Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\10c2b39a-c878-48da-bb19-ce4bd79dd3c6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 26-январы № 26

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
 актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

2-статья:

статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудит жүргүзүүгө тиешелүү маселе "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.";

2 жана 3-бөлүктөр тиешелүүлүгүнө жараша 3 жана 4-бөлүктөр болуп эсептелсин.

 

2-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"Социалдык фонддун ички аудити "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.".

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө:

1) өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну камсыз кылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К.Бакиев