Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ

ДЕКРЕТ

2010-жылдын 17-сентябры УӨ № 128

 

Кыргыз Республикасынын айрым
мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы уюшулганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелдеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

167-берененин 35-пункту "Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын," деген сөздөрдөн кийин "Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын" деген сөздөр менен толукталсын.

2. "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 79-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

9-статьянын алтынчы бөлүгү "коопсуздук органдарынын," деген сөздөрдөн кийин "баңгизаттарды контролдоо органдарынын," деген сөздөр менен толукталсын;

16-статьяда:

- биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:

"9) баңгизаттарды контролдоо боюнча органдарынын.";

- экинчи бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин органдары," деген сөздөрдөн кийин "баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы," деген сөздөр менен толукталсын.

3. "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча агентствосу" деген сөздөр "баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 8, 179-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

бүткүл текст боюнча ар кыл жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча агентствосу" деген сөздөр тийешелүү жөндөмөлөрдөгү "баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 6-ноябрь 2002-ж., № 83) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

бүткүл текст боюнча ар кыл жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча агентствосу" деген сөздөр тийешелүү жөндөмөлөрдөгү "баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. Ушул Декрет расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн

Төрагасы

 

 

 

Р. Отунбаева