Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\096aad71-243c-42f4-948e-12e0a5ebaf92\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  

2011-жылдын 26-июлу N 137

Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө

(КР 2013-жылдын 18-октябрындагы N 194, 2019-жылдын 20-июнундагы N 74 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Жылуулук микроклиматын жакшыртууну эске алуу менен имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун, чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатууга, энергетикалык ресурстарды керектөөнү (пайдаланууну) жана атмосферага парник газдарын чыгарууну төмөндөтүүгө көмөктөшүү ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.

1-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу

Ушул Мыйзам энергетикалык натыйжалуулукту баалоо жана имараттардын энергетикалык ресурстарын керектөөлөрдү төмөндөтүү, энергетикалык натыйжалуу курулуштар жаатындагы укуктук негиздерди белгилейт, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан имараттардын менчик ээлери менен сертификацияланган адистердин жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ортосундагы укуктук жана уюштуруучулук мамилелерди жөнгө салат.

2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылат:

1) имараттарга: турак жай, коомдук, администрациялык жана көп функциялык өндүрүштүк эмес, ошондой эле алардын техникалык системаларына;

2) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу менен байланышкан иштерге, аларды:

а) долбоорлоодо жана курууда;

б) эксплуатациялоого берүүдө;

в) ижарага берүүдө;

г) сатууга коюуда;

д) энергетикалык кайра жаңылоодо.

3-берене. Негизги терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар пайдаланылат:

1) имарат - адамдардын жашап турушу үчүн жайы, тосулган конструкциялары, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу үчүн жылуулук жана электр энергиясын пайдалануучу техникалык системалары, ошондой эле аны эксплуатациялоо үчүн арналган башка системалары жана жабдуулары бар курулуш объектиси;

2) имараттарды энергетикалык кайра жаңылоо - этап менен же бир убакта өзгөртүү:

а) колдонулуп жаткан имаратты же анын техникалык системасын, мында кошумча жылуулук изоляциясын, жарык өтүүчү жана ачылып туруучу конструкцияны алмаштыруунун же техникалык системанын жабдууларын алмаштыруунун эсебинен имараттын энергия керектөө түзүмү өзгөрөт;

б) сырткы тосуучу конструкциялардын жалпы аянтынын 25 пайыздан кем эмес жылуулук коргоосунун деңгээлин;

3) имараттардын техникалык системасы - бир имарат үчүн белгиленген жылытуунун, ысык суу менен жабдуунун, желдетүүнүн, муздатуунун жана жарык берүүнүн техникалык системасы;

4) буу казаны (жылуулук генератору) - тикелей буу казандан жана күйгүзүүчү блоктон турган жана күйүү процессинде жаралган жылуулукту жылуулук өткөрүүчүгө берүү үчүн арналган бириктирилген конструкция;

5) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу - имараттарды нормалык пайдаланууда бардык энергетикалык керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн зарыл энергиянын саны;

6) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптары - ишке ашырылууга тийиш болгон имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун белгиленген минималдуу деңгээли;

7) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун классы - жылуулук берүү мезгили үчүн имаратты жылытууга жана ысык суу менен жабдууга жылуулук энергиясынын үлүштүк сарпталышынын чоңдугунун интервалы менен мүнөздөлүүчү имараттын энергетикалык натыйжалуулугунун деңгээлин белгилеген классификация;

8) имараттын энергетикалык сертификациясы - пайдаланылган энергетикалык ресурстардын көлөмү тууралуу, имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү жөнүндө туура маалыматтарды алуу, энергияны үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн табуу жана алынган натыйжаларды энергетикалык сертификатта чагылдыруу менен энергетикалык натыйжалуулукту көтөрүү максатында энергетикалык ресурстарды пайдалануу тууралуу маалыматтарды жыйноо жана иштеп чыгуу процесси;

9) имараттын энергетикалык сертификаты - сертификат алган адис тарабынан толтурулган, имараттын энергетикалык натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн өзүнө камтыган белгиленген формадагы документ;

10) сертификат алган адис - имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана (же) буу казандарынын, жылытуучу жана ысык суу менен жабдуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү түрдө контролдоону жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө мамлекеттик квалификациялык сертификат алган жеке жак;

11) энергетикалык маркировка (энергетикалык натыйжалуулуктун көрсөткүчү) - маалымат үчүн кызмат кылуучу энергетикалык натыйжалуулук боюнча имараттын кыскача мүнөздөмөсү;

12) буу казандарынын, жылытуучу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо - буу казандарынын, жылытуучу жана ысык суу менен жабдуу системасынын энергетикалык натыйжалуулуктун талаптарына ылайык келишин белгилөө боюнча иш-чаралардын комплекси.

(КР 2013-жылдын 18-октябрындагы N 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу чөйрөсүндөгү мыйзамдар "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан, ушул Мыйзамдан жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

5-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ишти камсыз кылуу жана анын принциптери

1. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы иштер төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:

1) энергетикалык ресурстарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу;

2) алгачкы энергияны пайдаланууну азайтуу;

3) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун талаптарын белгилөөдө эрежелердин бирдиктүүлүгү;

4) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды колдоо жана дем берүү;

5) СО2 эквивалентинде парник газдарын чыгарууну төмөндөтүү;

6) Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актыларынын имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы эл аралык ченемдерге ылайык келиши.

2. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугуна минималдуу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Имараттардын энергетикалык минималдуу талаптары 10 жылда бир жолудан кем эмес кайра каралууга жатат.

3. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптары төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) жалпы аянты 150 чарчы метрден ашпаган жеке турак жай имараттарына;

2) диний каада, расым жана азем өткөрүү үчүн арналган имараттарга;

3) эгерде алардын сырткы түрүнүн жана тосуучу конструкцияларынын стилинин өзгөрүшүнө байланыштуу энергетикалык натыйжалуулуктун талаптарын аткаруу мүмкүн болбой калган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маданий мурастардын (тарых жана маданият эстеликтери) объекттерине кирген имараттарга;

4) капиталдык эмес курулуштардын убактылуу объекттерине;

5) дачалык үйлөргө;

6) көмөкчү пайдалануудагы (көмөкчү-чарбалык багыттагы) имараттарга жана курулмаларга.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө аталгандарды копшогондо, жаңы имараттар жана энергетикалык кайра жаңылоо жүргүзүлгөн имараттар энергетикалык натыйжалуулуктун минималдуу талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

5. Курулушка же имараттарды кайра жаңылоону жүзөгө ашырууга уруксат алуу үчүн долбоордук документтер энергетикалык натыйжалуулуктун минималдуу талаптарын эске алуу менен иштелип чыгууга тийиш.

6. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптарына ылайык келбеген, жаңыдан курулган жана энергетикалык кайра жаңылоодон өткөн имараттарды эксплуатациялоого берүүгө жол берилбейт.

7. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдөн башка, ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн имараттар үчүн энергетикалык сертификациялоо милдеттүү болуп саналат. Бардык калган учурларда имараттарды энергетикалык сертификациялоо ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.

8. Мурдатан турган имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун камсыз кылуу тартылган жана инвестициялык каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

9. Имараттын энергетикалык классын аныктаган имараттын энергетикалык сертификаты имараттын энергетикалык сертификациясын ишке ашыруунун далили болуп саналат. Энергетикалык сертификаттын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

10. Энергетикалык сертификат 10 жылдан ашпаган мөөнөткө колдонууга берилет. Имараттын профилин кайра өзгөртүүнү жана кайра пландаштырууну жүргүзүүдө, ошондой эле тышкы тосмо конструкцияларын жана техникалык системасын өзгөртүүдө анын энергия керектөөлөрү да өзгөрсө энергетикалык сертификат белгиленген колдонуу мөөнөтү өткөнгө чейин күчүн жоготот.

11. Энергетикалык сертификациядан өткөн көп квартиралуу турак жай имараттары, коомдук, администрациялык жана өндүрүштүк эмес көп функциялык имараттар маркировкаланууга тийиш, ал эми имараттардын энергетикалык натыйжалуулук классынын көрсөткүчү фасаддын көрүнүктүү жерине жайгаштырылууга тийиш.

12. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн тышкары, ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн имараттарды жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системасы үчүн орнотулган буу казандары буу казандарынын, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугу боюнча милдеттүү түрдө мезгил-мезгили менен контролдонууга жатат.

13. Буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү жана бир жолку контролдоону ишке ашыруунун далили буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдууну контролдоо жөнүндө отчет болуп саналат.

14. Буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоону жүргүзүүнүн жыштыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2013-жылдын 18-октябрындагы N 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы мамлекеттик органдардын иши

1. (КР 2013-жылдын 18-октябрындагы N 194 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу отун-энергетика комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуу жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Отун энергетика комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуу жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча максаттуу программаларды иштеп чыгуу;

2) имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана (же) буу казандарынын, жылытуучу жана ысык суу менен жабдуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча аткарылган иштердин сапаты үчүн мониторингди жүзөгө ашыруу;

3) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу.

4. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

2) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн жана имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун класстарын аныктоо боюнча эрежелерди иштеп чыгуу;

3) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптарын иштеп чыгуу;

4) төмөнкүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү:

а) имараттардын энергетикалык сертификаттарынын, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчеттордун;

б) имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча сертификацияланган адистердин.

Ушул пунктта каралган мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;

5) адистерди даярдоону, классификацияларын жогорулатууну уюштуруу жана имараттардын энергетикалык сертификациясы жана (же) буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугунун мезгил-мезгили менен контролдоо жаатында алардын мамлекеттик классификациялык сертификациясын жүргүзүү;

6) (КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 74 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуу жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга имараттарды энергетикалык сертификаттоону жана буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоону жүргүзүү боюнча иштердин натыйжалары жөнүндө ар жылдык отчетторду даярдоо;

8) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду даярдоо боюнча иштерди координациялоо;

9) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

(КР 2013-жылдын 18-октябрындагы N 194, 2019-жылдын 20-июнундагы N 74 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

7-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында сертификатталган адистердин иши

1. Имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо имараттын менчик ээси менен сертификацияланган адистин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде сертификат алган адистер тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында адистерди квалификациялык сертификациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында аткарылган иштердин сапатына мониторинг

1. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында аткарылган иштердин сапатына мониторинг имараттардын энергетикалык сертификаттарын жана (же) буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетторду экспертизациялоо жолу менен жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.

2. Имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана (же) буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча аткарылган иштердин сапатына мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2013-жылдын 18-октябрындагы N 194, 2019-жылдын 20-июнундагы N 74 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-берене. Тараптардын укуктары жана милдеттери

1. Имараттын менчик ээси төмөнкүлөргө:

1) имараттын энергетикалык сертификатын жана буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө так маалыматы менен отчетту алууга укуктуу;

2) ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген башка укуктарга.

2. Сертификат алган адис төмөнкүлөргө:

1) имаратка берилген долбоордук-техникалык документтерди алууга укуктуу;

2) имараттарга жана анын техникалык системаларына көз салып текшерүү жүргүзүүгө;

3) ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген башка укуктарга.

3. Имараттын менчик ээси имараттардын энергетикалык сертификациясын жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жүргүзүүдө сертификат алган адиске көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Жаңыдан курулган жана энергетикалык кайра жаңылоодон өткөн имараттардын менчик ээлери алардын энергетикалык натыйжалуулугунун белгиленген минималдуу талаптарга ылайык келишин, ошондой эле энергетикалык маркировкалоону (энергетикалык классынын көрсөткүчүн) жайгаштырууну камсыз кылууга милдеттүү.

5. Имараттын менчик ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) энергетикалык сертификатты жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетту бардык колдонуу мөөнөтүнүн аралыгында сактоого;

2) имаратты сатууда имараттын анык энергетикалык сертификатын жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетту жаңы менчик ээсине берүүгө;

3) имаратты ижарага берүүдө энергетикалык сертификаттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетту ижарачыга берүүгө.

6. Сертификат алган адис төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) имараттардын менчик ээлерине имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча техникалык жана экономикалык маалымат берүүгө;

2) иштин ар бир түрүнө (имараттардын энергетикалык сертификациялары, буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо) тиешелүү кесипкөйлүк сертификатка ээ болууга;

3) толтурулган энергетикалык сертификаттарды жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетту архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүгө.

10-берене. Тараптардын жоопкерчилиги

1. Сертификат алган адис имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин сапаты үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Имаратты энергетикалык сертификациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин сапаты үчүн жоопкерчилик бул имараттын энергетикалык сертификатына кол койгон тиешелүү сертификат алган адиске жүктөлөт.

3. Буу казандарынын, имаратты жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин сапаты үчүн жоопкерчилик буу казандарын, бул имаратты жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоону жүргүзүү жөнүндө отчетко кол койгон тиешелүү сертификат алган адиске жүктөлөт.

4. Мониторингде имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча аткарылган иштердин сапатынын төмөн болушу үч жолу далилденген учурда сертификат алган адис ушул иштерди жүргүзүү боюнча мамлекеттик квалификациялык сертификатынан ажыратылат.

(КР 2013-жылдын 18-октябрындагы N 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу чөйрөсүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө мыйзамдарды бузган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик тартышат.

12-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатындагы эл аралык кызматташтык

1. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отун-энергетика комплексинин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында эл аралык кызматташтыктын негизги багыттары болуп төмөндөгүлөр саналат:

1) чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен энергетикалык натыйжалуу технологияларды өз ара пайдалуу алмашуу;

2) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатындагы эл аралык долбоорлорго Кыргыз Республикасынын катышуусу;

3) Кыргыз Республикасынын нормалары менен каралган энергетикалык натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүн эл аралык стандарттардын талаптары менен макулдашуу, ошондой эле имараттарды энергетикалык сертификациялоонун натыйжаларын өз ара таануу.

3. (КР 2013-жылдын 18-октябрындагы N 194 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2013-жылдын 18-октябрындагы N 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун пропагандалоо жана маалыматтык жактан камсыз кылуу

Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун пропагандалоо жана маалыматтык жактан камсыз кылуу төмөнкү жолдор аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу чөйрөсүндө курстарды, семинарларды, конференцияларды уюштуруу;

2) жогорку энергетикалык натыйжалуу орнотмолорду жана жабдууларды көрсөтүү менен көргөзмөлөрдү, конкурстарды уюштуруу;

3) техникалык багыттагы окуу жайларында ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча милдеттүү түрдө окуу программасын киргизүү;

4) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун маселелери боюнча маалыматтарды берүү жана жайылтуу;

5) энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну жана парник газдарынын абага чыгууларын төмөндөтүүнү пропагандалоо.

14-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 6 айдан кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 5-августундагы N 63 жарыяланды

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

Р.Отунбаева