Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a4247512-9e5b-4441-a203-b7088d5b5d20\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 10-августу N 165

Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Ушул Мыйзам айыл чарба багытындагы жерлерге ээлик кылуу, пайдалануу, тескөө менен байланышкан кыртышты, күрдүүлүктү коргоо, сапатты сактоо жана кери кетүүдөн жана башка терс көрүнүштөрдөн коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салат.

1-берене. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда терминдер алардын төмөнкү түшүнүктөрүндө жана мазмундарында пайдаланылат:

1) кыртыш - өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жашоосун, адамдын жашоо турмушун жана ишмердигин камсыз кылуу үчүн зарыл күрдүүлүккө, түзүмгө жана башка касиетке ээ минералдык жана органикалык заттардан, суудан, абадан, кыртыш организмдеринен жана алардын өсүп-өнүгүү азыктарынан турган, жердин табигый же чарбалык жана башка иштердин натыйжасында өзгөрүлгөн үстүнкү катмары;

2) кыртышты коргоо - кыртышты сарамжалдуу пайдалануу боюнча, ошондой эле алардын кери кетүүсүн алдын алуу жана жаратылыштык жана технотектүү мүнөздөгү терс таасирлерден сактоо боюнча укуктук, уюштуруучулук, экономикалык жана башка чаралардын комплекси;

3) кыртыштын абалы - кыртыштын курамын, түзүлүшүн жана касиетин мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдүн жыйындысы;

4) кыртыштын сапаты - адамдын, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жашоосу үчүн жагымдуу чөйрөнү камсыз кылууда кыртыштын мүнөзүн жана катышын аныктоочу кыртыш касиеттеринин жыйындысы;

5) кыртыштын күрдүү катмары - кыртыштын өсүмдүктүн өсүшү үчүн жагымдуу касиеттерге ээ болгон үстүнкү катмары;

6) сейрек кыртыш - уникалдуу жаратылыштык-климаттык шарттарда калыптанган жана өзгөчө жаратылышты сактоочу, илимий жана башка баалуу касиетке ээ кыртыш;

7) жок болуп кетүү коркунучунда турган кыртыш - өз касиетин жогото баштаган же табигый жаратылыш объектиси катары жок болуп бараткан кыртыш;

8) кыртыштын сапат ченемдери - кыртыштын түзүлүшүн жана касиетин мүнөздөөчү көрсөткүчтөр, мында ал өзүнүн күрдүүлүгүн сактап турат;

9) кыртышка жол берилген таасир этүүлөр - кыртышка жол берилген антропогендик оордуктан ашпаган, аларда кыртыштын сапатынын ченемдери сакталып калган чарбалык иштин жана кыртышты пайдалануунун башка түрлөрүнүн таасири этүү көрсөткүчтөрү;

10) кыртышка антропогендик оордуктун жол берилген ченемдери күрдүүлүк сапатын жана деңгээлин сактоо менен, кыртыш өзүнүн табигый кызматын аткаруу кудуретин камсыз кылуучу чарбалык иштердин жана кыртышты пайдалануунун башка түрлөрүнүн комплекстүү таасир этүү көрсөткүчтөрү;

11) кыртышты булгоо - жаратылыш чөйрөсүнүн башка компененттерине жана бүтүндөй курчап турган чөйрөгө терс таасирин тийгизүүчү, кыртыштын сапатын начарлатуучу зыяндуу химиялык, радиоактивдүү заттардын жана микроорганизмдердин кыртышка келип түшүүсү жана топтолуусу;

12) кыртыштын кери кетүүсү - кыртыштын булганышына, сазданышына, шорлонушуна жана башка терс таасирлерден өзгөрүшүнө өбөлгө түзгөн, кыртыштын күрдүүлүгүнүн төмөндөшү жана бузулушу менен мүнөздөлгөн кыртыштын түзүмүнүн жана курамынын начарлашы;

13) кыртыштын арыкташы - анын күрдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жана кери кетүүсүнө алып келүүчү азыктандыруучу заттардын азайышы менен мүнөздөлгөн кыртыштын түзүмүнүн жана касиетинин өзгөрүшү;

14) кыртыштын бузулушу - кыртыштын курамынын жарым-жартылай же толук бузулушу, күч колдонуп (механикалык) жок кылынышы;

15) кыртышты калыбына келтирүү - кыртыштын табигый түзүмүн, сапатын, күрдүүлүгүн жана анын касиетин калыбына келтирүүгө багытталган чараларды көрүү.

2-берене. Кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

Тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгынын жана мал чарбачылыгынын шарттарында кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгынын шарттарында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү компоненти катары кыртышты сарамжалдуу пайдалануунун жана сактоонун артыкчылыктуулугу;

2) тоолуу өлкө үчүн мүнөздүү экономикалык жана чарбалык кызыкчылыктардан кыртышты коргоо кызыкчылыктарынын артыкчылыгы;

3) кыртыштын күрдүүлүгүн арттыруу жана кери кеткен кыртышты калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын артыкчылыктуулугу;

4) чарбалык жана башка иштерди жүзөгө ашырууда кыртыштын абалына таасир этүүнүн илимий негиздүүлүгү;

5) кыртыштын абалы жана кыртышты коргоо милдеттерин чечүү жөнүндө маалыматтын айкындуулугу, толуктугу жана ишенимдүүлүгү;

6) кыртышты коргоо жаатында чечимдерди кабыл алууда адистердин катышуусу;

7) кыртышка келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликтин болбой койбосу.

3-берене. Улуттук кыртыш саясатынын негизги багыттары

1. Тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгынын шарттарында кыртыштын күрдүүлүгүн туруктуу пайдалануу.

2. Тобокелчиликтүү дыйканчылык шарттарында күрдүүлүктү турукташтыруу жана жогорулатуу, кыртыштын түзүмүн жана сапатын жакшыртуу максаттарында жерди туруктуу башкаруу.

3. Тобокелчиликтүү чарба жүргүзүүнү эске алуу менен, кыртыштын күрдүүлүк абалына жана анын табигый түзүмүнө мониторинг жүргүзүү.

4. Кыртышка терс таасир этүүлөрдүн алдын алуу жана коргоо жана аларды болтурбоо.

5. Кыргыз Республикасы кыртыштын күрдүүлүгүн сактоого тобокелчиликтүү тоолуу өлкө болуп санааларын эске алуу менен, жаратылыш ресурсу жана жаратылыш компоненти катары кыртышты сактоонун артыкчылыгы.

6. Кыртыштын күрдүүлүгүн сарамжалдуу чарбачыл пайдалануу.

7. Тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгын эске алуу менен, кыртышты сактоочу технологияларды, техниканы, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана түрлөрүн, жаныбарлардын тукумун иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү.

8. Комплекстүү иш-чаралардын тутумун жана аны ишке ашыруу үчүн жетиштүү экономикалык түрткү берүүнү караган кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу, аны кери кетүүдөн коргоо боюнча чаралар негизги компонент болуп саналган Кыргыз Республикасынын өнүгүү программасын жана стратегиясын ишке ашыруу.

9. Кыртышты коргоо боюнча илимди жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү.

10. Кыртыштын мониторингин жүргүзүү жана коргоо боюнча аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарбачыл субъекттердин ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин белгилөө.

11. Тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын кыртыш саясаты боюнча кабыл алган ченемдик укуктук актыларына, эл аралык келишимдерине жана макулдашууларына экспертиза жүргүзүү.

12. Менчигинин түрүнө карабастан, чарбачыл субъекттер менен кыртыштын абалын жакшыртуу боюнча иш-чараларды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу.

4-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кыртышты коргоо чөйрөсүндөгү компетенциясы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кыртышты коргоо чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) кыртышты коргоо тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;

2) улуттук кыртыш саясатын эске алуу менен, кыртышты коргоо тууралуу мамлекеттер аралык келишимдерди жана макулдашууларды ратификациялоо;

3) кыртыштын күрдүүлүгүн коргоо, сарамжалдуу пайдалануу жана сактоо жаатында улуттук саясаттын негизги багыттарын белгилөө;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын улуттук кыртыш саясатына ылайык аткарылышын экспертизадан өткөрүү жана көзөмөлдөө.

5-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) улуттук бирдиктүү кыртыш саясатын жүргүзүү;

2) кыртышты коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органды аныктоо:

3) улуттук кыртыш саясатын ишке ашыруу максатында эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү;

4) кыртышты коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясын жана программаларын ишке ашыруу;

5) тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгын жана мал чарбачылыгын эске алуу менен, кыртышты коргоо чөйрөсүндө илимди жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү;

6) кыртышты коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;

7) кыртышты сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн жогорулатуу, кыртыш ресурстарын коргоо боюнча республикалык жана райондук программаларды, ошондой эле айылдык округдун программаларын бекитүү жана ишке ашырылышын көзөмөлдөө;

8) жер кадастрын жүргүзүү, кыртыштын күрлүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруунун тартибин бекитүү;

9) кыртыштын кери кеткенде же күрдүүлүгү төмөндөгөндө жер участогун алып коюу (сатып алуу) тартибин бекитүү;

10) кыртышты коргоо чөйрөсүндө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечүү.

6-берене. Ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы

Ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) улуттук бирдиктүү кыртыш саясатын ишке ашыруу;

2) кыртышты коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү стратегиясын, максаттуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

3) тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгын жана мал чарбачылыгын эске алуу менен, кыртышты коргоо чөйрөсүндө илимди жана илимий изилдөөлөрдү пайдалануу;

4) кыртыштын күрдүүлүгүн коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;

5) кыртышты сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн жогорулатуу, кыртыш ресурстарын коргоо боюнча республикалык жана райондук программаларды, ошондой эле айылдык округдун программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырылышын көзөмөлдөө;

6) жер кадастрын жүргүзүү, кыртыштын күрдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруунун тартибин иштеп чыгуу;

7) кыртышты пайдалануу жана коргоого көзөмөлдөөнү уюштуруу;

8) жарандарга кыртыштын абалы жана кыртышты коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымдоо;

9) кыртыштын кери кеткенде же күрдүүлүгү төмөндөгөндө жер участогун алып коюу (сатып алуу) тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү;

10) гендик инженериянын продуктулары менен кыртыш булганган учурлар табылганда иш-аракеттердин тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү.

7-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы

Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) улуттук бирдиктүү кыртыш саясатын ишке ашыруу;

2) кыртышты коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү стратегиясын, максаттуу программаларын ишке ашыруу;

3) тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгын жана мал чарбачылыгын эске алуу менен кыртышты коргоо чөйрөсүндө илимдин жана илимий изилдөөлөрдүн прогрессивдүү иштеп чыгууларын колдонуу;

4) кыртыштын ченемдерине, сапаттын, күрдүүлүктүн регламенттерине мониторинг жүргүзүү;

5) кыртышты сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн жогорулатуу, кыртыш ресурстарын коргоо боюнча райондун, айылдык округдун деңгээлинде программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

6) жарандарга кыртыштын абалы жана кыртышты коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымдоо;

7) Мамлекеттик жер фондунун жерлеринин күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;

8) кыртышка келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүү.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-берене. Жер ээлеринин компетенциясы жана милдеттери

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык жер ээлеринин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) кыртышты коргоо боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;

2) тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгын жана мал чарбачылыгын эске алуу менен кыртышты коргоо чөйрөсүндө илимдин жана илимий изилдөөлөрдүн прогрессивдүү иштеп чыгууларын колдонуу;

3) кыртышты сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн жогорулатуу, кыртыш ресурстарын коргоо боюнча райондун жана айылдык округдун программаларын ишке ашырууга катышуу;

4) жердин күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардын алкактарында кыртышты коргоо чөйрөсүндө башка маселелерди чечүү.

2. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык жер ээсинин кыртышты коргоо жаатындагы негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) тоо дыйканчылыгындагы негизги талап катары кыртышты коргоочу технологияларды жана техниканы колдонуу;

2) кыртышты коргоо максатында илим жана илимий иштеп чыгууларды колдонуу;

3) айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө которуштуруп айдоону, жер семирткичтерди, механизация жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын колдонуу;

4) кыртышты шамал эрозиясынан коргоо боюнча чараларды жана суу эрозиясынан коргоо боюнча технологияларды пайдалануу;

5) кыртышты изилдөөнү жүргүзүү жана кыртышты изилдөө жөнүндө маалыматтарды берүү;

6) кыртыштын күрдүүлүгүн төмөндөтүү үчүн жоопкерчилик тартуу.

9-берене. Кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик көзөмөл

1. Кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик көзөмөл мамлекеттик экологиялык көзөмөлдүн, жерди пайдалануу жана коргоо үчүн мамлекеттик көзөмөлдүн жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейкамдыгын камсыз кылуу үчүн көзөмөлдүн алкактарында жүзөгө ашырылат.

2. Кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик көзөмөлгө төмөнкүлөр кирет:

1) чарбачылык жана башка иштерди жүргүзүүдө кыртыштын абалын көзөмөлдөө;

2) кыртышты коргоо жаатындагы талаптардын жана ченемдердин аткарылышын көзөмөлдөө;

3) кыртыштын кери кетүүсүнүн жана булганышынын алдын алуу, кыртышты калыбына келтирүү жана кыртыштагы терс жүрүмдөрдү жок кылуу боюнча чараларды камтыган жерге жайгаштыруу, шаар куруу жана башка документтерде каралган иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө;

4) кыртыштын абалы жөнүндө берилген маалыматтардын ишенимдүүлүгүн көзөмөлдөө;

5) кыртышты коргоо жаатында ашкереленген бузулууларды четтетүү боюнча чараларды көрүүнү көзөмөлдөө.

3. Кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик көзөмөл ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

10-берене. Кыртышты коргоо жаатындагы коомдук көзөмөл

1. Кыртышты коргоо жаатындагы коомдук көзөмөлдүн өзгөчө маселелерине төмөнкүлөр кирет:

1) калкка кыртышты коргоочу жаңы технологиялар жана техникалар жөнүндө маалымдоо;

2) кыртышты сактоочу прогрессивдүү технологиялар боюнча, сорттор, жаныбарлардын тукуму жана техникалар боюнча окутуп-үйрөтүүчү семинарларды өткөрүү жана тажрыйба алмашуу;

3) жер ээсинин ыктыярдуу уруксатынын негизинде кыртышты коргоо боюнча чаралардын абалы, кыртыштын түзүмү жана кыртыштын сапаты, кыртыштын күрдүүлүгүнүн төмөндөшү жөнүндө маалыматтарды маалымдоо жана жарыялоо;

4) мониторинг, кыртышты изилдөө жүргүзүү, чет элдик жарандардын менчигинде же пайдалануусунда турган же алардын катышуусу менен пайдалануудагы жерлердин кыртышын коргоо тууралуу маселени жер ээсинин макулдугусуз калкка өз убагында маалымдоо;

5) калкка кыртышты коргоо технологиясын жана которуштуруп айдоону колдонбогон жер ээлери жөнүндө маалымдоо.

2. Кыртышты коргоо жаатындагы коомдук көзөмөл ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

11-берене. Кыртышты коргоонун өзгөчөлүктөрү

1. Кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик саясат ыйгарым укуктуу органдар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Айыл чарба жерлерин мелиорациялоо артыкчылыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жылына белгилүү көлөмдө иш жүргүзүүнү, ошондой эле жаны сугат аянттарын өздөштүрүүнү пландоо менен камсыз кылынат.

3. Зарыл болгон учурда кыртышты коргоо жана калыбына келтирүү боюнча ири иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржы булактарын тартуу менен, ыйгарым укуктуу органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилген каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

4. Кыртыштын күрдүү массасын, чөгүндүнү, чымды чет өлкөгө алып чыгууга жол берилбейт.

5. Кыртыштын үлгүлөрүн жана чулу кыртыштарды сыноого импорттоону жана экспорттоону же изилдөө жана талдоо үчүн кыртышты сыноону кошпогондо, кыртышты коммерциялык жана өндүрүштүк керектөөлөр үчүн алып чыгууга тыюу салынат.

6. Жерлерди, жайыттарды курулуш үчүн бөлүүдө же убактылуу пайдаланууга берүүдө же чек араларын тактоодо кыртыштын үстүнкү бетин жана өсүмдүктөрүн максималдуу сактоо, ошондой эле кыртышты коргоо боюнча талаптарды аткаруу менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

7. Кыртыштын абалына жана күрдүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүчү агрохимиялык коргоо каражаттарын, мунай заттарын, өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик калдыктарын, ошондой эле булганган заттардын ыргытындылары жана чыгындылары менен кыртышты булгоого жол берилбейт.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-берене. Кыртыш ченемдери жана баалоо

1. Кыртышты бонитировкалоо (кыртышты анын сапаты боюнча баалоо) анда чириндинин болушун, кери кетүүнүн жана зыяндуу заттар менен булгануу деңгээлин, ошондой эле өлкөнүн жаратылыштык-климаттык чөлкөмдөрү боюнча жыйындысында кыртыштын күрдүүлүгүнө жана өндүрүлгөн азыктардын сапатына таасир тийгизүүчү кыртыштын курамынын, түзүмүнүн жана касиетинин көрсөткүчтөрүнүн топтомун эске алуу менен, баллдык шкала боюнча кыртыштын баалуулугун белгилөө максатында жүргүзүлөт.

2. Кыртыштын бонитетин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

3. Кыртыштын мүнөздөмөсү Мамлекеттик жер кадастрынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

4. Кыртыштын абалын баалоо ченемдери жана аларды аныктоо усулдары курчап турган чөйрөнү коргоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан иштелип чыгат жана ченемдерди иштеп чыгууга жоопкер тиешелүү илим-изилдөө мекемелери, ишканалар, уюмдар, мекемелер тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

5. Кыртышка жол берилген зыяндуу таасир этүүлөрдүн чектүү ченемдери Кыргыз Республикасынын айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

6. Калктын саламаттыгына, курчап турган чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына кери кеткен, булганган жана бузулган кыртыштын зыяндуу таасиринин жол берилген чектүү ченемдери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

13-берене. Кыртыштын абалынын мониторинги

1. Кыртыштын абалына жана мүнөздөмөсүнүн өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир региондо аныкталуучу жергиликтүү агрохимиялык уюмдар жана лабораториялар, илимий жана окуу мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.

2. Кыртыштын абалына жана мүнөздөмөсүнүн өзгөрүшүнө коомдук мониторинг агрохимиялык уюмдарды жана лабораторияларды, илимий жана окуу мекемелерин тартуу менен жүргүзүлөт.

3. Ыйгарым укуктуу органдын маалыматтарынын негизинде кыртышка зыяндуу таасирин тийгизүүчү объекттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эсепке алынууга жатат.

4. Мониторингдин маалыматтары жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат, үлгүлөр жана сынамдар ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.

14-берене. Кыртышты коргоо боюнча программалар

1. Кыртыштын ар түрдүүлүгүн сактоо, алып айтканда, алардын булганышын жана кери кетүүсүн болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардан каржылануучу комплекстүү, максаттуу жана региондук жана жергиликтүү программалар кабыл алынышы мүмкүн.

2. Комплекстүү программаларда кыртышты коргоо боюнча чаралар менен катар, жаңы айдоо аянттарын жана маданий жайыттарды өздөштүрүү боюнча башка иш-чаралар да каралат.

3. Мамлекеттик максаттуу жана региондук программаларда кыртышты суу жана шамал эрозиясынан коргоого, кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатууга багытталган, кери кеткен кыртышты калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар жана кыртышты коргоо боюнча башка чаралар да каралат.

15-берене. Кыртышты изилдөөлөр

1. Кыртышты изилдөөлөр кыртыштын абалын жана сапатын аныктоо, кыртышты сактоо, калыбына келтирүү жана сапатын жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында жүргүзүлөт.

2. Кыртышты изилдөөлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, аткаруу бийлигинин программаларынын же чечиминин негизинде же жерди пайдалануучулардын демилгеси боюнча жүргүзүлөт.

3. Кыртыштык изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт жана жер участогундагы кыртыштын түрлөрүнүн жана түрчөлөрүнүн жайгашуусун, кыртыштын санитардык жана экологиялык абалын жана кыртыштын башка өзгөчөлүктөрүн аныктайт.

4. Кыртышты изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар кыртыш карталарын, кыртыштын абалы жөнүндө отчетторду жана башка расмий документтерди камтыйт.

5. Кыртыш карталары мамлекеттик жер кадастрынын, мамлекеттик экологиялык мониторингдин, кыртыштык изилдөөлөрдүн маалыматтарынын жана кыртыш жөнүндө башка маалыматтардын негизинде түзүлөт.

6. Кыртыштын абалы жана кыртышты изилдөө боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө маалыматтар аткаруучу тарабынан берилет.

16-берене. Өндүрүштүк иштерде, чарбалык объекттерди эксплуатациялоодо жана иштин башка түрлөрүндө кыртышты коргоого карата талаптар

1. Кыртышка терс таасир этүүчү өндүрүштүк иштер, чарбалык объекттерди эксплуатациялоо жана иштин башка түрү кыртышты коргоо жаатындагы талаптарга жана ченемдерге, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлүшү керек.

2. Кыртыштын булганышын болтурбоо максатында жеке адамдар жана юридикалык жактар кыртышка терс таасир этүүчү өндүрүштүк иштерде, объекттерди эксплуатациялоодо жана иштин башка түрүндө булгоочу заттардын ыргытындыларын жана чыгындыларын тазалоочу натыйжалуу каражаттардын технологиясын пайдаланууга, өз объекттерин атайын тазалоочу жабдуулар менен камсыз кылууга милдеттүү.

3. Жеке адамдар жана юридикалык жактар кыртышка терс таасир этүүчү объекттерди эксплуатациялоодо жана иштин башка түрү менен алектенүүдө кыртыштын абалына өндүрүштүк мониторинг жүргүзүүгө милдеттүү.

4. Объекттерди эксплуатациялоонун жана иштин башка түрүнүн натыйжасында жер участокторундагы кыртышты булгаган, ал калктын саламаттыгына, курчап турган чөйрөгө коркунуч келтирген учурларда, жеке жана юридикалык жактар кыртыштын булганган катмарын кырып алып таштоо жана көмүү боюнча иштерди жүргүзүүгө жана булганган жерлерди белгиленген тартипте кайра жумшартууну жүргүзүүгө милдеттүү.

5. Кыртышты калыбына келтирүү боюнча чараларды көрбөө жер участогун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде алып коюу үчүн бирден бир факторлордон болуп саналат. Жер участогуна укуктарды токтотуу күнөөлүү адамдарды кыртышка келтирген зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.

17-берене. Чарбалык объекттерди жана иштин башка түрүн жоюуда же консервациялоодо кыртышты коргоого карата талаптар

Кыртыштын абалына терс таасир этүүчү чарбалык объекттерди жана иштин башка түрүн жоюуда же консервациялоодо көрсөтүлгөн объекттерде ишти жүзөгө ашырган жеке адамдар жана юридикалык жактар кыртышты изилдөө жүргүзүүгө жана жер участокторун максаттык арналышы боюнча мындан ары пайдалануу үчүн жарамдуулук абалына чейин кыртышты калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга милдеттүү.

18-берене. Кыртышты саздануудан жана шорлонуудан коргоого карата талаптар

1. Кыртышты саздануудан жана шорлонуудан коргоо үчүн жер ээси тарабынан кыртышты изилдөөгө байланышкан иштер жүргүзүлөт.

2. Кыртышты саздануудан жана шорлонуудан коргоо максатында жер ээси агротехникалык, мелиорациялык жана башка иш-чаралар каралган ички чарбалык жер курулуш долбоорлорун иштеп чыгышы мүмкүн.

3. Кыртышты изилдөөнүн натыйжаларын эске алуу менен, кыртышты саздануудан жана шорлонуудан сактоо үчүн төмөнкүдөй иш-чаралар каралат:

1) кургатуучу каналдарды жана дренаждык тутумдарды жер астындагы сууларды агызуу долбоор менен аныкталган деңгээлине чейин тазалоо;

2) шорлонгон жерлерди жууп-тазалоо;

3) сууну пайдалануу планына ылайык жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн эсепке алуу менен сугаруу нормаларын сактоо;

4) ушул Мыйзамдын нормаларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жерди саздануудан жана шорлонуудан коргоого өбөлгө болуучу башка агротехникалык жана мелиорациялык иштерди жүзөгө ашыруу.

4. Кыртышты саздануудан жана шорлонуудан коргоо боюнча чараларды жүргүзүү жана талаптарды ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик менчик ээсине жүктөлөт.

5. Кыртышты калыбына келтирүү боюнча чараларды көрбөө жер участогун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде алып коюу үчүн бирден бир факторлордон болуп саналат. Жер участогуна укуктарды токтотуу күнөөлүү адамдарды кыртышка келтирген зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.

19-берене. Кыртышты арыктоодон, кургоодон жана катып кетүүдөн коргоого карата талаптар

1. Жерди пайдалануучулар, менчик ээлери кыртыштын арыктоосун, кургоосун, катып кетүүсүн алдын алуу максатында кыртыштын күрдүүлүгүн, анын химиялык жана биологиялык касиетин калыптандыруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

2. Кыртыштын арыкташын алдын алуу максатында аны изилдөөнүн натыйжаларын, изилдөөнүн, анын ичинде агрохимиялык карталарды жана лабораториялык жумуштарды эске алуу менен минералдык жана органикалык жер семирткичтер колдонулат. Кыртышты арыктоодон коргоо жана күрдүүлүгүн жогорулатуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн которуштуруп айдоонун планын жана белгилүү тартибин киргизүү зарыл.

3. Кыртыштын кургоосунун алдын алуу боюнча иш-чаралар төмөнкү мелиорациялык жана агротехникалык иштердин чектеринде жүргүзүлөт:

1) жерди сугарууда аймакты жаратылыштык райондоштурууга ылайык жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрүн эске алуу менен, сууну ченемдүү пайдалануу боюнча план иштеп чыгуу;

2) агротехникалык талаптарга ылайык, кыртыштын нымдуулугун сактоо максатында жерди жамгыр жаардын алдында айдоо.

4. Жерди катып кетүүдөн коргоо үчүн ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган чаралар менен бир катарда, кыртышы жумшартууга жөндөмдүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кыртышын малалоо жана жумшартуу боюнча кошумча чаралар колдонулат. Кыртыштын катып кетүүсүнө жол бербөө максатында, бир эле убакта минералдык жана органикалык жер семирткичтер, кыртышты коргоочу технологиялар жана техникалар колдонулат.

5. Кыртышты коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү жоопкерчилиги менчик ээсине, жерди пайдалануучуга жүктөлөт.

6. Кыртышты арыктоодон, кургоодон жана катып кетүүдөн калыбына келтирүү боюнча чараларды көрбөө жер участогун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде алып коюу үчүн бирден бир факторлордон болуп саналат. Жер участогуна укуктарды токтотуу күнөөлүү адамдарды кыртышка келтирген зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.

20-берене. Кери кеткен кыртышты калыбына келтирүү боюнча жумуштарды жүргүзүүгө карата талаптар

1. Пайдалануусунда жер участоктору бар жер пайдалануучулар жана башка чарбакерлер алардын аракеттеринин же аракетсиздигинин натыйжасында кыртыш кери кетүүгө кириптер болсо, аны калыбына келтирүү чараларын жүзөгө ашырууга милдеттүү.

2. Кери кеткен кыртышты калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу аракети же аракетсиздиги көрсөтүлгөн кесепеттерге алып келген жеке жана юридикалык жактардын эсебинен жүргүзүлөт.

3. Кери кеткен кыртышты калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар кыртыштын кери кетүү түрүн жана деңгээлин, өзүн өзү калыбына келтирүүгө табигый жөндөмдүүлүгүн, ошондой эле жердин максаттык багытталышын эске алуу менен, илимий усулдардын негизинде иштелип чыгылат.

4. Кери кеткен кыртышты калыбына келтирүүдө кыртыштын касиетин жана күрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө, антропогендик жүгүн төмөндөтүүгө жана кыртыштын зарыл функцияларын толук калыбына келтирүүгө багытталган, ушундай кыртыштуу жер участокторун пайдалануунун атайын тартиби киргизилиши мүмкүн.

5. Эгерде чарбалык иштин жүрүмдөрүндө жер участокторун пайдалануу кыртыштын андан ары кери кетүүсүнө же кыртыштын зыяндуу заттар менен булганышына алып келсе жана адамдардын саламаттыгына, курчап турган чөйрөгө коркунуч туудурса, бул жер участоктору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте консервациялоого кириптер кылынат.

6. Жеке жана юридикалык жактардын жерди пайдалануу укугунун токтотулушу аларды кыртышка келтирген зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.

7. Менчик ээси, жерди пайдалануучу кыртыштын азыктуулугун төмөндөткөнү жана керин кетиргени үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

8. Кери кеткен кыртышты калыбына келтирүү боюнча чараларды көрбөө жер участогун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде алып коюу үчүн негиз болуп саналат. Жер участогуна укуктарды токтотуу күнөөлүү адамдарды кыртышка келтирген зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.

21-берене. Кыртышты коргоо, сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн сактоо боюнча иш-чараларды каржылоо

1. Кыртышты коргоо, сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн сактоо боюнча иш-чараларды каржылоо чарбакер субъекттердин, жер участогунун менчик ээлеринин, жерди пайдалануучулардын эсебинен ишке ашырылат, ошондой эле эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, максаттуу программалардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка чечимдеринин алкагында ишке ашырылышы мүмкүн.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программаларынын жана башка чечимдеринин каражаттарынын же мамлекеттик экологиялык жана башка фонддордун каражаттарынын эсебинен кыртышты калыбына келтирүү, реабилитациялоо жана кайра жумшартуу боюнча иш-чараларды, кыртышка тийгизген зыяндуу таасир этүүлөрдү жана алардын кесепеттерин четтетүүгө байланышкан иш-чараларды, ошондой эле ага күнөөлүү юридикалык жана жеке жактарды белгилөө мүмкүн болбогондо, кыртыштын кайтарымсыз жок болушун болтурбоочу иш-чараларды, ошондой эле табигый кырсыктардын учурларындагы иш-чараларды аткарууга чыгымдар каралат.

3. Көрсөтүлгөн иш-чараларды каржылоого бюджеттен тышкаркы фонддордун, ошондой эле жер участокторунун ээлеринин жана ижарачылардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттары багытталышы мүмкүн.

22-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

1. Кыртышты коргоо боюнча мыйзамдарды бузууда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жана башка жоопкерчилик тартышат.

2. Жеке же юридикалык жактардын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжасында кыртышка келтирилген зыян, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, толук көлөмдө орду толтурулууга жатат.

3. Иштери кыртыштын сапатынын начарлашына алып келген адамдар эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, кыртыштын сапатынын белгиленген ченемдеринин тиешелүү абалына чейин, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зыян келтирүү фактысына чейинки мурдагы абалына чейин калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

4. Кыртышты коргоо жаатындагы укук бузууларды жасоого күнөөлүү адамды жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартуу, аны Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу милдетинен бошотпойт.

23-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев