Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a7cd267f-0e2d-4fef-810e-d8819dcd9548\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 24-апрели № 57

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 28-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"28-берене. Салык төлөөчүнүн электрондук документи жана санариптик

кол тамгасы

"Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, электрондук санариптик кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлгөн жана кол коюлган документ салык төлөөчүнүн электрондук документи жана электрондук санариптик кол тамгасы болуп саналат.".

2. 86-беренеде:

4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, салык отчетун электрондук түрдө түзүүдө электрондук документ салык төлөөчүнүн электрондук санариптик кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.";

берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:

"10. Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жол берилет.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Атамбаев