Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2011-жылдын 6-октябры №166

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынатолуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статьянын 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган," деген сөздөр менен толукталсын.

2. 2-статьянын 2-бөлүгүндө:

үчүнчү абзац "медициналык камсыздандыруу фондуна" деген сөздөрдөн кийин ", Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна" деген сөздөр менен толукталсын;

алтынчы абзац "медициналык камсыздандыруу фондунун" деген сөздөрдөн кийин "жана Эмгекчилердин ден соолугун чындоо фондунун" деген сөздөр менен толукталсын;

тогузунчу абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатында мамлекеттик тарифтик саясаттын негизги багыттарын калыптандыруу, топтоо бөлүгүн өзүнө камтыган мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун жана пенсия менен камсыз кылуунун тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;".

3. 4-статьянын 2-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдарга жана алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо жана эс алдыруу боюнча чыгымдарды каржылоого.".

4. 5-статьяда:

2-бөлүк "медициналык камсыздандыруу фондунун" деген сөздөрдөн кийин ", Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун" деген сөздөр менен толукталсын;

6-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Кыргыз Республикасы тарабынан аныкталуучу Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 10-статья төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"камсыздандырылган адамдардын жана алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоо.".

2. 17-статьянын 1-бөлүгүндөгү "актыларга ылайык" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандырылган адамдардын жана алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоого байланышкан, ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

 

Р. Отунбаева