Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык
2017-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\55f6b870-399f-46cc-b837-b23a74d38211\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 13-июлу № 106

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 65-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:

ар кыл жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "аткаруучу" деген сөзгө алмаштырылсын;

ар кыл жөндөмө формаларындагы "жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7-статьянын 4-бөлүгүнүн 2-пунктун кошпогондо "жалпы мамлекеттик салыктардын" деген сөздөр "жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер" деген сөздөргө алмаштырылсын;

ар кыл жөндөмө формаларындагы "пункт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "бөлүк" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. Преамбуладагы "айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун" жана "айылдын, шаарчанын жана шаардын" деген сөздөр "айылдык аймактын жана шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 1-статьяда:

2-бөлүк "бюджеттерден турат" деген сөздөрдөн кийин ага кирешелер жана чыгашалар кирет" деген сөздөр менен толукталсын;

3-бөлүктө "айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун" деген сөздөр "айылдык аймактын жана шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

15-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15. Жергиликтүү бюджеттин киреше булактары - жергиликтүү салыктар жана жыйымдар, салыктык эмес кирешелер; республикалык деңгээлде бөлүштүрүлүүчү салыктар жана кирешелер; трансферттер, ыктыярдуу төгүмдөр.".

4. 2-статьянын үчүнчү абзацында "иштерди" деген сөз "маселелерди" деген сөзгө алмаштырылсын.

5. 13-статьянын бүткүл тексти боюнча "болжолдуу" деген сөз "божомолдонуучу" деген сөзгө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев