Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Көңүл буруңуздар!
КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр,
берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\78c7e5ae-a09a-46c0-a04e-23c34f5adae9\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 22-июлу № 116

Атаандаштык жөнүндө

(КР 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 47, 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 13-августундагы № 225,
2016-жылдын 15-июлундагы № 118, 2017-жылдын 28-июлундагы № 153 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 , 2019-жылдын 22-июлундагы N 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

Ушул Мыйзам атаандаштыкты коргоонун жана өнүктүрүүнүн, монополиялык ишти жана кара ниет атаандаштыкты алдын алуунун, чектөөнүн, токтотуунун уюштуруу жана укуктук негиздерин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын рынокторун түзүү жана натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган.

1-берене. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары (мындан ары монополияга каршы мыйзамдар) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларга негизденет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

2-берене. Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында колдонулат жана ар кандай юридикалык жана жеке жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү менен байланышкан мамилелерге жайылтылат.

Монополияга каршы мыйзамдардын колдонулушу чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата алардын уюштуруу-укуктук формасына жана мында чарба жүргүзүүчү субъекттерге катталган жерине карабастан окшош түрдө жана бирдей ченемде жүзөгө ашырылат.

(КР 2015-жылдын 13-августундагы N 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-1-берене. Атаандаштык чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат

Атаандаштык чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат.

Финансылык кызмат көрсөтүүлөр (буга банк кызмат көрсөтүүлөрү кирбейт) рыногунда монополиялык ишке, атаандаштыкты коргоого жана өнүктүрүүгө байланышкан мамилелерди жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уруксаттамалануучу жана жөнгө салынуучу коммерциялык банктар жана башка финансы-насыялык мекемелер тарабынан аткарылышы үчүн милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атаандаштык чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иши жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Интернет тармактарына жайгаштыруу аркылуу маалыматтык ачыктыкты камсыз кылат.

 (КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

(абзац КР 2015-жылдын 13-августундагы N 225 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

жеке же юридикалык жактын аффилирленген жагы:

- тикелей же кыйыр чечимдерди аныктоого же ошол жак тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге, анын ичинде келишимдин (оозеки келишимди кошкондо) же башка бүтүмдүн күчүнө таасир тийгизүүгө укугу бар ар кандай жеке же юридикалык жак (өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын алкактарында анын ишине контролдукту жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарды албаганда), ошондой эле ушул аффилирленген жак өзүнө карата ушундай эле укуктарга ээ болгон ар кандай жеке же юридикалык жак;

- юридикалык жактын аффилирленген жагы болуп анын аткаруучу кызматтык адамдары, анын добуштук акцияларынын (салымынын, үлүшүнүн) 10 же андан ашык пайызына ээ болгон (ачык акционердик коомдор үчүн - 5 жана андан ашык пайыз) акционер (катышуучу) же ар кандай ишкана да таанылат;

өз ара алмаштырылуучу товарлар - алардын функциялык арналышы, колдонулушу, сапаттык жана техникалык мүнөздөрү, баасы жана башка параметрлери боюнча салыштырууга болуучу, сатып алуучу керектөө (өндүрүү) процессинде бирин бирине алмаштыруучу же алмаштыра алуучу товарлардын тобу;

(абзац КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 96 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

кодулоочу же өзгөчө шарттар - рынокко жетүүнүн шарттары, товар өндүрүүнүн, алмашуунун, керектөөнүн, алуунун, сатуунун, башкача жолдор менен берүүнүн шарттары мында чарба жүргүзүүчү субъект же бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттер башка чарба жүргүзүүчү субъектке (субъекттерге) салыштырганда тең абалга коюлбайт;

атаандаштык - рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттердин эркин мелдешүүчүлүк мында алардын өз алдынча аракеттери тиешелүү рынокто товарларды жүгүртүүнүн жалпы шарттарына бир тараптуу таасир көрсөтүүсүнө болгон, алардын ар биринин мүмкүнчүлүгүн чектеген жана керектөөчү талап кылган товарларды өндүрүүгө дем берет;

контрагент - бүтүмдүн башка катышуучусуна каршы турган келишимдин катышуучусу, өнөктөш;

монополия - бир эле жакка, жактардын тобуна же мамлекетке таандык болгон өндүрүштүн, алуунун, соода жүргүзүүнүн, алмаштыруунун өзгөчө укугу (мүмкүндүгү) менен аныкталган рыноктун абалы;

монополисттик иш - чарба жүргүзүүчү субъекттин, жактардын тобунун өзүнүн үстөмдүк абалын кыянат пайдалануусу, монополияга каршы мыйзамга каршы келген макулдашуулар же макулдашылган аракеттер, чарба жүргүзүүчү субъекттердин (жактардын тобунун), мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга багытталган аракеттери (аракетсиздиги);

монополиялык жогорку баа - үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген товардын баасы, эгерде бул баа мындай товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгашалардын жана пайданын суммасынан жана товарды сатып алуучулардын же сатуучулардын курамы, товарды жүгүртүү шарттары, товардык рынокко чыгуу шарттары, мамлекеттик жөнгө салуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мындай рынок болгондо салык салуу, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу боюнча салыштырылуучу товардык рынокто (мындай ары - салыштырылуучу товардык рынок) атаандаштык шартында түзүлгөн баадан ашкан болсо. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган ушул товарга тарифтин чегинде табигый монополиянын субъекти тарабынан белгиленген баа монополиялык жогорку баа деп тааныла албайт;

монополиялык төмөн баа - үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген товардын баасы, эгерде бул баа мындай товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгашалардын жана пайданын суммасынан төмөн болсо жана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мындай рынок болгондо, салыштырылуучу товардык рыноктогу атаандаштык шарттарында түзүлгөн баадан төмөн болсо;

кара ниет атаандаштык - чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишкердик жүргүзүүдө артыкчылыкты алууга багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн саптарына, ак ниеттиктин, акылга сыйбаган жана адилеттиктин талаптарына каршы келген жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге - атаандаштарга, же алардын ишмердик беделине зыян келтириши мүмкүн болгон же зыян келтирген ар кандай аракеттер;

атаандаштыкты чектөөнүн белгилери - рынокто жактардын бир тобуна кирбеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин санын кыскартуу, рынокто товарды жүгүртүүнүн башка жалпы шарттарынын тиешелүү өзгөртүүлөрү менен байланышпаган рынокто товар баасынын өсүшү же төмөндөөсү; жактардын бир тобуна кирбеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин рынокто өз алдынча аракеттерден баш тартуусу; чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда өз ара макулдашуу же алар аткарууга милдеттүү болгон башка жактын көрсөтмөсү менен же жактардын бир тобуна кирбеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин аз аракеттерин макулдашуусунун натыйжасында рынокто товарды жүгүртүүнүн жалпы шарттарын аныктоо; ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъект же бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн рынокто товар жүгүртүүнүн жалпы шарттарына бир тараптуу таасир этүүгө мүмкүн түзгөн жагдайлар;

региондук (жергиликтүү) товар рыногу - региондун аймагында же анын бөлүгүндө сатып алуучунун экономикалык мүмкүнчүлүгүнө негизделген тиешелүү аймакта же анын бөлүгүндө же анын чегинен тышкары мындай мүмкүнчүлүктүн жоктугунан товарды алууга аныкталган товарды (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жүгүртүү чөйрөсү;

республикалык товар рыногу - Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жүгүртүү чөйрөсү;

рынок (товардык рынок) - башка товар менен алмашууга болбогон товарды же бирин-бирин алмаштыруучу товарларды жүгүртүү чөйрөсү, анын чегинде (анын ичинде географиялык чегинде) экономикалык, техникалык же башка мүмкүндүктөрдөн же болбосо максатка ылайыктуулуктан улам кардар товарды сатып ала алат жана анын чегинен тышкары мындай мүмкүндүк же болбосо максатка ылайыктуулук жок болот;

рыноктун күчү - чарба жүргүзүүчү субъекттин жана/же жактардын тобунун рынокто атаандаштыктын чектелишине жана/же орчундуу өзгөрүүлөргө алып келген аракеттери (аракетсиздиги);

макулдашуу - документте же бир нече документтерде камтылган жазуу жүзүндөгү келишим, ошондой эле оозеки түрүндөгү келишим;

монополисттик ишти туруктуу жүзөгө ашыруу - чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте аныкталган бир жылдын ичинде эки жолудан ашуун эмес монополисттик иштин жүзөгө ашырылышы;

товар - сатууга, алмашууга же башка жүгүртүүгө киргизүүгө арналган жарандык укуктардын (анын ичинде жумуш, кызмат көрсөтүү анын ичинде финансылык кызмат көрсөтүү) объекти;

ыйгарым укуктуу орган - атаандаштыкты өнүктүрүү, чектөө монополисттик ишке жана кара ниет атаандаштыкка бөгөт коюу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик монополияга каршы орган;

чарба жүргүзүүчү субъекттер - коммерциялык уюм, өзүнө киреше алып келген ишти жүзөгө ашыруучу коммерциялык эмес уюм, киреше алып келүүчү кесиптик иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоого жана (же) уруксаттамалоого жаткан жеке ишкер;

экономикалык концентрация - жүзөгө ашырылышы атаандаштыктын абалына таасир этүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттин бүтүмдөрү, башка иш аракеттери;

экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүү - Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда үстөмдүк абалды ээлеген, чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген жана үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин иши жөнүндө маалыматтарга статистикалык байкоо жана экономикалык талдоо жүргүзүү, чарба жүргүзүүчү субъекттердин иштеринин абалына жана келечегине баа берүү;

банктык кызмат көрсөтүүлөр - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы уруксаттама берүүчү жана жөнгө салуучу коммерциялык банктардын жана башка финансылык-кредиттик мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрү;

вертикалдуу макулдашуу - бири товарды алуучу же потенциалдуу сатып алуучу болгон, ал эми экинчиси товарды берүүчү же аны потенциалдуу сатуучу болгон чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестри - табигый монополия абалындагы рынокторду кошпогондо, тийиштүү товардык рынокто үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин тизмеги;

мамлекеттик же муниципалдык преференциялар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары айрым чарба жүргүзүүчү  субъекттерге артыкчылыктарды бериши, бул аларга мамлекеттик же муниципалдык мүлктү, жарандык укуктун башка объекттерин берүү аркылуу, же болбосо мүлктүк жеңилдиктерди, мамлекеттик же муниципалдык кепилдиктерди берүү аркылуу иштин пайдалуу шарттарын камсыз кылат;

жактардын тобу - жеке жана (же) юридикалык жактардын жыйындысы;

экономикалык иштерди координациялоо - чарба жүргүзүүчү субъекттердин бир дагы тобуна кирбеген жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин иши макулдашылуучу товардык рынокто (товардык рыноктордо) ишин жүргүзбөгөн үчүнчү жак тарабынан мындай чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракеттерин макулдашуу. Вертикалдуу макулдашуулардын алкагында жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш-аракеттери экономикалык ишти координациялоо болуп саналбайт;

финансылык кызмат көрсөтүүнүн атаандаштык баасы - бул баа, ал боюнча финансылык кызмат көрсөтүү атаандаштык шарттарда берилиши мүмкүн;

финансылык кызмат көрсөтүүнүн негизсиз жогорку баасы, финансылык кызмат көрсөтүүнүн негизсиз төмөн баасы - үстөмдүк абалды ээлеген финансылык уюм белгилеген, финансылык кызмат көрсөтүүнүн атаандаштык баасынан орчундуу айырмаланган жана (же) башка финансылык уюмдарга товардык рынокко чыгууну татаалдаткан жана (же) атаандаштыкка терс таасирин тийгизген финансылык кызмат көрсөтүүнүн же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы;

финансылык кызмат көрсөтүү - банктык кызмат көрсөтүү, камсыздандыруучу кызмат көрсөтүү, баалуу кагаздар рыногундагы кызмат көрсөтүү, лизинг келишими боюнча кызмат көрсөтүү, ошондой эле финансылык уюм көрсөтүүчү жана юридикалык жана жеке жактардын акча каражаттарын тартууга жана (же) жайгаштырууга байланышкан кызмат көрсөтүү;

финансылык уюм - финансылык кызмат көрсөтүүчү юридикалык жак.

 (КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 13-августундагы № 225 , 2019-жылдын 22-июлундагы N 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

4-берене. Үстөмдүк абал

1. Чарба жүргүзүүчү субъекттин (жактардын тобунун) же бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттердин (жактардын топторунун) белгилүү бир товар рыногунда ошол чарба жүргүзүүчү субъектке (жактардын тобуна) же ошондой чарба жүргүзүүчү субъекттерге (жактардын топторуна) тийиштүү рынокто товарды жүгүртүүнүн жалпы шарттарына чечүүчү таасир этүүгө жана (же) ал рыноктон башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди сүрүп чыгууга жана (же) башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин ал рынокко кирүүсүн кыйындатууга мүмкүндүк берген абалы үстөмдүк (монопсоникалык) абал деп таанылат.

2. Рынокто төмөнкүдөй чарба жүргүзүүчү субъекттин (финансылык уюмду кошпогондо) абалы үстөмдүк абал болуп таанылат:

1) тиешелүү рыноктогу үлүшү 35 пайызды түзсө же андан жогору болсо, эгерде монополияга каршы орган ушул Мыйзамдын бузулганы тууралуу ишти кароодо же экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырууда көрсөтүлгөн чоңдуктан ашып кеткенине карабастан, чарба жүргүзүүчү субъекттин товардык рыноктогу абалы үстөмдүк абалда болуп саналбаганы белгиленбесе;

2) тиешелүү товардын рыногундагы үлүшү 35 пайыздан аз болсо, эгерде ошол чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалы монополияга каршы орган тарабынан белгиленсе, товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттин ошол товардык рыноктогу анын атаандаштарынын үлүшүнүн салыштырмалуу өлчөмүнө караганда өзгөрбөгөн же бир аз гана өзгөргөн болсо жана эгерде мында жыйындысында төмөнкүдөй шарттар сакталса:

а) чарба жүргүзүүчү субъекттин товардын баасынын деңгээлин бир тараптуу тартипте аныктоого жана тийиштүү товардык рынокто товарды сатуунун жалпы шарттарына чечүүчү таасир тийгизүүгө мүмкүндүгү бар болсо;

б) жаңы атаандаштардын тиешелүү товардык рынокко жеткиликтүүлүгү, анын ичинде экономикалык, технологиялык, администрациялык же башка чектөөлөрдүн кесепетинен татаал болсо;

в) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан сатылуучу же сатып алынуучу товар керектөөдө (анын ичинде өндүрүштүк максатта керектөөдө) башка товар менен алмаштырылышы мүмкүн эмес болсо;

г) товардын баасын өзгөртүү бул товарга суроо-талаптын ушундай өзгөртүүгө ылайык төмөндөшүн шарттабаса.

3. Бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттердин ичинен ар бир чарба жүргүзүүчү субъекттин (финансылык уюмдарды кошпогондо) абалы үстөмдүк деп таанылат, эгерде мындай чарба жүргүзүүчү субъектке карата жыйындысында төмөнкүдөй шарттар аткарылса:

1) үчтөн ашык чарба жүргүзүүчү субъекттердин жыйынды үлүшү 50 пайыздан ашса, мында ар биринин үлүшү ушул рыноктогу башка субъекттердин үлүшүнөн көп болсо же бештен көп эмес чарба жүргүзүүчү субъекттердин жыйынды үлүшү 70 жана андан көп пайызды түзсө, мында алардын ар биринин үлүшү тийиштүү рыноктогу башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүшүнөн көп болсо (ушул жобо көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин биринин гана үлүшү 10 пайыздан кем болгондо колдонулбайт);

2) узак мезгилдин ичинде (бир жылдан кем эмес аралыкта же, эгерде мындай мөөнөт бир жылдан аз болсо, тиешелүү рыноктун иштөө мөөнөтүндө) чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүштөрүнүн салыштырма өлчөмдөрү өзгөрбөсө же аз маанилүү өзгөрүүгө кириптер болсо;

3) жаңы атаандаштардын тиешелүү товардык рыногуна жеткиликтүүлүгү, анын ичинде экономикалык, технологиялык, администрациялык же башка чектөөлөрдүн кесепетинен татаал болсо;

4) чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан сатылуучу же сатып алынуучу товар керектөөдө (анын ичинде өндүрүштүк максатта керектөөдө) башка товар менен алмаштырылышы мүмкүн эмес болсо;

5) товардын баасын өзгөртүү бул товарга суроо-талаптын ушундай өзгөртүүгө ылайык төмөндөшүн шарттабаса;

6) адамдардын айрым гана чөйрөсүнө тийиштүү рынокто ал товардын баасы жөнүндө, аны сатуунун же сатып алуунун шарты тууралуу маалыматтар чектелген болсо.

4. Табигый монополия абалындагы товардык рынокто табигый монополиянын субъекти болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы үстөмдүк абал деп таанылат.

5. Финансылык уюмдардын (иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган финансылык уюмдарды кошпогондо) абалы үстөмдүк абал болуп таанылат, эгерде:

1) финансылык уюмдун тийиштүү финансылык рыноктогу үлүшү 35 же андан ашык пайызды түзсө;

2) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү рыногундагы эң көп үлүш таандык болгон эки финансылык уюмдун жыйынды үлүшү алардын иши жактардын тобу жана (же) аффилирленген жактар жана (же) атаандаштыкты чектөө белгилери табылган катары далилденген шарттарда 50 же андан көп пайызды түзсө;

3) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү рыногундагы эң көп үлүш таандык болгон үч финансылык уюмдун жыйынды үлүшү алардын иши жактардын тобу жана (же) аффилирленген жактар жана (же) атаандаштыкты чектөө белгилери табылган катары далилденген шарттарда 70 же андан көп пайызды түзсө.

6. Чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалын белгилөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте атаандаштык чөйрөсүнүн абалына баалоо жүргүзөт.

Атаандаштык чөйрөнүн абалын баалоонун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестри Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт жана жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген, чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте туруктуу экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүү жана контролдоо зонасында турат.

Кыргыз Республикасынын товардык рынокторундагы атаандаштыктын абалы жөнүндө жылдык отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берилет жана Интернет тармагында монополияга каршы органдын расмий сайтына жайгаштырылат.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-1-берене. Товардын монополиялык кымбат баасынын белгилери

 

1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект белгилеген баа товардын монополиялык кымбат баасы болуп эсептелсе, анын ичинде:

1) товардын мурда белгиленген баасын жогорулатуу аркылуу белгиленген баа саналат, эгерде мында жыйындысында төмөнкүдөй шарттар аткарылса:

а) товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл чыгымдар өзгөрүлбөгөн бойдон калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө ылайык келбесе;

б) товар сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы өзгөрүлбөгөн бойдон калса же товар сатуучулардын же сатып алуучулардын курамынын өзгөрүшү анча маанилүү эмес болуп саналса;

в) товардык рынокто, анын ичинде салык салууну, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошуп алганда мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары өзгөрүүсүз калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө шайкеш келбесе;

2) товардын мурда белгиленген баасын сактоо же төмөндөтпөө аркылуу, эгерде мында жыйындысында төмөнкүдөй шарттар аткарылса:

а) товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл чыгымдар олуттуу төмөндөсө;

б) товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы товардын баасын төмөндөтүү жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн шарттаса;

в) товардык рынокто, анын ичинде салык салууну, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошуп алганда мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары товардын баасын төмөндөтүү жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгү камсыз болсо.

2. Товардын баасы салыштырма товардык рынокто атаандаштык шартында түзүлгөн баадан ашпаган учурда монополиялык жогору деп таанылбайт.

(КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-2-берене. Товардын монополиялык төмөн баасынын белгилери

 

1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект белгилеген баа товардын монополиялык төмөн баасы болуп эсептелсе, анын ичинде:

1) товардын мурда белгиленген баасын төмөндөтүү аркылуу белгиленген баа саналат, эгерде мында жыйындысында төмөнкүдөй шарттар аткарылса:

а) товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл чыгымдар өзгөрүүсүз калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө шайкеш келбесе;

б) товар сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы өзгөрүүсүз бойдон калса же товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамынын өзгөрүшү анча маанилүү эмес болуп саналса;

в) товардык рынокто, анын ичинде салык салууну, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошуп алганда мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары өзгөрүүсүз калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө шайкеш келбесе;

2) товардын мурда белгиленген баасын сактоо же жогорулатпоо аркылуу, эгерде мында жыйындысында төмөнкүдөй шарттар аткарылса:

а) товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл чыгымдар олуттуу өссө;

б) товар сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы товардын баасын жогорулатуу жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн шарттаса;

в) товардык рынокто, анын ичинде салык салууну, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошуп алганда мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары товардын баасын жогорулатуу жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгү камсыз болсо.

2. Төмөнкүдөй учурда товардын баасы монополиялык төмөн деп таанылбайт, эгерде:

1) ал салыштырма товардык рынокто атаандаштык шартында түзүлгөн баадан төмөн болбосо;

2) аны товар сатуучу белгилеши товар сатуучулар же сатып алуучулар менен тиешелүү товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин бир тобуна кирбеген адамдардын санынын кыскарышына байланыштуу атаандаштыкты чектөөгө алып келбесе же алып келиши мүмкүн болбосо.

(КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-3-берене. Монопсониялык абал жана монопсониялык төмөн баа

 

1. Чарба жүргүзүүчү субъект же адамдардын тобу, же бир нече чарба жүргүзүүчү субъект, же адамдардын тобу товар сатып алган белгилүү товар рыногундагы ушундай чарба жүргүзүүчү субъекттин же адамдар тобунун, же бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттердин же адамдар тобунун үстөмдүк абалы монопсониялык абал деп таанылат.

2. Монопсониялык абал ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык белгиленет.

3. Баа монопсониялык абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген  товардын баасы монопсониялык төмөн баа болуп саналат, эгерде:

1) бул баа монопсониялык абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъектке товарды өндүрүүгө жана (же) сатууга сарптоолорду төмөндөтүү аркылуу кошумча киреше алууга мүмкүндүк берсе;

2) бул баа мындай товарды өндүрүүнү жана сатууну жүргүзгөн чарба жүргүзүүчү субъектиге керектүү суммадан, аны өндүрүү жана сатуу үчүн сарптоолордон жана пайдадан төмөн болсо.

(КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-4-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин макулдашылган иш-аракеттеринин шарттары

 

1. Төмөнкүдөй шарттардын жыйындысында канааттандырган товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракеттери чарба жүргүзүүчү субъекттердин макулдашылган аракеттери болуп саналат, эгерде:

1) мындай аракеттердин натыйжалары чарба жүргүзүүчү субъекттердин ар биринин кызыкчылыктарына шайкеш келсе;

2) мындай аракеттерди аткаргандыгы жөнүндө эл алдында алардын биринин билдирүүсүнө байланыштуу аларга катышкан чарба жүргүзүүчү субъекттердин ар бирине күн мурунтан аракеттер белгилүү болсо;

3) рыноктун көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ар биринин аракеттери макулдашылган аракеттерге катышкан башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракеттеринен улам келип чыкса жана тиешелүү товардык рыноктогу бардык чарба жүргүзүүчү субъекттерге бирдей өлчөмдө таасир эткен жагдайлардын натыйжасы болуп саналбаса. Мындай жагдайлар, атап айтканда, жөнгө салынуучу тарифтердин өзгөрүүсү, товарды өндүрүү үчүн колдонулуучу чийки затка баалардын өзгөрүүсү, дүйнөлүк товардык рыноктордо товарга баалардын өзгөрүүсү, бир жылдан кем эмес же эгерде бул мөөнөт бир жылдан кемди түзүп, тиешелүү товар рыногу иштеген мөөнөт ичинде товарга болгон сурамдын олуттуу өзгөрүүсү болушу мүмкүн.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракеттери жазуу жүзүндөгү макулдашуунун бар экендигине карабастан макулдашылган деп таанылат.

(КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-берене. Адамдардын тобу

1. Төмөнкүлөр адамдардын тобу деп таанылат:

1) чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жеке жак же юридикалык жак, эгерде мындай жеке жак же юридикалык жак ушул чарба жүргүзүүчү субъектке катышкандыктан же башка жактардан алган ыйгарым укуктарга ылайык ошол чарба жүргүзүүчү субъекттин уставдык капиталында добуш берүүчү акциялардын (үлүштөрдүн) жалпы санынын 50 пайыздан ашыгына ээ болсо;

2) чарба жүргүзүүчү субъекттер мында бир эле жеке жак же бир эле юридикалык жак ушул чарба жүргүзүүчү субъектке катышкандыктан же башка жактардан алган ыйгарым укуктарга ылайык ошол чарба жүргүзүүчү субъекттердин ар биринин уставдык капиталында добуш берүүчү акциялардын (үлүштөрдүн) жалпы санынын 50 пайыздан ашыгына ээ болсо;

3) чарба жүргүзүүчү субъект жана жеке жак же юридикалык жак, эгер мындай жеке жак же юридикалык жак ушул чарба жүргүзүүчү субъекттин аткаруу органынын милдетин жеке өзү жүзөгө ашырса;

4) аткаруу органынын милдетин бир эле жеке жак же бир эле юридикалык жак жеке өзү жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттер;

5) чарба жүргүзүүчү субъект жана жеке жак же юридикалык жак, эгер мындай жеке жак же юридикалык жак ошол чарба жүргүзүүчү субъекттин уюштуруу документтеринин же ушул чарба жүргүзүүчү субъект менен түзүлгөн келишимдин негизинде ошол чарба жүргүзүүчү субъектке милдеттүү аткаруу үчүн көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу болсо;

6) бир эле жеке жак же бир эле юридикалык жак ошол чарба жүргүзүүчү субъекттин уюштуруу документтеринин же ушул чарба жүргүзүүчү субъекттер менен түзүлгөн келишимдин негизинде ошол чарба жүргүзүүчү субъекттер милдеттүү аткаруу үчүн көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу болгон чарба жүргүзүүчү субъекттер;

7) чарба жүргүзүүчү субъект жана жеке жак же юридикалык жак, эгер мындай жеке жактын же юридикалык жактын сунушу менен ошол чарба жүргүзүүчү субъекттин жеке башкаруучу аткаруу органы дайындалса же тандалса;

8) бир эле жеке жактын же бир эле юридикалык жактын сунушу менен дайындалган же тандалган чарба жүргүзүүчү субъекттер жеке аткаруучу орган;

9) чарба жүргүзүүчү субъект жана жеке жак же юридикалык жак, эгер мындай жеке жактын же юридикалык жактын сунушу менен коллегиялуу аткаруучу органдын сандык курамынын же ушул чарбалык коомдун директорлор кеңешинин (байкоочу кеңешинин) 50 пайыздан ашыгы шайланса;

10) коллегиялдуу аткаруучу органынын сандык курамынын жана (же) директорлор кеңешинин (байкоочу кеңешинин) 50 пайыздан ашыгы ошол эле чарба жүргүзүүчү субъекттин бир эле жеке жактын же бир эле юридикалык жактын сунушу боюнча шайланган чарба жүргүзүүчү субъекттер;

11) коллегиялдуу аткаруучу органынын сандык курамынын жана (же) директорлор кеңешинин (байкоочу кеңешинин) 50 пайыздан ашыгы бир эле жеке жак түзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер;

12) бир эле финансылык-өнөр жайлык топтун катышуучусу болгон жактар;

13) жеке жак, анын жубайы, ата-энелери (анын ичинде асырап алгандар), балдары (анын ичинде асыроого алынгандар), бир тууган же аталаш/энелеш ага-инилер жана эже-карындаштар:

14) ар бири ушул бөлүктүн 1-13-пункттарында көрсөтүлгөн негиздердин бири боюнча бир эле адам менен бир топко кирген адамдар, ошондой эле ар бири ушул бөлүктүн 1-13-пункттарында көрсөтүлгөн негиздердин бири боюнча андай адамдардын ар бири менен бир топко кирген башка адамдар.

2. Ушул Мыйзамда чарба жүргүзүүчү субъекттин, чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракеттерине (аракетсиздигине) карата белгиленген тыюу салуулар адамдардын тобунун аракеттерине (аракетсиздигине) карата таркатылат.

6-берене. Үстөмдүк абалдан кыянаттык менен пайдалануу

Үстөмдүк абалдагы чарба жүргүзүүчү субъекттин (жактардын тобунун) атаандаштыкты чектеген жана (же) башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин же жеке жактардын кызыкчылыгын кысымга алган же чектөөчү жана кысымга алуучу иш-аракеттерине (аракетсиздигине) тыюу салынат, анын ичине төмөнкүдөй аракеттер да кирет:

1) башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин рынокко кирүүсүнө тоскоолдуктарды түзүү:

2) рынокто тартыштыкты түзүү жана (же) кармап туруу же бааларды көтөрүү максатында товарларды жүгүртүүдөн алып коюу;

3) контрагентке келишимдин ал үчүн пайдасыз же келишимдин предметине кирбеген шарттарын таңуулоо (контрагенттен финансылык каражаттарын, башка мүлкүн, мүлк укуктарын, жумушчу күчүн ж.б. өткөрүп берүүнү негизсиз талап кылуу);

4) келишимге контрагентти башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге салыштырганда тең эмес абалга койгон, кысымга алуучу же артыкчылык берүүчү шарттарды киргизүү;

5) контрагентке (керектөөчүгө) белгилүү бир өндүрүүчү же сатып алуучу менен гана келишим түзүүгө милдеттендирген шарттарды таңуулоо;

6) контрагент же керектөөчү кызыкпаган товарларга тиешелүү жоболорду киргизүү шарты менен гана келишим түзүүгө макулдук берүү;

7) товардын монополдук жогору же монополдук төмөн баасын коюу кармап туруу;

8) эгер ошол товарга суроо-талап болсо же аны берүүгө тапшырыктар жасалса жана аны рентабелдүү өндүрүүгө мүмкүндүк бар болуп туруп, ошондой эле эгер товар өндүрүүнү мындай азайтуу же токтотуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары же соттук актылар менен каралбаса, товарды өндүрүүнү экономикалык же технологиялык негизсиз азайтуу же токтотуу;

9) келишимдин шарттарын аткаруудан форс-мажордук кырдаалга байланышпаган негизсиз баш тартуу;

10) тиешелүү товарды өндүрүүгө же жөнөтүүгө мүмкүндүк болгон учурда, айрым сатып алуучулар (тапшырыкчылар) менен келишимди түзүүдөн экономикалык жана технологиялык негизсиз баш тартуу же качуу, ошондой эле мындай баш тартуу же ушундай четтөө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары же соттук актылары менен түздөн-түз каралбаган учурда;

11) (КР 2015-жылдын 13-августундагы N 225 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

12) кодулоо же өзгөчө шарттарды түзүү;

13) эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, бир эле товарга ар түрдүү бааларды (тарифтерди) экономикалык, технологиялык жана башка негизсиз коюу;

14) финансылык уюм финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизсиз жогору же негизсиз төмөн баасын белгилөөсү.

 (КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

7-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандаштыкты чектөөчү макулдашуулары

 

1. Эгерде макулдашуулардын натыйжасы болуп атаандаштыктын чектөөлөрү болсо, же болбосо мүмкүн болсо, кандай гана формада болбосун атаандашкан чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетишкен макулдашуулары, анын ичинде төмөнкүлөргө багытталган макулдашуулар, толугу менен же жарым-жартылай жараксыз деп таанылат же аларга тыюу салынат:

1) бааларды (тарифтерди), арзандатууларды, үстөктөрдү (кошумча төлөөнү), үстөк кошууну белгилөөгө (кармап турууга);

2) рынокто жана тооруктарда бааларды жогорулатуу, төмөндөтүү же бир калыпта кармап турууга;

3) рынокту аймактык принцип боюнча, сатуунун же сатып алуунун көлөмү боюнча, сатылуучу товарлардын ассортименти боюнча, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү боюнча же болбосо сатуучулардын же сатып алуучулардын (тапшырыкчылардын) чөйрөсү боюнча бөлүүгө;

4) башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди белгилүү бир товарлардын сатуучусу же сатып алуучусу (тапшырыкчы) катары рынокко чыгышын чектөөгө же рыноктон сүрүп чыгарууга;

5) суроо-талаптын көлөмүн жасалма өзгөртүү максаты менен өндүрүштүн көлөмүн макулдашууга;

6) белгилүү бир сатуучулар же сатып алуучулар (тапшырыкчылар) менен келишим түзүүдөн негизсиз баш тартууга;

7) баалык кодулоону орнотууга;

8) (КР 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9) жүйөөлүү себептерсиз товарларды жөнөтүүнү негизсиз кыскартууга же токтотууга;

10) керектөөчүлөрдү пайдасыз абалга дуушарланткан же болбосо товарларды жана бул товарларды өндүрүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттерди тандоонун эркиндигин чектеген келишимдердин типтүү шарттарын белгилөөгө же келишимдин предметине тиешеси жок жоболорду караштырууга;

11) (КР 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Ушул бөлүктүн 2-пунктунун жоболору жактардын бир тобуна кирген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда макулдашууларга да жайылтылышы мүмкүн.

2. Эгерде макулдашуулардын натыйжасы болуп атаандаштыктын чектөөлөрү болсо, же болбосо мүмкүн болсо, кандай гана формада болбосун жетишкен вертикалдуу анын ичинде макулдашуулар толугу менен же жарым-жартылай жараксыз деп таанылат же аларга тыюу салынат:

1) контрагент үчүн пайдасыз шарттарды таңуулаган;

2) кайсы бир товарды бир гана сатуучудан, бирок анын атаандаштарынан эмес, алууну шарттаган;

3) сатып алуучулардын аймагын же чөйрөсүн чектеген;

4) андан сатып алуучу тарабынан алынган товарларды кайра сатууда бааларга чектөөлөрдү коюучу;

5) атаандаштар тарабынан өндүрүлгөн товарларды сатууга тыюу салуучу.

2-1. Ушул берененин 1- жана 2-бөлүктөрүндө аталган кесепеттерге алып келүүгө жөндөмдүү болгон, алып келүүчү же алып келген чарба жүргүзүүчү субъекттердин экономикалык ишин координациялоого тыюу салынат.

3. Чарба жүргүзүүчү субъект ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7- жана 10-пункттарында жана 2-бөлүгүндө каралган ал тарабынан түзүлгөн макулдашуулардын ушул Мыйзамдын 72-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрүнө ылайык жол берилгендигин таанууга мүмкүн деп далилдерди берүүгө укуктуу.

4. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бир чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан бир учурда аткарууга жол берилбеген иштин түрүн жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда түзүлгөн макулдашууларды кошпогондо, эгерде чарба жүргүзүүчү субъекттердин бири тарабынан экинчи чарба жүргүзүүчү субъектке карата контролдоо белгиленген болсо, же мындай чарба жүргүзүүчү субъекттер бир адамдын контролунда турса адамдардын бир тобуна кирген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда түзүлгөн келишимге карата колдонулбайт.

5. Контроль деп ушул Мыйзамдын ушул беренесинде жана 7-1-беренесинде төмөнкүдөй бир же бир нече аракеттер аркылуу башка юридикалык жак тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди жеке же юридикалык жактардын тикелей же кыйыр (юридикалык жак аркылуу же бир нече юридикалык жак аркылуу) аныктоо мүмкүнчүлүгү түшүнүлөт:

1) юридикалык жактын уставдык капиталын түзүүчү добуш берүүчү акцияларга (үлүш) туура келген добуштардын жалпы санынын 50 пайызынан ашыгын тескөө;

2) юридикалык жактын аткаруу органдарынын функциясын жүзөгө ашыруу.

6. Ушул берененин талаптары интеллектуалдык иштин натыйжасын же жарандык карым-катышка катышуучуларды жекелештирүү каражаттарын, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу укугун берүү жөнүндө жана (же) ажыратуу тууралуу макулдашууга карата колдонулбайт.

(КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

7-1-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандаштыкты чектөөчү макулдашылган иш-аракеттери

1. Эгерде макулдашылган иш-аракеттердин өзүнүн натыйжасы болуп атаандаштыктын чектөөлөрү болсо, же болбосо мүмкүн болсо, кандай гана формада болбосун атаандашкан чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетишкен макулдашылган иш-аракеттери, анын ичинде төмөнкүлөргө багытталган макулдашылган иш-аракеттер толугу менен же жарым-жартылай жараксыз деп таанылат же аларга тыюу салынат:

1) бааларды (тарифтерди), арзандатууларды, үстөктөрдү (кошумча төлөөнү) үстөк кошууну белгилөө (кармап туруу);

2) рынокто жана тооруктарда бааларды жогорулатуу, төмөндөтүү же бир деңгээлде кармап туруу;

3) рынокту аймактык принцип боюнча, сатуунун же сатып алуунун көлөмү боюнча, сатылуучу товарлардын ассортименти боюнча, кызмат көрсөтүүлөр түрлөрү боюнча, же болбосо сатуучулардын же сатып алуучулардын (тапшырыкчылардын) чөйрөсү боюнча бөлүү;

4) башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди белгилүү бир товарлардын сатуучулары же сатып алуучулары (тапшырыкчылары) катары рынокко чыгышын чектөөгө же андан сүрүп чыгаруу;

5) сунуштун көлөмүн жасалма өзгөртүү максатында өндүрүштүн көлөмүн макулдашуу;

6) белгилүү бир сатуучулар же сатып алуучулар (тапшырыкчылар) менен келишим түзүүдөн негизсиз баш тартуу;

7) баалар боюнча кысымга алууну түзүү;

8) жүйөсүз себептер боюнча товарларды жөнөтүүнү негизсиз кыскартуу же токтотуу;

9) керектөөчүлөрдү кызыкчылыгы жок абалга койгон, же болбосо товарларды жана ушул товарларды өндүрүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттерди тандоонун эркиндигин чектеген же келишимдин предметине тиешеси жок жоболорду караган келишимдердин типтүү шарттарын белгилөө.

2. Чарба жүргүзүүчү субъект ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7- жана 9-пункттарында каралган өзүнүн макулдашылган иш-аракеттерин жүзөгө ашырууга ушул Мыйзамдын 7-2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык уруксат берилгендигин таанууга мүмкүн болгон далилдерди берүүгө укуктуу.

3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн тыюу салуулар товардык рынокто жалпы үлүшү 20 пайыздан ашпаган жана мында ар биринин үлүшү товардык рынокто 8 пайыздан ашпаган чарба жүргүзүүчү субъекттердин макулдашылган иш-аракеттерине карата жайылтылбайт.

4. Ушул берененин жоболору чарба жүргүзүүчү субъекттердин бири тарабынан экинчи чарба жүргүзүүчү субъектке карата контролдоо белгиленген же мындай чарба жүргүзүүчү субъекттер бир жактын контролдоосунун алдында турган учурда адамдардын бир тобуна кирген чарба жүргүзүүчү субъекттердин макулдашылган иш-аракеттерине карата жайылтылбайт.

(КР 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-2-берене. Макулдашууларга, макулдашылган иш-аракеттерге жол берүү

1. Жазуу жүзүндөгү вертикалдуу макулдашууларга жол берилет (финансы уюмдарынын ортосундагы вертикалдуу макулдашууларды албаганда):

1) эгерде бул макулдашуулар коммерциялык концессиянын келишими болуп саналса;

2) эгерде вертикалдуу макулдашуунун предмети болуп саналган товардын товардык рыноктогу мындай макулдашуунун катышуучуларынын ар биринин үлүшү 20 пайыздан ашпаса.

2. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7- жана 10-пункттарында жана 2-бөлүгүндө жана 7-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7- жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн макулдашууларына же макулдашылган иш-аракеттерине, эгерде мындай макулдашуулар жана макулдашылган иш-аракеттер менен айрым адамдар үчүн тийиштүү товардык рынокто атаандаштыкты жок кылууга мүмкүндүк түзүлбөсө, алардын катышуучуларына же үчүнчү адамдарга чектөөлөр коюлбаса жана мындай макулдашуулардын же макулдашылган иш-аракеттердин натыйжасы болуп төмөнкүлөрдүн натыйжасы саналса, жол берилиши мүмкүн:

1) өндүрүштү өркүндөтүү, товарларды сатуу же техникалык, экономикалык прогресске өбөлгө түзүү же болбосо дүйнөлүк рынокто товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;

2) чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш-аракеттеринин (аракетсиздигинин), макулдашууларынын жана макулдашылган иш-аракеттеринин, бүтүмдөрүнүн натыйжасында алынган артыкчылыкка (пайда) шайкеш керектөөчүлөр тарабынан артыкчылык (пайда) алуу.

3. Ушул Мыйзамга ылайык жол берилген деп таанылышы мүмкүн болгон макулдашууга жетүүгө ниеттенген чарба жүргүзүүчү субъекттер макулдашуунун долбоорун монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайыктыгын текшерүү жөнүндө арыз менен (жазуу жүзүндө) монополияга каршы органга кайрылууга укуктуу. Арызды кароо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2015-жылдын 13-августундагы N 225, 2019-жылдын 22-июлундагы N 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

8-берене. Кара ниет атаандаштык

 

1. Кара ниет атаандаштыкка жол берилбейт, анын ичинде төмөндөгүлөргө:

1) товарды же анын бөлүктөрүн көчүрүп алуу техникалык колдонуу менен гана шартталган учурларды кошпогондо, башка чарба жүргүзүүчү субъекттин товарын, ошондой эле сырткы көрүнүшү анын таңгагынын формасын жана сырткы жасалгасын өз алдынча көчүрүп алууга;

2) башка чарба жүргүзүүчү субъекттин патенттик укугун бузуу жолу менен анын продукциясын түздөн-түз кайталап өндүрүп чыгарууга;

3) башка чарба жүргүзүүчү субъекттин иши менен чаташтырууга алып келген товардык белгисин, тейлөө белгисин, товардын чыгарылган жеринин аталышын, фирманын аталышын мыйзамсыз пайдаланууга;

4) башка чарба жүргүзүүчү субъекттин ишкердик бедели жана финансылык абалы жөнүндө аны чыгашага дуушарлантуучу же ишкердик беделине зыян келтирүүчү жалган жана бурмаланган маалыматты таратууга;

5) башка чарба жүргүзүүчү субъекттин продукциясын анын интеллектуалдык иштин натыйжаларына жана аларга теңештирилген жарандык карым-катнашка катышуучуларды, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекече түргө өткөрүү каражаттарына укуктарын бузуу жолу менен даярдоого, сатууга жана рынокко башкача киргизүүгө (укукка сыйбаган пайдаланууга);

6) атаандаштын илимий-техникалык жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө бурмаланган маалыматтарды таркатууга;

7) атаандаштын ишкердик мамилелерин мыйзамсыз жолдор менен атайылап бузууга, үзгүлтүккө учуратууга жана токтотууга;

8) атаандаштын кызматкерлерине аларды кызматтык милдеттерин аткарбоого түртүү максатында мыйзамсыз жолдор менен таасир этүүгө;

9) чарба жүргүзүүчү субъекттин илимий-техникалык, өндүрүштүк же соода иштери жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде коммерциялык сырын мыйзамсыз жолдор менен билүүгө, пайдаланууга жана жарыялоого;

10) (КР 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

11) атаандашынан адилетсиз артыкчылык алуу максатында анын чарбалык чечимдерди кабыл алуусуна жана аткаруусуна мыйзамсыз жолдор менен таасир этүүгө;

12) атаандаштын ишкердик байланыштарын бузуу жана андай байланыштарды түзүүсүнө тоскоолдук кылуу максатында рыноктун башка субъекттерин үндөөгө (кайрылууга);

13) керектөөчүлөрдү адаштыруу максатында чарба жүргүзүүчү субъекттин товарынын чыккан жери, жасоо ыкмасы, пайдалануу үчүн жарактуулугу, сапаты жана башка касиеттери жөнүндө, ишкердин жеке өзү же чарбалык ишинин мүнөзү жөнүндө адаштыруучу ар түрдүү маалыматтарды таратууга;

14) товарды керектөө жана башка маанилүү касиеттерине карата керектөөчүлөрдү адаштыруу максатында товарды ылайык эмес айырмалоо белгиси менен жабдууга;

15) товардын өз касиетине же ага коюлуучу талаптарга дал келбестигин жашырууга;

16) тийиштүү рынокто товардын айрым түрүн атаандаш шарттарга караганда төмөн же атаандаштыкты чектөөгө багытталган өздүк наркынан төмөн бааларда атайылап сатууну жүзөгө ашыруу.

17) чарба жүргүзүүчү субъект өндүрүүчү же сатуучу товарларын башка чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан өндүрүлгөн же сатылган товар менен туура эмес салыштырууга.

2. Жарандык карым-катнашка катышуучулардын, товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жекелештирүү каражаттарына өзгөчө укукту алуу жана пайдалануу менен байланышкан кара ниет атаандаштыкка жол берилбейт.

3. (КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 47, 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

9-берене. Атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга багытталган мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары жана аракеттери (аракетсиздиги)

1. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жүргүзүүчү субъекттердин өз алдынчалыгын чектеген актыларды алууга жана (же) аракеттерди жасоого, айрым чарба жүргүзүүчү субъекттердин иши үчүн кысымга алган же ыңгайлуу шарттарды түзсө, эгерде мындай актылар жана (же) аракеттер атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюлууга жана (же) чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана (же) жеке адамдардын кызыкчылыктарын кысымга алууга алып келсе же алып келүүгө мүмкүн болсо тыюу салынат, анын ичинде төмөндөгүлөргө:

1) иштин кайсы бир чөйрөсүндө жаңы чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүгө, ошондой эле иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга тыюу салууну белгилөөгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, товарлардын айрым түрлөрүн соодалоого жана (же) сатып алууга же өндүрүүгө тыюу салууну же чек коюуну киргизүүгө;

2) иштин кайсы бир чөйрөсүндө чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишин жүзөгө ашырылышына негизсиз тоскоолдук кылууга;

3) чарба жүргүзүүчү субъекттерге атаандаштыктын чектелишине алып келүүчү ыйгарым укуктарды берүүгө;

4) продукцияны Кыргыз Республикасынын региондор ортосунда ташууга карата негизсиз тыюу салууну же чектөөнү белгилөөгө;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, рынокто үстөмдүк абалды ээлөөсү шартталган чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүгө;

6) айрым чарба жүргүзүүчү субъекттерге бир эле рыноктогу башка субъекттерге карата артыкчылыктуу абалга чыгуучу жеңилдиктерди, анын ичинде артыкчылыктуу тартипте маалымат алууну негизсиз берүүгө;

7) чарба жүргүзүүчү субъекттердин тышкы экономикалык иштерине негизсиз чектөөнү белгилөөгө;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан учурларды кошпогондо, чарба жүргүзүүчү субъектке керектөөчүлөрдүн айрым чөйрөсү менен келишимдерди артыкчылыкта түзүү, товарларды биринчи кезекте берүү жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө;

9) товарларды бөлүштүрүү, даярдоо жана сатып өткөрүү боюнча кош катар түзүмдөрдүн түзүлүшүнө тоскоолдук кылууга;

10) жаңы продукцияны жана технологияларды иштеп чыгуунун алдында негизсиз тоскоолдуктарды белгилөөгө, эгерде ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы болсо;

11) эгерде мындай шарттар атаандаштыкты чектесе, айрым чарба жүргүзүүчү субъекттердин иштери үчүн атаандаштыкты чектеген артыкчылыктуу же кысымга алуучу шарттарды түзүүнү белгилөөгө;

12) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн зарыл жана милдеттүү болуп саналган кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө мыйзамдарда каралбаган төлөмдөрдү белгилөөгө жана (же) алууга;

13) ушул Мыйзамдын 9-1-беренесинде белгиленген талаптарды бузуу менен мамлекеттик же муниципалдык преференцияларды берүүгө.

2. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын функцияларын аткарган башка органдардын же уюмдардын ортосунда, же алар менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашууларга, эгерде мындай макулдашуулар атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга алып келсе, тыюу салынат.

3. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүзөгө ашырылышынын натыйжасында атаандаштыктын болтурбоого, чектелишине же жоюлушуна алып келүүчү (алып келиши мүмкүн болгон) ыйгарым укуктарды берүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү, өндүрүштү жана (же) товарларды сатууну монополиязациялаштыруу максатында түзүмдүк бөлүкчөлөрдү жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүгө тыюу салынат.

4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын чарба жүргүзүүчү субъекттердин функциялары менен айкалыштырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары жана укуктары менен бөлүшүүгө тыюу салынат.

5. (КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 (КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 13-августундагы № 225 , 2019-жылдын 22-июлундагы N 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-1-берене. Мамлекеттик же муниципалдык преференциялар

 

1. Мамлекеттик же муниципалдык преференциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде төмөнкүдөй максаттарда гана көрсөтүлүшү мүмкүн:

1) билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү;

2) илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

3) айлана-чөйрөнү коргоо;

4) Кыргыз Республикасынын маданий мурас объекттерин (тарых жана маданият эстеликтерин) сактоо, пайдалануу, даңазалоо жана мамлекеттик коргоо;

5) маданиятты, көркөм өнөрдү өнүктүрүү жана маданий дөөлөттөрдү сактоо;

6) дене тарбия жана спортту өнүктүрүү;

7) өлкөнүн коргоо жөндөмдүүлүгүн жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу;

8) айыл чарба продукциясын өндүрүү;

9) калкты социалдык жактан камсыз кылуу;

10) эмгекти коргоо;

11) жарандардын саламаттыгын сактоо;

12) чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо;

13) коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарга ылайык социалдык тармакка багыт алган коммерциялык эмес уюмдарды колдоо.

2. Төмөнкүлөр мамлекеттик же муниципалдык преференциялар болуп саналбайт:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурулган тооруктардын натыйжалары боюнча, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жол-жоболордун натыйжалары боюнча мүлктү жана (же) жарандык укуктардын башка объекттерин берүү;

2) өзгөчө кырдаалдардын, согуштук аракеттердин кесепеттерин жоюу, террорчулукка каршы операцияларды жүргүзүү максатында мамлекеттик же муниципалдык мүлктү айрым жактарга өткөрүп берүү, бөлүп берүү, бөлүштүрүү;

3) чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу укугунда чарба жүргүзүүчү субъекттерге мамлекеттик же муниципалдык мүлктү бекитип берүү;

4) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде мүлктү жана (же) жарандык укуктун башка объекттерин берүү;

5) мүлктү жана (же) жарандык укуктун башка объекттерин товардык рыноктун ар бир катышуучусуна бирдей өлчөмдө берүү.

3. Мамлекеттик же муниципалдык преференцияларды берүү тартибин тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары аныктайт.

(КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-берене. Товарларды сатып алууга монополияга каршы талаптар

 

1. Сатып алууларды жүргүзүүдө атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга алып келген же алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге тыюу салынат, анын ичинде төмөндөгүлөргө:

1) сатып алууларды уюштуруучулар же тапшырыкчылар тарабынан анын катышуучуларынын иштерин координациялоого;

2) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, сатып алуунун катышуучусуна же бир канча катышуучуларына сатып алууларга катышуунун артыкчылыктуу шарттарын, анын ичинде маалыматтарга жетүү жолу менен түзүүгө;

3) сатып алуулардын жеңүүчүсүн же жеңүүчүлөрүн аныктоо тартибин бузууга;

4) сатып алууларды уюштуруучулардын же тапшырыкчылардын жана (же) сатып алууларды уюштуруучулардын кызматкерлеринин же тапшырыкчылардын кызматкерлеринин сатып алууларга катышуусуна;

2. Сатып алууларды жүргүзүүдө ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тыюу салуулар менен катар, эгерде сатып алууларды уюштуруучулар же тапшырыкчылар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болсо, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн товарларды алуу, жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүү үчүн тапшырыкты берүүгө сатып алууларды жүргүзүүдө сатып алууларга катышууну чектөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса, тыюу салынат.

3. Мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн товарларды берүүгө, жумуштарды аткарууга, кызмат көрсөтүүгө тапшырыктарды жайгаштырууга соода сатыктарды өткөрүүдө ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген тыюулар менен катар, сатып алуулардын предмети менен технологиялык жана функциялык жактардан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу, көрсөтүү менен байланышы жок продукцияны (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) лоттордун курамына кошуу жолу менен сатып алуулардын катышуучуларынын арасында атаандаштыкты чектөөгө тыюу салынат.

4. Тиешелүү сатып алуулар жана мындай сатып алуулардын жыйынтыктары боюнча түзүлгөн бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жараксыз болсо, ушул берене менен белгиленген ченемдердин бузулушу монополияга каршы орган тарабынан таануу үчүн негиз болуп саналат.

 

11-берене. Чарбакер субъекттердин өзгөртүп уюштурулушуна, жоюлушуна мамлекеттик контроль

1. Чарбакер субъекттердин мүмкүн болуучу үстөмдүк абалын жана атаандаштыктын чектелишин болтурбоо максаттарында төмөнкү учурларда монополияга каршы орган тарабынан мамлекеттик контроль жүзөгө ашырылат:

1) чарбакер субъекттер (алардын бирикмелери) өзгөртүп уюшулганда (бириктирилгенде, кошулганда, кайра түзүлгөндө), эгерде бул үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин пайда болушуна алып келсе;

2) (КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 96 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) мамлекеттик жана муниципалдык ишкананы бириктиргенде, кошкондо жана жойгондо, эгерде бул үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарбакер субъекттин жаралышына алып келсе.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык өзгөрүп уюштуруу, жоюу тууралуу чечим кабыл алуучу чарбакер субъекттер монополияга каршы органдан макулдук алуусу зарыл.

Чарбакер субъекттер өзгөрүп уюшулганда, жоюулганда монополияга каршы органга чарбакер субъектти өзгөрүп уюштурууга, жоюуга макулдук берүү жөнүндө өтүнүчтү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте документтердин тизмегин милдеттүү тартипте берет.

Монополияга каршы орган бардык зарыл документтерди алгандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен арыз ээсине өзүнүн чечими тууралуу жазуу жүзүндө кабарлайт.

3. Эгерде өтүнүчтү канааттандыруу тийиштүү уюмдун үстөмдүк абалынын пайда болушуна же күчөшүнө жана анын натыйжасында атаандаштыктын чектелишине алып келиши мүмкүн болсо же макулдашуу процессинде туура эмес маалыматтар берилсе, монополияга каршы орган өтүнүчтү четке кагууга укуктуу.

4. Чарбакер субъекттер ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган өзгөртүп уюшулган, жоюлган учурда, аларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү (кайра каттоо) каттоо органдары тарабынан монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашкандан кийин гана жүзөгө ашырылат.

Ушул беренени бузуу менен иштеген чарбакер субъекттердин жана алардын бирикмелеринин мамлекеттик каттоосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз деп таанылат.

(КР 2015-жылдын 13-августундагы N 225, 2019-жылдын 22-июлундагы N 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

12-берене. Чарбакер субъекттердин уставдык капиталындагы акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууда монополияга каршы мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль жана башка учурлар

 

1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин ошол эле товар рыногунда иштеген башка чарбакер субъекттин уставдык капиталындагы акцияларды, үлүштүк укуктарды, катышуу үлүштөрүн алышы, ошондой эле үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин акцияларынын контролдук пакетин, пайларын, катышуу үлүштөрүн башка бир юридикалык жактын же жарандын сатып алуусу монополияга каршы органдын алдын ала макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

Ушул берененин максаты үчүн акциялардын, пайлардын, катышуу үлүштөрдүн контролдук пакети деп акционерлердин, уюштуруучулардын, пайчылардын жалпы чогулуштарында чечим кабыл алууда добуштардын 50 пайыздан ашыгын түз жана кыйыр камсыз кылуучу сан түшүндүрүлөт.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү түзүү үчүн ыйгарым укуктуу жак монополияга каршы органга аларды түзүүгө макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө бекиткен тартипке ылайык маалыматты берет.

3. Эгерде өтүнүчтү канааттандыруу чарбакер субъекттин (жактардын тобунун) үстөмдүк абалынын пайда болушуна же күчөшүнө жана анын натыйжасында атаандаштыктын чектелишине алып келиши мүмкүн болсо, же чечим кабыл алуу үчүн маанилүү маалымат туура эмес берилсе, өтүнүч четке кагылышы мүмкүн.

4. Ушул беренеде белгиленген тартипти бузуу менен түзүлгөн, үстөмдүк абалдын пайда болушуна же күчөшүнө жана анын натыйжасында атаандаштыктын чектелишине алып келүүчү бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз деп таанылат.

 

13-берене. Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (бөлүп чыгаруу)

 

1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъект тарабынан монополиялык ишти такай жүзөгө ашырган учурда монополияга каршы орган мындай уюмдарды мажбурлап бөлүү жөнүндө же болбосо алардын курамынан бир же бир нече уюмду бөлүп чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Мажбурлап бөлүүнүн натыйжасында түзүлгөн уюмдар жактардын бир тобуна кире албайт.

2. Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү же бөлүп чыгаруу чечими төмөнкүдөй бир же бир нече шарттар болгондо кабыл алынат:

1) рынокто атаандаштыктын өнүгүүсүнө алып келсе;

2) уюмдун түзүмдүк бөлүктөрүн өзүнчө бөлүүгө мүмкүнчүлүк болсо;

3) уюмдун түзүмдүк бөлүктөрүнүн технологиялык жактан шартталган өз ара байланышы жок болсо;

4) өзгөртүп уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн юридикалык жактар үчүн тийиштүү рынокто өз алдынча иштөөгө мүмкүндүк бар болсо.

3. Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү же бөлүп чыгаруу жөнүндө чечим ал чечимде каралган талаптарды эске алуу менен жана ошол чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал мөөнөт үч айдан кем болушу мүмкүн эмес, менчик ээси же ыйгарым укуктуу орган тарабынан аткарылууга жатат.

  

14-берене. Маалымат алууга монополияга каршы органдын кызматкерлеринин укуктары

Монополияга каршы органдын кызматкерлери монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу жөнүндө арыздарды кароодо, экономикалык концентрацияга мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда жана атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүдө зарыл документтерди жана анын ичинде белгиленген тартипте коммерциялык жана кызматтык маалыматтарды алуу үчүн өздөрүнө тапшырылган ыйгарым укуктарына ылайык кызматтык күбөлүктөрүн жана монополияга каршы органдын жетекчисинин (анын орун басарынын) чечимин көрсөтүү менен мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге, чарбакер субъекттерге жана алардын бирикмелерине уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-берене. Монополияга каршы органга маалымат берүү боюнча милдеттер

Монополияга каршы органга жүктөлгөн тапшырмалардын жана иш-милдеттердин аткарылышы үчүн юстиция. бажы органдары жана башка мамлекеттик органдар чарба жүргүзүүчү субъекттердин иштерин жөнгө салууну (көзөмөлдөөнү) жана алардын мамилелерин каттоону жүзөгө ашыруучу архивдик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер монополияга каршы органдын талабы боюнча керектүү документтерди жана анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коммерциялык жана кызматтык маалыматты берүүгө милдеттүү.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83, 2019-жылдын 22-июлундагы N 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

16-берене. Чыгымдын ордун толтуруу

 

1. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, анын ичинде монополияга каршы органдын монополияга каршы мыйзамдарды бузуу менен кабыл алган актыларынан улам же көрсөтүлгөн органдар тарабынан өз милдеттерин аткарбагандыктан же тийиштүү түрдө аткарбагандыктан чарба жүргүзүүчү субъектке же башка адамга чыгым келтирилген болсо, ал чыгымдын орду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык толтурулууга тийиш.

2. Монополияга каршы мыйзамдар бузулган учурда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары), чарба жүргүзүүчү субъекттер (алардын жетекчилери) мыйзам бузууну монополияга каршы органдын чечимине ылайык токтотууга, мурдагы абалды кайра калыбына келтирүүгө, келишимди бузууга (келишим түзүүгө) же ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келген актыны жокко чыгарууга, монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун натыйжасында алынган кирешени республикалык бюджетке которууга жана көрсөтмөдө каралган башка аракеттерди аткарууга милдеттүү.

3. Эгерде чарба жүргүзүүчү субъекттин монополияга каршы мыйзамдарды бузуу аракетинен (аракетсиздигинен) башка чарба жүргүзүүчү субъектке же башка адамга чыгым келтирилсе, ал чыгымды Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык, ага дуушарланткан чарба жүргүзүүчү субъект ордун толтурууга тийиш.

 

17-берене. Жоопкерчилик чаралары

 

Монополияга каршы мыйзамдарды бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Жоопкерчиликке тартуу күнөөлүү адамдарды монополияга каршы органдын чечимин аткаруудан бошотпойт.

 

18-берене. Монополияга каршы орган тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын бузгандыгы жөнүндө иштерди кароо үчүн негиздер

1. Монополияга каршы орган монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу жөнүндө иштерди өз демилгеси боюнча, жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүнүн жана ушул Мыйзамдын бузулушун күбөлөгөн өзүндөгү башка материалдардын негизинде карайт.

2. Монополияга каршы органга арыздар жазуу түрүндө, монополияга каршы мыйзамдардын бузулган фактылары жөнүндө документтерди тиркөө менен берилет.

3. Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу жөнүндө иштерди кароонун жана иликтөө жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

18-1-берене. Монополияга каршы мыйзамдарды бузууга жол берилбестиги жөнүндө эскертүү

1. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун алдын алуу максатында монополияга каршы орган мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, чарба жүргүзүүчү субъектиге монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө жазуу түрүндө эскертүү (мындан ары - эскертүү) жөнөтөт.

2. Эгерде мындай аракет монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келиши мүмкүн болсо жана мында монополияга каршы мыйзамды бузуу жөнүндө ишти козгоо жана кароо үчүн негиздер жок болсо, товардык рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттин аракети жөнүндө жана (же) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын пландалып жаткан аракеттери жөнүндө ачык билдирүү эскертүү жөнөтүү үчүн негиз болуп саналат.

3. Эскертүү берүү тартибин жана анын формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

(КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2019-жылдын 22-июлундагы N 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

19-берене. Монополияга каршы органдын көрсөтмөлөрүн жана башка чечимдерин аткаруу

 

Монополияга каршы органдын чечими (көрсөтмөсү) толук түрдө жана чечимде (көрсөтмөдө) белгиленген мөөнөттө аткарылууга жатат. Аталган чечимди (көрсөтмөнү) өз убагында жана толук түрдө аткарбоо монополияга каршы мыйзамдарда каралган натыйжаларга кириптер кылат.

 

20-берене. Монополияга каршы органдын чечимдерине даттануу укугу

 

Мамлекеттик органдар, чарбакер субъекттер жана алардын кызмат адамдары монополияга каршы органдын чечимдерине (көрсөтмөлөрүнө) администрациялык иштин негиздери жана администрациялык жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган же соттук тартипте, ал эми администрациялык жаза-чараларын колдонуу бөлүгүндө - администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу.

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

21-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1487-ХII Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 163-ст.);

- "Монополиялык ишке чек коюу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" 2003-жылдын 6-мартындагы № 55 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 5, 221-ст.);

- "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" 2003-жылдын 1-августундагы № 164 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-жыл № 11, 505-ст.);

- "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 134 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 356-ст.);

- "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1488-ХII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл № 5, 164-ст.).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- ушул Мыйзамдан келип чыккан тиешелүү мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти  

 

Р. Отунбаева