Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 16-ноябры № 213

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

77-статьяда:

6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

"Жеке же юридикалык жактардын менчигинде турган жер участогу убактылуу же объект курулганга чейин автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.";

7-пункт "капиталдык эмес объектилерди" деген сөздөрдөн кийин ", автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды" деген сөздөр менен толукталсын.

 

2-берене.

 

"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

27-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы "булгоого," деген сөздөн кийин "жол-транспорт кырсыктарында каза болгондорду эскерүүгө тургузулган эстелик плиталарды жана мамыларды орнотууга, жол-транспорт кырсыктарынын кесепетинен керектен чыккан автотранспорт каражаттарынын кузовдорун, каркастарын коюуга," деген сөздөр менен толукталсын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

Р. Отунбаева