Бишкек шаары
2009-жылдын 24-февралы № 62
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2009-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Жарчысы, 2002-ж., № 10, 437-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-статьянын 3-пунктундагы ", Жогорку Кењештин депутаттарынын ке-
минде жети адамдан турган, бир дагы депутаттык бирикмеге кирбеген тобу"
деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев