Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

УТРАТИЛ СИЛУ
в соответствии с Законом КР от 15 июля 2011 года № 101

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 20-июлу № 237

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

1-берене.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 5, 474-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

1. 9-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктчасындагы:

мамлекеттик тилде берилген Мыйзамдын текстиндеги "ченемдик жана укуктук актыларга" деген сөздөр "мыйзамдарга" деген сөзгө алмаштырылсын; расмий тилде берилген Мыйзамдын текстиндеги "же келишим менен" деген сөздөр алынып салынсын;

 

2. 15-берененин 3-бөлүгүндөгү "жергиликтүү кеңештин депутаттарынын" деген сөздөр "поселкалык кеңештер, шаардык кеңештер, айылдык округдардын кеңештери" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

3. 20-беренеде:

 

2-бөлүгүндөгү "же мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы келишимдин" деген сөздөр алып салынсын;

 

5-бөлүктүн биринчи абзацындагы "же келишим" деген сөздөр алып салынсын;

 

4. 22-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Поселкалык, шаардык кеңештин жана айылдык округдун кеңешинин сандык курамы жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет, ал эми райондук кеңештин сандык курамы тийиштүү райондук кеңештин чечими менен белгиленет. Жергиликтүү кеңештердин сандык курамы ушул берененин биринчи бөлүгүнө ылайык белгиленет."

 

5. 27-берененин 2-бөлүгүнүн 8-пунктундагы "депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен" деген сөздөр "депутаттар тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К. Бакиев