Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык

2019-жылдын 1-январынан тартып

КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

Бишкек шаары

2010-жылдын 1-июлу УӨ № 93

 

          КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

 

           Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик алым жөнүндө"

              Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

                           киргизүү тууралуу

 

     1-берене.

 

     Кыргыз Республикасынын  "Мамлекеттик алым жөнүндө" Мыйзамына (Кыр-

гыз Республикасынын   Жогорку   Кењешинин   Жарчысы,  2007-ж., № 7-8-9,

722-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

     1. 1-беренесинин биринчи абзацындагы "нотариаттар" деген сөз "мам-

лекеттик нотариустар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

     - "ыйгарым  укуктуу  органдар"  деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле

жеке нотариустар" деген сөздөр менен толукталсын.

     2. 7-беренеде:

     - үчүнчү абзацындагы "нотариатка" деген сөздөр "мамлекеттик  нота-

риуска" деген сөздөргө алмаштырылсын;

     - төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

     "- жеке  нотариуска кайрылганда 90 процент өлчөмү жергиликтүү бюд-

жетке, 10 процент өлчөмү - жеке нотариустун карамагына түшөт;".

 

     2-берене.

 

     Бул Декрет 2010-жылдын 22-мартынан баштап күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын

     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева