Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\041fb26f-0c2c-439f-b49f-7395b63e77e7\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 15-июну № 45

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын
чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу

 (Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Ушул Мыйзам республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган мамлекеттик, муниципалдык кызматчылардын жана башка категориядагы кызматкерлердин санынын чегин жана эмгегине акы төлөөнүн шарттарын аныктоо боюнча жогорку мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын карайт.

 

1-берене.

 

Бюджет чөйрөсүндөгү мамлекеттик, муниципалдык жана башка категориядагы кызматчылардын жана кызматкерлердин санынын чеги жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын жана ага баш ийген ведомстволук мекемелердин санынын чегин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын жана ага баш ийген мекемелердин мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт.

(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын жана башка баш ийүүдөгү мекемелеринин мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин санынын чегин жана эмгегине акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аныктайт.

Акыйкатчынын (Омбудсмендин), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мамлекеттик кызматчыларынын санынын чегин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын эмгек акыларынын шарттары жана алардын өлчөмдөрү бирдей деңгээлде белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн шарттары, ошондой эле алардын өлчөмдөрү бирдей деңгээлде белгиленет.

(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуш киргизсин.

(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-берене.

 

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 13-декабрындагы ПЖ № 548 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Өкмөтүнүн жана Президентинин Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акыларынын шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-августундагы ПЖ № 125 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Өкмөтүнүн жана Президентинин Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акыларынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 221 Жарлыгы.

(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-берене.

 

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын

81-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык кол коюлган

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

 

А.Келдибеков