Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2009-жылдын 23-январы № 14

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

            Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
                    толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү

     2008-жылдын 4-декабрында            Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

                1-берене.

     Кыргыз Республикасынын  "Электр  энергетикасы  жөнүндө"  Мыйзамына
("Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, №8.) төмөнкүдөй толуктоо-
лор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
     1. 2-статьянын  он  жетинчи  абзацындагы "же берүүчү" деген сөздөн
кийин "электр энергиясын жана" деген сөздөр менен толукталсын.
     2. 2-статья  төмөнкүдөй  мазмундагы  жыйырма  биринчи жана жыйырма
экинчи абзацтар менен толукталсын:
     "Энергетикалык кызмат-берүү, бөлүштүрүү, сатуу, сактоо (электр жа-
на жылуулук энергиясын сактоодон башка) жана энергоресурстарды ташуу;
     Электроэнергия -  бир эле мезгилде аны өндүрүү жана керектөө менен
мүнөздөлгөн,  берилген  чектердеги   анын   параметрлерин   ар   дайым,
үзгүлтүксүз жана сапаттуу сактоону талап кылган өзгөчө түрдөгү товар;".
     3. 15-1-статьянын 3-пунктундагы "кызмат көрсөтүү" деген сөз "энер-
гетикалык кызмат көрсөтүүлөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     4. 16-статьянын  бешинчи  абзацындагы жана 17-беренедеги ар кандай
жөндөмөдөгү жана сандык формадагы "көрсөтүлүүчү кызматтын" деген сөздөр
"тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандарда "энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр-
дүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     5. 21-статьяда:
     төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "алардын сапатын кошо эсептегенде,  энергетикалык кызмат  көрсөтүү
жана  электр энергиясын берүү үчүн тарифтерди белгилөө боюнча дискрими-
нациялоого тыюу салынат;";
     алтынчы абзацтагы  "кызмат  көрсөтүүнүн"  деген  сөздөр  "берилген
электр энергиясынын жана  энергетикалык  кызмат  көрсөтүүлөрдүн"  деген
сөздөр менен алмаштырылсын;
     сегизинчи абзацтагы  "кызмат  көрсөтүү"  деген  сөздөр   "берилген
электр  энергиясы  жана  энергетикалык кызматтардын" жана "кызматтын ар
кандай түрлөрүн же керектөөчүлөрдө тандоо мүмкүнчүлүгү болбогон ар кан-
дай  сапаттагы  кызмат  көрсөтүү"  деген сөздөр "керектөөчүлөрдө тандоо
мүмкүнчүлүгү болгон учурларда энергетикалык кызматтын  түрлөрүнүн  жана
сапатынын же электр энергиясынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
     6. 22-статьянын аталышындагы "керектөөчүлөргө" деген сөздөрдөн ки-
йин "электр энергетикалык жана энергетикалык" деген сөздөр менен толук-
талсын.
     7. 23-статьядагы  "кызмат көрсөтүлүүчү" деген сөздөр "электр энер-
гиясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

     2-берене.

     1996-жылдын 30-октябрындагы №56 "Энергетика жөнүндө" Кыргыз  Рес-
публикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин.
     9-статьянын 9-пунктундагы "энергетикалык кызмат көрсөтүүлөргө" де-
ген сөздөрдөн кийин "жана электр энергиясына" деген сөздөр менен толук-
талсын.

     3-берене.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев