Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 25-июлу № 123

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги N 83, 2018-жылдын 6-августундагы N 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 153-беренеде:

2-пункттун "б" пунктчасында "оюн-зоок бизнесин жүргүзүү" деген сөздөр "букмекердик кеңселердин жана тотализатордун иштери" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10-пункттун үчүнчү сүйлөмү алып салынсын.

2. 160-берененин 1-пунктунда "утуштарга," деген сөздөн кийин "букмекердик кеңселер жана тотализаторлор сыяктуу" деген сөздөр менен толукталсын.

3. 327-берененин 9-бөлүгүндө "оюн-зоок жайлар" деген сөздөрдүн алдында "букмекердик кеңселер жана тотализаторлор сыяктуу" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 339-берененин 6-бөлүгүнүн 7-пунктунда "оюн-зоок" деген сөздөр "букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун иштерин жүзөгө ашыруучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. 348-берененин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

6. 349-берененин 2-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

7. 351-берененин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда "ойномо автоматтарды жана" деген сөздөр алып салынсын.

 

2-берене.

 

(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

3-берене.

 

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

16-статьянын 6-пунктунда:

биринчи абзацында "тотализаторлордун, букмекердик конторалардын" деген сөздөр "букмекердик конторалар жана тотализаторлор сыяктуулардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

бешинчи абзацта "Оюн-зоок жайларынын" деген сөздөр "Букмекердик конторалардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

4-берене.

 

(КР 2018-жылдын 6-августундагы N 87 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

5-берене.

 

Ушул Мыйзам 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев