Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 22-февралы № 30

 

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 24-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ченемдик укуктук актынын долбоорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жол берүү жөнүндө чечим кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун кошпогондо, ченемдик укуктук актынын долбоору кагаз түрүндө электрондук сакталмасы менен кошо мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет.".

2. 26-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:

"1-1. Ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.

Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет.".

3. 28-берененин 2-бөлүгүндөгү "мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук жана кагаз түрүндө" деген сөздөр алып салынсын.

4. 29-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев