Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\4dd389ae-f974-4b49-a14e-04754b2a2ee5\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 13-июну № 37

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө

(КР 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2013-жылдын 26-июнундагы № 105
конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

I бөлүм.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын
статусу жана анын ишин уюштуруу

 

1-глава. Жалпы жоболор

2-глава. Конституциялык палатанын курамы жана ишин уюштуруу

 

II бөлүм.
Конституциялык сот өндүрүшү

 

3-глава. Конституциялык сот өндүрүшүнүн принциптери

4-глава. Иштердин Конституциялык палатага караштуулугу

5-глава. Конституциялык палатага кайрылуу субъекттери

6-глава. Конституциялык палатага кайрылуу

7-глава. Кайрылууларды өндүрүшкө кабыл алуу, иштерди кароого даярдоо жана конституциялык палатада иштерди кароо

8-глава. Конституциялык палатанын актылары

III бөлүм. Корутунду жоболор

 

IV бөлүм. Өткөөл жоболор

 

 

I бөлүм

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык

палатасынын статусу жана анын ишин уюштуруу

 

1-глава

Жалпы жоболор

 

1-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык

палатасы

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы (мындан ары - Конституциялык палата) конституциялык сот өндүрүшү аркылуу өз алдынча конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жогорку сот органы болуп саналат.

 

2-берене. Конституциялык палатанын ишинин негизги принциптери

 

Көз карандысыздык, коллегиалдуулук, айкындык, атаандаштык жана тараптардын тең укуктуулугу Конституциялык палатанын ишинин негизги принциптери болуп саналат.

 

3-берене. Конституциялык палата жөнүндө мыйзамдар

 

1. Конституциялык палатаны уюштуруу, компетенциясы, курамы, түзүү жана төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо жана бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция) жана ушул конституциялык Мыйзамда аныкталат.

2. Конституциялык палатанын компетенциясына кирген маселелерди кароо жана чечимдерди кабыл алуу, Конституцияда жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген конституциялык сот өндүрүшү тартибинде жүзөгө ашырылат.

3. Конституциялык палатанын судьяларынын статусу, көз карандысыздыгынын кепилдиктери, аларды жоопкерчиликке тартуунун, кызматтан четтетүүнүн жана бошотуунун тартиби конституциялык мыйзамдарда, мыйзамдарда аныкталат.

 

4-берене. Конституциялык палатанын ыйгарым укуктары

 

1. Конституциялык палата:

1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда, аларды конституциялык эмес деп табат;

2) Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет;

3) Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна карата корутунду берет.

2. Конституциялык палата өзүнүн ишин натыйжалуу уюштуруу максатында ошондой эле:

1) Конституциялык палатанын регламентин кабыл алат, Конституциялык палатанын аппараты жөнүндө жобону, чыгымдардын сметасынын чектеринде анын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;

2) кайрылуу келип түшкөнүнө байланыштуу бардык мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, алардын кызмат адамдарынан, коомдук бирикмелерден, юридикалык жана жеке жактардан маалыматтарды жана документтерди суратып алууга, ошондой эле адистерди эксперттик жана илимий-консультативдик иштерге тартууга укуктуу;

3) ал тарабынан кабыл алынган актылардын аткарылышына жыл сайын талдоо жүргүзөт жана жалпы маалымат үчүн жарыялайт.

 

2-глава

Конституциялык палатанын

курамы жана ишин уюштуруу

 

5-берене. Конституциялык палатанын курамы

 

1. Конституциялык палата он бир судьядан: Конституциялык палатанын төрагасынан, төраганын орун басарынан жана тогуз судьядан турат.

2. Конституциялык палатанын судьялары "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары - судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзам) белгиленген тартипте шайланат.

 

6-берене. Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун

басарын жана судья-катчысын шайлоонун тартиби

 

1. Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы өзүнүн курамынан төраганы, төраганын орун басарын жана судья-катчыны үч жылдык мөөнөткө шайлайт.

Бир эле судья Конституциялык палатанын төрагасы, төраганын орун басары болуп катары менен эки мөөнөткө шайлана албайт.

2. Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы ага Конституциялык палатанын судьяларынын курамынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда укук ченемдүү болуп эсептелет.

Төраганы, төраганын орун басарын, судья-катчыны шайлоо боюнча Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы Конституциялык палатанын жашы улуу судьясынын төрагалыгы алдында өтөт.

Конституциялык палатанын төрагасынын, төраганын орун басарынын жана судья-катчысынын кызматына талапкерлер Конституциялык палатанын судьялары тарабынан же өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Конституциялык палатанын төрагасы, төраганын орун басары жана судья-катчысы жашыруун добуш берүү менен шайланат. Шайлоону өткөрүүнүн тартиби Конституциялык палатанын регламентинде аныкталат.

Эгерде алар үчүн Конституциялык палатанын судьяларынын курамынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, Конституциялык палатанын төрагасы, төраганын орун басары жана судья-катчысы шайланган болуп эсептелет.

 

7-берене. Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун

басарын жана судья-катчысын кызмат ордунан бошотуу үчүн

негиздер

 

1. Конституциялык палатанын төрагасы, төраганын орун басары, судья-катчысы өздөрүнүн кызматтарынан алар шайланган мөөнөтү бүткөндө же өз каалоосу боюнча бошотулат.

Конституциялык палатанын төрагасынын, төраганын орун басарынын жана судья-катчысынын ыйгарым укуктары, ошондой эле Конституциялык палатанын судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулганда, аларды судьянын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошоткон учурда токтотулат.

2. Конституциялык палатанын иштеп жаткан төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнүнө же ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына же кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу, Конституциялык палатанын жаңы төрагасын шайлаганга чейин төраганын милдеттерин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары аткарат.

Конституциялык палатанын төрагасы, төраганын орун басары, судья-катчысы болбогон учурда, Конституциялык палатанын төрагасынын милдеттерин, Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы тарабынан бул милдеттер жүктөлгөн Конституциялык палатанын судьясы убактылуу аткарат.

 

8-берене. Конституциялык палатанын төрагасы

 

Конституциялык палатанын төрагасы Конституциялык палатанын судьясынын милдетин аткаруу менен бирге:

1) иштерди жана башка маселелерди Конституциялык палатанын жыйналышында кароого даярдоону жетектейт;

2) Конституциялык палатанын жыйналыштарын чакырат, карала турган маселелерди талкууга киргизет, жыйналыштарга төрагалык кылат;

3) Конституциялык палатанын атынан чыгат жана сүйлөйт;

4) келип түшкөн кайрылууларды Конституциялык палатанын судьяларынын ортосунда бөлүштүрөт;

5) Конституциялык палатанын регламентин анын бекитүүсүнө сунуштайт;

6) жыйналышты өткөрүүнүн, анын катышуучуларынын жана катышып олтургандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды аныктайт;

7) Конституциялык палатанын аппаратына жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайык аппараттын жетекчисин кызматка дайындайт жана бошотот, ошондой эле Конституциялык палатанын бекитүүсүнө Конституциялык палатанын аппараты тууралуу жобону жана анын түзүмүн сунуштайт;

8) Конституциялык палатанын жыйналыштарынын чечимдеринин, корутундуларынын, токтомдорунун, аныктамаларынын көчүрмөлөрүнө жана протоколдоруна кол коет;

9) ушул конституциялык Мыйзамга жана Конституциялык палатанын регламентине ылайык, башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Конституциялык палатанын төрагасы буйруктарды жана тескемелерди чыгарат.

 

9-берене. Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары

 

Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Конституциялык палатанын судьясынын милдеттерин аткаруу менен бирге Конституциялык палатанын төрагасы жок болгондо же анын тапшыруусу боюнча Конституциялык палатанын төрагасынын милдеттерин аткарат.

Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары болбогон учурда төраганын милдеттерин аткаруу судья-катчыга жүктөлөт.

 

10-берене. Конституциялык палатанын судья-катчысы

 

Конституциялык палатанын судья-катчысы Конституциялык палатанын судьясынын милдетин аткаруу менен бирге:

1) Конституциялык палатанын жыйналыштарын даярдоо боюнча уюштуруу иштерин жүзөгө ашырат жана Конституциялык палатанын чечимдерин аткарууну камсыз кылуучу чараларды көрөт;

2) Конституциялык палатанын жыйналышын алып баруу жана протоколун өз убагында тариздөө боюнча иштерди уюштурат;

3) Конституциялык палатанын жыйналыштарынын чечимдеринин, токтомдорунун, корутундуларынын, аныктамаларынын көчүрмөлөрүнө жана протоколдоруна кол коет;

4) Конституциялык палатанын ишин маалыматтык камсыздоону уюштурат;

5) ушул конституциялык Мыйзамга жана Конституциялык палатанын регламентине ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

II бөлүм

Конституциялык сот өндүрүшү

 

3-глава

Конституциялык сот өндүрүшүнүн принциптери

 

11-берене. Көз карандысыздык

 

1. Конституциялык палата көз карандысыз жана Конституцияга, ушул конституциялык Мыйзамга жана Конституциялык палатанын регламентине баш ийет.

2. Конституциялык палатанын чечимдери Конституцияга негизделет жана судьялардын ар кандай кызыкчылыктардан эркин болгон укуктук көз карашын билдирет.

3. Конституциялык палатанын судьялары өздөрүнүн эркин билдирүү эркиндигине сырттан таасир тийгизүүнү жокко чыгарган шарттарда чечим кабыл алат.

4. Конституциялык палатанын иш-аракетине кандай гана болбосун кийлигишүүгө жол берилбейт жана мындай кийлигишүү мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет.

 

12-берене. Иштерди кароонун коллегиялуулугу

 

1. Конституциялык палатада иштерди кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу коллегиялуу түрдө жүргүзүлөт.

Конституциялык палата өз ишин анын курамында Конституциялык палатанын судьяларынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси болгондо, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда, үч судьядан турган коллегиялар менен жүзөгө ашырат.

Коллегиялардын курамы жана түзүү тартиби Конституциялык палатанын регламентинде аныкталат.

2. Судья аны кызматынан четтеткен же ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн катышуусун алып койгон же катышуусун алдырганы жөнүндө маселе канааттандыраарлык чечилгенден тышкары учурларда, Конституциялык палатанын жыйналышына катышуудан четтетилиши мүмкүн эмес.

 

13-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн айкындуулугу

 

1. Конституциялык палатада иштерди кароо ачык жүргүзүлөт. Ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда гана жабык жыйналыштарды өткөрүүгө жол берилет. Жыйналыштар жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн жетимдүү болгон соттук жыйналыш залында өткөрүлөт.

2. Конституциялык палата катышуучуларды өзүнүн жыйналыштарынын убактысы жана орду жөнүндө жазуу жүзүндө кабарландырат жана соттук жыйналыштар жөнүндө маалыматты Конституциялык палатанын имаратында, ошондой эле Конституциялык палатанын расмий сайтында, жыйналыштар башталганга чейин он кун мурда жайгаштырат.

3. Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары жарыя уктурулат.

 

14-берене. Оозеки териштирүү

 

Конституциялык палатанын жыйналыштарында териштирүү оозеки жүргүзүлөт. Конституциялык палата соттук жыйналышта жыйналыштын катышуучуларынын түшүндүрмөлөрүн угууга милдеттүү жана көрсөтүлгөн документтерди жарыя окууга укуктуу.

 

15-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн тили

 

1. Конституциялык сот өндүрүшү мамлекеттик тилде жүзөгө ашырылат. Сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын өтүнүчү боюнча расмий тилде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Сот өндүрүшүнүн тилин билбеген конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучуларына башка тилде түшүнүк берүү жана котормочунун кызматынан пайдалануу укугу камсыз кылынат.

 

16-берене. Иштин түздөн-түз каралышы

 

1. Конституциялык палата ишти ушул конституциялык Мыйзамда белгилеген тартипте түздөн-түз карабай туруп анын маңызы боюнча чечим жана корутунду кабыл алууга укуксуз.

2. Конституциялык палатанын судьялары жыйналыш ачылган учурдан тартып жабылганга чейин ишти кароого жеке өздөрү катышат.

3. Судьянын жыйналышка катышуусуна тоскоолдук кылган учурларды кошпогондо, судьялардын эч кимиси ишти кароодон четтөөгө укуксуз.

4. Эгерде анын катышуусу кворумду камсыз кылуу үчүн зарыл болсо, жыйналышка жаңы судьянын киришүүсү иш боюнча өндүрүштү соттук териштирүүнүн башталышынан тартып кайрадан баштоого алып келет.

5. Судьялардын кворуму болгондо, судьянын ишти андан ары кароого катышууга мүмкүн эместиги өндүрүштү улантууга тоскоолдук кылбайт, бирок кеткен судьянын судьялардын кеңешмесине жана чечимдерди же корутундуларды кабыл алууга катышуусун жокко чыгарат.

6. Жыйналышка катышкан судьялардын эч кимиси Конституциялык палатанын кеңешмесинде добуш берүүдө калыс калууга укуксуз; чечим жана корутунду жарыяланганга чейин ар бир судья иш боюнча өз көз карашын жеке өзү билдирүүгө милдеттүү.

 

17-берене. Тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу

 

Тараптар Конституциялык палатанын жыйналышында атаандаштыктын негизинде өз көз караштарын коргоо боюнча бирдей укуктардан жана мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланат.

 

4-глава

Иштердин Конституциялык палатага караштуулугу

 

18-берене. Иштердин караштуулугу

 

1. Конституциялык палата конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында төмөнкү иштерди карайт:

1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда, аларды конституцияга ылайык эмес деп табуу жөнүндө;

2) Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү тууралуу;

3) Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду берүү жөнүндө.

2. Кээ бирөөлөрү Конституциялык палатанын кароосуна таандык, ал эми айрымдары башка мамлекеттик бийлик органдарынын кароосуна таандык болгон бир нече өз ара байланышкан талаптарды бириктирүүдө, Конституциялык палатанын компетенциясына кирген маселелер боюнча талаптар гана каралууга жатат.

 

19-берене. Ишти чечүүнүн чектери

 

1. Конституциялык палата укук маселелерин гана белгилейт жана чечет.

2. Конституциялык палата талаштагы ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун текшерүү менен, анын Конституцияга ылайыктуулугун төмөнкүлөр боюнча белгилейт:

1) ченемдердин мазмуну боюнча;

2) ченемдик укуктук актынын таризи боюнча;

3) кабыл алуу, кол коюу, жарыялоо жана колдонууга киргизүү тартиби боюнча.

3. Конституциялык палата Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду берүү менен, анын төмөнкүлөргө ылайыктуулугун белгилейт:

1) адамдын жана жарандын пайдубал укуктарына жана эркиндиктерине, алардын чектөөлөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө;

2) демократиялык, укуктук, дин аралашпаган мамлекеттин принциптерине;

3) Конституциянын 114-беренесинде каралган ага өзгөртүүлөр киргизүү тартибине.

4. Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат. Мында Конституциялык палата кайрылууда баяндалган жүйөөлөргө жана пикирлерге көз каранды эмес.

 

5-глава

Конституциялык палатага кайрылуу субъекттери

 

20-берене. Конституциялык палатага кайрылуу субъекттери

 

1. Конституциялык палатага кайрылуу укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) жеке же юридикалык жакка (жактарга), эгерде ал Конституцияда таанылган анын укуктары жана эркиндиктери мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда бузулган деп эсептесе;

2) Жогорку Кеңешке;

3) Жогорку Кеңештин фракциясына (фракцияларына);

4) Президентке;

5) Өкмөткө;

6) Премьер-министрге;

7) Кыргыз Республикасынын судьясына (судьяларына);

8) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;

9) Башкы прокурорго;

10) Акыйкатчыга (Омбудсменге).

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-6, 8-10-пункттарында көрсөтүлгөн органдар жана кызмат адамдары Конституциялык палатага - сунуштама, башка адамдар - өтүнүч, ал эми судья (судьялар) суроо-талап таризиндеги кайрылууларды беришет.

Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-6, 8-10-пункттарында көрсөтүлгөн органдар жана кызмат адамдары компетенция маселелер боюнча Конституциялык палатага кайрылган учурда, алардын компетенциясына тиешелүү бөлүгүнө гана сунуштама киргизиши мүмкүн.

 

21-берене. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды

конституциялык эмес деп табуу жөнүндө кайрылууга укук

 

Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес деп табуу жөнүндө кайрылуу укугуна ушул конституциялык Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер ээ.

 

22-берене. Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык

келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду

берүү тууралуу кайрылууга укук

 

Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү тууралуу кайрылуу укугуна ушул конституциялык Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-6-пункттарында көрсөтүлгөн субъекттер ээ.

 

23-берене. Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбоору

боюнча корутунду берүү жөнүндө кайрылууга укук

 

Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбоору боюнча корутунду берүү жөнүндө кайрылуу укугуна ушул конституциялык Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-5, 10-пункттарында көрсөтүлгөн субъекттер ээ.

 

6-глава

Конституциялык палатага кайрылуу

 

24-берене. Конституциялык палатада каралуучу иштин себептери

жана негиздери

 

Ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына жооп берүүчү сунуштамалар, өтүнүчтөр жана суроо-талаптар таризиндеги Конституциялык палатага кайрылуу Конституциялык палатада каралуучу иштин себептери болуп эсептелет.

Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актынын, Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдин же Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбоорунун Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу - ишти кароого негиз болуп эсептелет.

 

25-берене. Кайрылууга коюлган жалпы талаптар

 

1. Конституциялык палатага кайрылуу жазуу жүзүндө берилет жана укук берилген адам (адамдар) тарабынан кол коюлат.

2. Кайрылуу, ошондой эле ага тиркелген материалдар мамлекеттик же расмий тилде берилет.

3. Кайрылууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) Конституциялык палатанын аталышы;

2) кайрылуучунун аталышы, дареги жана ага тиешеси бар башка зарыл маалыматтар;

3) кызмат орду боюнча өкүлчүлүктү кошпогондо, кайрылуучунун өкүлүнүн аталышы, дареги жана анын ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтар, ага тиешеси бар башка маалыматтар;

4) конституциялуулугу текшерилүүгө жаткан ченемдик укуктук актыга кол койгон же аны чыгарган мамлекеттик органдын, кызмат адамынын аталышы, дареги;

5) Конституциялык палатага кайрылууга укук берген Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын ченемдери;

6) тарап өзүнүн талабын негиздеген жана өзү берген фактыларды ырастаган жагдайлар;

7) талашылып жаткан ченемдик актынын толук аталышы, номуру, кабыл алынган датасы, жарыяланган булактары жана башка реквизиттери;

8) конкреттүү, ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн кайрылууну кароо негиздери;

9) кайрылуучунун коюлган маселе боюнча көзкарашы жана аны Конституциянын ченемдерине шилтеме менен укуктук негиздемеси;

10) Конституциялык палатага сунуштама, өтүнүч, суроо-талап менен байланышкан кайрылуунун талабы;

11) тиркелген документтердин тизмеги.

 

26-берене. Кайрылууга тиркелүүчү документтер

 

Кайрылууга төмөнкүлөр тиркелет:

1) кайрылуучу тарап конституциялуулугун толугу менен же айрым бөлүгүндө талашып жаткан ченемдик укуктук актынын текстинин көчүрмөсү;

2) өкүлчүлүк кызмат орду боюнча жүргүзүлүүчү учурларды кошпогондо, өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктоо күбөлүгү же башка документ.

Зарыл учурда кайрылууга Конституциялык палатанын жыйналышына чакырылууга жаткан адамдардын тизмеси, алардын даректери, ошондой эле башка документтер жана материалдар тиркелүүсү мүмкүн.

 

27-берене. Конституциялык палатага келип түшкөн кайрылууларды

каттоо

 

Конституциялык палатага келип түшкөн кайрылуулар милдеттүү түрдө алардын келип түшкөн күнү катталууга жатат.

 

7-глава

Кайрылууларды өндүрүшкө кабыл алуу, иштерди кароого

даярдоо жана конституциялык палатада иштерди кароо

 

28-берене. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу

 

1. Кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө маселени катталган учурдан тартып отуз жумушчу күндүн ичинде чечүү үчүн келип түшкөн кайрылуу Конституциялык палатанын төрагасы тарабынан Конституциялык палатанын үч судьядан турган коллегиясына берилет.

2. Кайрылууну жана ага тиркелген документтерди текшерүү коллегиянын судьяларынын бирине тапшырылат. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндөгү же аны кабыл алуудан баш тартуу жөнүндөгү аныктама коллегиянын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган учурда, кайрылууну текшерүү тапшырмасын алган мындан ары судья-баяндамачы деп аталуучу судья жыйналышка ишти даярдоону жүргүзөт, аны кабыл алуудан баш тартылган учурда материалдарды арыз ээсине кайтарып берет.

3. Коллегия кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан төмөнкү учурларда баш тартат:

1) эгерде кайрылуу таризи жана мазмуну боюнча ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе;

2) эгерде кайрылуу тиешелүү эмес органдан же жактан (субъекттен) келип түшсө;

3) эгерде кайрылуу тараптын Конституциялык палатада иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктарга ээ болбогон өкүлү тарабынан берилсе же болбосо өкүл ушул конституциялык Мыйзамда каралбаган адам болуп эсептелсе;

4) эгерде кайрылууда билдирилген талап Конституциялык палатанын кароосуна караштуу болбосо;

5) эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселенин конституциялуугу Конституциялык палата тарабынан текшерилсе жана анын өз күчүн сактаган актысы бар болсо.

4. Конституциялуулугу талашылып жаткан актыны жокко чыгаруу же анын күчүн жоготушу кайрылууну Конституциялык палатанын өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартууга алып келет.

5. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө же болбосо аны кабыл алуу тууралуу аныктама тараптар тарабынан Конституциялык палатага даттанылышы мүмкүн. Конституциялык палата тарабынан бул маселени кароонун жыйынтыктары боюнча өзүнчө токтом кабыл алынат.

6. Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуугу жөнүндө кайрылуусунун өндүрүшкө кабыл алуусу Конституциялык палатада ишти кароо аяктаганга чейин талашылып жаткан эл аралык келишимдердин күчүнө кирүү процессинин токтотула турушуна алып келет.

 

29-берене. Конституциялык палатада маселелерди кароонун мөөнөттөрү

 

Конституциялык палата өндүрүшкө кабыл алынган кайрылууну аны кабыл алган күндөн тартып беш айдын ичинде карайт жана ал боюнча акт чыгарат. Бул мөөнөт Конституциялык палатанын төрагасынын чечими боюнча бир айга узартылышы мүмкүн.

 

30-берене. Ишти кароого даярдоо

 

1. Өндүрүшкө кабыл алынган кайрылуу боюнча судья-баяндамачы ишти эки айлык мөөнөттө кароого даярдоону жүргүзөт, бул үчүн ал:

1) иш боюнча тараптарды аныктайт, аларга ушул конституциялык Мыйзамда каралган алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;

2) тараптарды сурайт;

3) ишке тиешеси бар зарыл документтерди жана башка маалыматтарды кошумча талап кылуу жөнүндө аныктама чыгарат;

4) тиешелүү кызмат адамдарын жана башка адамдарды сурайт;

5) зарыл болгон учурда, жыйналышка чакыртылууга жана чакыртылып келтирилүүгө тийиш болгон күбөлөрдүн, эксперттердин жана башка адамдардын чөйрөсүн аныктайт;

6) ар кандай адамдардын өз ара байланышкан талаптарын бир сот өндүрүшүнө бириктирүү жөнүндө же бир кайрылууда билдирилген караштуулугу жок талаптарды өзүнчө бөлүп чыгаруу жөнүндө маселени чечет;

7) ишти Конституциялык палатанын жыйналышында кароого карата дайындоо жөнүндө аныктама чыгарат, жыйналыштын катышуучуларын кабардар кылат жана зарыл жактардын катышуусун камсыз кылат;

8) болгон материалдар боюнча актынын долбоорун даярдайт;

9) жыйналыш башталганга чейин он күндөн кечиктирбестен иштин материалдарынын көчүрмөлөрүн Конституциялык палатанын бардык судьяларына жана жыйналыштын катышуучуларына тапшырууну камсыз кылат;

10) ишти туура чечүүнү камсыз кылуу боюнча башка аракеттерди жүргүзөт.

2. Билдирилген талаптардын өзгөчө татаалдыгына же алардын өтө маанилүүлүгүнө жараша, ишти кароого даярдоо бир нече судьяларга тапшырылышы мүмкүн.

 

31-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары

 

Тараптар, алардын өкүлдөрү, күбөлөр, эксперттер, котормочулар конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары болуп эсептелет.

 

32-берене. Тараптар жана алардын өкүлдөрү

 

1. Конституциялык сот өндүрүшүндө тараптар деп төмөнкүлөр таанылат:

1) кайрылуучу тарап - сунуштамалары жана өтүнүчтөрү өндүрүшкө кабыл алынган жактар же органдар;

2) жоопкер-тарап - ченемдик укуктук актыны чыгарган, ага кол койгон орган же кызмат адамдары же конституциялуулугу жөнүндө маселе коюлуп жаткан Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун, эл аралык келишимди ратификациялоону, бекитүүнү же Кыргыз Республикасы үчүн башка ыкма менен күчүнө киргизүүнү демилгелеген субъекттер.

2. Кызмат орду боюнча, мыйзам боюнча өкүлдөр, адвокаттар тараптардын өкүлдөрү боло алышат. Ар бир тарап үчтөн көп эмес өкүлгө ээ болушу мүмкүн. Тараптар бир эле маселе боюнча ишти жүргүзүүнү алардын бирөөсүнө тапшырууга укуктуу.

Тараптардын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары жарандык процесстик мыйзамдарда каралган тартипте таризделет.

3. Конституциялык палата тарабынан суроо-талабы өндүрүшкө кабыл алынган судья (судьялар) тарап деп таанылбайт, жыйналышка чакырылбайт.

4. Тараптар бирдей процесстик укуктардан пайдаланат.

Тараптар жана алардын өкүлдөрү иштин материалдары менен таанышууга, алардан ичинен жазып алууларды жүргүзүүгө, көчүрмөлөрдү алууга, далилдерди берүүгө, далилдерди иликтөөгө катышууга, процесстин жүрүшүндө келип чыккан бардык маселелер боюнча өз жүйөлөрүн жана пикирлерин билдирүүгө, корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу.

Ошондой эле, тараптар өтүнүч билдирүүгө, судьяларга оозеки жана жазуу жүзүндө түшүнүктөрдү берүүгө, берилген сунуштамалар жана өтүнүчтөр боюнча өз пикирин айтууга укуктуу.

Кайрылуучу тарап өз талаптарынын негизин же предметин өзгөртүүгө, алардын көлөмүн көбөйтүүгө же азайтууга, талаптардан баш тартууга укуктуу.

Жоопкер-тарап аларды толук же жарым-жартылай моюнга алууга же аларга каршы пикирлерин билдирүүгө укуктуу.

5. Ар бир тарап далилдерди берүүгө жана өз талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизи катары таянган жагдайларды далилдөөгө укуктуу.

Тараптар өз укуктарын ак ниеттүү пайдаланууга милдеттүү. Сотко атайын жалган маалыматтарды берүү Конституциялык палатаны урматтабагандык катары бааланат жана мыйзам боюнча жоопкерчиликке алып келет.

Тараптар жана алардын өкүлдөрү Конституциялык палатанын чакыруусу боюнча келүүгө, көрсөтмө берүүгө жана суроолорго жооп берүүгө милдеттүү.

 

33-берене. Күбөлөр

 

1. Аныкталуусу Конституциялык палатанын карамагына берилген иш жүзүндөгү жагдайларды изилдөөнүн зарылчылыгы болгондо, андай жагдайлар жөнүндө маалыматтары же материалдары бар жактар күбө катары чакырылышы мүмкүн.

2. Күбө Конституциялык палатага каралып жаткан иштин маңызына тиешелүү, жеке өзүнө белгилүү жагдайларды билдирүүгө жана Конституциялык палатанын судьяларынын жана тараптардын суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү. Зарыл болгондо ал жазуу жүзүндөгү белгилөөлөрүн, ошондой эле документтерди жана башка материалдарды пайдалана алат.

 

34-берене. Эксперт

 

1. Каралып жаткан ишке тиешелүү маселелер боюнча атайын билимдери бар адам Конституциялык палатанын жыйналышына эксперт катары чакырылышы мүмкүн. Эксперт корутунду берүүгө тийиш болгон маселелер баяндамачы-судья же Конституциялык палата тарабынан аныкталат.

2. Эксперт Конституциялык палатанын уруксаты боюнча иштин материалдары менен таанышууга, тараптарга жана күбөлөргө суроо берүүгө, ошондой эле өзүнө кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу.

3. Корутундуну баяндагандан кийин, эксперт Конституциялык палатанын судьяларынын жана тараптардын кошумча суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү.

 

35-берене. Конституциялык палатада каралуучу укуктун айрым

маселелери боюнча башка жактардын катышуусу

 

1. Жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, эл аралык уюмдар Конституциялык палатада каралуучу конкреттүү иште укуктун айрым маселелери боюнча өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн, жүйөөлөрүн жана ой-пикирлерин берүүгө укуктуу. Мында Конституциялык палата алардын жүйөөлөрүнө жана ой-пикирлерине байланбайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттердин жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү, жүйөөлөрү жана ой-пикирлери аталган субъекттер чагылдыргысы келген укук маселелеринин тизмеси, ошондой эле аталган маселелерде алардын компетенттүүлүгү жөнүндө күбөлөндүргөн маалымат камтылууга тийиш.

Судья-баяндамачы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттерге өз демилгеси боюнча кайрылууга укуктуу.

 

36-берене. Судьянын (судьялардын) өзүнүн катышуусун алуу жана

анын (алардын) катышуусун алдыруу

 

1. Конституциялык палатанын судьясы конституциялык сот өндүрүшүнүн кайсы гана этабында болбосун өзүнүн катышуусун алууну төмөнкү учурларда билдирүүгө милдеттүү:

1) эгерде судья кароонун предмети болуп саналган актыны кабыл алууга мурда кызмат абалына байланыштуу катышса;

2) эгерде ишти чечүүдө судьянын объективдүүлүгү сот өндүрүшүнүн катышуучулары менен туугандык же башка жеке байланыштардан улам күмөн саноого алып келиши мүмкүн болсо;

3) эгерде анын адилеттүүлүгүнө жана калыстыгына таасир тийгизиши мүмкүн болгон башка олуттуу жагдайлар болсо.

Ушул эле негиздер боюнча тараптар судьянын (судьялардын) катышуусун алдырууну билдирүүгө укуктуу.

2. Тараптардын өтүнүчү боюнча, Конституциялык палата ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо, катышуудан баш тартуу жөнүндө маселе чечиле турган судьяны уккандан кийин анын катышуудан баш тарткандыгы жөнүндө жүйөөлүү аныктама чыгарат.

Мында бул ишти кароо үчүн кворумдун бузулушуна алып келсе, анда судьянын (судьялардын) өзү катышуудан баш тартууга (анын (алардын) катышуудан баш тартууга) жол берилбейт, ал жөнүндө Конституциялык палата аныктама чыгарат.

 

37-берене. Ачык жыйналыштар

 

Ушул конституциялык Мыйзамда каралгандан тышкары учурларда, Конституциялык палатанын жыйналыштары ачык өтөт.

Катышып отургандар жыйналыштын жүрүшүн өз орундарынан белгилеп жаза алышат. Мында жыйналышты киного жана сүрөткө, видеого тартууга, радиодон жана телевизордон түз берүүгө Конституциялык палатанын уруксаты менен жол берилет. Эгерде алар жыйналышты алып баруунун тиешелүү тартибине кийлигишсе, төрагалык кылуучу эскертүүдөн кийин, айрым адамдарды жыйналыш залынан чыгарып жибере алат.

 

38-берене. Жабык жыйналыштар

 

Конституциялык палата мамлекеттик сырды сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын жеке турмушундагы сырды жана коомдук адептүүлүктү коргоо зарыл болгон учурларда, жабык жыйналышты дайындайт.

Ишти жабык жыйналышта кароонун зарылдыгы жөнүндө жүйөөлүү аныктама чыгарылып, ал жыйналыш башталаар алдында жалпыга жарыяланат.

Жабык жыйналышка Конституциялык палатанын судьялары, тараптар жана алардын өкүлдөрү катышат. Сот өндүрүшүнө башка катышуучулардын катышуу мүмкүндүгү Конституциялык палата тарабынан аныкталат. Жыйналышты алып баруунун тиешелүү тартибин түздөн-түз камсыз кылуучу Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлеринин катышуусу судьялар менен макулдашуу боюнча төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат.

 

39-берене. Жыйналышты кийинкиге калтыруу

 

1. Конституциялык палатанын жыйналышы төмөнкүдөй учурларда кийинкиге калтырылышы мүмкүн:

1) судьялардын кимдир бирөөсүнүн ооруп калгандыгына же башка себептер менен келбей калгандыгына байланыштуу сот жыйналышында кворумдун бузулушунан улам;

2) катышуусу милдеттүү жана келбей калышы ишти туура чечүүгө таасир тийгизиши мүмкүн деп табылган тараптардын же тараптардын биринин, күбөнүн же эксперттин келбей калышынан улам;

3) эгерде Конституциялык палата каралып жаткан ишти жетиштүү даярдалган эмес деп тапса;

4) талап кылынган материалдардын өз убагында тапшырылбаганынан улам, эгерде алар ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болсо;

5) сот жыйналышынын нормалдуу жүрүшүнө же ишти ар тараптуу кароого тоскоолдук кылган башка жагдайлар болсо, эгерде андай жагдайларды сот жыйналышынын жүрүшүндө жоюу мүмкүн болбосо.

2. Конституциялык палатанын жыйналышын кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим сот жыйналышына катышкан судьялардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Сот жыйналышын кийинкиге калтыруу тууралуу чечим кабыл алууда, Конституциялык палата жыйналыш которулган датаны дайындайт.

 

40-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтото туруу

 

1. Ишти ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароо мүмкүн болбогон учурларда, Конституциялык палата ал боюнча өндүрүштү келип чыккан тоскоолдуктарды жоюу үчүн зарыл болгон, бирок үч айдан ашпаган мөөнөткө токтото турууга укуктуу. Мында аны кароонун мөөнөтү да токтотулат.

Иш боюнча өндүрүш аны токтото туруу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлганда кайра жаңыртылат. Конституциялык палата тарабынан иш боюнча өндүрүштү токтото туруу башка иштерди кароого тоскоолдук кылбайт.

2. Ишти кароо ал токтотулуп турган учурдан тартып кайра жаңыртылат, ал эми мурда угулган эксперттерди, адистерди жана күбөлөрдү кайталап чакыртуу зарыл учурларда гана жүргүзүлөт. Өндүрүштү кайра баштоодо, Конституциялык палата аныктама чыгарат жана ишке катышуучу адамдарга бул жөнүндө кабарландырылат.

Эгерде Конституциялык палатанын жыйналышы судьялардын башка курамында кайра башталса, ишти кароо кайрадан башталат.

 

41-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу

 

1. Конституциялык палата иш боюнча өндүрүштү төмөнкүдөй учурларда токтотот:

1) арыз берүүчү өз талаптарынан баш тартканда, маңызы боюнча Конституциялык палатанын чечими кабыл алынганга чейин тарап маселени өз ыктыяры менен алып салганда;

2) эгерде ишти даярдоонун же кароонун процессинде ал Конституциялык палатанын кароосуна таандык эмес экендиги аныкталса. Мында иш кароосуна таандык болгон орган милдеттүү түрдө көрсөтүлөт;

3) эгерде конституциялуулугу талашылып жаткан акт ишти даярдоо же кароо процессинде жокко чыгарылса же ал күчүн жоготсо, ушул актынын иш аракети менен жеке жана юридикалык жактардын конституциялык укуктары жана эркиндиктери бузулгандан тышкары учурларда;

4) иш боюнча тараптардын бири болуп саналган жеке жак каза болгондо;

5) эгерде иш боюнча тарап катары чыккан юридикалык жак укук мураскорун аныктабастан жоюлганда.

2. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө маселени чечүү Конституциялык палата тарабынан сот жыйналышына катышкан судьялардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Конституциялык палатанын иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктамасы тараптарды Конституциялык палатага ошол эле талап жана ошол эле негиздер боюнча кайтадан кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

 

42-берене. Иштерди кароонун тартиби

 

1. Конституциялык палатада иштерди кароо жыйналыштарда Конституциялык палатанын төрагасынын төрагалыгында жүргүзүлөт, ал эми ал жок учурда, төрагалык кылуу ушул конституциялык Мыйзамдын 7 жана 9-беренелеринин эрежелери боюнча аныкталат.

2. Ишти маңызы боюнча кароону баштаганга чейин төрагалык кылуучу:

1) Конституциялык палатанын жыйналышын ачат жана карала турган ишти жарыялайт;

2) Конституциялык палатанын курамын жарыялайт;

3) сот жыйналышынын катчысына жыйналышка чакырылган катышуучулардын, күбөлөрдүн, эксперттердин, зарыл болгон учурда котормочунун бар экендиги жана келбей калгандардын себептери жөнүндө баяндама жасоо үчүн сөз берет. Тарап ишти анын катышуусу менен кароону өтүнгөн жана өзүнүн келбегендиги тууралуу жүйөлүү себепти келтиргенден тышкары учурларда, тараптын же анын өкүлүнүн Конституциялык палатанын жыйналышына келбегендиги ишти кароого кедерги болбойт;

4) тараптардын ыйгарым укуктарын текшерет;

5) тараптарга алардын укуктарын жана милдеттерин, ал эми чакырылган жактарга - алардын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин түшүндүрөт;

6) жыйналыштын катышуучуларынан аларга кошумча күбөлөрдү, эксперттерди чакыртуу жөнүндө, кошумча далилдерди талап кылуу тууралуу, жыйналыштын жүрүшүндө келип чыккан башка маселелер боюнча өтүнүч бар же жок экендигин сурайт, аларды соттун чечүүсүнө коет;

7) сот залынан күбөлөрдү, эксперттерди чыгарат;

8) иштин маңызы боюнча кароонун башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.

3. Ар бир ишти кароодо:

1) судья-баяндамачынын сөзү угулат, ал иштин маңызын, аны кароонун жүйөөлөрүн жана негиздерин, болгон материалдардын мазмунун баяндайт жана Конституциялык палатанын судьяларында келип чыккан суроолорго жооп берет;

2) ар бир тараптын түшүндүрмөлөрү угулат;

3) тараптарга бири-бирине жана процесстин башка катышуучуларына суроо берүү мүмкүнчүлүгү берилет, андан кийин Конституциялык палатанын судьялары суроо берет. Соттук жыйналыштын жүрүшүндө коюлган маселелердин жол берилүүчүлүгү Конституциялык палата тарабынан чечилет;

4) күбөлөрдүн, эксперттердин көрсөтүүлөрүн угуудан мурда төрагалык кылуучусу алардын ким экендигин аныктайт жана көрсөтүү берүүдөн баш тарткандыгы жана атайылап жалган көрсөтүү же корутунду бергендиги үчүн мыйзамдарда жазык жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө аларды жазуу жүзүндө эскертет, котормочу атайылап жалган которгондугу үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет;

5) соттук жыйналышта сотко берилген документтер жарыяланышы же көрүү үчүн таратылышы мүмкүн. Түп нускасы күмөн саноого алып келген документтер жарыяланууга жана көрүп-билүүгө жатпайт. Конституциялык палатанын чечими боюнча изилденген документтердин түп нускасы же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү иштин материалдарына тиркелүүгө жатат;

6) иштин материалдарын иликтөө аяктагандан кийин Конституциялык палата тараптардын корутунду сөздөрүн угат, төрагалык кылуучу иш боюнча териштирүү аяктагандыгы жана судьялардын кеңешме бөлмөсүнө кете тургандыгы жөнүндө жарыя кылат.

 

43-берене. Маселени кароону кайра баштоо

 

Эгерде Конституциялык палата тараптардын корутунду сөздөрүнөн кийин ишти чечүү үчүн маанилүү болгон кошумча жагдайларды аныктоонун же жаңы далилдерди изилдөөнүн зарылчылыгын тапса, ал маселени кайра кароо жөнүндө аныктама чыгарат.

Кошумча изилдөө аяктагандан кийин тараптардын кайрадан корутунду сөз сүйлөөгө укугу бар, бирок жаңы жагдайлар жана далилдер менен байланышта гана.

 

44-берене. Конституциялык палатанын жыйналышынын протоколу

 

1. Конституциялык палатанын жыйналышында сот жыйналышынын катчысы тарабынан протокол жүргүзүлөт.

2. Сот жыйналышынын протоколунда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) сот жыйналышынын өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө;

2) иштин аталышы жөнүндө;

3) ишти карап жаткан судьялардын курамы жөнүндө;

4) жыйналыштын катчысы жана процесстин ар бир катышуучусу жөнүндө;

5) күбөлөр жана эксперттер жөнүндө;

6) тараптардын түшүнүктөрү;

7) күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, эксперттердин корутундулары, аларга берилген суроолор жана аларга жооптор;

8) сот жыйналышынын жүрүшүндө болгон бардык иш аракеттер жөнүндө, алар кандай болуп өткөн иретте;

9) сот жыйналышынын жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча судьялардын пикирлери жана айткандары жана судьялардын добуш берүүсүнүн натыйжалары жөнүндө.

3. Протоколдун толуктугун камсыз кылуу үчүн, стенографияны жана техникалык каражаттарды колдонууга жол берилет, алардын колдонулушу жөнүндө жыйналыштын протоколунда көрсөтүлөт.

Иштин материалдарына протокол жана сот тарабынан колдонулган техникалык каражаттар: фонограмма, видеотасма, кинотасма тиркелет.

4. Протокол жыйналыш аяктагандан кийин беш жумуш күндөн кечиктирбестен таризделүүгө тийиш.

Протоколго Конституциялык палатанын төрагалык кылуучусу жана судья-катчысы тарабынан кол коюлат.

 

45-берене. Процесстик коргоо чараларын колдонуу

 

1. Конституциялык палатанын, жыйналыштын катышуучуларынын беделин коргоо жана конституциялык сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн тиешелүү тартибин камсыз кылуу максатында, Конституциялык палата тарабынан төмөнкүдөй тариздердин биринде билдирилүүчү ар бир укук бузгандык үчүн адамдарды сот жыйналышынын залынан чыгарууга же аларга эсептик көрсөткүчтүн беш эселенген өлчөмүнө чейин айып салууга жол берилет:

1) соттун процесстик ишине кийлигишкендик, судьяга таасир көрсөткөндүк;

2) ишти даярдоо жана кароо процессинде Конституциялык палатанын талаптарын жүйөөлүү себептерсиз аткарбай койгондук же өз убагында аткарбагандык;

3) Конституциялык палатага жүйөөлүү себептерсиз келбей койгондук же келбей коюунун себептери жөнүндө билдирбегендик;

4) Конституциялык палатанын жыйналышынын тартибин бузгандык, Конституциялык палатанын судьяларына баш ийбегендик, Конституциялык палатада кабыл алынган жол-жоболорду жана этикеттин эрежелерин этибарга албагандык;

5) жыйналыштын катышуучуларынын чыгып сүйлөөсүнүн ырааттуулугун өз алдынча бузгандык;

6) мазактоочу сөздөрдү колдонгондук.

2. Эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн укук бузуулар сот жыйналышынын процессинде айкындалса, процесстик коргоо чаралары Конституциялык палатанын протоколдук аныктамасы боюнча дароо колдонулат.

3. Башка учурларда процесстик коргоо чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте колдонулат.

4. Укук бузуучу айып салуу жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен айыпты төлөөгө милдеттүү. Беш күндүк мөөнөттө айыпты төлөөдөн баш тартса же төлөбөй койсо, Конституциялык палатанын айып салуу жөнүндө аныктамасы аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарга ылайык аткартылат.

 

8-глава

Конституциялык палатанын актылары

 

46-берене. Конституциялык палатанын актыларынын түрлөрү

 

1. Конституциялык палата актыларды чечимдер, корутундулар, токтомдор жана аныктамалар түрүндө кабыл алат.

2. Конституциялык палата кайрылууларды кароонун натыйжасында Конституциянын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган ыйгарым укуктары боюнча чечим, ал эми аталган берененин 6-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттары менен корутунду кабыл алат.

3. Конституциялык палатанын чечими жана корутундусу Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат жана Конституциялык палатанын төрагалык кылуучусу жана судьялары тарабынан кол коюлат.

4. Конституциялык палатанын башка актылары токтом, өзүнчө же протоколдук аныктама түрүндө кабыл алынат.

 

47-берене. Конституциялык палатанын актыларын кабыл алуунун

тартиби

 

1. Конституциялык палатанын актылары кеңешме бөлмөсүндө ар бир судьяны атап, сурап ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.

2. Кеңешме учурунда судьялар каралып жаткан маселе боюнча өз көз караштарын эркин билдире алат жана башка судьялардан өз көз караштарын тактоону өтүнө алат. Сүйлөөнүн саны жана узактыгы чектелиши мүмкүн эмес.

3. Конституциялык палатанын кеңешмесине Конституциялык палатанын ушул ишти карап жаткан судьялары гана катышат. Башка жактардын катышуусуна жол берилбейт.

4. Судья добуш берүүдө калыс калууга же ага катышпай коюга укуксуз. Төрагалык кылуучу бардык учурларда акыркы болуп добуш берет.

5. Кеңешменин протоколунда добушка коюлган маселелер жана добуштун натыйжалары милдеттүү түрдө жазылат. Протокол судья-катчы тарабынан жүргүзүлөт, бардык катышкан судьялар тарабынан кол коюлат жана жарыя кылынууга жатпайт.

6. Кеңешмеге катышкан судьялар талашуунун мазмунун жана добуштун натыйжаларын жарыя кылууга укугу жок.

7. Конституциялык палата кайрылууда билдирилген талаптарды толугу менен же жарым-жартылай канааттандырганда же канааттандырбай калтырганда иш маңызы боюнча чечилди деп эсептелинет.

8. Конституциялык палатанын актысы эгерде аны жактап жыйналышка катышкан судьялардын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Бир дагы сунуш көпчүлүк добуш албаган учурда, төрагалык кылуучу добуштардын көпчүлүгүн алган эки сунушту кайталап добушка коет.

9. Чечимди же корутундуну кабыл алууда добуштар тең бөлүнүп калган учурда, чечим же корутунду конституциялуулугу талашылып жаткан актынын пайдасына кабыл алынат. Башка актыларды кабыл алууда добуштар тең чыкса, төрагалык кылуучу добуш берген акт кабыл алынды деп эсептелинет.

10. Конституциялык палатанын актысы негиздүү жана жүйөөлүү болууга тийиш.

11. Конституциялык палатанын чечими жана корутундусу аларга кол коюлгандан кийин токтоосуз Конституциялык палатанын ачык жыйналышында толук көлөмүндө жарыя кылынат. Өзгөчө учурларда өтө татаал иштер боюнча чечимдин же корутундунун жүйөлөнгөн бөлүгүн түзүү он күнгө чейинки мөөнөткө калтырылышы мүмкүн, бирок алардын резолюциялык бөлүгү ошол эле жыйналышта жарыя кылынат.

 

48-берене. Конституциялык палатанын актысынын мазмуну

 

Конституциялык палатанын актысында каралып жаткан маселенин мүнөзүнө жараша төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) актынын аталышы, анын чыгарылган датасы жана орду;

2) чечимди же корутундуну токтомдоштурган Конституциялык палатанын өздүк курамы; жыйналыштын катчысы;

3) тараптар жана алардын өкүлдөрү;

4) талаптардын предмети, аны кароонун себептери жана негиздери;

5) Конституциялык палатанын бул маселени кароо укугун белгилеген Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын ченемдери;

6) тараптардын жүйөлөрү;

7) Конституциялык палата тарабынан белгиленген иш жүзүндөгү жана башка жагдайлар;

8) анын жарыяланган же алынган булагын көрсөтүү менен, конституциялуулугу текшерилип жаткан ченемдик укуктук актынын так аталышы;

9) конституциялуулугу текшерилген ченемдик укуктук акт, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору же Кыргыз Республикасы үчүн колдонууга кире элек эл аралык келишим;

10) Конституциялык палата кабыл алган актынын пайдасындагы жүйөөлөр, ал эми зарыл болгондо, ошондой эле тараптардын ырастоолорун четке кагуучу жүйөлөөр;

11) Конституциялык палата актыны кабыл алган учурда жетекчиликке алган Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын ченемдери;

12) каралган иштин маңызы боюнча соттун тыянагы;

13) актынын биротоло экендигине жана аны аткаруунун милдеттүүлүгүнө карата көрсөтмө;

14) актынын күчүнө кирүү тартиби, ошондой эле аткаруунун жана жарыялоонун тартиби, мөөнөттөрү жана өзгөчөлүктөрү.

 

49-берене. Конституциялык палатанын судьясынын өзгөчө пикири

 

Конституциялык палатанын актысына макул болбогон, же Конституциялык палата тарабынан каралган маселенин маңызы боюнча чечим же корутунду кабыл алуу үчүн добуш берген, бирок кандайдыр бир маселе боюнча же кабыл алынган актынын жүйөөсү боюнча добуш берүүдө азчылыкта калган Конституциялык палатанын судьясы өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу.

Судьянын өзгөчө пикири иштин материалдарына тиркелет жана актынын өзү жарыяланууга жаткан ошол эле басылмаларда Конституциялык палатанын актысы менен бирге жарыяланат.

 

50-берене. Актыдагы так эместиктерди оңдоо

 

Конституциялык палата актыны жарыялагандан кийин, андагы аталыштардагы, белгилемелердеги так эместиктерди, каталарды жана айкын редакциялык жана техникалык кемчиликтерди оңдошу мүмкүн, ал жөнүндө аныктама чыгарат.

 

51-берене. Конституциялык палатанын актыларынын юридикалык күчү

 

1. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө же аны кабыл албоо тууралуу аныктамадан тышкары, Конституциялык палатанын актылары акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт. Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары жарыяланган учурдан тартып, ал эми башка актылары кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Ченемдик укуктук актыны же анын бөлүгүн конституциялык эмес деп табуу жөнүндө чечимдин юридикалык күчү ошол эле мазмундагы ченемдик укуктук актыны же анын бөлүгүн кайра кабыл алуу менен жоюлуп кетиши мүмкүн эмес.

2. Конституциялык палатанын актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

3. Конституциялык палата тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын же алардын жоболорунун конституциялык эместигин белгилөө тиешелүү мамлекеттик органдарын жана кызмат адамдарын сот актыларынан тышкары, аларга негизделген, алар тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актыларды Конституцияга жана Конституциялык палатанын актыларына ылайык келтирүүнү милдеттендирет. Аларды ылайык келтирүүгө же жокко чыгарууга чейин түздөн-түз Конституция, ошондой эле Конституциялык палатанын чечими колдонулат.

4. Конституциялык эмес деп табылган, мыйзамдардын жана башка ченемдик актылардын ченемдерине негизделген сот актылары, укуктары жана эркиндиктери козголгон жарандардын даттануулары боюнча ар бир конкреттүү учурда ошол актыны кабыл алган сот тарабынан кайра каралат.

5. Конституциялык палатанын корутундусу менен конституциялык эмес деп табылган күчүнө кире элек эл аралык келишимдер аракетке киргизилиши жана колдонулушу тийиш эмес.

 

52-берене. Конституциялык палатанын актыларын аткаруу

 

1. Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары ченемдик укуктук актылар кароонун предмети болгон тараптарга, мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт жана мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына", ал эми зарыл болгондо жана башка басылмаларда жарыяланат.

2. Конституциялык палатанын соттук актыларын аткарбоо, талапка ылайык эмес аткаруу, же аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле Конституциялык палатанын ишине кийлигишүү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

 

53-берене. Конституциялык палатанын жекече аныктамалары

 

1. Сот жыйналышында мыйзамдуулук бузулган учурлар табылса, Конституциялык палата жекече аныктама чыгарууга жана аны тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жактарга жана (же) алардын кызмат адамдарына жиберүүгө укуктуу, алар жекече аныктаманын көчүрмөсүн алган мөөнөттөн тартып бир айдын ичинде кабыл алынган чаралар жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

2. Кабыл алынган чаралар жөнүндө билдирбеген учурда, күнөөлүү кызмат адамдары мыйзамдарга ылайык жоопко тартылышы мүмкүн. Мында бул жагдай тиешелүү кызмат адамдарын Конституциялык палатанын жекече аныктамасы боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө кабарлоо милдетинен бошотпойт.

 

III бөлүм

Корутунду жоболор

 

54-берене. Конституциялык палатанын ишин каржылык камсыз кылуу

 

1. Конституциялык палатанын ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражатынан камсыз кылынат.

2. Конституциялык палата кезектеги каржылык жылга бюджеттин долбоорун өз алдынча иштеп чыгат, ал өзгөртүүсүз бюджетке киргизилет жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине берилет.

3. Конституциялык палата Конституциялык палатаны каржылоо үчүн бюджетте каралган акча каражаттарын өз алдынча тескейт.

4. Республикалык бюджетти бекитүүдө Конституциялык палатанын чыгымдарынын сметасы өткөн каржылык жылга салыштырмалуу азайтылышы мүмкүн эмес.

 

55-берене. Конституциялык палатанын аппараты

 

1. Конституциялык палатанын иши анын аппараты тарабынан камсыз кылынат.

2. Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык, Конституциялык палатанын төрагасы тарабынан дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу аппараттын жетекчиси Конституциялык палатанын аппаратын түздөн-түз жетектөөнү жүзөгө ашырат.

Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер болуп саналат, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарга, ошондой эле эмгек жөнүндө мыйзамдарга ылайык аппараттын жетекчиси тарабынан дайындалат жана кызматтарынан бошотулат.

3. Конституциялык палатанын аппараты:

1) Конституциялык палатанын кадрдык, уюштуруучулук, илимий-талдоочулук, маалыматтык-маалымдамалык, материалдык-техникалык жана башка жактан камсыздалышын жүзөгө ашырат;

2) конституциялык сот өндүрүшү менен байланышпаган маселелер боюнча келгендерди кабыл алат;

3) Конституциялык палатанын дарегине кайрылууларды алдын ала тартипте жана Конституциялык палатанын судьялары тарабынан иликтөөнү талап кылган маселелерге тиешеси болбогон учурларда карайт;

4) ишти жана башка маселелерди жыйналыштарда жана кеңешмелерде кароого даярдоодо судьяларга көмөк көрсөтөт.

5) Конституциялык палатанын актыларынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин иликтейт жана жалпылайт;

6) белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде башка ишти жүзөгө ашырат.

 

56-берене. Конституциялык палатанын расмий басылмасы

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысы" Конституциялык палатанын расмий басылмасы болуп саналат.

 

57-берене. Конституциялык палатанын сот бийлигинин символдору

 

Конституциялык палатанын жыйналыш залында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги жана Конституциясынын китепчеси турат.

Конституциялык палатанын судьялары жыйналыштарды үлгүсү жана сыпаттамасы Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Өкмөт тарабынан бекитилген мантиячан өткөрүшөт.

 

58-берене. Конституциялык палатанын мөөрү

 

Конституциялык палатанын Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы жазылган мөөрү болот.

 

59-берене. Конституциялык палатанын жайгашкан орду

 

Конституциялык палатанын туруктуу жайгашкан орду Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаары болуп саналат.

Конституциялык палатанын жыйналыштары эреже катары анын туруктуу ордунда өткөрүлөт. Конституциялык палата өзү зарыл деп тапса, жыйналышты башка жерде да өткөрө алат.

 

IV бөлүм

Өткөөл жоболор

 

60-берене. Конституция жана ушул конституциялык Мыйзам күчүнө

киргенге чейин түшкөн кайрылууларды кароонун тартиби

 

Конституция жана ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин түшкөн кайрылуулар Конституциялык палата тарабынан Конституциянын 97-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде каралат жана чечилет.

 

61-берене. Конституциялык палатаны түзүүнүн тартиби

 

1. (Биринчи абзац 2012-жылдын 26-майындагы №66 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун таратылгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулган Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Конституциялык палатанын судьялык бош кызмат ордун ээлөө сынагына жаңы Конституцияга ылайык катыша алышат.

2. Конституциялык палата анын ыйгарым укуктуу курамы түзүлгөндөн кийин Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын, судья-катчысын ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте шайлайт жана токтоосуз ишке киришет.

3. Конституциялык палата Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун укук мураскору болуп саналат. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин белгиленген Конституциялык соттун көз карандысыздыгынын материалдык кепилдиги, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту мурда ээлеген өзүнчө имарат Конституциялык палатада сакталып калат.

Конституциялык палатанын ишин материалдык-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун мүлкүнүн базасында Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2010-жылга бекитилген бюджетинин чегинде жүргүзүлөт.

(КР 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2013-жылдын 26-июнундагы № 105 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

62-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кириши

 

1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 46-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, № 745-ст.).

 

Кыргыз Республикасынын
            Президенти

 

Р. Отунбаева