Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\9f4ff501-f62f-4427-8670-20969f70930a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 9-июну № 78

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:

ар кандай жөндөмө формаларындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча Агентствосу" деген сөздөр жана "Агентство" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

ар кандай жөндөмө формаларындагы "директор" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жетекчи" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 1-статьяда:

төртүнчү абзацта "Администрациясынын" деген сөз "Аппаратынын" деген сөзгө алмаштырылсын;

жетинчи абзацта "Администрациясындагы" деген сөз "Аппаратындагы" деген сөзгө алмаштырылсын.

3. 12-статьянын 12-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жетекчи башкарат. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмү жана Жобосу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.".

4. 20-статьянын 13-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик кызматкерлерди аттестациялоо жөнүндө Жобо мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан киргизилет жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.".

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

А. Акаев