Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 29-майы № 69

 

Айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж.,№8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 348-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

"8) ломбарддар кызматы.".

2. 349-беренеде:

2-бөлүктөгү таблица төмөнкүдөй сап менен толукталсын:

"

┌──────────────────────────────────┬────────────────────┬─────────────┐

│8) ломбарддар кызмат көрсөтүүлөрү │   1 объект         │ 15000 сом   │

└──────────────────────────────────┴────────────────────┴─────────────┘

";

3-бөлүктө "Экономика, бюджет жана финансы боюнча, ошондой эле Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияны, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча" деген сөздөр алып салынсын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж.,№6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

341-берененин 1-пунктунда "Кыска мөөнөттөгү кредиттерди" деген сөздөр "Зайымдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын; "буга лицензиясы бар" деген сөздөр алып салынсын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын
            Президенти

 

А.Атамбаев