Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 14-февралы № 16

 

Кыргыз Республикасынын
айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Бир жыл ичинде" деген сөздөр "Катары менен төрт жолудан ашык" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

24-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пунктундагы "жыл ичинде кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз экиден ашуун" деген сөздөр "катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

3-берене.

 

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

52-берененин 2-бөлүгүнүн 10-пунктундагы "жыйналыштарына" деген сөз "сессияларына" деген сөзгө алмаштырылсын.

 

4-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү камсыз кылсын.

 

5-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев