Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 13-февралы № 15

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-статьянын 6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Керектөөчү товардын (иштин, кызматтын) иш жүзүндө алынган саны үчүн акы төлөйт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда товарларга, иштерге жана кызматтарга акы төлөө алдын ала төлөөнү киргизүү жолу менен да жүргүзүшү мүмкүн.".

 

2-берене.

 

"Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 9, 327-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

3-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"турмуш-тиричилик керектөөчүсү - контракттын шарттарына ылайык жаратылыш газын турмуш-тиричилик муктаждыктары үчүн пайдалануучу жеке жак.";

Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 33-1-статья менен толукталсын:

"33-1-статья. Пайдаланылган газ үчүн төлөө шарттары жана тартиби

 

Газды керектөөчү, анын ичинде турмуш-тиричиликтик керектөөчү төлөөнү керектөө мезгилинде колдонулган тарифтер боюнча, жеке эсептегичтин көрсөткүчүнө ылайык, календардык айда бир жолу, же болбосо алдын ала төлөө картасы менен электрондук эсептегичти пайдалануу, же болбосо контракттын шарттарына ылайык алдын ала төлөө жолу менен жүргүзөт.

Керектөөчү эсептегичти сындырган учурлардан тышкары (заводдук бракты же сапатсыз орнотууну кошпогондо), турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү үчүн эсептегичтер газ берүүчү тарабынан акысыз негизде орнотулат.".

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Атамбаев