Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 10-октябры № 170

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2013-жылдын 19-олктябрындагы № 195, 2015-жылдын 6-августундагы № 219,
2016-жылдын 16-майындагы № 60,
2016-жылдын 18-июлундагы № 121, 2017-жылдын 19-июлундагы № 127
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-берене.

 

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

43-статьяда:

3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ссуда-аманат турак жай-курулуш кассасы өз катышуучуларынын акчалай каражаттарын турак жай-аманат салымдарына тартуу жана өз катышуучуларына мөөнөт коюу, кайтарып берүү жана акы төлөө шарттары менен турак жай кредиттерин берүү боюнча ишти жүзөгө ашырат.";

4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Ссуда-аманат турак жай-курулуш кассасынын капиталы акысы төлөнгөн турак жай-аманат салымдарынан жана резервдеринен турат. Капитал катышуучулардын акчалай каражаттарынын эсебинен кур алышы керек.".

7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

 

2-берене.

 

"Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-статьянын онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Инвестициялык фонддун мүлкүн көз карандысыз баалоочу - инвестициялык фонд менен келишимдин негизинде мамлекеттик эмес мүлктү баалоону жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак.".

 

3-берене.

 

"Көмүр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 5, 269-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

15-статьянын 1-пунктунда "жана ага аралаш жүргөн минералдык кошумча заттарды... кайра иштетүү, сатып өткөрүү," деген сөздөр алып салынсын.

 

4-берене.

 

"Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 394-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-статьянын 6-бөлүгүнүн жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

 

5-берене.

 

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1111-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

9-берене күчүн жоготту деп таанылсын.

 

6-берене.

 

1996-жылдын 30-октябрынын № 56 "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-статья. Баштапкы энергетикалык ресурстарга мамлекеттик менчик

 

Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык баштапкы энергетикалык ресурстар мамлекеттин гана менчиги болуп эсептелет жана аларды пайдалануу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык лицензиялардын негизинде жүзөгө ашырылат.".

 

7-берене.

(КР 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

8-берене.

 

"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 555-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьяда:

үчүнчү абзацтагы "риэлтордук иш жүргүзүү укугуна ээ лицензиясы бар" деген сөздөр "риэлтордук иш жүргүзгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

бешинчи абзацтагы "риэлтордук ишке лицензиялоону жүзөгө ашыруучу" деген сөздөр алып салынсын.

2. 4-статьяда:

1-пунктундагы ", риэлтордук ишти лицензиялоону жүзөгө ашырат" деген сөздөр алып салынсын;

2-пунктунун экинчи абзацындагы "риэлтордук ишти лицензиялоонун тартиби жана шарты" деген сөздөр алып салынсын.

3. 6-статьяда:

1-пунктундагы "аттестациядан ийгиликтүү өткөн жана риэлтордук ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы бар" деген сөздөр алып салынсын;

2-пунктта:

- биринчи абзацтагы ", лицензия менен риэлтордук ишти жүргүзүүгө укук берилген" деген сөздөр алып салынсын;

- экинчи жана үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын.

4. 8-статьянын төртүнчү абзацындагы "риэлторлорду аттестациялоого жана лицензиялоого катышууга" деген сөздөр алып салынсын.

5. 17-статьяда:

1-пунктундагы "риэлтордук ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы болгон шартта" деген сөздөр алып салынсын;

2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

6. 20-статьянын үчүнчү абзацындагы "мында жарнамада лицензиянын номери сөзсүз көрсөтүлүүгө тийиш" деген сөздөр алып салынсын.

7. 21-статьянын 2-пункттун экинчи абзацындагы "жана риэлтордук иш жүргүзүү укугу берилген нотариалдык жактан ырасталган лицензиянын көчүрмөсүн", жана үчүнчү абзацындагы "нотариалдык жактан ырасталган риэлтордук кызматты жүзөгө ашырууга укук берилген лицензиянын көчүрмөсүн көрсөтүүгө милдеттүү" деген сөздөр алып салынсын.

8. 28-статьянын үчүнчү-бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

9. 29-статьяда:

биринчи сүйлөм алып салынсын;

экинчи сүйлөмдөгү "лицензиялык талаптарды жана шарттарды" деген сөздөр алып салынсын.

10. 32-статьянын 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

11. 34-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

12. 44-статьянын 1-пункттун:

биринчи абзацындагы "риэлтордук ишти лицензиялоо жөнүндө жоболордон башкасы" деген сөздөр алып салынсын;

экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

 

9-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 355-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-беренеде:

- 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

- 6-бөлүгүндөгү "берүү жана алып коюу" деген сөздөр "алып коюу" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

10-берене.

 

"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

6-берененин 2-бөлүгүндө:

- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык авиациянын аба кемелерин кабыл алууга жана чыгарууга, аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү, кол жүктү, жүктү жана почтаны ташууга, аба кемелерин жана алардын жабдууларын техникалык тейлөөгө - 2 жыл;".

 

11-берене.

 

(КР 2015-жылдын 6-августундагы № 219 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

 

12-берене.

 

(КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

13-берене.

 

(КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

 

14-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Суу Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

2-статьянын он бешинчи, отуз экинчи, отуз бешинчи абзацтары;

8-статьянын сегизинчи абзацы;

11-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасынын он алтынчы абзацы;

12-статьянын төртүнчү абзацы;

13-статьянын сегизинчи абзацы;

14-статьянын үчүнчү-бешинчи абзацтары;

22, 23, 25, 32, 43, 44, 86-статьялары;

38-статьянын 1-пункту;

39-статьянын 2-пунктунун төртүнчү абзацы;

42-статьянын 1, 2, 4-пункттары;

45-статьянын 2-пункту;

56-статьянын 2-пункту;

85-статьянын 3 жана 4-пункттары;

90-статьянын 1-пунктунун үчүнчү-бешинчи, жетинчи, сегизинчи, он биринчи, жыйырма үчүнчү абзацтары;

93-статьянын экинчи абзацы.

2. 21-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы "суу пайдаланууга уруксаттагы, сууну пайдаланууга атайын уруксаттагы же" деген сөздөр алып салынсын.

3. 24-статьянын биринчи абзацындагы "сууну пайдаланууга уруксаттын, сууну пайдаланууга атайын уруксаттын негизинде пайдалануу үчүн," деген сөздөр алып салынсын.

4. 34-статьянын 4-пунктундагы ", эгерде суу берүүчүгө сууну пайдаланууга берилген уруксат ушул Кодекстин 27-статьясына ылайык кургакчылыкка же суунун жетишсиздиги же өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу өзгөртүлбөсө же токтотулбаса" деген сөздөр алып салынсын.

5. 40-статьянын 3-пунктундагы "суу берүүчүнүн сууну пайдаланууга уруксат алууга төлөгөн акысын" жана "кошо алганда," деген сөздөр алып салынсын.

6. 74-статьянын үчүнчү абзацындагы "суу пайдаланууга уруксаттарды жана" деген сөздөр алып салынсын.

7. 89-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "суу пайдаланууга уруксат жана" деген сөздөр алып салынсын.

8. 90-статьянын 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацындагы "суу пайдаланууга берилген уруксатсыз же суу пайдаланууга атайын уруксатсыз 30 метрден ашык тереңдиктеги артезиан скважиналарынын суусун пайдалануу, же калыбына келтирилбөөчү булактардан жер астындагы сууларды пайдалануу, же" деген сөздөр алып салынсын.

 

15-берене.

(КР 2016-жылдын 18-июлундагы № 121 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

16-берене.

 

"Баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 8-беренесинин жетинчи жана онунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 9-беренеде:

бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

он тогузунчу абзацындагы "баалуу кагаздардын ачык сунушталышын," деген сөздөр алып салынсын.

3. 15-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.

4. 16 жана 17-беренелери күчүн жоготту деп таанылсын.

5. 23-беренеде:

1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жана бул мөөнөт бүткөндөн кийин ачык сунуштун шарттарын жана проспектин каттоону төмөнкү учурларда жокко чыгара алат" деген сөздөр алып салынсын;

4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.

6. 27-берененин 3-бөлүгүндөгү "жана баалуу кагаздарды сунуштоонун шарттарын жана проспекти каттоону жоюуга" деген сөздөр алып салынсын.

7. 35-беренеде:

1-бөлүгүндө:

- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- жетинчи-тогузунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Баалуу кагаздардын ачык эмиссиясында эмиссиянын жол-жобосу баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ачуу менен толукталат.";

2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.

8. 36-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"36-берене. Баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары

 

1. Ачык эмиссиянын жыйынтыктары ушул Мыйзамдын 27-беренесине ылайык чыгарылат. Чыгарылган баалуу кагаздардын жана ачык сунуштоонун бардыгы эле эмес жайгаштырылган учурда 27-беренеге ылайык болуп өттү деп эсептелет, баалуу кагаздардын жайгаштырылган санында баалуу кагаздарды чыгаруу болду деп таанылат. Жайгаштырылбаган баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жокко чыгарылууга жатат.

2. Эгерде баалуу кагаздарды жайгаштыруу мөөнөтүнүн аякташы боюнча аларды жайгаштыруу баалуу кагаздарды чыгарууну болду деп таануу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген санынан кем эмес жайгаштырылса, жабык жайгаштыруу үчүн арналган баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыгы болду деп таанылат. Мында, чыгарылган баалуу кагаздардын баарын эле эмес жайгаштырган учурда жайгаштырылган баалуу кагаздардын санында баалуу кагаздарды чыгаруу болду деп таанылат. Жайгаштырылбаган баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жокко чыгарылууга жатат.

Мындай баалуу кагаздарды жайгаштырууну аткаргандан кийин эмитент төмөндөгү маалыматтардан турган билдирүүнү 30 күндөн кечиктирбестен баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү:

1) баалуу кагаздарды жайгаштырууну баштаган жана бүткөн күнүн;

2) баалуу кагаздардын жайгаштырылган санын;

3) баалуу бир кагазды жайгаштыруунун баасын;

4) баалуу кагаздарды жайгаштыргандык үчүн төгүмдөрдүн жалпы көлөмүн, анын ичинде:

- улуттук валютадагы акчалай каражаттардын көлөмүн;

- салуу учуруна карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын валютасында туюнтулган чет өлкө валютасынын көлөмүн;

- Кыргыз Республикасынын валютасында туюнтулган жайгаштырылган баалуу кагаздар үчүн төлөм катары киргизилген материалдык жана материалдык эмес активдердин көлөмүн.".

9. 41-берененин 6-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр "Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

10. 54-беренеде:

2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

3-бөлүктүн 1-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

6-бөлүктүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

11. 65-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

 

17-берене.

 

"Илимий-техникалык маалымат тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 99-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

9-статьянын 2-бөлүгүндөгү "илимий-маалыматтык ишти лицензиялоо" деген сөздөр алып салынсын.

 

18-берене.

 

"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 505-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 9-статьяда:

2 жана 3-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Кесиптик жактан жарактуулугунун жана брокерлердин каржылык ишенимдүүлүгүнүн деңгээлине коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

2. 31-статьяда "жана камсыздандыруучу уюмдарынын камсыздандыруу төлөмдөрүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдөгү чегерүүлөрүнүн" деген сөздөр алып салынсын.

 

19-берене.

 

       (КР 2013-жылдын 19-олктябрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

 

20-берене.

 

"Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

25-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту ден таанылсын.

 

21-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби

 

1. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып ушул Мыйзам менен алып салынган иштердин бардык түрлөрүнө берилген лицензиялар жана уруксаттар юридикалык күчүн жоготкондугу, ал эми иштин бул түрлөрү боюнча лицензиялар жана уруксаттар алуу үчүн кароого келип түшкөн документтер арыз ээлерине кайтарыла тургандыгы белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

22-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Атамбаев