Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\0f070327-4910-47d5-ad41-9fbc3d647dd1\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 15-июлу № 101

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын
2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228, 2012-жылдын 17-мартындагы №20, 2012-жылдын 19 июнундагы №87,
2012-жылдын 3-августундагы № 149,2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2012-жылдын 14-февралындагы №16
  
2013-жылдын 25-апрелиндеги № 592013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201
2014-жылдын 13-январындагы № 10, 2014-жылдын 18-февралындагы № 35, 2014-жылдын 15-майындагы № 67,
2014-жылдын 17-июлундагы № 138, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2015-жылдын 17-февралындагы № 34, 2015-жылдын 17-апрели № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


1-глава
Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер

 

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бирдиктеринин деңгээлинде жергиликтүү бийликти уюштуруунун принциптерин белгилейт, көпчүлүктүн бийлигин жүзөгө ашыруудагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролун аныктайт, алардын ишинин уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекитет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара мамилелеринин компетенциясын жана принциптерин, жергиликтүү жамааттардын өз алдынча башкаруу укугунун мамлекеттик кепилдиктерин белгилейт.

 

2-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

 

Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

жергиликтүү жамаат - администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктары менен бириккен Кыргыз Республикасынын жарандарынын тобу;

жергиликтүү жамааттын мүчөсү - администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны;

шаар, айылдык аймак - жергиликтүү жамаат чек араларында жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу администрациялык-аймактык бирдик. Шаар, айылдык аймак бир же бир нече калктуу конуштардын турушу мүмкүн;

муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерди алуу булагы катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү жамааттардын менчиги;

муниципалдык кызмат - жарандардын кесипкөй жана акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылуучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарындагы иштери;

жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан жарандардын тикелей эрк-ниетин билдирүү жолу менен чечилүүчү, тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу маселелери;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруучу органдар;

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы - тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин калкы тарабынан тике шайлануучу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү ыйгарым укуктары берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу коллегиялуу органы. Айылдык аймактарда жана шаарларда жергиликтүү кеңештер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары болуп саналат;

жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы - тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин - райондун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын чогулушу;

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары болуп саналат;

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу кызмат адамы - калк же жергиликтүү кеңеш тарабынан түздөн-түз шайланган жаран;

айыл өкмөтүнүн башчысы - шайлануучу кызмат адамы, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси;

айыл башчысы - айыл өкмөтүнүн чечими менен берилген иш-милдеттерди аткаруучу дайындалуучу кызмат адамы;

мэр - шаардын шайлануучу кызмат адамы, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси;

мэрия - шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча мэрдин ишин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;

жергиликтүү мамлекеттик администрация - райондун аймагындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;

жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - райондун акими;

жарандардын жыйыны - калктын алар боюнча жергиликтүү жамааттын уставына ылайык сунуштамаларды же чечимдерди кабыл алуу менен, бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашаган тургундардын чогулушунда аларды талкуулоо жолу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусунун тикелей формасы;

жергиликтүү жамааттын курултайы - жалпы кызыкчылыктагы маселелерди талкуулоо максатында жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн чогулушу;

берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;

жергиликтүү жамааттын (шаардын, айыл аймагынын) уставы - жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актысы менен бекитилүүчү жана тиешелүү аймакта калктын турмуш-тиричилигинин маселелери боюнча жергиликтүү жамааттын ортосундагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелерин жөнгө салуучу акт;

функция - калкка кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан, мамлекеттик бийлик органдарынын жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш чөйрөсү;

компетенция - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысы;

ыйгарым укуктар - мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздөрүнө жүктөлгөн иш-милдеттерди аткарууга багытталган белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу.

 (КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

2-глава
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптери,
түзүмү жана уюштуруучулук негиздери

 

3-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптери

 

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:

1) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;

3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;

4) өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;

5) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;

6) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;

7) коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;

8) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;

9) өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү кеңештердин көз карандысыздыгы.

10) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзүү.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара тыгыз байланышта иштейт.

(КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу

 

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча иш аракеттери.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттар тарабынан айылдык аймактын жана шаардын өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

5-берене. Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруу укугу

 

1. Жарандар жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге мамилесине, ынанымдарына, коомдук бирикмелерге тиешелүүлүгүнө карабастан, түздөн-түз жана өз өкүлдөрү аркылуу дагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга бирдей укуктарга ээ.

2. Жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалымат алууга укуктуу.

3. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайлануу укуктарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандарындай эле укуктарга жана милдеттерге ээ болушат.

 

6-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумун төмөнкүлөр түзөт:

1) жергиликтүү кеңештер (айылдык жана шаардык) - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары;

2) айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

7-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруунун формалары

 

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана тикелей катышуу формаларында жүзөгө ашырылат.

2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга өкүлчүлүктүү катышуусу жергиликтүү кеңештер аркылуу ишке ашырылат. Жергиликтүү жамааттын уставында каралган учурларда, шаардын же айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү катышуусу ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы аркылуу жүзөгө ашырылат.

3. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга тикелей катышуусу төмөнкү формада жүзөгө ашырылат:

1) коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында) талкуулоо;

2) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо;

3) ченем чыгаруу демилгесин көтөрүүгө жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча тикелей добуш берүүгө катышуу.

 

8-берене. Муниципалдык кызмат

 

1. Кыргыз Республикасынын жарандары жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, турган жерине, динге мамилесине, ынанымдарына карабастан муниципалдык кызматка жетүүдө бирдей укукка ээ.

2. Муниципалдык кызматты уюштуруунун жана өтөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жөнгө салынат.

 

9-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагындагы мамлекеттик саясат

 

1. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун калыптанышы жана өнүгүшү үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук, материалдык-каржылык шарттарды түзөт жана калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу укугун жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт.

2. Жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик органдары, мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ассоциациялары жана жергиликтүү жамааттардын бирлештиктери менен консультацияларды жана талкууларды өткөрөт.

3. Жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик бийлик органдарына жиберилүүчү расмий кайрылуулары аларда коюлган маселелердин маңызы боюнча милдеттүү түрдө каралууга тийиш.

4. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин мыйзамдуулугуна ченемдик укуктук актыларда белгиленген көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

(КР 2012-жылдын 19-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

10-берене. Мамлекеттик бийлик органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагындагы ыйгарым укуктары

 

Мамлекеттик бийлик органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагындагы ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагында мыйзамдарды кабыл алуу жана алардын бир түрдүү аткарылышын жана сакталышын көзөмөлдөө;

2) жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын кабыл алуу;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттин милдеттерин жүзөгө ашыруунун кепилдиктерин камсыз кылуу;

4) мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин мыйзамдарга ылайык жөнгө салуу;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү, ошондой эле аларга мыйзамга же келишимге ылайык айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды, көрсөтүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык жана финансылык каражаттарды өткөрүп берүү, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жана каражаттардын ишке ашырышын көзөмөлдөө;

6) мамлекеттик минималдуу социалдык ченемдерди белгилөө жана камсыз кылуу;

7) мектепке чейинки билим берүүнү, мектептик жана кесиптик билим берүүнү мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык камсыз кылуу;

8) саламаттык сактоону мамлекеттик стандарттарга ылайык камсыз кылуу;

9) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу, максималдуу бюджеттик камсыз кылуунун негизинде жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугун камсыз кылуу;

10) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мамлекеттик бийлик органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин натыйжасында пайда болгон кошумча чыгымдарынын ордун толтуруу;

11) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык өз алдынчалыгынын мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу;

12) администрациялык-аймактык бирдиктерди түзүүнүн, бириктирүүнүн, кайра түзүүнүн жана жоюунун тартибин белгилөө жана өзгөртүү, мамлекеттин администрациялык-аймактык түзүлүшүн эске алуу менен алардын чек араларын, ошондой эле алардын аталыштарын белгилөө жана өзгөртүү;

13) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде ар кыл аймактык деңгээлдердин ортосундагы чектөөнүн жана алып баруу предметтерин жана ыйгарым укуктарды чектөөнүн тартибин белгилөө;

14) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруу укугун камсыз кылуу жана коргоо;

15) жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүнүн тартибин жана аларды өткөрүүдө жарандардын шайлоо укуктарынын мамлекеттик кепилдиктерин белгилөө;

16) соттук коргоонун тартибин белгилөө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктарын соттук коргоо;

17) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтерин жөнгө салуу жана белгилөө;

18) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинде мыйзамдуулуктун сакталышына прокурордук көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;

19) мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуунун зарылдыгы менен шартталган өзгөчө статусу бар аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн мыйзамга ылайык жөнгө салуу;

20) тиешелүү тарыхый жана башка жергиликтүү салттар менен шартталган айрым аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн мыйзамдарга, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салуу;

21) жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга байланышкан маселелер боюнча администрациялык укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарды кабыл алуу жана өзгөртүү;

22) жергиликтүү жамааттардын уставдарын каттоонун тартибин белгилөө;

23) мамлекеттик жана гуманитардык жардамдын материалдык, акчалай, жана башка түрлөрүн бөлүштүрүүнү уюштуруу;

24) ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин курчап турган чөйрөнү сактоо жөнүндө мыйзамдарды аткаруулары, жерди жана жаратылыш ресурстарын пайдалануулары, шаар куруу жана архитектура ченемдерин жана эрежелерин, санитардык ченемдерди сактоолору, экологиялык иш-чараларды жүргүзүүлөрү боюнча иштерин мыйзамдарда белгиленген тартипте көзөмөлдөө;

25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

(КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын токтото туруу

 

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Конституцияга, белгиленген тартипте кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүттөөгө жана козутууга багытталган башка аракеттерди жасоого укуксуз.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартип бузуулар жасалган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) Конституцияда, өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин токтото турууга жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймакка тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө укуктуу. Тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүнүн тартиби жана мындай башкаруунун режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өкмөт тарабынан аныкталат.

3. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен Өкмөт анын аткарылышын камсыз кылат жана зарыл болгондо тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук ченемсиз актыларын жокко чыгаруу үчүн сот органдарына кайрылат.

4. Сот тартибинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иш аракеттердин жасалган фактысы аныкталган учурда, Президент жергиликтүү кеңешти таратууга жана кеңештин жаңы курамына шайлоо жарыялоого укуктуу.

5. Жергиликтүү кеңеш ошондой эле Президент тарабынан ушул Мыйзамда каралган учурларда да таратылышы мүмкүн.

 

12-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздөрү кабыл алынган чечимдери үчүн жоопкерчилиги

 

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартышат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттеринин же аракетсиздигинин натыйжасында келип чыккан юридикалык жана жеке жактардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча талаш-тартыштар, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү сот тартибинде чечилет.

 

13-берене. Жергиликтүү жамааттардын коомдук бирикмелери, ассоциациялары жана бирлештиктери

 

1. Жергиликтүү жамааттар өз ара жардамдашуу, социалдык, экономикалык жана маданият милдеттерди биргелешип чечүү, өз укуктарын жана кызыкчылыктарын кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында, өз иштерин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана формаларда коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө укуктуу.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумуна кирбеген уюмдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын берилиши мүмкүн эмес.

3. Жергиликтүү жамааттар эл аралык бирлештиктерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укуктуу, бирок мында мамлекеттин атынан чыгууга укуксуз.

 

14-берене. Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси

 

1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу демилгесине укуктуу. Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгесин ишке ашыруунун тартиби мыйзамга ылайык жергиликтүү жамааттын уставында аныкталат. Жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси тартибинде жергиликтүү кеңешке киргизилген жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору демилгечилеринин жана тиешелүү жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен каралууга тийиш.

2. Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилге укугуна жергиликтүү жамааттын үчтөн биринен кем эмес мүчөсү ээ болот.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

15-берене. Жергиликтүү жамааттардын уставдары

 

1. Жергиликтүү жамааттардын уставдары тиешелүү жергиликтүү жамааттын чогулуштарында (жыйындарында) же курултайларында талкуунун натыйжалары боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынат. Уставды бекитүү жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жамааттын уставы жергиликтүү жамааттын ички турмуш-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин регламенттейт, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин карайт, жергиликтүү жамааттын бюджеттик процесстерге жана башка маселелерге катышуусун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин кошуп алганда, жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө өз ара мамилелеринин тартибин аныктайт.

3. Мурда кабыл алынган уставдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор чогулуштарда (жыйындарда) же жергиликтүү жамааттын тиешелүү курултайларында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добушу менен кабыл алынат.

Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмес сандагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес санындагы тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан демилгелениши мүмкүн.

4. Эгерде ушул Мыйзам менен уставдар менен жөнгө салуу чөйрөсүнө таандык кылынган маселелер устав менен жөнгө салынбаса, анда алар ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.

5. Жергиликтүү жамааттын уставы жергиликтүү башкаруу органдарында жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларын каттоо үчүн белгиленген тартипте милдеттүү түрдө катталууга жатат.

Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын көчүрмөсү уставдын текстинин тиркемеси менен расмий жарыялангандан кийин ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.

 (КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-глава
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
жергиликтүү маанидеги маселелери жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү

 

16-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын белгилөөнүн принциптери

 

Жергиликтүү маанидеги маселелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын белгилөө төмөнкү принциптердин негизинде жүргүзүлөт:

1) мындай кызматтарды натыйжалуу көрсөтүүгө жарамдуу болгон төмөн турган башкаруу деңгээли тарабынан кызматтарды көрсөтүүнүн;

2) көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын камсыз кылуу максатында иш-милдеттер менен ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда натыйжалуулуктун жана максатка ылайыктуулуктун;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык, экономикалык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша дифференциялоонун;

4) иш-милдеттерди аткарууда жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтүү кызыкчылыктын болушунун;

5) жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктарды эриш-аркак келтирүүнүн;

6) ачыктыктын жана коллегиялуулуктун;

7) ченемдик укуктук актыларда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктарынын чегин ажыратуунун.

 

17-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелерди белгилөөнүн жана чечүүнүн тартиби

 

1. Жергиликтүү маанидеги маселелер ушул Мыйзам жана жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет, өзгөртүлөт жана токтотулат.

2. Мамлекет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик менчиктен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берет.

3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет.

4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.

 

18-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелер

 

1. Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун төмөнкү маселелери таандык кылынат:

1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;

2) муниципалдык менчикти башкаруу;

3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;

4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;

5) калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;

6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;

7) жашты пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;

8) көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;

9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;

10) парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;

11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;

12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;

13) жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо;

14) жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;

15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;

16) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;

17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;

18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

19) бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;

20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;

21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;

22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү.

23) Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына таандык кылынган кен байлыктарын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

(КР 2014-жылдын 15-майындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөн ыйгарым укуктар ушуну менен бүттү деп эсептелбейт жана жергиликтүү жамааттар менен алардын органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну чектебейт.

(КР 2012-жылдын 19-июнундагы № 87, 2014-жылдын 13-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

19-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди өткөрүп берүүнүн тартиби

 

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну берилип жаткан жергиликтүү маанидеги маселелердин аткарылышынын каражаттарын же каржылоо булактарын бир убакта аныктоо жана өткөрүп берүү менен юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жергиликтүү маанидеги айрым маселелердин аткарылышын өткөрүп берүү бюджеттик каражаттарды кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн максатка ылайык учурларда жүргүзүлөт.

3. Жергиликтүү маанидеги айрым маселелердин аткарылышын өткөрүп берүү жөнүндө чечим жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан кабыл алынат.

 

20-берене. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар

 

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик камсыз кылуунун тартибин белгилеп, мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.

3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларда гана жол берилет.

4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.

5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдар жана келишимдер төмөнкүлөрдү кароого тийиш:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укукту;

2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылышында мамлекеттик бийлик органдарынын усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана көмөк көрсөтүүнүн башка формаларын;

3) отчеттуулукка карата талаптарды;

4) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга мамлекет тарабынан контролдонушунун механизмин.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:

1) калктын жумуштуулугунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;

2) жарандардын эсебин алуу каттоосу, паспорт режиминин эрежелерин аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, жарандарды белгиленген тартипте эсепке коюуну жана эсептен чыгарууну жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;

4) мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариаттык аракеттерди жасоо;

6) жарандарга инсандык, үй-бүлөлүк, мүлктүк абалын ырастоочу документтерди жана мыйзамдар менен каралган башка документтерди берүү;

7) аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы эсепке алынышын жүргүзүү, аларды аскердик эсепке кабыл алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөктөшүү;

8) Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;

9) айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;

10) ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыкта селекциялык-асыл тукум жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү уюштурууга көмөктөшүү;

11) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрүн тепсетүүгө каршы күрөшүү, токой коргоо тилкелерин жана токой массивин сактоо боюнча тиешелүү чараларды камсыз кылуу;

12) салыктарды, алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо;

13) курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

14) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;

15) тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;

16) даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү иликтеп билүү;

17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте айыл жерлериндеги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар ай сайын берилүүчү жөлөкпулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо;

17-1) этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча, ошондой эле этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

18) мыйзам менен белгиленген башка ыйгарым укуктар. 

 (КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228 , 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2015-жылдын 17-апрели № 85  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

4-глава
Жергиликтүү кеңештердин ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери

 

21-берене. Жергиликтүү кеңештер

 

1. Жергиликтүү кеңештер - ушул Мыйзам, шайлоо жөнүндө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.

2. Кыргыз Республикасында төмөндөгүдөй жергиликтүү кеңештер белгиленет:

1) айылдык кеңеш - айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;

2) шаардык кеңеш - шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;

 (3-пункту КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Жергиликтүү кеңештер жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайлануучу депутаттардан турат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

4. Жергиликтүү кеңештер юридикалык жактар болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин - райондун жергиликтүү кеңештери жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарын өткөрүүгө жана ушул Мыйзамга ылайык токтом түрүндө биргелешкен чечим кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда жергиликтүү кеңештердин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Шаардык кеңештердин шайланган депутаттары партияга таандыктуулугуна ылайык депутаттык фракцияларга (мындан ары - фракциялар) биригишет. Депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон шаардык кеңештеги фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште көпчүлүк деп саналат. Көпчүлүк фракцияларынын коалициясына кирбеген фракция же фракциялар шаардык кеңеште азчылык деп саналат.

Шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүк фракцияларынын коалициясына бириккен учурда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссия азчылык фракцияларына же фракциялардын коалициясына берилет.

 (КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

21-1-берене. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы

 

1. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын - акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлик боюнча мыйзамда белгиленген тартипте сунуш киргизүү;

2) жылына бир жолудан кем эмес тиешелүү аймактагы иштердин абалы жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын отчетун угуу;

3) өз милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен ишеним көрсөтпөөнү билдирүү;

4) "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген санда аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизүү үчүн талапкерликтерди Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүү, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамына талапкерликтерди көрсөтүү.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени демилгелөө катары жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн бири кол койгон жазуу жүзүндөгү сунуштамасы эсептелет. Сунуштамага кол койгон депутат өзүнүн кол тамгасын чакыртып алууга укугу жок.

3. Жыйналыш жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын ишинин уюштуруучулук-укуктук негизги формасы болуп эсептелет. Жыйналыштарды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын регламентинде аныкталат.

4. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын жыйналышы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.

5. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын биринчи жыйналышын тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин - райондун жергиликтүү кеңештеринин төрагаларынын ичинен жашы боюнча улуусу ачат.

6. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын жыйналыштары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышында бекитилген регламентке ылайык жыйналыштарга катышууга укуктуу.

Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга кирген учурларда, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.

7. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиуму үч адамдан турган курамда жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын ичинен шайланат. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын ичинен катчылыкты жана эсептөө комиссиясын ар бири үч адамдан турган курамда шайлайт.

8. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы президиумдун курамынан жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасын шайлайт.

9. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы, президиуму, катчылыгы жана эсептөө комиссиясы 1 жылга шайланат. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиумунун, катчылыгынын, эсептөө комиссиясынын кийинки курамы жана төрагасы ушул беренеде белгиленген тартипте шайланат.

10. Премьер-министр ушул Мыйзамдын 1-бөлүгүндө белгиленген маселелер боюнча жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышын чакырууга укуктуу, Премьер-министр тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышын чакыруу жөнүндө кат жөнөтөт.

11. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы токтом түрүндө чечим кабыл алат.

Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын токтомуна жана протоколдоруна жергиликтүү кеңештердин бардык төрагалары кол коет жана бардык жергиликтүү кеңештердин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

22-берене. Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусунун айрым кызмат орундары жана иштин түрлөрү менен коошпогондугу

 

1. Жергиликтүү кеңештин депутаты төмөнкү учурларда мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта боло албайт:

1) эгерде ал жетекчилик кызмат ордун ээлеген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү башкаруунун өкүлчүлүктүү органы да (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңеши) ошол эле айылдык аймактын же шаардын аймагынын чектеринде жайгашкан болсо;

2) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешине) отчеттуу болсо;

3) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин шайлоого, дайындоого, бошотууга сунуштоо ал депутаты болуп саналган ошол жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешинин) ыйгарым укуктарына тийиштүү болсо.

2. Депутаттык ыйгарым укуктарды ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен тиешелүү айылдык аймактын же шаардын калкына кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемесинин жетекчисинин кызмат орду менен айкалыштырууга болбойт.

3. Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишке байланышпаган максаттарда пайдаланууга укуксуз.

4. Бир эле адам бир гана айылдык же шаардык кеңештин депутаты боло алат.

(КР 2013-жылдын 25-апрелиндеги № 59 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

23-берене. Жергиликтүү кеңештердин сандык курамы

 

Жергиликтүү кеңештердин сандык курамы, Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештерин кошпогондо, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын санын эске алуу менен төмөнкүдөй белгиленет:

1) Бишкек, Ош шаарларынын кеңештериники - 45 депутат;

2) (КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) шаардык жана айылдык кеңештери (шайлоо өткөрүлгөн жылдын 1-январына карата абал боюнча администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын статистикалык маалыматтарына ылайык саны боюнча):

6000ге чейин - 11 депутат;

6001ден 20000ге чейин - 21 депутат;

20001ден жогору - 31 депутат.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

24-берене. Депутаттык мандат

 

1. Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.

2. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:

1) туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;

2) депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;

2-1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

3) ушул Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;

4) депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);

5) депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда;

6) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

7) катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катышпаганда;

8) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

9) кеңеш таркатылганда.

10) (КР 2015-жылдын 17-февралындагы № 34 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 (КР 2013-жылдын 14-февралындагы № 16 , 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2015-жылдын 17-февралындагы № 34  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

25-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусу

 

Жергиликтүү кеңештин депутаты кеңештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаш-сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоого тиешелүү маселелерден тышкары) кароого катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.

(КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

26-берене. Жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

 

Жергиликтүү кеңеш өз иш-милдеттерин аткарууну ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот.

 

27-берене. Жергиликтүү кеңештердин мамлекеттик бийлик органдары

менен өз ара мамилелери

 

1. Жергиликтүү кеңештердин жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт.

2. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү кеңештердин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.

3. Жергиликтүү кеңештер жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.

4. Аймактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча жергиликтүү кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрүн чакыра алат.

5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча өз чечимдерин жергиликтүү кеңештер менен консультациялашат жана жазуу жүзүндө макулдашат.

 

28-берене. Жергиликтүү кеңештин сессиясы

 

1. Жергиликтүү кеңештердин сессиялары алардын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

2. Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот. Жергиликтүү кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.

3. Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.

4. Жергиликтүү кеңештердин сессиялары ачык, кварталына, кеминде бир жолу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.

 

29-берене. Жаңыдан түзүлгөн администрациялык-аймактык бирдиктеги

жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы

 

1. Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактардагы, шаардагы жергиликтүү кеңештердин биринчи сессиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен чакыртылат.

2. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, кеңешти уюштуруунун дагы башка эң маанилүү маселелери киргизилет.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 , 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)  

 

30-берене. Жергиликтүү кеңештин ишинин ачыктыгы

 

1. Жергиликтүү кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияларга катышууга укугу бар.

2. Жергиликтүү кеңеш, эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.

3. Жергиликтүү кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга кириши үчүн бардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.

 

31-берене. Шаардык жана айылдык кеңештердин компентенциясы

 

1. Шаардык жана айылдык кеңештер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.

2. Шаардык, айылдык, райондук кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:

1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;

2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;

3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;

4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;

6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;

7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

9) тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

10) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;

11) кеңештин регламентин кабыл алуу;

12) өз чечимдери аткарылышына контролдук кылуу;

13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;

14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;

15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;

16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;

17) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.

3. Шаарлардын кеңештеринин сессияларында төмөндөгүдөй маселелер кошумча чечилет:

1) шаардын мэрин шайлоо;

2) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдирүү;

3) мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларды белгилөө.

4) мэриянын аппаратын кошпогондо, шаардын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү;

5) шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу, бул аларды ээлеген кызмат орундарынан четтетүүгө алып келет.

4. Айылдык кеңештердин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:

1) айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;

2) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;

3) тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;

4) Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;

5) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу.

(5-бөлүгү КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

32-берене. Жергиликтүү кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

 

1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсө болот.

2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби тиешелүү кеңештин депутаттык фракцияларынын жана топторунун сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзө, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.

3. Туруктуу комиссиялар депутаттык фракциялардын жана топтордун чечими боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.

4. Туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.

Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.

5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.

6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, аны тиешелүү комиссияга көрсөткөн депутаттык фракциянын же топтун сунушу боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

7. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Мыйзам, жергиликтүү кеңештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.

8. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.

9. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.

10. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.

 (КР 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 17-июлундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

33-берене. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары

 

1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары:

1) кеңештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат;

2) тиешелүү аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизет.

3) өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кеңешке киргизет.

4) жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарынын аткарылышы сакталышына контролду ишке ашырат;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кеңештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

2. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.

 

34-берене. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары

 

1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.

2. Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.

3. Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле жергиликтүү кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.

4. Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.

 

35-берене. Жергиликтүү кеңештердин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу

 

1. Жергиликтүү кеңештердин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу, туруктуу комиссияларга жана депутаттарга жардам көрсөтүүгө зарыл материалдарды даярдоо үчүн шаарлардын кеңештери Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде өзүнүн аппараттарын түзүүгө укуктуу.

2. Айыл кеңештеринин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу айыл өкмөттөрүнүн аппараттарына жүктөлөт.

3. Жергиликтүү кеңештердин аппараттарынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына, ал эми жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жүктөлөт.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

36-берене. Жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары

 

1. Жергиликтүү кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештин чечимдери токтом түрүндө чыгарылат да, кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.

2. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган жергиликтүү кеңештин чечимдери тиешелүү аймакта турган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.

3. Жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.

4. Жергиликтүү кеңештердин чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте четке кагылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

 

37-берене. Жергиликтүү кеңештин төрагасы

 

1. Шаардык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

2. Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө фракция же фракциялардын коалициясы укуктуу. Фракция же фракциялардын коалициясы бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.

3. Эгерде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.

Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер, шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.

4. Айылдык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

5. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти айылдык кеңештин депутаты же депутаттарынын тобу көрсөтүүгө укуктуу. Депутат же болбосо депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.

6. Эгерде айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, айылдык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.

Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.

7. Тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана башка шайлоонун жол-жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин регламентинде аныкталат.

8. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин же фракциясынын демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

9. Шаардык кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерден тышкары акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.

10. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат, бирок айылдык кеңештин сессиясы иштеген мезгилде бир жолку компенсация алат.

11. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:

1) жергиликтүү кеңештин сессиясын чакырат;

2) сессияларга төрагалык кылат;

3) жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коет;

4) жергиликтүү кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.

12. Жергиликтүү кеңештердин төрагалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет.

(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

38-берене. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарлары

 

1. Шаардык кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот.

Айылдык кеңештин төрагасынын 1 орун басары болот.

Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары депутаттардын ичинен сессияда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.

Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шайланат.”.

2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.

3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.

4. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын кошпогондо, коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.

 (КР 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

39-берене. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарынын токтотулушу

 

1. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.

2. Жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:

1) тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;

2) ушул Мыйзамда жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда, Премьер-министрдин же Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент тарабынан;

3) тиешелүү шаардын же айылдын чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында.

3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө жергиликтүү кеңештин чечими кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.

4. Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана жергиликтүү кеңешти таратууга алып келбейт да. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу жергиликтүү кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.

5. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.

6. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлкүнүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү башчылары тартышат, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын мүлкүнүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти райондун мамлекеттик администрацияларынын тиешелүү башчылары тартышат.

(КР 2012-жылдын 17-мартындагы № 20, 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-глава
Мэр, шаардын мэриясы

 

40-берене. Мэр, шаардын мэриясы

 

1. Шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мэр башында турган мэрия болуп эсептелет.

2. Мэриянын курамына түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр кире алат.

 

41-берене. Шаардын мэриясынын компетенциясы

 

1. Шаардын мэриясы:

1) шаардын тиричилик жактан камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, шаардыктарга социалдык жана маданий тейлөө кызматтарын көрсөтүүнү уюштурат;

2) шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана аны шаардык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;

3) шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаардык кеңеш бекиткенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат;

3-1) шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын натыйжалуулугунун жана үзүрдүүлүгүнүн мониторингин жана баа берүүнү туруктуу негизде жүзөгө ашырат жана алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду жалпыга маалымдоо каражаттарында жана расмий сайтта жарыялайт;

4) шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;

5) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

6) шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аларды шаардык кеңеш бекиткенден кийин жүзөгө ашырат;

7) ишканаларды менчиктештирүүгө жана тиешелүү социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттердин тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча ошондой эле алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды баланска кабыл алууга катышат;

8) турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана шаарды абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

9) шаарда курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык архитектура жана шаар куруу ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;

10) жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;

10-1) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 (КР 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

42-берене. Шаардын мэрине коюлуучу талаптар

 

Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.

Шаарга кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны мэр боло албайт.

 (КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228 , 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2014-жылдын 17-июлундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына  ылайык)

 

43-берене. Шаардын мэрин кызмат ордуна шайлоонун, ага киришүүнүн жана андан бошотуунун тартиби

 

1. Шаарлардын мэрлери шаардык кеңеш тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө шайланат. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо өзүнчө мыйзам менен аныкталат.

Шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаган же болбосо мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып шаардын мэри жаңыдан шайланган шаардын мэри кызмат ордуна киришкен күнгө чейин мэрдин милдеттерин аткаруучу деп эсептелинет.

2. Мэрдин кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө шаардык кеңештин фракциясынын, фракциялардын коалициясынын жана Премьер-министрдин укугу бар.

3. Шаардын мэрин шайлоо жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.

Шаардын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен шаардын мэрин шайлоону дайындайт.

Шаардын мэри шаардык кеңештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйналышы өткөнгө чейин шаардын мэрин шайлоо дайындалбайт.

Шаардын мэрин шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.

4. Шаардын мэрин шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шаардын мэрин шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.

Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.

Эгерде:

- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын эарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэри шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.

Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.

(Он экинчи абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Шаардын мэрин шайлоонун ушул беренеде жөнгө салынбаган тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт.

Шаардын шайланган мэрине аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.

5. Тиешелүү кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэри белгиленген мөөнөттө шайланбаган учурда. Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.

(Экинчи абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Шаардын мэри төмөндөгүдөй учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) прокуратура органдары тарабынан белгиленген, же мамлекеттик ыйгарым укуктары берилген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а прокуратура органдары тарабынан белгиленген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик-укуктук актыларын кайра бузуу фактылары ачылганда, шаардык кеңештин депутаттарын кабардар кылуу менен;

3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;

4) сот тарабынан жоопкерчиликке жарамсыз деп таанылган учурда;

5) аны өлдү, дайынсыз жок болгон, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;

6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;

8) жылыш болбогон эмгекке жарамсыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызмат милдеттерин аткарууга мүмкүндүгү жок болгон учурда;

9) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишенбестик билдирилген учурда;

10) тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча (тиешелүү мыйзам кабыл алынган, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайларда).

7. Шаардын мэрине шаардык кеңеш тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда Премьер-министр 3 күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен шаардык кеңештин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

8. Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэрине кайра ишенбестик билдирилген учурда Премьер-министр аны кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укугу бар.

9. Шаардын мэри кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, мэрдин милдеттери шаардын мэри шайланганга чейин биринчи вице-мэрге жүктөлөт. Биринчи вице-мэрдин кызмат орду жок болгон учурда, мэрдин милдеттери вице-мэрге жүктөлөт.

 (КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228, 2012-жылдын 3-августундагы № 149 , 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

44-берене. Шаардын мэринин ыйгарым укуктары

 

1. Шаардын мэри:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Президенттин жана Өкмөттүн актыларынын, ошондой эле шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган шаардын жергиликтүү жамаатынын уставынын, шаардык кеңештин чечимдеринин сакталышын жана аткарылышын уюштурат;

2) шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу боюнча мэриянын, муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кылат, ушул иштин натыйжаларына жооп берет;

2-1) мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт, соттордон, прокурорлордон, мамлекеттик улуттук коопсуздук органынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын жетекчилеринен тышкары, алар өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызматтан четтетүү боюнча маселе коюуга укуктуу;

3) шаардык кеңеш менен макулдашуу боюнча шаардын вице-мэрлерин, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мэриянын аппаратынын кызматкерлерин дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

4) жергиликтүү маанидеги маселелерди, ошондой эле жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кылынгандарын кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды башкарууну ишке ашырат;

5) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай эмес уюштурулгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

6) мамлекеттик бийлик органдарында, мамлекеттик эмес, коомдук жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү башка уюмдарында шаардын атынан чыгат;

7) кызмат ордуна кирген учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат, шаардык кеңешке бекитүү үчүн сунуштайт;

8) шаардык кеңештин бекитүүсүнө шаардык бюджетинин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө шаардык кеңеш алдында отчет берет;

9) мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык кеңешке сунуштарды киргизет;

10) шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуштарды киргизет, анын ишине катышат;

11) белгиленген тартипте Президент алдында мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч жасайт;

12) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Республикалык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү алардын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

 (КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228 , 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

45-берене. Шаардын вице мэрлери

 

1. Шаардын вице-мэри (биринчи) ал жок учурда мэрдин ордуна иштейт жана шаардын мэрине жүктөлгөн милдеттерди аткарат.

2. Шаардын вице-мэрлери шаардын мэринин алдында ал аткаруучу иш-милдеттер үчүн жоопкерчиликтүү болот.

 

6-глава
Айыл өкмөтү

 

46-берене. Айыл өкмөтү

 

1. Айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөтү иштейт.

2. Айыл өкмөтү айыл кеңешинин депутаттарына өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда шайлоочулар алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.

3. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде - айыл кеңешине, а берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берип турат.

4. Компетенциясына таандык маселелер боюнча айыл өкмөтү кабыл алуучу чечимдерге айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кол коюлат.

5. Ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарылган айыл өкмөтүнүн актылары тиешелүү аймакта аткаруу үчүн милдеттүү болот.

6. Айыл өкмөтүнүн түзүмүнө участкалык врач, ветеринардык врач, ички иштер органдарынын кызматкери (участкалык инспектор) кирсе болот.

Участкалык врач, ветеринардык врач, ички иштер органдарынын кызматкери (участкалык инспектор) Өкмөт белгилеген тартипте контракт негизинде айыл өкмөтүнүн штатына алынат.

 

47-берене. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы

 

Айыл өкмөтү:

1) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат жана алар айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат;

1-1) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө отчетту жыл сайын көпчүлүккө берип турат;

2) жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат, ал айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аны аткарат;

3) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

4) жаңы жумуш орундарын ачуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;

5) ишканаларды менчиктештирүүгө жана айыл өкмөтүнүн балансына социалдык маданий-тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттерди жана алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды өткөрүп берүүгө катышат;

6) турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырат;

7) муниципалдык менчикте турган жерлерди, ошондой эле Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;

8) аймакка курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун нормалары менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;

9) жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;

9-1) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырат.

 (КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149,  2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)  

 

48-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар

 

Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.

Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

 (КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228 , 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2014-жылдын 17-июлундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

49-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби

 

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары - аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.

Айылдык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаган же болбосо мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн жаңы шайланган башчысы кызмат ордуна кирген күнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучу деп эсептелет.

2. Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат.

Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт.

Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнүн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айыл кеңешинин биринчи сессиясы өткөнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалбайт.

Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.

3. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.

Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.

Эгерде:

- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.

Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.

5. Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт.

(Экинчи абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт.

Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.

6. Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.

(Экинчи абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а мыйзамдар, Президенттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда,- айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен;

3) соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде;

4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учуруда;

5) соттун өлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;

6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;

8) жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;

9) айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;

10) тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.

8. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда аким 3 күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен айыл кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

9. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны ээлеген кызматынан бошотот.

10. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.

 (КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228, 2012-жылдын 3-августундагы № 149 , 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

50-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы:

1) айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооптуу болот;

2) айыл кеңешине жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бирден кем эмес кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө отчет берет;

3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн жеке жооптуу болот;

4) айыл кеңешине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча сунуш киргизет;

5) өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда мамлекеттик мекемелер менен уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жөнүндө маселе коюуга укуктуу;

6) тиешелүү аймактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин дайындоого макулдук берет;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана андан бошотот.

8) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле айыл кеңешинин карамагына таандык кылынган маселелерди кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка маселелерди чечет.

 

51-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

 

1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ал жок болгон учурда анын ордуна иштейт жана айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдө анын орун басарына да колдонулат.

3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө дайындалат.

4. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын кызмат ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Айылдык кеңеш ушул Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан милдеттүү түрдө аткарууга жаткан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен бошотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.

Жергиликтүү кеңештин сунушу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын бошотпогон учурда сунуш киргизилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду деп эсептелет.

6. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысынын алдында аткаруучу иш-милдети үчүн жооптуу болот.

(КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

52-берене. Айыл башчысы

 

1. Айыл кеңешинин чечими боюнча өзүнчө жайгашкан калк конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл кеңешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат оруну киргизилсе болот.

2. Айыл башчысы калыптанган каада-салттар боюнча калк конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнөн чыгып, айыл өкмөтүнүн чечими менен берилген иш-милдеттерди аткарат.

3. Айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен айыл башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп эсептелет.

4. Эгерде калк конуштан айылдык кеңешке депутаттар шайланбаса, айыл башчысы жергиликтүү кеңештин сессияларына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.

(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-глава

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын
башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоонун тартиби

 

53-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын

башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоо

 

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект тарабынан каттоо үчүн шайлоо күнүнө чейин 5 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгүдөй документтер сунушталат:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим;

2) ат салышууга макулдугу жөнүндө талапкердин арызы;

3) фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызмат ордун (кызматынын түрүн) жана турган жерин көрсөтүү менен талапкердин өмүр баянынын маалыматтары;

4) ушул Мыйзамдын 42- жана 48-беренелеринин талаптарын тастыктоочу тиешелүү документтер.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келе тургандыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө - чечим, же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы ушул талапкерди каттоого тоскоол болуучу талапкердин документтериндеги шайкеш келбестикти тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы ошол шайкеш келбестиктер жөнүндө талапкерди көрсөткөн субъектиге кабар билдирүүгө милдеттүү. Талапкерди көрсөткөн субъект кабар алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизип, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына оңдолгон документтерди тапшырууга укуктуу.

3. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди көрсөткөн субъектиге баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

4. Талапкерди каттоодон баш тартууга төмөндөгүлөр негиз боло алат:

1) ушул Мыйзамда каралган көрсөтүүнүн тартиби сакталбашы;

2) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги;

4) талапкерди көрсөткөн субъекттин ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык зарыл документтерди бербегендиги.

5. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин эки календардык күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону уюштурат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары жай берүү, добуш берүү үчүн кабиналарды, добуш берүү үчүн үкөктөрдү орнотуу жана шайлоону өткөрүүгө байланыштуу башка маселелерди чечүү жолу менен аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

(КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

54-берене. Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерди чакыртып алуу

 

1. Талапкер кайсы учурда болсо да, бирок добуш берүүгө чейин эки күн калгандан кечиктирбестен бул тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берип, шайлоого мындан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө укугу бар субъект кайсы учурда болсо да добуш берүүгө чейин эки календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө тиешелүү арыз берип, талапкерди чакыртып алууга да укуктуу. Мындай учурда субъект тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

 

8-глава

Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу

 

55-берене. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу

 

1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу деп, жашаган жери боюнча жарандардын айыл аймагынын, шаардын бөлүгүндө жергиликтүү маселелерде өз демилгелерин өз алдынча чечүү жана өзүнүн жоопкерчилиги менен ишке ашыруу боюнча өзүн-өзү уюштурушу түшүнүлөт.

2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу микрорайондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттеринин, жамааттардын (общиналар) жана башка Конституцияга, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын жана башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген формаларында кеңештер жана комитеттер түрүндө ишке ашырылат.

3. Коомдук өз алдынча башкаруу аймагынын чек арасы тургундардын сунуштарын эске алуу менен тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.

4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун ар кандай формалары жергиликтүү кеңеште аларды эсепке алып каттоо жүргүзүлгөн учурдан тартып өзүнүн статусун алат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактын статусун алууга да укуктуу.

5. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун бардык формалары өз ишинде өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешке отчет берип турат.

6. Ушул Мыйзамда каралган калктын өз алдынча башкарууну ишке ашырууга катышуусунун ар кандай формалары менен катар эле жарандар Конституцияга, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын жана башка мыйзамдарына карама каршы келбеген дагы башка формаларда жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга укугу бар.

 

56-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык

коомдук өз алдынча башкаруу менен өз ара мамилелери

 

Аймактык коомдук өз алдынча башкарууга келишимдик негизде жергиликтүү маанидеги айрым маселелер ушул Мыйзамда каралган тартипте өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга менчикке чарбалык объекттерди, турак жай жана турак жай эмес фонддорду, ошондой эле өзүнүн материалдык, башка ресурстарын өткөрүп берүүгө укуктуу.

 

57-берене. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун укуктары

 

1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу өзүнүн ыйгарым укуктуу органдары же өкүлдөрү аркылуу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) ушул аймактын маселелерин талкуулоо учурунда жергиликтүү кеңештердин ишине катышууга;

2) аймакты көрктөндүрүү, ремонттоо, санитардык тазалоо боюнча ишке катышууга;

3) жергиликтүү кеңештердин, алардын аткаруу органдарынын чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө;

4) жарандардын курултайларынын жана жыйындарынын чечимдеринин аткарылышын уюштурууга.

2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу юридикалык жак катары төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) банк мекемелеринде эсептерди ачууга;

2) тиешелүү жергиликтүү кеңештер жана аткаруу органдары, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер жана башка чарбакер субъекттер менен келишимдик негизде өз ара аракеттенүүгө;

3) өз аймагын көрктөндүрүү, ушул максатка жергиликтүү бюджеттен жана өздүк финансылык ресурстардан каралган каражаттарды пайдалануу менен турак жай фондун жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттагы объекттерди куруу жана ремонттоо боюнча жумуштарга буйрутмачы катары чыгууга;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.

 

9-глава

Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн эрк-ниетин тике билдирүү формалары

 

58-берене. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн эрк-ниетин тике

билдирүү формалары

 

Жамааттын мүчөлөрү менен талкуулоону талап кылуучу жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү жамааттар курултайларды, чогулуштарды (жыйындарды) жана башка эрк-ниетти тике билдирүүнүн формаларын өткөрө алышат.

 

59-берене. Жергиликтүү жамааттын курултайлары

 

1. Коомдук пикирдин кеңири спектрин эсепке алуу жана уюмдун иштеринин эң маанилүү маселелерин чечүүгө калкты катыштыруу максатында жергиликтүү жамааттардын курултайлары өткөрүлсө болот.

2. Курултайга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, жергиликтүү бюджетти түзүүнүн, муниципалдык менчикти пайдалануунун жана өнүктүрүүнүн маселелери алып чыгылса болот. Курултайдын чечимдери тиешелүү жергиликтүү кеңеш үчүн сунуш мүнөзүндө болот жана жергиликтүү кеңеш, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан каралат.

3. Курултайдын делегаттарынын өкүлчүлүгүнүн нормалары, аны өткөрүүнүн жана курултайдын чечимдерин ишке ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жергиликтүү жамааттын уставы менен аныкталат.

 

60-берене. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштары

(жыйындары)

 

1. Олуттуу мааниге ээ маселелер, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана анын аткаруу органдарынын маалыматын угуу жана талкуулоо боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу максатында бир көчөнүн, бир кварталдын, микрорайондун же айылдын аймагында жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу менен чогулуштар (жыйындар), коомдук угуулар өткөрүлөт, алар боюнча сунуштар кабыл алынат.

2. Чогулуштардын (жыйындардын) сунуштары тиешелүү чогулуштардан (жыйындардан) өкүлдөрдү (делегаттарды) катыштыруу менен каралат.

 

10-глава

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун
финансылык-экономикалык негиздери

 

61-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун

финансылык-экономикалык негиздери

 

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүү жамааттарга бекитилген кирешенин салыктык жана бейсалык булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, кредиттик жана башка финансылык ресурстар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкарууга өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чек арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жаратылыш ресурстары, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби менен принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

62-берене. Чарбакер субъекттерди түзүүгө жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдарынын укугу

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарбалык ишти жүзөгө ашыруу, аларды кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин чечүү үчүн чарбакер субъекттерди түзүүгө укуктуу.

 

11-глава

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин укуктук кепилдиктери

 

63-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

актыларынын милдеттүүлүгү

 

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн ишин ушул аймактагы калктын атынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырат.

2. Жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, жарандардын курултайларынын, жыйындарынын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбөөгө тийиш.

3. Өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менчигинин түрлөрүнө карабастан тиешелүү аймакта жайгашкан бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары, коомдук бирикмелер жана жарандар үчүн милдеттүү болуп саналат.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жергиликтүү мамлекеттик администрациянын карамагына таандык кылынган маселелерди кароого кабыл алууга укуксуз.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары жана жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

 

64-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкарууга келтирилген зыян

үчүн жоопкерчилик

 

1. Ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында жоопкерчиликтүү, анын ичинде өздөрүнүн аракети же аракетсиздиги менен калктын кызыкчылыктарына, жергиликтүү чарбага, айлана чөйрөгө келтирилген чыгашанын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарбоонун кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толук көлөмдө жаап берүү менен мүлктүк жоопкерчилик тартышат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан камсыз кылынат.

 

65-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

 

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Төмөндөгүлөр белгиленсин:

- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин шайланган шаарлардын мэрлери, райондук маанидеги шаарлардын шаардык башкаруусунун жана поселкалардын башчылары, айыл өкмөттөрүнүн башчылары өздөрү шайланган мөөнөт аяктаганга чейин өз ыйгарым укуктарын аткарууну улантышат;

- шаарлардын мэрлеринин, райондук маанидеги шаарлардын шаардык башкаруусунун жана поселкалардын башчыларынын, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын милдетин аткаруучулар ушул Мыйзамда белгиленген эрежелерге ылайык шаардын жаңы мэри жана айыл өкмөтүнүн башчылары шайлаганга чейин өз ыйгарым укуктарын аткарууну уланта беришет;

- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин шайланган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары алардын ыйгарым укуктары аяктаганга чейин сакталат.

2-1. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шаарлардын мэрлерин шайлоо 2011-жылдын 27-августуна дайындалып, бирок мэрлерди шайлоо болбой калган же болбосо мэрлер шайланбай калган облустук жана райондук маанидеги шаарларда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо болбой калган же болбосо шаарлардын мэрлери шайланбай калган күндөн тартып 4 айдан кечиктирбестен кайра шайлоо дайындайт.

Шаарлардын мэрлерин кайра шайлоо ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 474-ст.)

- 2009-жылдын 26-январындагы № 27 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 27-ст.);

- 2009-жылдын 15-июнундагы № 183 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 557-ст.);

- 2009-жылдын 20-июлундагы № 237 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 747-ст.);

- 2009-жылдын 25-декабрындагы № 317 (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1031-ст.);

- 2010-жылдын 13-январындагы № 1 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Эркин Тоо" газетасы, 2010-жылдын 15-январы, № 15 );

- 2010-жылдын 4-мартындагы № 46 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Эркин Тоо" газетасы, 2010-жылдын 12-марты, № 17-18);

4. Кыргыз Республикасынын Президентине эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына:

1) ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

2) өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

(КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

Р. Отунбаева