Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 16-июну № 47

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

167-берененин 36-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"36) олимпиада оюндарынын чемпиондоруна жана байге ээлерине, Кыргыз Республикасынын спортунун түрлөрү боюнча курама командалардын мүчөлөрүнө төлөнүүчү стипендиялар, Олимпиада оюндарынын, дүйнөлүк, Азия чемпионаттарынын жана Азия оюндарынын чемпиондору жана байге ээлери болушкан курама командалардын мүчөлөрүнө бир жолу берилүүчү сыйлыктар бюджеттик каражаттардын эсебинен төлөнөт;".

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзам менен ылайык келтирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

Р. Отунбаева