Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2010-жылдын 12-августу УӨ № 120

          КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

           А.Акаевди кол тийбестик укугунан ажыратуу жөнүндө

     2005-жылдагы март революциясынан кийин, элдин чечкиндүү талаптары-
на  ылайык  прокуратура  органдары  тарабынан  Кыргыз   Республикасынын
экс-президенти А.Акаевге карата бир катар кылмыш иштери козголгон,  бул
кылмыш иштеринде ага элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы  жосун-
дарды  жасаган  деген айып тагылган.  Аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу
жана Россия Федерациясынан экстрадициялоо,  кылган кылмыштары үчүн шек-
сиз  жазалоо  принцибин  толугу  менен аткаруу маселелери бүгүнкү күндө
ачык бойдон калууда, себеби А.Акаев кол тийбестик укугуна ээ.
     2010-жылдын апрелиндеги  окуялардан  кийин  А.Акаев  өзүнүн берген
көптөгөн интервьюларында элдик кыймылга, К.Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык
режимин кулатууга тиешеси бар экендигин билдирүүгө, тагылган айыптардан
качып, өзүнүн башкарган жылдарын демократиянын жана адилеттиктин үлгүсү
катары көрсөтүүгө аракеттенүүдө.  Ошол эле убакта анын билдирүүлөрү ча-
гымчылык мүнөздө болуп жатат,  себеби анын билдирүүлөрү  республикадагы
коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталып, иш жүзүндө реванш алуу-
ну көксөп жаткан "үчүнчү" күчтөрдүн деструктивдүү аракеттери үчүн  сиг-
нал болууда.
     А.Акаев, анын үй-бүлөсү жана жакындары башкарган убакта  түптөлгөн
үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун негиздери К.Бакиевдин убагында ого бетер
күчөгөндүгү Кыргызстандын элине белгилүү. Өлкөнүн мурдагы президенттери
улуттук   кызыкчылыктарды   сатып,   жеке   кызыкчылыкты  гана  көздөп,
үй-бүлөсүн байытууну максат кылып башкарышкан. Эл талап кылгандай, алар
кылмыш жообуна тартылышы керек.
     Биринчи кезекте,  А.Акаев жеке бийликти  орнотуу  аракетин  жасап,
бийликтин бирден бир туткасы болгон элдин укугуна кол салды.
     Эгемен Кыргызстандын 1993-жылы кабыл алынган жањы Конституциясында
бардык бийлик бутактары менен президенттин ортосундагы тењ салмактуулук
жана бирин бири токтотуп туруу системасы каралган,  демек бийлик бутак-
тарынын бири да бүткүл бийликке ээ боло алган эмес. Бирок "легендарлуу"
парламент кабыл алган Конституция Кыргыз Республикасынын алгачкы Прези-
денти А.Акаевдин көњүлүнө туура келбей калып,  А.Акаевдин Конституцияны
өзгөртүү боюнча андан аркы иш-аракеттери жеке  бийликти  чыњдоого  жана
күчөтүүгө багытталды.
     Кыргыз Республикасынын 1993-жылдагы Конституциясына ылайык негизги
мыйзамга  өзгөртүүлөрдү Жогорку Кењеш гана киргизе алган.  Президенттин
ыйгарым укуктарын күчөтүү жөнүндө сунушун  депутаттык  корпус  колдоого
албасын  алдын ала билген А.Акаев 1994-жылы Конституцияга өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду референдум жолу менен киргизсе болот  деген  норманы
киргизген.  Андан  кийин  ал  өзүнүн  ыйгарым  укуктарын  кењейтүү жана
күчөтүү үчүн жана жеке бийлигин мыйзамдаштыруу  үчүн  референдумду  бир
нече жолу колдонду.
     Андан соњ А.Акаев 1993-жылдагы Конституциянын 1996-жылдагы  редак-
циясын одоно түрдө бузду,  бул Конституцияда бир эле адам эки мөөнөттөн
ашык катары менен президент боло албайт деп так жана ачык жазылган. Би-
рок  А.Акаев  кол  баласына айланган Конституциялык соттун корутундусун
пайдаланып,  өзүнүн иш-аракеттерин мыйзамдуу кылып көрсөтүп,  2000-жылы
президенттик  үчүнчү  мөөнөткө  талапкерлигин койду.  А.Акаевдин мындай
иш-аракеттери бийликти басып алуу деп бааланууга тийиш.
     Экс-президент А.Акаев оор кылмыш кылган. Кыргыз-кытай чек арасынын
линиялары маселеси боюнча анын кылмыштуу, барына макул позициясынын ке-
сепетинен аталышы кыргыз элине байыртадан эле таандык экендигин айгине-
леп турган кыргыз жерлери Кытайга өтүп кетти.  Ал өзүнүн элге каршы че-
чимин ал тургай таанышуу үчүн берилген чыныгы архивдик документтер тур-
са да өзгөрткөн жок.  А.Акаев 1996-жылдын 4-июлунда кол  койгон  Кыргыз
Республикасы  менен  Кытай  Эл Республикасынын ортосундагы Кыргыз-кытай
чек арасы жөнүндө макулдашууга ылайык Кытайга жалпы аянты болжол  менен
358,7  квадрат  километрди  түзгөн  Жањы-Жер  (Сары-Жаз  суусунун бою),
Боз-Айгыр-Кожонт (Какшаал суусунун жээктери),  Хан-Тењири тоосунун эте-
ги,  Эњилчек  (мөњгү)  участоктору өтүп кеткен.  Кыргыз-кытай чек арасы
жөнүндө 1999-жылдын 26-августундагы кошумча макулдашууга  ылайык  аянты
болжол  менен  872,0 квадрат километрди түзгөн Үзөњгү-Кууш участогу Кы-
тайга өтүп кеткен. Кыргыз Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын жа-
на  Казакстан  Республикасынын  ортосундагы Үч мамлекеттин чек арасынын
кесилишкен чекити жөнүндө 1999-жылдын 26-августундагы макулдашууга ыла-
йык кыргыздардын туу туткан символу жана сыймыгы,  Кыргыз Республикасы-
нын аймагында жайгашкан Хан-Тењири тоосу үч мамлекетке бөлүнүп калган.
     2001-жылдын 15-декабрында А.Акаев кыргыз-казакстан мамлекеттик чек
арасы жөнүндө келишимге кол койгон,  ага  ылайык  Кара-Буура  районунун
Көк-Сай участкасы, Маймак карьери, Ысык-Ата районунда, стратегиялык ма-
анидеги Бишкек-Торугарт трассасында жайгашкан, аянты 12 гектарды түзгөн
Достук  участогу  жана кыргыз эли үчүн өзгөчө тарыхый мааниге ээ болгон
Каркыра жайлоосунун 500 гектары Казакстанга өтүп кеткен.
     А.Акаев бүткүл бийликти басып алып,  өзү көзөмөлдөп турган Өкмөткө
таянып жана сот органдарынын унчукпаган макулдугу  менен  Кыргызстандын
табигый байлыктарын жана көп киреше берүүчү ишканаларын өзү каалагандай
тескеп турган.
     Мына ушундай  кылмыштуу иш-аракеттеринин кесепетинен дүйнөдөгү ири
алтын кени болгон Кумтөр кени тендер өткөрүүсүз жана  Жогорку  Кењештен
ратификацияланбай  туруп  1994-жылы "Камеко Корпорэйшн" аттуу чет элдик
инвесторго Кыргызстан үчүн абдан пайдасыз шарттарда берилген.  Бул дол-
боордун  экономикалык жактан натыйжасыздыгы көптөгөн эксперттер тарабы-
нан далилденүүдө. А.Акаевдин үй-бүлөсүнүн мына ушундай коррупцияга бат-
кандыгынын кесепетинен Кыргызстандын бюджетине ондогон, жүздөгөн милли-
ард сом түшпөй калган.
     2004-жылы Макулдашуу  боюнча  долбоорду  башкаруу  кыргыз  тарапка
өтмөк. Бирок А.Акаевдин, анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын кызыкчылы-
гы Кыргызстандын бүткүл элинин кызыкчылыгынан жогору коюлуп,  анын айы-
нан 2003-жылы Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду  реструктури-
зациялоо жөнүндө "Камеко Корпорэйшн" корпорациясынын сунушу кабыл алын-
ган.  Чет элдик инвестордун Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо боюнча
сунушу  Жогорку  Кењештин жүйөлүү түрдө каршы болгондугуна карабай жана
анын макулдугусуз кабыл алынган, ал тургай мыйзамдарга ылайык колдонуу-
дагы  макулдашууну өзгөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин макулдугу талап кылынаары эске да алынган эмес.
     Кумтөр долбоору  боюнча мурда кол коюлган макулдашуулар Кыргызстан
үчүн канчалык пайдасыз болгондугу 2005-жылдагы март революциясынан  ки-
йин далилденди,  ошол учурда инвестор мурда колдонулган макулдашууларды
кайрадан карап чыгууга аргасыз болду.  Кыргыз тараптын акцияларынын са-
нынын  жана  Ысык-Көл  облусунун  өнүктүрүү  фондуна акча которуулардын
көбөйүшү, Кумтөр долбоорунан бюджетке түшкөн акчанын бир нече эсеге көп
болуп калышы макулдашууларды кайрадан карап чыгуунун жана жањы макулда-
шууга кол коюунун натыйжасы болуп калды.
     Ушундай эле тагдырга Жерүй алтын кени да туш болду.
     Кант цемент-шифер комбинатын,  Кайыњды кант заводун, Шампанвинком-
бинатты,  Ленин  жана Фрунзе атындагы ири заводдорду жана ондогон башка
ишканаларды экс-президент А.Акаевдин демилгеси боюнча  анын  туугандары
колдонуудагы мыйзамдарды бузуу менен болбогон символикалык бааларга са-
тып алышып,  бул ишканалардын наркын ушул эле ишканалардан түшкөн кире-
шелерден төлөп коюшкан.  Мындай менчиктештирүүнүн кесепетинен республи-
канын бюджетине жүздөгөн миллион сом түшпөй калган.
     Айыл чарба тармагын реформалоо деген шылтоо менен жүздөгөн колхоз-
дордун жана совхоздордун кыймылсыз мүлкү, техникасы, башка мүлктөрү жа-
на мал жандыктары таланып-тонолгон.
     Эркин ой-жүгүртүүнү басуу үчүн сот, укук коргоо жана фискалдык ор-
гандар,  бюрократтык  аппарат  А.Акаев тарабынан пайдаланылган,  мындай
иш-аракеттер мыйзамдуулук катары көрсөтүлгөн. А.Акаев башкарган мезгил-
де саясий куугунтукталып камалгандар, соттолгон журналисттер пайда бол-
ду. Тактап айтканда, З.Сыдыкова, Т.Тургуналиев, Ф.Кулов ж.б.
     Ойдон чыгарылган  шылтоо  менен СИЗОго камалган,  Жогорку Кењештин
депутаты А.Бекназаровду бошотуу тууралуу мыйзамдуу талабы менен  чыккан
тынч  элге  Кыргызстандын  соњку  тарыхында биринчи жолу Аксы районунун
Боспиек жеринде ок атылды.  А.Акаев уюштурган тынч элди атуунун кесепе-
тинен алты адам курман болуп жүздөн ашык жаран жаракат алды.
     2005-жылдын февралындагы Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кењешине
депутаттарды шайлоонун жүрүшүндө шайлоочулардын добуштарын жалпы бурма-
лоо жолу менен А.Акаев бүткүл элдин  каалоосун  бардык  бийликти  ээлөө
үчүн, өзүнүн балдары негиздөөчү болуп эсептелген "Алга Кыргызстан" пар-
тиясынан өткөн кол бала депутаттар аркылуу өзүнүн ыйгарым укуктарын ан-
дан ары узартуу үчүн жеке кызыкчылыгына алмаштырды.
     Пикир айтуу эркиндигине,  сөз эркиндигине, шайлоо эркиндигине бол-
гон  жарандардын  конституциялык  укуктарын бузуу элдин бүткүл бийликти
ээлеп алгандарга каршы көтөрүлүшүнө алып келди.  Кыргыз Республикасынын
Жогорку  Кењешине  депутаттарды  шайлоонун жыйынтыктарын жалпы бурмалоо
элдин кыжырын кайнатты.  Республиканын түштүгүндө,  Кочкор жана Тоњ ра-
йондорунда  элдик  толкундоолор 2005-жылдын февралында башталгандыгына,
ал эми 2005-жылдын мартында Жалал-Абад,  Ош, Баткен, Талас облустарында
элдик губернаторлор дайындалгандыгына карабай, А.Акаев өзүнө ишенип, эл
менен сүйлөшүүлөргө барбай, акыры эл аны өлкөдөн кууп чыкты.
     Жогоруда баяндалгандардын негизинде,  Кыргыз Республикасынын Убак-
тылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретине  ылайык  Кыргыз
Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
     1. Тынч элге каршы ок атуучу курал колдонуп,  байыртадан эле  кыр-
гыздын  жери болуп келген жерлерди Кытайга,  Казакстанга өткөрүп берип,
эл байлыгын жок кылып,  элдик референдумдардын шылтоосу менен мамлекет-
тик  бийликти  ээлеп алып оор кылмыш кылуу жолу менен А.Акаев мыйзамдын
алкагынан чыгып кеткен деп белгиленсин.
     2. А.Акаевдин кылган кылмышынын оордугун эске алуу менен анын Кыр-
гыз Республикасынын экс-президенти статусу жана кол тийбестиги алып са-
лынсын.
     3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасы-
нын  мыйзамдарынын  алкагында А.Акаевди кылмыш жообуна тартуу,  ошондой
эле аны Кыргыз Республикасына  экстрадициялоо  боюнча  зарыл  чараларды
көрсүн.
     4. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын
     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева