеке жактардын баалуу кагаздар, эсептер, баалуу кагаздардын саны менен жасалуучу операциялар боюнча маалымат жашыруун деп эсептелет. Көрсөтүлгөн маалымат төмөндөгүлөргө берилиши мүмкүн:

- баалуу кагаздардын ээлерине жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;

- террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына;

- мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын негизинде башка адамдарга.

Ушул Мыйзамга ылайык жалпыга жетимдүү маалымат катары ачылуучу баалуу кагаздардын ээлери жөнүндө маалымат жашыруун болуп эсептелбейт.

 (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2013-жылдын 5-августундагы № 188, 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

50-берене. Фондулук биржа жана баалуу кагаздар рыногундагы сооданы уюштуруу боюнча иш

1. Фондулук биржанын сатыктын катышуучуларынын ортосундагы баалуу кагаздар жана башка инструменттер менен болгон бүтүмдү жасоого түрткү болгон кызмат көрсөтүү боюнча иши баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу боюнча иш деп таанылат.

2. Фондулук биржа өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында жүзөгө ашырат.

3. Фондулук биржанын катышуучулары болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык брокердик жана (же) дилердик ишти жүзөгө ашырууга укугу бар баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары эсептелет. Фондулук биржа сатыктын бештен кем эмес катышуучусуна ээ болушу керек.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана фондулук биржанын ички документтеринде каралган учурларда финансылык инструменттердин айрым түрлөрү боюнча сатыкка ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкары башка адамдарга да жол берилиши мүмкүн. Сатыктын (сатык сессиясынын) бир түрүнө катышкан фондулук биржанын сатыгынын катышуучулары тең укукка ээ. Фондулук биржанын сатыгына катышуу тартиби фондулук биржанын ички документтери менен аныкталат.

5. Фондулук биржа төмөндөгүдөй ички документтерди бекитүүгө милдеттүү:

- баалуу кагаздарды соодалоонун эрежесин;

- баалуу кагаздар листингинин эрежесин;

- фондулук биржа тарабынан алынуучу жыйымдарды, мүчөлүк акыларды жана башка төлөмдөрдү төлөөнүн өлчөмүн жана тартибин;

- сатыктын катышуучуларынын бааларды манипулациялоо боюнча аракетин чектеген эрежени;

- фондулук биржанын маалыматын алуунун тартибин.

Баалуу кагаздарды соодалоонун эрежеси төмөндөгүлөрдү камтышы керек:

- соода системасы аркылуу баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун тартибин жана сатык жүргүзүүнүн шарттарын;

- сатыктын катышуучуларына карата коюлуучу талапты, сатыкка катышууга киргизүүгө карата жана сатыктын катышуучусунун катарынан чыгаруунун тартибин;

- баалуу кагаздарды сатыкка киргизүүнүн тартибин;

- сатыкты токтотуп туруунун жана жаңылоонун тартибин;

- фондулук биржада түзүлгөн бүтүмдөрдү аткаруунун тартибин;

- сатыктын катышуучуларынын ортосундагы, ошондой эле сатыктын катышуучуларынын жана фондулук биржанын ортосундагы талаштарды кароонун тартибин.

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен баалуу кагаздарды соодалоо эрежелерине жана фондулук биржанын ички документтерине карата кошумча талаптар коюлушу мүмкүн.

Баалуу кагаздарды соодалоо эрежелери, ошондой эле аларга карата толуктоолор жана өзгөртүүлөр баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен милдеттүү макулдашууга жатат жана макулдашуудан кийин күчүнө кирет.

6. Фондулук биржа биржалык соода эрежесин, ошондой эле бул фондулук биржага кайрылгандардын баалуу кагаздарынын тизмесин, алар менен түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматты (бүтүмдүн катышуучулары жөнүндө маалыматтан тышкары) жана биржалык көрсөткүчтөрдү ар кандай кызыккан жактардын таанышуусу үчүн берүүгө милдеттүү.

7. Бир жана ошол эле эмитенттин баалуу кагаздарын сатуу бир нече фондулук биржалардын соода системасында ишке ашырылышы мүмкүн. Мындай баалуу кагаздарды башка фондулук биржада саткандыгынын себеби боюнча фондулук биржада баалуу кагаздарды сатууну чектөөгө жол берилбейт. Эгерде бир эмитенттин баалуу кагаздары бир нече фондулук биржаларда сатылса, анда фондулук биржалар алардын соода системаларында түзүлгөн бүтүмдөр боюнча мындай баалуу кагаздардын баасы жөнүндө бири-бирине билдирүүгө тийиш.

8. Баалуу кагаздардын листингине минималдуу талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

9. Фондулук биржадагы бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык токтотулушу мүмкүн.

10. Фондулук биржанын кызматкерлери бул фондулук биржанын сатыгынын катышуучулары болуп саналган баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучуларынын кызматкерлери боло алышпайт. Фондулук биржанын кызматкерлери аткаруучу иш-милдеттер башка адамдарга берилиши мүмкүн эмес.

11. Фондулук биржа төмөндөгү алуулардын өлчөмүн жана тартибин өз алдынча белгилейт:

- фондулук биржа көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн сатыктын катышуучулары тарабынан киргизилген мүчөлүк акыларды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү;

- баалуу кагаздардын листинги жана алардын фондулук биржанын котировалдык барагында болушу үчүн жыйымдарды;

- баалуу кагаздарды соодалоонун эрежелеринин талаптарын жана фондулук биржанын башка ички документтерин бузгандык үчүн төлөнүүчү айыптарды.

12. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарын фондулук биржада сактоого контролду жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген, 3төн ашпаган биржалык инспекторду дайындоого милдеттүү.

13. Фондулук биржа баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу боюнча ишти иштин башка түрү менен, клирингдик жана депозитардык ишти кошпогондо, ошондой эле валюталык биржанын, товардык биржанын иши менен айкалыштырууга укугу жок.

 (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 38 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

51-берене. Баалуу кагаздар рыногунда сатыкты уюштуруу боюнча ишти жана депозитардык ишти жүргүзүүчү баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына кошумча талаптар

Баалуу кагаздар рыногунда сатыкты уюштуруу боюнча ишти жана депозитардык ишти жүргүзүүчү баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына кошумча талаптар төмөнкүлөрдү камтыйт:

- реалдуу мезгил режиминде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалымат берүүнү камсыздоо үчүн тиешелүү операциялык эрежелердин жана техникалык потенциалдын болушун;

- сатыктар процессинде катышуучулардын жана катталган субъекттердин ишин көзөмөлдөөнү камсыздоо үчүн жетиштүү чараларды, ошондой эле алар фондулук биржанын талаптарын аткарууну камсыздоочу чараларды;

- алдамчылык аракеттерди болтурбоо жана баалуу кагаздар рыногунун катышуучулары тарабынан тиешелүү операциялык эрежелерди сактоо боюнча мониторинг жүргүзүү максатында баалуу кагаздар рыногунда көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү болгон тиешелүү талаптарды жана ыйгарым укуктарды аныктоочу ички документтерди;

- кесиптик ишти жүзөгө ашырууга, клирингге жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерди башкаруу үчүн жетиштүү каражаттардын (механизмдердин) болушун;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка талаптарды.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

52-берене. Баалуу кагаздар рыногунда иштин кесипкөй түрлөрүн айкалыштыруу

1. Инвестициялык фонддун иши, ошондой эле баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча иш өзгөчө болуп саналат жана баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй иштин башка түрлөрү менен айкалышпайт.

2. Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иштин төмөнкү түрлөрүн айкалыштырууга жол берилет:

- брокердик иш, дилердик иш жана инвестициялык ишенимдүү активдерди башкаруу боюнча иш;

- депозитардык иш, клирингдик иш жана баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу иши.

3. Эгерде бир эле юридикалык жак тарабынан кесипкөй иштин бир нече түрү айкалыштырылганда, алардын ар бирин жүзөгө ашыруу үчүн бул юридикалык жак тийиштүү лицензияга (клирингдик иштерди кошпогондо) жана өзүнчө бир структуралык бөлүктөргө ээ болууга тийиш.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

53-берене. Номиналдык кармоочу

1. Номиналдык кармоочу төмөнкүдөй мүлктүк укуктарды жүзөгө ашырышы мүмкүн:

- баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу (алмаштыруу);

- эгерде келишимде каралса, кардардын атынан баалуу кагаздар боюнча кирешелерди алуу.

Баалуу кагаздардын номиналдык кармоочусу катары депозитарий жана брокер чыгышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын резиденти (чет өлкөлүк депозитарий) болуп эсептелген, өз өлкөсүндө депозитардык ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы (же аны алмаштыруучу документи) бар жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын депозитарийлерге карата коюлуучу талаптарына ылайыктуу депозитарий, ошондой эле номиналдык кармоочу болуп чыга алат.

2. Депозитарий болуп саналбаган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу башка номиналдык кармоочунун кызыкчылыгында баалуу кагаздардын номиналдык кармоочусу катары чыга албайт.

3. Баалуу кагаздарды номиналдык кармоого өткөрүп берүү өзүнүн артынан баалуу кагаздарга менчик укугун номиналдык кармоочуга өткөрүп берүүгө алып келбейт.

4. Номиналдык кармоочунун кардарларынын баалуу кагаздары номиналдык кармоочунун кредиторлорунун пайдасына алып коюуга жатпайт.

5. Номиналдык кармоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:

- ал баалуу кагаздардын номиналдык кармоочусу болуп саналгандардын кызыкчылыгында жактын (же анын өкүлүнүн) тапшырмасы боюнча жана бул адам менен түзүлгөн келишимге ылайык баалуу кагаздар менен бүтүм жасоого;

- ал башка жактардын кызыкчылыгында өзүнчө баланстан тышкаркы эсептерде кармаган баалуу кагаздардын эсебин жүргүзүүгө;

- ал баалуу кагаздардын номиналдык кармоочусу болуп саналган жактын (же анын өкүлүнүн) талабы боюнча баалуу кагаздарды кармоочулардын реестриндеги анын өздүк эсебине же депозитарийдеги депо эсебине өткөрүп берүүгө;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларында белгиленген мөөнөттөрдө Реестрди кармоочунун, депозитарийдин жана баалуу кагаздардын ээлери жөнүндө маалыматты ачып берүүгө;

- бул баалуу кагаздар боюнча төлөнүүчү төлөмдөрдү алган учурдан тартып 3 жумушчу күндөн кем эмес убакта өзү баалуу кагаздардын номиналдык кармоочусу катары эсептелген жактын кызыкчылыгында бул жөнүндө ага билдирүүгө, анын эсебине бул баалуу кагаздардан улам алынган каражаттарды андан тиешелүү тапшырма алгандан тартып үч жумуш күндүн аралыгында которууга милдеттүү.

54-берене. Андеррайтер

1. Андеррайтер катарында брокер же дилер гана чыга алат.

2. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Андеррайтер төмөнкү иш-милдеттерди аткарат:

1) баалуу кагаздардын ачык эмиссиясын даярдоо:

- баалуу кагаздардын ачык эмиссиясын өткөрүү жөнүндө эмитенттин ниети тууралуу ачык жарыялоо;

- инвестициялык кеңешчи жана (же) эмитент менен биргеликте баалуу кагаздардын ачык эмиссиясынын шарттарын аныктоо жана документтерди иштеп чыгуу;

- баалуу кагаздардын ачык эмиссиясынын алдын ала баалоо, баалуу кагаздарды таркатуу боюнча эмитенттер жана инвесторлор ортосунда байланыштарды түзүү;

- (бешинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) баалуу кагаздарды сатуу:

- баалуу кагаздарды инвесторлорго сатуу;

- жарнак кампаниясын өткөрүү;

- андеррайтердин формаларына жараша - баалуу кагаздардын жайгаштырууда аларды сатып алууга кепилдик берүү;

- аналитикалык жана изилдөөчүлүк колдоо.

4. Келишим боюнча андеррайтер же андеррайтерлер тарабынан баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрү да каралышы мүмкүн.

5. Келишимде андеррайтерге баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн бардык түрлөрү үчүн сыйлык акынын өлчөмү каралууга тийиш.

6. Андеррайтерлердин төмөнкүлөргө укугу жок:

- потенциалдуу инвесторлорго аларды кызыктыруу жана алардын инвестициялык чечим кабыл алуусуна таасир этүү максатында туура эмес маалымат берүүгө;

- эмитентке жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча бурмаланган же чындыкка жооп бербеген отчетту, ошондой эле туура эмес же толук эмес маалыматты камтыган проспектти берүүгө;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталбаган проспектти пайдаланууга жана таркатууга;

- (бешинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өткөргөнгө чейин жарнамалык кампанияны өткөрүүгө же баалуу кагаздарды ачык сунуштоого;

- эмитент жөнүндөгү баалуу кагаздарды ачык сунуштоого байланышпаган маалыматты көрсөтүүгө.

7. Андеррайтер (андеррайтерлердин тобу) анын укуксуз иш-аракеттеринин натыйжасында эмитентке зыян келтирилген учурда эмитенттин алдында толук мүлктүк жоопкерчиликти тартат.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 5-августундагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-глава
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын милдеттенмелери

55-берене. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кардарларга маалыматтарды ачып бериши

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

- өзүнүн кардарына анын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бар маалыматты ачып берүүгө;

- кардарга баалуу кагаздар жана алардын эмитенти тууралуу (баалуу кагаздар рыногундагы коммерциялык жана кызматтык жашыруун сырды камтыган маалыматтан башка) бардык маалыматты баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү түзүүгө карата буйрукту алган учурда тааныштырууга мүмкүндүк берүүгө;

- өзүнүн кардарына аталган кардардын буйругу боюнча финансылык инструменттер менен болгон бүтүмдөрдү жүргүзүү процессинде кызыкчылыктардын чыр-чатагы пайда болгон фактылар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кабарлоого;

- өзүнүн кардары түзүүгө ниеттенген финансылык инструменттер менен болуучу бүтүмдөргө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген чектөөлөр жана өзгөчө шарттар жөнүндө кабарлоого;

- өзүнүн кардарына анын талабын аткаруудан баш тартуунун себебин түшүндүрүүгө;

- кардарларга эмитенттен алынган жана жайылтууга арналган маалыматтарды жеткирүүгө;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген көлөмдө жана тартипте лицензиаттын ишине тиешелүү маалыматты кардарларга ачып берүүгө.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

56-берене. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун отчеттуулугу жана маалыматты ачып берүү

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга лицензия алууда көрсөтүлүүчү документтерге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолорду билдирүүгө;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча зарыл болгон, мыйзам тыюу салбаган маалыматты берүүгө.

Алынган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан башка убакта жарыя кылынбоого тийиш.

2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу бир жылдык жана кварталдык отчет формасында маалыматты мезгилдүү түрдө ачып берүүгө милдеттүү, анын курамында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квартал үчүн финансылык отчеттуулугунда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маалыматтар камтылышы керек.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

57-берене. Фондулук биржанын маалыматын ачып берүү жана анын отчеттуулугу

1. Фондулук биржа ар кандай кызыкдар жактарга төмөндөгүдөй маалыматтарды ачып берүүгө милдеттүү;

- баалуу кагаздар рыногунда фондулук биржа тарабынан кызмат көрсөтүүнү сунуштоонун расписаниесин;

- фондулук биржанын котировалдык баракчасына кирген баалуу кагаздардын тизмеси, ошондой эле алардын эмитенттеринин отчеттуулугу жана башка маалыматты;

- фондулук биржадагы бүтүмдөр жөнүндө маалыматты;

- фондулук биржанын индексинин маанисин;

- фондулук биржанын ички документтерин.

2. Фондулук биржада түзүлгөн ар бир бүтүм жөнүндө бардык кызыкдар жактарга төмөндөгүдөй маалымат берилет:

- бүтүмдү түзүүнүн күнү жана убактысы;

- бүтүмдүн предмети болуп эсептелген баалуу кагаздардын аталышы;

- баалуу кагаздын бирөөнүн баасы;

- баалуу кагаздардын саны.

3. Фондулук биржа сатыкка катышуучулар үчүн баалуу кагаздар сатыгына киргизилген сатыктардын расписаниеси, баалуу кагаздардын котировкалары, сатык сессияларынын натыйжалары жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

4. Фондулук биржа өзүнүн Интернет-бетинде ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө келтирилген маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

5. Фондулук биржа Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүгө милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

58-берене. Баалуу кагаздар рыногундагы финансылык кеңештер

1. Эгерде мындай кеңештер кардардын инвестициялык максаттарына, анын финансылык абалына жана талаптарына пайдалуу болсо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу кардарларга баалуу кагаздарды инвестициялоо боюнча кеңештерди бере алат.

2. Эгерде чыр-чатак кардардын кызыкчылыгына тиешеси бар болсо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу кызыкчылыктардын ар кандай олуттуу чыр-чатактары бар экенин кардарга ачып берүүгө милдеттүү.

10-глава
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдары

 

59-берене. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюму

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюму - ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актыларына ылайык иштөөчү кесиптик уюм болуп саналган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын бирикмеси.

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары тарабынан түзүлгөн уюм баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген уруксаттын негизинде өзүн өзү жөнгө салуучу статуска ээ болот.

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмунун статусун алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюму 5тен кем эмес мүчө болгон учурда түзүлөт.

2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюму:

- өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдун эрежелерин жана ички ченемдик документтерин, анын ичинде милдеттүү тартиптик кодексти, уюмга анын уставы, мүчөлүк эрежелери жана ички ченемдик актылары жүктөгөн ар кандай ыйгарым укуктарына ылайык мүчөлөрүнүн аткаруусун иликтейт;

- уюмдун мүчөлөрүн окутат жана сертификациялоону жүргүзөт;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен болгон талкууларда өзүнүн мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын көрсөтөт;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тапшырылган милдеттерди аткарат;

- ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ушул Мыйзамды аткарууга карата кабыл алынган башка милдеттерди аткарат.

3. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюму өзүнүн ишин белгилүү бир мөөнөткө чейин же белгисиз бир мөөнөткө чейин жүзөгө ашырат.

4. Өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдун ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдун эрежелерине ылайык аныкталат.

Өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдун эрежелери, ошондой эле аларга карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

60-берене. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмунун милдеттери

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюму төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзүнүн мүчөлөрү кетирген тартип бузуулар жана аларга карата көрүлгөн чаралар жөнүндө кабарлоого;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүгө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык өзүнүн иши жөнүндөгү маалыматты ачып берүүгө.

2. Өзүн өзү жөнгө салуучу уюм баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын ичинде анын кызматкерлерине баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча алардын иш-милдеттерин аткарышына көмөктөшүүгө милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

61-берене. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмунун ишин токтото туруу жана токтотуу

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уюмдун уставына ылайык уюмдун мүчөлөрү кабыл алган чечимдин негизинде өзүнүн ишин токтотууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары өзүн өзү жөнгө салуучу уюм тарабынан бузулган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укугу бар:

- аныкталган укук бузуулар ал тарабынан четтетилгенге чейин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөткө, бирок 3 айдан ашык эмес өзүн өзү жөнгө салуучу уюмга уруксатты колдонушун токтото турууга;

- өзүн өзү жөнгө салуучу уюмга берилген уруксатты кайра алууга.

Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмуна карата көрүлгөн чаралардын себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

11-глава
Баалуу кагаздарга карата тыюу салынган иш-аракеттер

 

62-берене. Инсайдарлерге бүтүмдөрдү түзүүгө тыюу салуу

1. Баалуу кагаздардын эмитентинин инсайдерлери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- эмитенттин кызмат адамдары;

- эмитенттин ири акционери;

- өзүнүн кызматтык абалынан, эмгектик милдеттенмелеринен, эмитент менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимден же ал тарабынан аткарылуучу көзөмөлдүк, контролдук же башка ыйгарым укуктардан улам жашыруун маалыматтарга уруксаты болгон адам;

- атайылап же көзкарандысыз шарттарда жашыруун маалыматтан кабардар болгон же алынган маалыматтын мүнөзү жөнүндө билген же билүүгө милдеттүү болгон жогоруда көрсөтүлгөн жактарга байланышкан жактар.

2. Инсайдерлерге, ошондой эле алардын аффилирленген жактарына төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- жашыруун маалыматты өз кызыкчылыгында же башка бир үчүнчү жактардын кызыкчылыктарында пайдалануу аркылуу баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү жасоого;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары жашыруун маалыматты же ага негизделген маалыматты үчүнчү жактарга берүүгө же үчүнчү жактарга жеткиликтүү кылууга;

- жашыруун маалыматка негизделген баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө сунуштарды үчүнчү жактарга берүүгө.

3. Эмитенттин инсайдеринен же анын аффилирленген жагынан жашыруун маалыматты алуучу ар кандай жак, эгерде аталган жак маалыматты алган учурда же баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүү учурунда маалымат жашыруун мүнөзгө ээ экендигин билип калса же шектенсе, аталган маалыматтын негизинде бул эмитенттин баалуу кагаздары менен бүтүмдөрдү түзүүгө укугу жок.

4. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна төмөнкү шарттарда эмитенттин баалуу кагаздары менен бүтүмдөрдү түзүүгө тыюу салынбайт:

- эгерде баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүүнү жүзөгө ашырып жаткан кесипкөй катышуучу кардардын агенти катары белгилүү бир бүтүмдү жүргүзүү үчүн кардардын көрсөтмөлөрүнө ылайык катышканда;

- эгерде баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу кардар инсайдерден алынган маалыматтын негизинде аракеттенгендигинен кабардар болбогондо;

- эгерде баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу баалуу кагаздарды тескөө боюнча кеңеш бербегенде;

- эгерде кардар кесипкөй катышуучу менен байланышкан же аффилирленген адамы болбогондо.

63-берене. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун тыюу салынган иш-аракеттери

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына баалуу кагаздар рыногундагы бааларды манипуляциялоого тыюу салынат:

2. Баалуу кагаздарды сатууда же сатып алууда инвесторлорго түрткү берүү максатында сунуштун жана суроонун объективдүү катышынын натыйжасында баалуу кагаздар рыногунда орноп калган бааны, соода активдүүлүгүн жогорулатууга же төмөндөтүүгө арналган иш-аракет баалуу кагаздар рыногунда бааларды манипуляциялоо деп таанылат, анын ичинде:

- буйруктарды көрсөтүү;

- бүтүмдөрдү жасоо;

- жалган маалыматтарды таркатуу.

3. Баалуу кагаздар рыногунда бааларды манипуляциялоо фактысы сот тарабынан белгиленет.

12-глава
Баалуу кагаздар рыногундагы жоопкерчилик

 

64-берене. Инвестордун жоопкерчилиги (тобокелдиги)

Инвестициялардын объектисин, формасын жана өлчөмүн тандап алуу инвестордун өзүнүн жоопкерчилиги (тобокелдиги) болуп эсептелет, тийиштүү түрдө, баалуу кагаздарга, анын ичинде акцияларга салынган өздүк инвестицияларын коргоого жоопкерчиликти (тобокелдикти) инвесторлордун (акционерлердин) өздөрү тартышат.

65-берене. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актыларын бузгандыгы үчүн жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартылат.

2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуудан улам келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга тийиш.

3. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3-1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда проспектти мамлекеттик каттоосуз өткөрүлгөн баалуу кагаздарды ачык сунуштоо мыйзамсыз болуп эсептелет.

Мыйзамсыз ачык сунуштоонун натыйжасында алынган инвесторлордун каражаттары инвесторлорго кайтарылууга жатат.

Баалуу кагаздарды мыйзамсыз ачык сунуштоодон алынган кирешелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте инвесторлорго кайтарылып берилүүчү сумманы чыгарып салуу менен республикалык бюджетке алынууга жатат.

4. Баалуу кагаздар рыногунда лицензиясыз жүзөгө ашырылган кесипкөй иш мыйзамсыз болуп эсептелет.

Баалуу кагаздар рыногундагы лицензиясыз ишти жүзөгө ашырган кесипкөй катышуучулардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Лицензиясыз иштен алынган кирешелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте республиканын бюджетине алынууга тийиш.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 5-августундагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-глава
Башка шарттар

 

66-берене. Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чаралар

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга милдеттүү.

2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланышы бар деп болжолдонгон ишти тапкан учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул жөнүндө финансылык чалгындоо органына дароо кабарлайт.

(КР 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

67-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап 6 ай өткөндө күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 6 айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 504-ст.);

- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 20-ст.);

- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 917-ст.).

4. 50 же андан ашуун адам акцияларына ээлик кылган компаниялар жана (же) ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин баалуу кагаздарды ачык жайгаштырууну жүзөгө ашырган компаниялар, ошондой эле ачык акционердик коомдор ушул Мыйзамга ылайык ачык компаниялар деп таанылат жана ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап 2 жылдын аралыгында өзүнүн ишин ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө милдеттүү.

Ушул Мыйзамга ылайык ачык компаниялар деп таанылган компаниялар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап 2 жылдын аралыгында ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ачык компания статусунан баш тартууга укуктуу.

5. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй Катышуучулары ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап 6 айдын аралыгында өздөрүнүн ишин ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө милдеттүү.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев