Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 3-августу № 148

 

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1111-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 8-берененин он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлордун өзүн-өзү актоосунун чектик мөөнөтүн 8 жылдан ашык эмес белгилөө.".

2. 12-беренеде:

үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан, орнотмонун ээси тарабынан өздүк муктаждыктарына пайдаланылбаган жана келишимдик негизде башка керектөөчүлөргө сатылбаган бардык электр энергиясы, ЭКБны пайдалануу боюнча ушул орнотмо кайсы электр энергетикалык компаниясынын тармагына кошулганына карабастан, ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмо жайгашкан администрациялык-аймактык түзүлүштөгү эң ири бөлүштүрүүчү электр энергетикалык компаниясы тарабынан сатылып алынууга тийиш;";

- берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"- долбоордун өзүн-өзү актоо мезгилинде ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгылган электр энергиясына тариф акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифти ушул берененин тогузунчу абзацында аныкталган тиешелүү коэффициентке көбөйтүү жолу менен белгиленет;

- өзүн-өзү актоо мезгилинде ЭКБнын ар бир түрү боюнча акыркы керектөөчү үчүн электр энергиясына максималдуу тарифке коэффициенттер төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:

суу энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,1ге барабар;

күн энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 6,0гө барабар;

биомасса энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,75ке барабар;

шамал энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,5ке барабар;

жер энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 3,35ке барабар;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына максималдуу тарифтин чоңдугу электр энергиясына тарифтик саясатка жараша өзгөрөт;

- долбоордун өзүн-өзү актоо мезгили аяктагандан кийин ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгылган электр энергиясына тарифтер электр энергиясын иштеп чыгууга негиздүү сарптоолорду жана адилет пайданын элементи эске алынган эсептөөлөрдүн негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир станция үчүн өзүнчө белгиленет. ЭКБны пайдалануу менен өндүрүлүүчү электр энергиясына жаңыдан белгиленген тарифтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жыл сайын индексацияланууга жатат;

- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгылган электр энергиясын сатып алууга бөлүштүрүүчү электр энергетикалык компаниялардын кошумча сарптоолорун компенсациялоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан электр энергетикалык компаниялар үчүн энергиянын салттуу булактарынан электр энергиясына тарифти эсептөөдө жана белгилөөдө эске алынат;

- электр энергетикалык компаниянын тармагына кошконго чейинки электр берүү чубалгыларын куруу боюнча бардык сарптоолорду ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмонун ээси көтөрөт;

- ал белгиленген стандарттарга ылайык келген шартта тармакка өздөрү иштеп чыккан электр энергияны берүү үчүн бардык электр энергетикалык компаниялар ЭКБны пайдалануу менен электр энергияны өндүрүүчүлөрдүн өздөрүнүн тармактарына басмырлоосуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуулары тийиш;

- ЭКБны пайдалануучу орнотмону кошуу тармактарга кошуу боюнча сарптоолору эң аз болгон ошол электр энергетикалык компаниялардын тармактарына карата жүргүзүлүшү керек;

- улуттук электр тармактары жана бөлүштүрүүчү электр энергетикалык компаниялар ЭКБны өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө чейин электр энергиясынын тоскоолдуксуз транзитин камсыз кылышат.".

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев