Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\4f719eee-5906-4a0c-b4a6-2d0798f91068\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 13-апрели № 33

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 20-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

"Аттестациядан ыктыярдуу өткөн жана аттестация башталганга чейин өзүнүн убактылуу эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбеген мамлекеттик кызматчынын убактылуу эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө баракча аттестациялык-конкурстук комиссиянын чечимин жокко чыгаруу үчүн юридикалык негиз боло албайт.".

2. 25-статьяда:

статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-10-бөлүктөр менен толукталсын:

"Ачык конкурс өткөрүүдө аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан маектешүүнү көрмөжазуу жүргүзүлөт.

Конкурска катышуучунун өтүнүчү боюнча ага үч күндүн ичинде көрмөжазуунун ага тиешелүү бөлүгүнүн же болбосо толук жазуунун көчүрмөсү берилет.

Маектешүүлөрдүн көрмөжазуулары бир жыл бою сакталууга тийиш.";

8-бөлүктө "аяктаган күндөн тартып бир айдын ичинде" деген сөздөр "түздөн-түз ал аяктагандан кийин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 41-статьяда:

4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Чыгымдын ордун толтурган мамлекеттик орган түздөн-түз укукка жат аракеттерге барган мамлекеттик кызматчыга жана кызмат адамына кайтарма талаптарды (регресс) коюуга милдеттүү.";

статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-8-бөлүктөр менен толукталсын:

"Эгерде сотто кызмат адамы тарабынан мамлекеттик кызматчынын эмгек укуктары бузулганы далилденген жана анын кесепетинен соттун чечими боюнча жаранга мыйзамда каралган төлөмдөр төлөнүп берилген учурда, мамлекеттик орган соттун чечиминин негизинде кызмат адамынын эмгек акысынан, анын ичинде ал ушул органда иштөөнү токтоткон учурда дагы ал келтирген зыяндын суммасын кармап калууга милдеттүү.

Күнөөлүү адам келтирилген материалдык зыяндын ордун толук толтуруп бергенге чейин башка мамлекеттик кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.

Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик кызматчылардын маалыматтык базасын түзөт жана жүргүзөт, ошондой эле зыяндын ордунун толтурулушун контролдойт.".

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын
                      Президенти

 

А.Атамбаев