Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\e1e59926-7bee-49c8-bada-6c38b519fd5d\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 19-февралы № 22

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157, 2017-жылдын 2-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-берене.

(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-октябрынан тартып күчүн жоготот)

 

2-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 981-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "аткаруучу-тескөөчү жана башка" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 18-статьянын 1-бөлүгүндө:

1) "Конституциялык сотунун" деген сөздөр "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) расмий тилдеги текстиндеги "Омбудсмена (Акыйкатчы)" деген сөздөр "Акыйкатчы (Омбудсмена)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Расмий тилдеги 35-статьянын текстиндеги "Омбудсмену (Акыйкатчы)" деген сөздөр "Акыйкатчы (Омбудсмену)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

3-берене.

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

4-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 521-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-статьянын төртүнчү абзацындагы "Конституциялык соту" деген сөздөр "Жогорку сотунун Конституциялык палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

5-берене.

 

"Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 517-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эл аралык маанидеги юбилейлик иш-чараны өткөрүү жөнүндөгү чечим эл аралык уюмдардын чечимдерин жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.".

2. 7-статьядагы "Конституциялык соту" деген сөздөр "Жогорку сотунун Конституциялык палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 10-статьядагы "кеңештин" деген сөз "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

6-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

31-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ченемдик укуктук актыларды расмий чечмелөө (түшүндүрүү) ошол актыны кабыл алган ченем жаратуучу орган тарабынан ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.".

 

7-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев