Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\ef839fc1-d8bd-494b-90f7-cd650f796d5c\document.files\image001.jpg

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

 

2010-жылдын 21-апрели УӨ № 17

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине кошумча нарк салыгы бөлүгүндө өзгөртүүлөр
 жана толуктоо киргизүү тууралуу жана 2010-жылдын 12-мартындагы № 48
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табуу тууралуу

         (КР Убактылуу Өкмөтүнүн
            2010-жылдын 23-августундагы УӨ № 123
            Декретинин  редакциясына ылайык)

 

Салык саясатын калктын турмушунун иш жүзүндөгү деңгээлине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

240-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"1. Жеке жакка тиричилик максаттар үчүн канализация, лифт, катуу жана суюк калдыктарды чыгаруу кызматтарын пайдалануу боюнча беримдер, ошондой эле ысык жана муздак сууну, жылуулук энергияны, электр энергияны жана газды, анын ичинде суюлтулган газ баллондорду беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелинет.";

Кодекс төмөнкү мазмундагы 263-1-берене менен толукталсын:

"263-1-берене. Айыл чарбасына жарактуу жерлерди сугаруунун, калкты

ичүүчү суу менен камсыз кылуунун үстүндө иштеген

насос станцияларын электр менен жабдууга

байланышкан кызматтар

 

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди сугаруунун, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуунун үстүндө иштеген насос станцияларын электр менен жабдууга байланышкан кызматтар КНСтин нөлдүк ставкасы менен көрсөтүүлөр болуп саналат.";

282-берененин 4-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"4. Салык салынуучу субъект чекене сатуу пункттарынан накталай акчага сатканда, ошондой эле ушул берененин үчүнчү бөлүгүнө ылайык жумуштарды аткарганда жана кызматтар көрсөткөндө КНСтин эсеп-фактурасы айдын аягында бир жолу толтурулат.".

2. 2010-жылдын 12-мартындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул Декрет 2010-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.                                                                         

       

     (КР Убактылуу  Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-августундагы УӨ № 123  декретинин редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

 Р. Отунбаева