Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Кыргыз Республикасынын

2011-жылдын 8-августундагы № 149 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\cec1a468-5891-4a1e-8ebc-69095af8c1b5\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 27-апрели № 135

 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 97-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

 

22-статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-бөлүк менен толукталсын:

"Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъекттери (алардын жетекчилери), аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары), керектөөчүлөр (абоненттер), алардын коомдук бирикмелери, ассоциациялар жана бирликтер, башка юридикалык жактар, ошондой эле укук коргоо органдары монополияга каршы органдын жана мамлекеттик жөнгө салуучу тармактык органдардын чечимдери (буйруктары) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбеген учурда сотко даттанууга укуктуу.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

К. Бакиев