Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 4-июлу № 114

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 348-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-11-пункттар менен толукталсын:

"9) чач тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү;

10) менчик стоматологиялардын кызмат көрсөтүүлөрү;

11) жарнама такталарын ижаралоо кызмат көрсөтүүлөрү.".

2. 349-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-11-пункттар менен толукталсын:

"

┌───────────────────────────────────┬────────────────────┬────────────┐

│9) чач тарачтардын жана сулуулук   │1 орундук кресло    │2000 сом    │

│салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү   │                    │            │

├───────────────────────────────────┼────────────────────┼────────────┤

│10) менчик стоматологиялардын      │1 орундук кресло    │5000 сом    │

│кызмат көрсөтүүлөрү                │                    │            │

├───────────────────────────────────┼────────────────────┼────────────┤

│11) жарнама такталарын ижаралоо    │1 жарнама тактасы   │5000 сом    │

│кызмат көрсөтүүлөрү                │                    │            │

└───────────────────────────────────┴────────────────────┴────────────┘

".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бир айлык мөөнөттө чач тарачтардын, сулуулук салондорунун жана жарнама такталарынын кирешелүүлүк деңгээлин жана жайгашкан жерин эске алуу менен ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев