Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2010-жылдын 10-февралы № 25

                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

              Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана
           "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга
          киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
              өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө

     2009-жылдын 17-декабрында           Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-берене.

     Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин Жарчысы,  2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
киргизилсин:
     1. 125-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй  редакцияда
берилсин:
     "1. Салык кызматы органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик
каттоону  жана транспорт каражаттарын каттоону жүзөгө ашыруучу органдар
менен төмөнкүлөр жөнүндө жазуу же электрондук түрүндө маалымат алуу жо-
лу менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат:".
     2. 323-328-беренелер төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
     "323-берене. Мүлк салыгын төлөөчү

     1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса,  ушул Кодекстин 324-бе-
ренесинде көрсөтүлгөн, төмөнкүлөргө ээ болгон уюм же жеке адам мүлк са-
лыгын төлөөчү болуп саналат:
     1) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган салык салынуучу мүлк
менчигинде болсо:
     2) финансылык ижара келишиминин же ипотекалык кредиттөөнүн чегинде
сатып  алынган,  Кыргыз  Республикасынын аймагында ушул мүлккө ээ болуу
укугу пайда болгон айдан кийинки айдын биринен баштап  катталган  мүлкү
болсо.
     2. Эгерде мүлктүн менчик ээсинин  турган  жерин  аныктоого  мүмкүн
болбосо,  мүлк  салыгын  төлөөчү болуп мындай мүлктү пайдаланган уюм же
жеке адам саналат.
     3. Мүлккө  укук  катталбаган  учурда  мүлктү иш жүзүндө пайдалануу
пайдалануучуну мүлк салыгын төлөөчү катары таануу үчүн негиз болуп  са-
налат.
     4. Бекитип берилген мүлктү  оперативдүү  башкарган  же  менчигинде
мүлкү болгон мамлекеттик органдар,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандары,  мамлекеттик мекемелер,  бюджеттен каржыланган жана/же  атайын
каражаттары бар муниципалдык мекемелер,  Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкы,  депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик орган, Депозиттерди кор-
гоо  фонду,  Кыргыз  Республикасынын  Социалдык  фонду мүлк же анын бир
бөлүгү келишим боюнча мамлекеттик ишканаларга, муниципалдык ишканаларга
жана башка юридикалык же жеке жактарга акы төлөп же акысыз пайдаланууга
берилгенден башка учурларды,  ошондой эле мүлктү эс алуу,  бош убакытты
өткөрүү жана  көњүл ачуу үчүн пайдалангандан башка учурларды кошпогондо
мүлк салыгын төлөөчүлөр болуп саналбайт.
     Ушул бөлүктө  көрсөтүлгөн  субъекттер  өткөрүп берген мүлктөн мүлк
салыгын мүлктү акы төлөп  же  акысыз  пайдаланууга  берген  жак,  андай
мүлктү пайдаланууга алган жактан алат.
     5. Эгер ушул Кодекстин 324-беренесинде көрсөтүлгөн 1-топтогу  жана
биргелешкен  менчигинде турган мүлк объекти боюнча тараптардын ортосун-
дагы келишимде башкасы каралбаса,  ошол мүлктөгү өзүнүн пропорционалдык
үлүшүнө жараша ар бир мүлк ээси салык төлөөчү болуп саналат.

     324-берене. Салык салуу объектиси

     1. Төмөндөгүлөрдө  турган мүлктөр мүлк салыгы салынуучу объект бо-
луп саналат:
     1) мамлекеттик  менчикте  мамлекеттик  ишканаларга  чарба жүргүзүү
укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда,  ал эми мекемелерге - опера-
тивдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;
     2) муниципалдык менчикте муниципалдык ишканаларга  чарба  жүргүзүү
укугунда,  ал  эми  мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда бекитип
берилгендер;
     3) жеке менчикте.
     2. Салык салынуучу мүлккө төмөнкү объекттер кирет:
     1) 1-топ: ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган, турук-
туу же убактылуу жашоо үчүн арналган  турак  үйлөр,  квартиралар,  дача
үйлөрү;
     2) 2-топ:  турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү, пансионаттар, эс
алуу үйлөрү,  санаторийлер,  курорттор,  өндүрүштүк,  администрациялык,
өнөр жайлык,  ошондой эле ишкердик ишти жүргүзүү үчүн арналган  жана/же
пайдаланылган башка капиталдык курулуштар;
     3) 3-топ:  ишкердик ишти жүргүзүүгө арналган жана/же пайдаланылган
киоскалар,  контейнерлер  сыяктуу металл же башка конструкциялардан жа-
салган убактылуу жайлар;
     4) 4-топ: транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар
жана механизмдер.
     3. Салык  салуу объектиси болуп саналбаган мүлк объекттеринин тиз-
меги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин профилдик комитети  менен
макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

     325-берене. Салыктык база

     Төмөнкүлөр мүлк салыгынын салыктык базасы болуп саналат:
     1) ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн  1-,  2-
жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн, - ушул бөлүмдө белгиленген тар-
типте аныкталуучу мүлк объекттеринин салык салынуучу наркы;
     2) ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 4-топто-
гу мүлк объекттери үчүн:
     а) ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштөөчүлөр үчүн, - кыймылдат-
кычтын жумушчу көлөмү же баланстык наркы;
     б) ичинен  күйүүчү  кыймылдаткычы жоктор үчүн,  - баланстык наркы.
Ушул бөлүмдүн максаты үчүн  Кыргыз  Республикасынын  бухгалтердик  эсеп
жөнүндө мыйзамдарына ылайык амортизацияны эске алуу менен эсептелинген,
мүлк салыгы  боюнча  салыктык  мезгилдин  башына карата мүлк объектинин
наркы баланстык нарк катары түшүнүлөт;
     в) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсептик наркы жоктор үчүн,  -
Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү  белгилеген тартипке ылайык аныкталуучу
нарк.

     326-берене. Салыктык мезгил

     Мүлк салыгы боюнча календардык жыл салыктык мезгил болуп саналат.

     327-берене. Мүлк объектинин салык салынуучу наркын аныктоо
                 тартиби

     1. Ушул  Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 1-,  2-
жана 3-топтордогу мүлк объекттеринин  салык  салынуучу  наркын  эсептөө
төмөнкүдөй формула боюнча жүзөгө ашырылат:

     СН = С х А х Кр х Кз х Ко, мында:

     СН - мүлк объектисинин салык салынуучу наркы, сом.
     С  - мүлк объектисинин аянтынын бир квадрат метринин салык салыну-
          учу наркы, сом/кв.м;
     А  - 1-топтогу мүлк  объекттеринин  ушул Кодекстин 330-беренесинин
          1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салынууга жатпаган аянты-
          на  азайтылган  1-топтогу мүлк объектисинин жалпы аянты же 2-
          же 3-топтогу мүлк объектисинин жалпы аянты, кв.м;
     Кр - объекттин салык салынуучу наркынын Кыргыз Республикасынын ай-
          магындагы турган жерине жараша өзгөрүшүн эске алган региондук
          коэффициент;
     Кз - объекттин салык салынуучу наркынын калктуу  конуштагы  турган
          ордуна жараша өзгөрүшүн эске алуучу зоналык коэффициент;
     Ко - 2- жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн  колдонулуучу  тар-
          мактык коэффициент.  Башка топтордогу мүлк объекттери үчүн Ко
          1ге барабар деп кабыл алынат.
     2. 1-,  2- жана 3-топтордогу мүлк объекттеринин бир  квадрат  метр
аянтынын салык салынуучу наркы дубалынын материалына жана мүлк объектин
эксплуатацияга берген жылга жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
-----------------------------------------------------------------------
|    Дубалдардын материалы   | Эксплуатациялоо мөөнөтү | Баалоо наркы |
|                            |                         |  1 кв.м, сом |
|----------------------------|-------------------------|--------------|
|Кирпич                      |5 жылга чейин            |    15000     |
|                            |5-15 жыл                 |    14000     |
|                            |15-30 жыл                |    13000     |
|                            |30-45 жыл                |    12000     |
|                            |45 жылдан ашуун          |    10000     |
|----------------------------|-------------------------|--------------|
|Жыгач                       |5 жылга чейин            |    13000     |
|                            |5-15 жыл                 |    12000     |
|                            |15-30 жыл                |    11000     |
|                            |30-45 жыл                |    10000     |
|                            |45 жылдан ашуун          |     8000     |
|----------------------------|-------------------------|--------------|
|Курама жана монолиттүү бетон|5 жылга чейин            |    14000     |
|жана темир бетон, бетон     |5-15 жыл                 |    13000     |
|блоктор, кум блоктор,       |15-30 жыл                |    12000     |
|пеноблоктор, айнек          |30-45 жыл                |    11000     |
|                            |45 жылдан ашуун          |    10000     |
|----------------------------|-------------------------|--------------|
|Чийки топо (саман, гувелек, |5 жылга чейин            |    10000     |
|сокмо)                      |5-15 жыл                 |     9000     |
|                            |15-30 жыл                |     8000     |
|                            |30-45 жыл                |     6000     |
|                            |45 жылдан ашуун          |     5000     |
|----------------------------|-------------------------|--------------|
|Шлакоблок, полистиролдук    |5 жылга чейин            |     9000     |
|курулуш блогу               |5-15 жыл                 |     8000     |
|                            |15-30 жыл                |     7000     |
|                            |30-45 жыл                |     6000     |
|                            |45 жылдан ашуун          |     5000     |
|----------------------------|-------------------------|--------------|
|Металл                      |30 жылга чейин           |    10000     |
|                            |30 жылдан ашуун          |     8000     |
|----------------------------|----------------------------------------|
|Башка материалдар жана      |                               4000     |
|убактылуу жайлар үчүн       |                                        |
|материалдар                 |                                        |
-----------------------------------------------------------------------
     3. Мүлк объектисинин салык салынуучу наркын эсептөөдө мүлк  объек-
тисинин дубалдарында басымдуулук кылган дубал материалдары негиз катары
кабыл алынат. Басымдуу материалдарды аныктоо тартиби Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
     4. 1-топтогу мүлк объектиси үчүн жалпы аянт кыймылсыз мүлккө укук-
тарды  каттоону  жүзөгө  ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү,
салык  төлөөчүнүн  кыймылсыз  мүлк  бирдигинин  техникалык  паспортунда
көрсөтүлгөн,  ички ченөө боюнча мүлк объектисинин жалпы аянтынын өлчөмү
жөнүндө маалыматтардын негизинде аныкталат.
     Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда ички ченөө боюнча
мүлк объектисинин жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтар жок  болгон
учурда жалпы аянт сырткы ченөө боюнча аныкталат.
     5. 2- жана 3-топтордогу мүлк  объекттери  үчүн  мүлк  объектисинин
жалпы аянты ишкердик ишти:  товарлар чыгарууну,  кызмат көрсөтүүнү, жу-
муштарды аткарууну,  товардык-материалдык байлыктарды  сактоону  жүзөгө
ашыруу  үчүн  пайдаланылган  кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жүзөгө
ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, салык төлөөчүнүн кыймыл-
сыз  мүлкүнүн бирдигинин техникалык паспортунда көрсөтүлгөн администра-
циялык,  өндүрүштүк жана кампа жайларынын жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө
маалыматтардын базасында аныкталат.
     6. Мүлккө укукту каттоо жок болгон жана/же мүлк  объектиси  боюнча
салык  төлөөчү  аныктаган салык базасы жана/же функциялык арналышы жана
салык органдары башка булактардан алган документтик маалыматтарда айыр-
мачылык  чыккан  учурда  мүлк  объектисинин дубалдарынын материалы жана
аянты салык салуу максатында Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү  тарабынан
белгиленген тартипте тийиштүү салык органынын, кыймылсыз мүлк объектте-
рине укукту каттоо боюнча мамлекеттик органдын,  жергиликтүү өз алдынча
башкаруу  органдарынын ыйгарым укук берилген өкүлдөрүнүн жана мүлк объ-
ектисин иш жүзүндө пайдаланган пайдалануучулар курамына кирген комиссия
тарабынан  жүргүзүлгөн  1-,  2- же 3-топтогу мүлктүн объектисинин тышкы
периметри боюнча физикалык ченөөгө жараша аныкталат.
     Ченөөнүн жыйынтыгы үч нускадагы акты менен таризделип,  алар салык
органына мүлк объектиси боюнча салыктык милдеттенменин суммасын аныктоо
үчүн,  тиешелүүлүгүнө  жараша  кыймылсыз мүлк объекттерин каттоо боюнча
аймактык органга, ошондой эле мүлк объектисин пайдалануучуга берилет.
     7. Кр региондук коэффициенти төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
-----------------------------------------------------------------------
|   Облустардын жана   | Кр мааниси | Облустардын жана  | Кр мааниси  |
|  райондордун аталышы |            |райондордун аталышы|             |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Баткен облусту        |            |Бакай-Ата району   |    0,2      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Баткен району         |   0,2      |Кара-Буура району  |    0,2      |
|----------------------|------------|---------------------------------|
|Лейлек району         |   0,2      |Нарын облусту                    |
|----------------------|------------|---------------------------------|
|Кадамжай району       |   0,2      |Нарын ш.           |    0,3      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Кызыл-Кыя ш.          |   0,1      |Ак-Талаа району    |    0,1      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Сүлүктү ш.            |   0,1      |Ат-Башы району     |    0,1      |
|-----------------------------------|-------------------|-------------|
|Жалал-Абад облусту                 |Жумгал району      |    0,1      |
|-----------------------------------|-------------------|-------------|
|Аксы району           |   0,2      |Кочкор району      |    0,2      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Ала-Бука району       |   0,2      |Нарын району       |    0,2      |
|----------------------|------------|---------------------------------|
|Базар-Коргон району   |   0,2      |Ош облусту                       |
|----------------------|------------|---------------------------------|
|Ноокен району         |   0,2      |Алай району        |    0,2      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Сузак району          |   0,3      |Араван району      |    0,3      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Тогуз-Торо району     |   0,1      |Кара-Кулжа району  |    0,2      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Токтогул району       |   0,1      |Кара-Суу району    |    0,6      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Чаткал району         |   0,1      |Ноокат району      |    0,3      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Жалал-Абад ш.         |   0,8      |Өзгөн району       |    0,3      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Майлуу-Суу ш.         |   0,1      |Чоњ-Алай району    |    0,1      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Кара-Көл ш.           |   0,1      |Ош ш.              |    0,9      |
|----------------------|------------|---------------------------------|
|Таш-Көмүр ш.          |   0,1      |Чүй облусту                      |
|-----------------------------------|---------------------------------|
|Ысык-Көл облусту                   |Аламүдүн району    |    0,8      |
|-----------------------------------|-------------------|-------------|
|Ак-Суу району         |   0,3      |Жайыл району       |    0,4      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Жети-Өгүз району      |   0,3      |Ысык-Ата району    |    0,4      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Ысык-Көл району       |   0,3      |Кемин району       |    0,3      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Тоњ району            |   0,2      |Москва району      |    0,4      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Түп району            |   0,2      |Панфилов району    |    0,2      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Каракол ш.            |   0,6      |Сокулук району     |    0,7      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Балыкчы ш.            |   0,3      |Чүй району         |    0,4      |
|-----------------------------------|-------------------|-------------|
|Талас облусту                      |Токмок ш.          |    0,6      |
|-----------------------------------|-------------------|-------------|
|Манас району          |   0,1      |Кара-Балта ш.      |    0,6      |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Талас району          |   0,2      |                   |             |
|----------------------|------------|-------------------|-------------|
|Талас ш.              |   0,4      |Бишкек ш.          |    1,0      |
-----------------------------------------------------------------------
     8. Зоналык Кз коэффициентинин мааниси Бишкек,  Ош жана  Жалал-Абад
шаарларынан башкаларда 1ге барабар болот.
     Зоналык Кз коэффициентинин маанилерин жана Бишкек жана Ош  шаарла-
рындагы  нарктык зоналардын чектерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин профилдик  комитетине  макулдашуу
боюнча 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмдө,  салыктык мезгилдин ичинде бир жо-
лудан кем эмес,  үстүдөгү жылдын 1-октябрынан кеч эмес мөөнөттө  белги-
лейт.
     9. Ко тармактык (функциялык)  коэффициенти  төмөнкүдөй  өлчөмдөрдө
белгиленет:
-----------------------------------------------------------------------
|    Тармактык таандыгы (объекттин функциялык арналышы)   |  Мааниси  |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Мейманканалар, оюн-зоок жайлар, ломбарддар, алмаштыруу   |    1,6    |
|пункттары                                                |           |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Май куюучу станциялар                                    |    1,4    |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Чакан-базарлар, базарлар, соода-рыноктук борборлор,      |    1,0    |
|комплекстер                                              |           |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү|    0,8    |
|ишканалар                                                |           |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, |    0,7    |
|темир жол транспортунун жүк станциялары                  |           |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Администрациялык, офистик  имараттар, бизнес-борборлор,  |    0,6    |
|банктар                                                  |           |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Транспорт ишканасы, автосервис, байланыш жана энергетика |    0,5    |
|ишканалары                                               |           |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар                         |    0,3    |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар                       |    0,3    |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү               |    0,2    |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Өнөр жай, курулуш ишканалары                             |    0,2    |
-----------------------------------------------------------------------
     10. Мүлк  объектинин  тармактык  таандыктыгы (функциялык арналышы)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аныкталат.
     11. Эгер Кр, Кз, Ко коэффициенттери белгиленбесе, алардын мааниле-
ри 1ге барабар болот.

     328-берене. Салыктын ставкасы

     Салыктын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
     1) 1-топтогу  мүлк  объекттери үчүн - салык салынуучу базанын 0,35
пайызы;
     2) 2- жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн - салык салынуучу ба-
занын 0,8 пайызы;
     3) 4-топтогу мүлк объекттери үчүн:
     а) ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштегендер:
-----------------------------------------------------------------------
|    Транспорттун түрү     |Даярдоочу завод чыгарган|Кыймылдаткычынын |
|                          |     жылды кошкондо     |жумушчу көлөмүнүн|
|                          |   пайдалануу мөөнөтү   |ар бир 1 куб.см  |
|                          |                        |үчүн сом менен   |
|                          |                        |салыктын ставкасы|
|--------------------------|------------------------|-----------------|
|Жењил автомобилдер, жењил |5 жылга чейин           |      0,90       |
|автомобилдердин           |5тен 10 жылга чейин     |      0,75       |
|базасындагы фургондор жана|10дон 15 жылга чейин    |      0,60       |
|пикаптар                  |15 жылдан ашык          |      0,45       |
|--------------------------|------------------------|-----------------|
|Жүк автомобилдери,        |5 жылга чейин           |      0,75       |
|автобустар,               |5тен 10 жылга чейин     |      0,60       |
|микроавтобустар           |10дон 15 жылга чейин    |      0,45       |
|                          |15 жылдан ашык          |      0,30       |
|--------------------------|------------------------|-----------------|
|Өзү жүрүүчү машиналар     |15 жылга чейин          |      0,30       |
|жана/же механизмдер:      |15 жылдан ашык          |      0,15       |
|тракторлор, комбайндар,   |                        |                 |
|жол-курулуш машиналары    |                        |                 |
|анын ичинде: айыл чарба   |15 жылга чейин          |      0,10       |
|өндүрүшүндө пайдаланылуучу|15 жылдан ашык          |      0,05       |
|өзү жүрмө машиналар       |                        |                 |
|жана/же механизмдер       |                        |                 |
|(тракторлор жана          |                        |                 |
|комбайндар                |                        |                 |
|--------------------------|------------------------|-----------------|
|Мотоциклдер,              |10 жылга чейин          |      0,15       |
|мотороллерлор, мопеддер,  |10 жылдан ашык          |      0,09       |
|моточаналар жана моторлуу |                        |                 |
|кайыктар, катерлер,       |                        |                 |
|кемелер, теплоходдор      |                        |                 |
|--------------------------|------------------------|-----------------|
|Яхталар жана суу          |5 жылга чейин           |      1,8        |
|мотоциклдери              |5 жылдан ашык           |      1,2        |
-----------------------------------------------------------------------
     б) ушул берененин 3-пунктунун "а" пунктчасында  каралбаган  ичинен
күйүүчү  кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жоктор - ба-
ланстык наркынан 0,5 пайыз;
     в) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жоктор - ушул
Кодкстин 325-беренесинин 2-пунктунун "в" пунктчасына ылайык аныкталуучу
наркынан 0,5 пайыз.".
     3. 329-берене күчүн жоготту деп табылсын.
     4. 330-333-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "330-берене. Салык боюнча жењилдиктер

     1. Төмөнкүлөр салык салууга жатпайт:
     1) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белги-
ленген  тартипте  күчүнө  кирген  эл  аралык  келишимдерге  ылайык  чет
өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана
эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн мүлк объекттери;
     2) ушул объекттин менчик ээсине таандык,  төмөнкү өлчөмдөн ашпаган
1-топтогу бир мүлк объектисинин аянты:
-----------------------------------------------------------------------
|Калктуу конуштарда калктын санына жараша мүлккө салык салынбоочу     |
|1-топтогу мүлк объектисинин аянты, кв.м                              |
|---------------------------------------------------------------------|
|  Мињ адам        |5ке  |5тен |10дон|20дан|50дөн|100дөн|200дөн| 500  |
|                  |чейин|10го |20га |50гө |100гө|200гө |500гө | жана |
|                  |     |чейин|чейин|чейин|чейин|чейин |чейин | андан|
|                  |     |     |     |     |     |      |      | ашык |
|------------------|-----|-----|-----|-----|-----|------|------|------|
|Турак үй, дача үй,| 360 | 330 | 300 | 270 | 240 | 210  |  180 | 150  |
|кв.м.             |     |     |     |     |     |      |      |      |
|------------------|-----|-----|-----|-----|-----|------|------|------|
|Квартира, кв.м.   | 290 | 260 | 230 | 200 | 170 |  140 |  110 |  80  |
-----------------------------------------------------------------------
     3) I  жана  II  топтогу  майыптар  коомунун,  Кыргыз  азиздер жана
дүлөйлөр коомунун уюмдарынын, мында майыптар, азиздер жана дүлөйлөр иш-
тегендердин жалпы санынын 50 пайыздан кем эмесин түзсө жана алардын эм-
гек акысы жалпы эмгек акы төлөө фондунун 50 пайыздан кем эмесин  түзсө,
ошондой эле жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин жана ишканаларынын
мүлк объектилери.  Аталган ишканалардын тизмеги Кыргыз  Республикасынын
Өкмөтү тарабынан аныкталат;
     4) илим,  билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, социал-
дык  жактан камсыздоо жана балдарды же улгайып калган курактагы аз кам-
сыз болгон жарандарды коргоо чөйрөсүндө  иштерди  жүргүзүүчү  уюмдардын
2-топтогу мүлк объекттери.
     2. Мүлк салыгын төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
     1) "Кыргыз  Республикасынын  Баатыры" деген Кыргыз Республикасынын
эњ жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган  адамдар,  Советтер  Союзунун
жана  Социалисттик  Эмгектин Баатырлары,  баатыр энелер,  үч даражадагы
Дањк жана Эмгек дањкы ордендери менен сыйлангандар,  Улуу Ата  Мекендик
согуштун   катышуучулары  жана  майыптары,  Афганистандагы  жана  башка
өлкөлөрдөгү согушка мамлекеттер аралык  макулдашуулар  боюнча  катышкан
аскер кызматчылары, же болбосо СССРди, Кыргыз Республикасын коргоодо же
аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузи-
янын же мертинүүнүн кесепетинен, же болбосо майданда болушуна байланыш-
туу оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчыларынын  ичинен  ма-
йыптар, аскер кызматчыларынын аталган категорияларына пенсиялык камсыз-
доо боюнча тењештирилген башка майыптар, Улуу Ата Мекендик согуштун ма-
йыптарынын  жесирлери,  ошондой  эле I жана II топтогу майыптар - салык
салуу объектиси болуп эсептелген бирден гана 1 жана/же  4-топтогу  мүлк
объектиси  же  мүлккө салыктан бошотулган адамдын менчик үлүшүнө Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык  туура  келүүчү  мүлк  объектисинин
бөлүгү боюнча.
     Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн адамдар мүлктүн тиешелүү салык  салынуучу
объектиси боюнча төлөөгө эсептелген мүлк салыгынын суммасынын 50 пайызы
өлчөмүндө 1 жана/же 4-топтогу мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат;
     2) мотоколяскасы  же  кол менен башкарылуучу автомобили бар майып-
тар, - ушул автотранспорт каражаты боюнча.
     3. Ушул  берененин  2-бөлүгүндө  каралган жењилдиктер төмөнкүлөргө
берилет:
     1) отчеттук  салыктык мезгилдин 1-августуна чейин жењилдикке укугу
пайда болгондо - отчеттук салыктык мезгилге;
     2) отчеттук салыктык мезгилдин 1-августунан кийин жењилдикке укугу
пайда болгондо - отчеттук мезгилден кийинки салыктык мезгилге.
     4. Жергиликтүү кењештер төмөнкүлөргө укуктуу:
     1) салык төлөөчү ал жеткис  күчтүн  кесепетинен  материалдык  зыян
тарткан  учурларда 3 жылга чейинки мөөнөткө мүлккө салык төлөөдөн толук
же жарым-жартылай бошотууга;
     2) өндүрүш көлөмүн жана/же чыгарылуучу продукцияны кайра иштетүүнү
жылына 30,0 миллион сомдон кем эмес камсыз кылган шартта продукция  чы-
гаруу  жана/же кайра иштетүү боюнча иш жүргүзүүчү жањыдан түзүлгөн уюм-
дар үчүн 5 жылга чейин мөөнөткө мүлк салыгын төлөөдөн бошотууга.
     5. Күрөөгө коюлуп,  банктын менчигине кабыл алынган мүлк ушул мүлк
банктын менчигине кабыл алынган күндөн тартып мүлк объектисин пайдалана
баштаган күнгө чейинки же ушул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жа-
раша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө  күрөөгө
коюлган  мүлктү сатуу күнүнө чейинки мезгилге мүлк салыгын төлөөдөн бо-
шотулат.
     6. Салык  төлөөчү  түздөн  түз мүлк объектисинин алдында жайгашкан
жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон жер салыгынын сум-
масына  мүлк салыгынын суммасын азайтууга,  бирок ушул мүлк объектисине
карата эсептелген мүлккө салыктын суммасынан жогору эмес суммада  азай-
тууга укугу бар.

     331-берене. Салыкты эсептөө тартиби. Салык милдеттенмесин алуу
                 күнү

     1. Мүлк салыгын  эсептөөнү  ушул  Кодекстин  ушул  бөлүмүндө  жана
37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык салык төлөөчү өз
алдынча жүргүзөт.
     2. Эгер ушул беренеде башкасы каралбаса,  жањы курулуш объектисине
же анын бөлүгүнө карата мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелер объ-
ектти пайдаланууга алган күндөн кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып же
ушул окуялардын кайсынысы мурда  болгонуна  жараша  объектти  пайдалана
баштаган күндөн тартып келип чыгат.
     3. Реконструкцияланган объектке же анын бөлүгүнө карата мүлк салы-
гы  боюнча салыктык милдеттенмелер жањы салык салынуучу нарк боюнча ки-
йинки айдын биринчи  күнүнөн  тартып  келип  чыгат.  Объектти  же  анын
бөлүгүн пайдаланууга алган күнгө чейин объекттин мурунку салык салынуу-
чу наркы колдонулат.
     Реконструкция жүргүзүлүп жатка объект боюнча 2-топтогу мүлк объек-
тисин же анын бөлүгүн пайдалануу  токтотулган  учурда  реконструкциялоо
боюнча  иштерди  жүргүзүү мезгилине мүлк салыгы реконструкциялоо боюнча
иштер башталган айдын биринчи күнүнөн тартып ушул объект ишке киргизил-
ген айдан кийинки айдын бирине чейин мүлккө салык эсептелбейт.
     4. Эгер 1-топтогу жањы курулуштун мүлк объекти көп квартиралуу ту-
рак үй пайдаланууга берилсе, бирок пайдаланылбай турса, анда мүлк салы-
гы боюнча мүлктүк милдеттенме ар бир квартираны өзүнчө пайдалана башта-
ган күндөн кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып келип чыгат.

     332-берене. Салык төлөө тартиби жана мөөнөтү

     1. Салык төлөөчү - жеке адам төмөнкүлөргө салык төлөйт:
     1) 1-топтогу мүлк объекттерине - мүлк объектиси эсептик  каттоодон
өткөн  жери  же жайгашкан жери боюнча үстүдөгү жылдын 1-сентябрынан кеч
эмес мөөнөттө;
     2) 4-топтогу  мүлк  объекттерине  -  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
аныктаган мөөнөттө, бирок техникалык кароодон өткөнгө чейинки мезгилде,
ошондой эле  мүлк  объектисине менчик укугу толук же жарым-жартылай бе-
рилгенде жыл ичинде мүлк объектисинин жањы ээсине ушундай өткөрүп берүү
таризделген учурда  -  мүлк  объектиси катталган же убактылуу катталган
жер боюнча.
     2. Уюмдар жана жеке ишкерлер төмөнкү салыктарды төлөшөт:
     1) 2- жана 3-топтогу мүлк обьекттерине үстүдөгү жылдын ичинде бир-
дей үлүштөр менен квартал сайын үстүдөгү кварталдын үчүнчү айынын 20сы-
на чейинки мөөнөттө мүлк обьектиси турган жер боюнча, ал эми Бишкек ша-
арынын чегинде - салык төлөөчү салыктык катталган жер боюнча;
     2) 4-топтогу мүлк обьекттерине  -  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү
аныктаган мөөнөттө,  бирок техникалык кароодон өткөнгө чейинки мезгилде
- тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган обьекти каттаган жер боюн-
ча.
     3. 1-,  2- жана 3-топтордогу мүлк обьекттерине ээлик кылуунун  жа-
на/же  пайдалануунун иш жүзүндөгү мезгили үчүн төлөөгө тийиш болгон са-
лыктын суммасы ушул укукту өткөрүп берген салык төлөөчү тарабынан укук-
ту  мамлекеттик каттоо күнүнө чейин же ошол күнү бюджетке төгүлүүгө ти-
йиш.  Мында мүлк обьектисинин алгачкы ээси мүлк обьектисин өткөрүп бер-
ген  ай башталганга чейин үстүдөгү жылдын 1-январынан тартып эсептелген
салыктын суммасын төлөйт.
     Мүлк салыгынын андан кийинки салык төлөөчүсү мүлк обьектисине уку-
гу пайда болгон айдын башынан тартып эсептелген  мезгил  үчүн  салыктын
суммасын төлөйт.
     Мүлк обьектисине укукту  мамлекеттик  каттоодо  төлөнгөн  салыктын
жылдык  суммасы  макулдашуу  боюнча тараптардын бири тарабынан бюджетке
төгүлүшү мүмкүн. Андан ары мүлк обьектисине укукту мамлекеттик каттоодо
төлөнгөн салыктын суммасы экинчи жолу төлөнбөйт.
     Мүлк салыгы төлөнбөгөн учурда мүлк обьектисине менчик укугу мамле-
кеттик катталганга чейин же ошол учурда ушул берененин талаптарына ыла-
йык укук өткөрүп берилген толук салык мезгили үчүн мүлккө  салык  төлөө
боюнча милдеттенме кийинки салык төлөөчүгө жүктөлөт.
     4. Банк мекемеси жок алыскы жана кыйындык  менен  жетүүчү  калктуу
пункттар  үчүн  мүлккө  салыктын  суммасын  жеке адам тарабынан ыйгарым
укуктуу салык органы белгилеген тартипте салык органына  төлөөсүнө  жол
берилет.
     5. Салык төлөөчү мүлк салыгы боюнча  төмөнкүдөй  маалыматтык  эсеп
берет:
     1) 1, 2- жана 3-топтордогу мүлк обьектилери үчүн:
     а) үстүдөгү жылдын 1-мартына чейин - уюмдар жана жеке ишкерлер;
     б) үстүдөгү жылдын 1-майына чейин -  жеке  ишкерлерди  кошпогондо,
жеке адамдар;
     2) 4-топтогу мүлк объектилери үчүн Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү
белгилеген мөөнөттө.
     6. Маалыматтык эсептин формасы жана толтуруу тартиби ыйгарым укук-
туу салык органы тарабынан аныкталат.
     7. Ушул Кодекстин 331-беренесинин 2-,  3- жана 4-бөлүктөрүндө  ка-
ралган учурларда салык төлөөчү:
     1) мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенме пайда болгон күнү  маа-
лыматтык эсеп берет;
     2) мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенме пайда болгон  күнү  са-
лыкты  төлөйт,  бирок ушул берененин 1- жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген
мүлккө салыкты төлөө мөөнөтүнөн эрте эмес.

     333-берене. Мүлк салыгы боюнча маалыматка жеткиликтүүлүк

     1. Ар бир салык төлөөчү салыкты эсептөө  боюнча  маалыматка  эркин
жетүү укугуна ээ, ал төмөнкүлөрдө камтыйт;
     1) мүлк обьектисинин салык салынуучу наркын аныктоо тартибин;
     2) белгиленген региондук, зоналык жана тармактык коэффициенттердин
өлчөмүн;
     3) калктуу пункттун аймагын нарктык зоналарга бөлүүнү;
     4) мүлк салыгы алынбоочу мүлк обьектисинин аянтынын өлчөмүн;
     5) салык ставкасын.
     2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалымат бардык дењгээл-
деги  салык  кызматы  органдарында  ачык  жете  алгыдай  жерлерде салык
төлөөчүнү тааныштыруу үчүн, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын
ачык веб-сайтында жайгаштырылат.".
     5. 339-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
     "4. Кз  зоналык коэффициентинин мааниси жергиликтүү кењештер тара-
бынан калктуу конуштун экономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө
жараша  үстүдөгү жылдын 1-октябрынан кеч эмес мөөнөттө жылына бир жолу-
дан көп эмес 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмдө белгиленет.".
     6. 341-берененин  1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "327-берененин 8-бөлү-
гү" деген сөздөр "339-берененин 4-бөлүгү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

     2-берене.

     Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-
шинин Жарчысы,  2008-ж.,  № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана то-
луктоо киргизилсин:
     3-беренеде:
     2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
     "2. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса,  2010-жылдын 1-январы-
нан тартып 1-,  2- жана 3-топтогу мүлк объекттери  боюнча  мүлк  салыгы
киргизилсин.";
     3-бөлүктөгү "2011" деген цифралар "2012" деген цифраларга алмашты-
рылсын;
     берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-7-бөлүктөр менен толукталсын:
     "4. Эгерде турак үй, квартира, дача үйү турак жай катары убактылуу
пайдаланууга (ижарага) берилсе,  анда бул объект 2012-жылдын 1-январына
чейин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгилен-
ген салык салынуучу мүлк обьектисинин 1-тобуна киргизилет.
     5. 2010-жылдын 1-январынан 2012-жылдын 1-январына чейинки мезгилге
Кыргыз Республикасынын  Салык  кодексинин  324-беренесинде  белгиленген
1-топтогу  мүлк объектилери боюнча мүлк салыгын эсептөөнүн төмөнкү тар-
тиби белгиленсин:
     1) ушул  берененин максаты үчүн мүлк салыгынын өлчөмү төмөнкү фор-
мула боюнча эсептелет:

     СӨ = СБӨ х Кр х Кз, мында:

     СӨ         - салыктын өлчөмү;
     СБӨ        - ушул бөлүктүн 2- жана 3-пункттарына ылайык эсептелген
                  1-топтогу  мүлк  обьектиси  боюнча  салыктын  базалык
                  өлчөмү;
     Кр жана Кз - Кыргыз Республикасынын  Салык  кодексинин 327-берене-
                  синде белгиленген коэффициенттер.
     2) Бишкек жана Ош шаарлары үчүн салыктын базалык өлчөмү:
-----------------------------------------------------------------------
|        | Квартиранын жалпы аянты| Туруктуу жана убактылуу жашоо үчүн|
|        |                        | арналган турак үйдүн, дача үйүнүн |
|        |                        |          жалпы аянты              |
|        |------------------------|-----------------------------------|
|        |   80  | 150дөн |  200  | 150дөн | 250дөн |  350   |  450   |
|        |  150  |  200   | кв/м  |  250   |  350   |  450   | кв.м   |
|        | кв.м  | кв.м   | жогору|  кв.м  |  кв.м  | кв.м   | жогору |
|        | чейин | чейин  |       | чейин  |  чейин | чейин  |        |
|--------|-------|--------|-------|--------|--------|--------|--------|
|Салыктын| 4000  |  6000  | 8000  | 6000   | 10000  | 14000  | 20000  |
|базалык |  сом  |   сом  |  сом  |  сом   |  сом   |  сом   |  сом   |
|өлчөмү  |       |        |       |        |        |        |        |
-----------------------------------------------------------------------
     3) Бишкек жана Ош  шаарларын  кошпогондо,  райондор  жана  калктуу
пункттар үчүн салыктын базалык өлчөмү:
-----------------------------------------------------------------------
|        | Квартиранын жалпы аянты| Туруктуу жана убактылуу жашоо үчүн|
|        |                        | арналган турак үйдүн, дача үйүнүн |
|        |                        |          жалпы аянты              |
|        |------------------------|-----------------------------------|
|        |150дөн 250 | 250 кв.м   |250дөн 350| 350дөн 450 | 450 кв.м  |
|        |кв.м чейин |  жогору    |кв.м чейин| кв.м чейин |  жогору   |
|--------|-----------|------------|----------|------------|-----------|
|Салыктын|  4000 сом |  6000 сом  | 8000 сом |  12000 сом | 16000 сом |
|базалык |           |            |          |            |           |
|өлчөмү  |           |            |          |            |           |
-----------------------------------------------------------------------
     6. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 330-беренесинин 4-бөлү-
гүнүн 1-пунктунда  жана 6-бөлүгүндө белгиленген жењилдиктерди кошпогон-
до, 1-топтогу мүлк обьекттери үчүн мүлк салыгы боюнча салык жењилдикте-
ри ушул беренеге ылайык мүлккө салыкты эсептөөдө колдонулбайт.
     7. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлү-
гүндөгү 2010-жылга жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-бе-
ренесинин 4-бөлүгүндөгү  2009-2010-жылдарга көрсөтүлгөн зоналык коэффи-
циенттин мааниси  ушул  Мыйзам  күчүнө  кирген учурдан тартып бир айдын
ичинде колдонулат.".

     3-берене.

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейин  өзүнүн
чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

     4-берене.

     Ушул Мыйзам  1-берененин  5-  жана  6-пункттарын кошпогондо,  алар
2009-жылдын 1-январынан баштап күчүнө  кирет.  2010-жылдын  1-январынан
тартып күчүнө кирет.
     Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса,  1-топтогу мүлк объекттери
боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 325-беренесинде, 327-бе-
ренесинин 1  -  3-бөлүктөрүндө,  328-беренесинде  жана  331-беренесинин
1-бөлүгүндө каралган нормалар 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө ки-
рет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев

     2009-жылдын 17-декабрында           Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган