Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 12-октябры № 262

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу

 

1-берене.

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 15-статьянын 3-бөлүгү "иммигрант статусу берилген" деген сөздөрдөн кийин "жана 5 жылдан ашык Кыргыз Республикасынын аймагында болушкан" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 32-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп эсептелген мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жок адам үчүн - Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин ал жашаган мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев