Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 16-майы № 73

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

5-статьяда:

2-пунктундагы "алар ипотекалык турак жай курулушун кредиттеген учурда" деген сөздөр "ипотекалык кредит боюнча өндүрүп алган учурда" деген сөздөргө алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. Чек арага жанаша жаткан аймактарда турган жер участоктору мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда, кайрылмандарды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга берилиши мүмкүн эмес.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев