Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b10132cd-1aaf-447d-b9dd-a93561dc59f4\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУРАК ЖАЙ КОДЕКСИ

2013-жылдын 9-июлу № 117

КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 118 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди

I бөлүм
Жалпы жоболор

 

1-глава.  Негизги жоболор. Турак жай мыйзамдары 

2-глава.  Мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын турак жай мамилелерин

                 жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциясы

 

II бөлүм
Турак жайларга менчик укугу жана башка укуктар

3-глава.  Турак жайларга менчик укугу

4-глава.  Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу

 

III бөлүм
Турак жайга укукту ишке ашыруу

5-глава.  Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган турак жайларды берүү

6-глава.  Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайларды пайдалануу

7-глава.  Кызматтык турак жайлар

8-глава.  Турак жайларды менчиктештирүү

9-глава.  Турак жай курулушун өнүктүрүү фонду

10-глава. Куруу жана сатып алуу аркылуу турак жанга укукту ишке ашыруу

11-глава. Адистешкен турак-жай фондунун тутуму аркылуу турак жайга укукту ишке ашыруу

12-глава. Жеңүүгө болбогон күчтүн аракеттеринде турак жайга укукту ишке ашыруу

 

IV бөлүм
Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

13-глава.  Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

14-глава.  Көп батирлүү үйдөгү турган үй ичиндеги тарамдарды жана инженердик жабдууларды тейлөө

 

V бөлүм
Турак жай фондунун сакталышы жана эксплуатациялоо коопсуздугу.
Турак жай имараттарындагы жайларды кайра куруу

15-глава.  Турак жай фондунун сакталышы жана эксплуатациялоонун коопсуздугу

16-глава.  Турак жана турак эмес жайларды кайра куруу

 

VI бөлүм
Корутунду жоболор
 

 

I бөлүм
Жалпы жоболор

 

1-глава
Негизги жоболор. Турак жай мыйзамдары

 

 

1-берене. Негизги терминдер жана аныктамалар

 

Убактылуу тургундар - турак жайдын менчик ээси аларга мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фонддорунун үйлөрүнөн акы албастан турак жайда мөөнөттүү жашоо укугун берген жарандар;

аскер шаарчасы - бир жер участогунда жайгашкан жана  аскер бөлүгүн (мекемесин) батирлештирүү жана аскер кызматчыларын, жумушчуларды жана кызматчыларды жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу имараттардын жана курулмалардын комплекси. Аскер шаарчалары жабык жана ачык болуп бөлүнөт. Жабык аскер шаарчаларына калктуу конуштарда жайгашкан, өткөрүү тутуму бар аскер бөлүктөрүнүн аскер шаарчалары, ошондой эле калктуу конуштардан сырткары жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн өзүнчө обочолонгон аскер шаарчалары кирет;

турак жайдын турак аянты - турак жайдагы чарчы метр менен эсептелинген турак бөлмөлөрүнүн аянттарынын суммасы;

турак жайы - туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган жана пайдаланылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык, санитардык жана башка милдеттүү талаптарга жооп берген турак жай фондунун өзүнчө бирдиги (жеке турак үй; жеке турак үйдүн бир бөлүгү; көп батирлүү үйдөгү батир; коммуналдык батир; коммуналдык батирдеги бөлмө; адистешкен турак жай фондунун үйлөрүндөгү бөлмө, көчмө турак жай фондунун турак үйү);

кызматтык турак жайы - мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү, тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган жана алардын эмгектик мамилелеринин мүнөзүнө, ошондой эле аскердик же башка кызматты өтөөсү, иштеген жери боюнча же ага жакын жерде жашоо керектиги менен байланыштуу жарандарды жайлаштыруу үчүн арналган турак жай;

турак жай фонду - менчигинин формасына карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагындагы турак жайлардын жыйындысы;

адистешкен турак жай фонду - мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте турган, социалдык колдоого муктаж жарандардын айрым категориялары үчүн арналган турак жайлардын жыйындысы;

көчмө турак жай фонду - мамлекеттик менчикте турган, жеңүүгө болбогон күчтүн (табигый кырсыктар жана аскердик аракеттер) аракеттердин натыйжасында өзүнүн турак жайына менчик укугун жоготкон жарандарга арналган турак жайлардын жыйындысы;

жеке турак үй - жеке турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогуна курулган, анын менчик ээлери же пайдалануучулар тарабынан жашоо үчүн пайдаланылуучу белгилүү бир жеке турак имараты;

жеке турак жай фонду - жеке турак үйлөрдүн жыйындысы;

капиталдык оңдоо - турак имаратынын курулуш конструкцияларынын жана инженердик жабдуу тутумдарынын физикалык жана моралдык жактан эскиришин четтетүү, ошондой эле анын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн жана функционалдык багытын сактоо максаты менен аткарылуучу жумуштардын комплекси;

көп батирлүү үйдөгү батир - бир же бир нече турак бөлмөлөрдөн, ошондой эле жарандардын жашап туруусу менен байланышкан алардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган кошумча жайлардан (ашкана, даараткана, жуунуучу бөлмө жана башка жайлар) турган көп батирлүү үйдөгү турак жай;

коммуналдык батир - бир нече менчик ээлерине таандык батир, бөлмөлөр, ал эми көмөкчү жана кошумча жайлар бөлмөлөрдүн менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчиги болуп саналат;

коммуналдык батирдеги бөлмө - жарандардын жашап турушу катарында пайдаланылуу үчүн берилген коммуналдык батирдеги турак жай;

коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр - сапаты белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга ылайык келген тиешелүү калктуу конуштун шарттарына карата турак жайлардын зарыл болгон ыңгайлуулугун камсыз кылган кызмат көрсөтүүлөр;

көп батирлүү үй - эки же андан ашуун батирлери, ошондой эле жалпы пайдаланылуучу көмөкчү жайлары бар (жалпы пайдаланылуучу орун) турак жай имараты;

байланыш жабдуулары - үндү, тыбышты, көрмө билдирүүлөрдү кошуп алганда, маалыматтарды жана сүрөттөлүштөрдү, ошондой эле мындай билдирүүлөрдүн кандай болбосун элементтерин жиберүү, байланышуу же электр байланыш билдирүүлөрүн берүү үчүн техникалык каражаттар;

көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы мүлкү - бирден ашуун менчик ээсин тейлөөчү жай, үй ичиндеги тарам жана инженердик жабдуу, анын ичинде байланыш жабдуусу (подъезддер, вестибюлдар, батир аралык тепкич чарчылары жана аянтчалар, тепкичтер, желдеткич жана лифт шахталары, батирден тышкаркы коридорлор, коридорлор, кир жайгычтар, кир жуучу орундар, кампа жайлар, чатыр, техникалык кабаттар, жер төлөөлөр, өткөөл шлюздар, акыр-чикир камералары, акыр-чикир өткөргүчтөр, чатырдын асты (чатыр жапмасы) имараттын курулуш конструкциялары, башка кошумча жайлар, ошондой эле үй жанындагы жер участоктору;

турак жайдын жалпы аянты - балкондорду, лоджияларды, верандаларды жана терассаларды кошпогондо, турак жайдын турак жана турак эмес аянттарынын суммасы;

көп батирлүү үйдүн жалпы аянты - батирлердин, жалпы пайдаланылуучу жайлардын жана турак эмес жайлардын аянттарынын жалпы суммасы;

жайларды кайра куруу - имараттын же жайдын инженердик тарамдарын жана жабдууларын (санитардык-техникалык, электрдик жана башка), курулуш конструкцияларын коюу, алмаштыруу же башка жерге көчүрүү боюнча курулуш-монтаждоо жумуштарынын комплекси, аны аткаруунун натыйжасында инженердик жабдууларды, чечимдерди, ошондой эле жайдын планын кошуп алганда, анын көлөмдүк-пландаштыруучулук, архитектуралык жана конструкциялык функциялык арналышы өзгөрөт;

жетиштүү турак жайга укук - жашап туруу үчүн жарактуу, социалдык инфратүзүмгө жеткиликтүү, сатып алуу үчүн жеткиликтүү, ошондой эле аны пайдаланууга укуктары сакталган турак жайга жарандардын мамлекет тарабынан кепилдик берилген укугу;

үн жанындагы жер участогу (көп батирлүү үйдүн жанындагы жер участогу) - бак-дарактарды, короо ичиндеги ирригациялык тарамды (магистралдык жана суу берүүчү каналдарды кошпогондо) жана тышкы жарыктандырууну, чарбалык, балдар жана спорт аянтчаларын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн жабдылган аянтчаларды кошуп алганда үйгө жанаша жаткан аймакты өзүнө камтыган участок, жана чек аралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталган башка участоктор;

учурдагы оңдоо - турак жай имаратынын конструкцияларынын жана анын тутумдарынын, үй ичиндеги тарамдарын жана инженердик жабдууларынын шайма-шайлыгын (ишке жөндөмдүүлүгүн) калыбына келтирүү, ошондой эле эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн сактоо максатында аткарылган жумуштардын комплекси;

турак жай имаратын техникалык тейлөө - имараттарды эксплуатациялоо процесстерин башкаруу менен байланышкан иш-чаралардын комплекси, жалпы жана жарым-жартылай текшерүүлөр жолу менен имараттын техникалык абалын контролдоону, анын конструкциялык элементтеринин жана инженердик тутумдарынын ишке жөндөмдүүлүгүн жана бузулбагандыгын сактоону, аларды оңдоону жана жөнгө салууну, бүтүндөй объекти, анын элементтерин жана тутумдарын сезондук эксплуатациялоого даярдоону, турак жайларга жана жанаша жаткан аймакка карата санитардык-гигиеналык талаптарды камсыз кылууну камтыйт;

техникалык паспорттоштуруу - турак жайлардын техникалык паспортторун - турак жайлары жөнүндө техникалык жана башка маалыматтарды камтыган документтерди жол-жоболоштуруу;

турак жайдын сервитуту - алардын менчик ээлери болуп саналбаган, бирок объективдүү жагдайлардын натыйжасында мындай пайдаланууга барууга мажбур болгон адамдар тарабынан турак жайды жана курулмаларды мыйзамда белгиленген же келишимде каралган жарым-жартылай пайдалануу укугу, мүлктү чектүү биргелешип пайдалануу укугу;

адистешкен уюм - менчигинин формасына карабастан, турак жай имаратын техникалык тейлөөнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;

жабдуучу уюм - турак жана турак эмес жайлардын жеке менчик ээлерине келишимдердин негизинде товарларды жеткирүүчү жана коммуналдык кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак;

курулуш конструкциясы - турак жай имаратынын көтөрүүчү, тосуучу жана (же) эстетикалык функцияларды аткаруучу бөлүгү.

 

2-берене. Ушул Кодекстин колдонулуу чөйрөсү

 

1. Турак жай мыйзамдары Конституцияга негизделет жана Жарандык кодекстен, ушул Кодекстен, турак жай мамилелерин, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча да мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат:

1) мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайларына ээлик кылуу, пайдалануу, тескөө, укугунун пайда болушу, жүзөгө ашырылышы, өзгөрүшү, токтотулушу;

2) жеке турак жай фондунун турак жайын пайдалануу;

3) жайлардын ээлеринин жалпы мүлкүн пайдалануу;

4) орун жайларды турак жайлардын катарына киргизүү жана аларды турак-жай фондусунан чыгаруу;

5) турак жай фонддорун эсепке алуу;

6) турак жайларды күтүү жана оңдоо;

7) турак жайларды кайра түзүү жана кайра пландаштыруу;

8) көп батирлүү үйлөрдү башкаруу;

9) турак жайды пайдалануунун натыйжасында берилген товарларга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүгө акы төлөөнүн тартиби;

10) турак жайларды белгиленген санитардык жана техникалык эрежелерге жана нормаларга, мыйзамдардын башка талаптарына ылайык турак жай фондусун пайдаланууну жана сактоону, контролдоону ишке ашыруу;

11) мамлекеттик турак жай көзөмөлүн жүзөгө ашыруу.

Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган турак жай укугунун ченемдери ушул Кодекске ылайык келиши керек.

Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган турак жай укугунун ченемдери ушул Кодекстин ченемдерине карама-каршы келген учурда, ушул Кодекстин ченемдери колдонулат.

2. Турак жайларды куруу, оңдоо жана кайра куруу, инженердик жабдууларды пайдалануу, коммуналдык кызматтарды көрсөтүү жана акы төлөө менен байланышкан турак жай мамилелерине ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү мыйзамдар колдонулат.

3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде турак жай мыйзамдарында каралгандагыдан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

 

3-берене. Турак жай мыйзамдарынын принциптери

 

1. Турак жай мыйзамдары төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1) турак жай фондун эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылууга;

2) турак жайдын менчик ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого жана коргоого;

3) турак жай фондун натыйжалуу пайдаланууга;

4) турак жай фондун максаттуу пайдаланууга;

5) бузулган турак жай укуктарынын калыбына келтирилишин камсыз кылууга;

6) турак жайга укуктар жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнө;

7) турак жайдын кол тийбестигине;

8) турак жайга менчиктин бардык формаларынын теңдигине;

9) Жеткиликтүү турак жайга укукту ишке ашырууга таасир көрсөтүүчү чечимдерди кабыл алуунун бардык процесстерине жарандардын катышуусун камсыз кылууга.

2. Ушул Кодексте каралган негиздер боюнча жана тартиптен башкача эч ким өзү элеп турган турак жайдан чыгарып салынышы же турак жайды пайдалануу укугу, анын-ичинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу укугу чечилиши мүмкүн эмес.

 

4-берене. Турак жай укуктарынын объекттери

 

1. Турак жайлар турак жай укуктарынын объекттери болуп саналат, аларга карата талаптар ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленет.

2. Турак жайларды курууга жана эксплуатациялоонун коопсуздугуна коюлуучу эң төмөнкү талаптар тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленет.

3. Турак жай жарандардын жашап турушу үчүн арналат. Көп батирлүү үйдөгү турак жайларды өнөр жайлык мүнөздөгү максаттар үчүн берүүгө, өткөрүп берүүгө, аларды соода орундары катары пайдаланууга, тейлөө чөйрөсүндөгү уюмдарды, анын ичинде мейманканаларды, жайгаштырууга, ошондой эле жашоодон тышкары кандай болбосун максаттар үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

4. Турак жайды пайдалануу жана эксплуатациялоо турак жайда жашаган жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону, өрт коопсуздугунун, санитардык-гигиеналык, экологиялык талаптарды жана мыйзамдардын башка талаптарын эске алуу менен, ошондой эле турак жайларды пайдалануунун Өкмөт тарабынан бекитилген эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Турак жайы Өкмөт тарабынан бекитилген негиздер боюнча жана тартипте жашап туруу үчүн жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Жашап туруу үчүн жараксыз турак жайларды турак жай фондунан чыгаруу Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

5-берене. Турак жай фонду

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында турган турак жайлар турак жай фондун түзөт, турак жай фонду мамлекеттик (ведомстволук), муниципалдык, жеке же менчиктин башка формасында боло алат.

Турак жай фондуна пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүн эске алуу менен коомдук арналыштагы мекемелерди жана ишканаларды жайгаштыруу үчүн арналган турак үйлөрүндөгү турак эмес жайлар кирбейт.

2. Турак жай фонду пайдалануу максатына жана курулушунун мүнөзүнө жараша төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) көп батирлүү үйлөрдөгү турак жай фондуна;

2) жеке турак жай фондуна;

3) адистешкен турак жай фондуна;

4) көчмө турак жай фондуна.

3. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандар тарабынан жетиштүү турак жайга укуктарын ишке ашырышы үчүн шарттарды төмөнкүлөр аркылуу түзүүгө милдеттүү:

1) турак жай-курулуш кооперативдерин колдоо;

2) Кыргыз Республикасынын турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарына мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүнөн турак жайларды берүү;

3) адистешкен турак жай фондун өнүктүрүү;

4) турак жайларды курууга дем берүү;

5) ипотекалык турак жай курулушун өнүктүрүү;

6) социалдык инфратүзүмдөрдү куруу жана өнүктүрүү;

7) турак жайга карата ченемдерди жана талаптарды (стандарттарды) белгилөө;

8) турак жайга укуктарды коргоону жана сактоону камсыз кылуу.

4. Жашоого жараксыз турак жайлар башка максаттарда пайдалануу үчүн кайра жабдылат же турак болбосо жайлардын менчик ээсинин же мыйзамдарда белгиленген тартипте ал ыйгарым укук берген органдын чечими боюнча бузулат.

 

6-берене. Турак жай фондун пайдаланууну жана сактоону мамлекеттик эсепке алуу

 

1. Менчигинин формасына, ошондой эле турак жайлардын белгиленген талаптарга ылайыктуулугуна карабастан, турак жай фондун пайдаланууну жана сактоону эсепке алуу мыйзамдарга ылайык атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Турак жай фондун мамлекеттик эсепке алуу турак фондун техникалык эсепке алууну өз убагында жүргүзүүнү, анын ичинде турак жайлардын мыйзамда белгиленген талаптарга ылайыктуулугун камсыз кылуу менен байланышкан, аны техникалык инвентарлоону жана паспорттоштурууну карайт.

3. Турак жай фондун мамлекеттик эсепке алууну жүзөгө ашыруунун тартиби Өкмөт тарабынан белгиленет.

 

7-берене. Турак жай укук мамилелеринин субъекттери

 

1. Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкө жарандары, жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары, чет өлкөлүк юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак жай укук мамилелеринин субъекттери болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкө жарандары, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана чет өлкөлүк юридикалык жактар турак жайларды курууга, аларды сатып алууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте аларды тескөөнү жүзөгө ашырууга укуктуу.

3. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайларды ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген негизде жана тартипте сатып алууга укуктуу.

 

8-берене. Турак жайларга укуктарды мамлекеттик каттоо

 

Турак жайларга менчик укугу жана башка укуктар мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого жатат.

 

9-берене. Турак жайларды камсыздандыруу

 

Турак жайлардын менчик ээлери турак жайларды камсыздандырууну жарандык мыйзамдарда каралган негизде жана тартипте жүзөгө ашырууга укуктуу.

 

2-глава
Мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын турак
жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциясы

 

10-берене. Өкмөттүн компетенциясы

 

Өкмөттүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет;

1) турак жай мамилелеринин чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;

2) жарандардын турак жайларга керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү максаттарында турак жай чөйрөсүндө кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

3) жарандардын турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн, анын ичинде турак жайларды сатып алуу же куруу үчүн субсидияларды же жеңилдетилген насыяларды белгиленген тартипте берүү жолу менен бюджеттик жана мыйзам тыюу салбаган акчалай каражаттардын башка булактарын пайдалануу;

4) турак жай курулушуна дем берүүчү программаларды бекитүү;

5) турак жай фондун мамлекеттик эсепке алуунун тартибин бекитүү;

6) турак жайларын пайдалануунун эрежелерин бекитүү;

7) жарандарды социалдык коргоо жана турак жайга мамлекеттик стандарттарды бекитүү;

8) турак жай реформасын өткөрүүнү уюштуруу;

9) жарандардын айрым категориялары үчүн мамлекеттик адистешкен турак жай фондунан турак жайларды берүүнүн тартибин аныктоо;

10) көчмө турак жай фондунан турак жайларды берүүнүн тартибин аныктоо;

11) турак жай мыйзамдарынын аткарылышын, турак жай фондун пайдаланууну жана сактоону, турак жайлардын белгиленген санитардык жана техникалык эрежелерге жана ченемдерге, мыйзамдардын башка талаптарына ылайыктуулугун көзөмөлдөө үчүн шарттарды түзүү;

12) турак жай курулушун жүзөгө ашырууда мыйзамдарда белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу;

13) мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндө турак жайды пайдаланганы үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө;

14) турак жай курулушун өнүктүрүү Фондун түзүү жана аны башкаруу;

15) мамлекеттик турак жай фондунун көп батирлүү үйүн башкаруунун тартибин аныктоо;

16) турак жана турак эмес жайларды кайра куруунун шарттарын жана тартибин аныктоо;

17) турак жайды жашоо үчүн жараксыз деп таануунун жана аны турак жай фондунан чыгарып салуунун тартибин аныктоо;

18) мажбурлоо сервитутун белгилөөнүн тартибин аныктоо;

19) турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү;

20) көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участогун жол-жоболоштуруунун жана чек араларын белгилөөнүн тартибин аныктоо.

 

11-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын компетенциясы

 

Райондук мамлекеттик администрациялардын турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компентенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) мамлекеттик же жеке менчикте турган турак жай фондунун пайдаланылышын жана сакталышын, ушул фонддун турак жайларынын белгиленген санитардык жана техникалык эрежелерге жана ченемдерге, мыйзамдардын башка талаптарына ылайыктуулугун контролдоо;

2) мамлекеттик менчикте турган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына менчикке ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген негизде жана тартипте берүү;

3) мамлекеттик менчикте турган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына мүлктү жалдоо келишимдери жана көчмө турак жай фондунун турак жайларын кайтарымсыз пайдалануу келишимдери боюнча ушул Кодексте белгиленген тартипте берүү;

4) мамлекеттик менчикте турган турак жана турак эмес жайларды кайра куруу жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алуу;

5) жатаканаларга жана мейманкана тибиндеги үйлөргө турак үй статусун берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

6) мамлекеттин менчигинде турган адистешкен турак жай фондунун турак жайын Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте берүү;

7) Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте мажбурлоо сервитутун белгилөө;

8) көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү башкарууга, талаптагыдай күтүүгө жана оңдоого чыгымдарга катышуудан баш тарткан жактарды администрациялык жоопкерчиликке тартуу;

9) мамлекеттик турак жай фондундагы же жеке турак жай фондундагы көп батирлүү үйлөрдү башкарууга башкаруучу уюмдар (башкаруучулар) менен ушул Кодексте көрсөтүлгөн учурларда келишимдерди түзүү;

10) турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын эсебин ушул Кодексте белгиленген тартипте жүргүзүү;

11) мамлекеттик менчикте турган турак жайлардын техникалык абалын жана өз убагында оңдоону көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;

12) мамлекеттик турак жай фондунун турак жайларын куруунун турак жай долбоорлорун ишке ашыруу;

13) мамлекеттик менчикте турган турак жайларды мыйзамдарда белгиленген тартипте жашоо үчүн жараксыз деп таануу;

14) турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү.

 

12-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын компетенциясы

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компентенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) турак жай фондун өнүктүрүү жана куруу, коммуналдык тейлөө жана ушул жерди көрктөндүрүү программаларын бекитүү;

2) кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөнүн ченемдерин жана өз компетенциясынын чектеринде тарифтерди бекитүү;

3) муниципалдык турак жай фондунун турак жайы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн жана акы төлөөнүн түзүмүн аныктоо;

4) жарандарды социалдык коргоо социалдык стандарттарды бекитүү жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен турак жай субсидияларын берүү;

5) жарандардын укуктарын коргоо үчүн турак жай маселелери боюнча комиссияларды түзүү;

6) муниципалдык, анын ичинде адистешкен турак жай фондунан турак жайларын берүүнүн тартибин аныктоо;

7) муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле башка юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү;

8) лифттик жабдууларды пайдаланууга тарифтерди бекитүү;

9) көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкаруу үчүн башкаруучу уюмду (башкаруучуну) тандап алуу боюнча ачык конкурс өткөрүүнүн тартибин аныктоо;

10) муниципалдык турак жай фондунун көп батирлүү үйүн башкаруунун тартибин аныктоо;

11) турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү.

 

13-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын компетенциясы

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компентенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) муниципалдык турак жай фондунун пайдаланылышын жана сакталышын, ушул фонддун турак жайларынын белгиленген санитардык жана техникалык эрежелерге жана ченемдерге, мыйзамдардын башка талаптарына ылайыктуулугун контролдоо;

2) мамлекеттик менчикте турган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына менчикке ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген негизде жана тартипте берүү;

3) муниципалдык менчикте турган турак жайларды мөөнөттүү пайдаланууга берүү;

4) турак жана турак эмес жайларды кайра куруу жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алуу;

5) муниципалдык менчикте турган жатаканаларга жана мейманкана тибиндеги үйлөргө турак үй статусун берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

6) Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте мажбурлоо сервитутун белгилөө;

7) муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын мыйзамдарда белгиленген тартипте жашоо үчүн жараксыз деп таануу;

8) муниципалдык турак жай фондунун көп батирлүү турак үйлөрүн башкарууга башкаруучу уюмдар (башкаруучулар) менен келишимдерди түзүү;

9) башкаруучу уюмдардын (башкаруучулардын) иши үчүн тең шарттарды камсыз кылуу;

10) турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын эсебин алууну ушул Кодексте белгиленген тартипте жүргүзүү;

11) ушул Кодексте белгиленген учурларда көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу боюнча келишимдерди түзүү үчүн ачык конкурстарды демилгелөө жана аларды өткөрүү;

12) көп батирлүү үйлөрдүн жалпы мүлкүн башкарууну жүзөгө ашыруучу жактардын, ошондой эле ушундай ишти жүзөгө ашырууга ниети бар адамдардын адистигин жогорулатуучу курстарды уюштуруу жана өткөрүү;

13) көп батирлүү үйлөрдөгү жалпы мүлктү башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жана иштерге белгиленген баалар тууралуу, бул бааларга ылайык акы төлөөнүн өлчөмдөрү жөнүндө, көрсөтүлүүчү кызматтардын жана аткарылуучу иштердин көлөмү, тизмеги жана сапаты тууралуу маалыматтарды берүү;

14) көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү башкарууга, талаптагыдай күтүүгө жана оңдоого чыгымдарга катышуудан баш тарткан жактарды администрациялык жоопкерчиликке тартуу;

15) муниципалдык жана жеке менчикте турган турак жайлардын техникалык абалын жана өз убагында оңдоону көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;

16) турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү.

 

14-берене. Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар

 

1. Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар турак жайлардын мамлекеттик эсебин алууну жүзөгө ашырат, көчмө турак жай фондун талаптагыдай абалда кармайт, ошондой эле турак жай фондун жана инженердик тутумдарды ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык коопсуз курууну жана пайдаланууну камсыз кылат.

2. Турак жай мамилелерин жөнгө салууга катышкан атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга төмөнкүлөр таандык:

1) жарандык коргоо, өрт жана радиациялык коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

2) шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

3) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

4) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

5) айлана чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

6) монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

7) чет өлкөлүк жарандарга турак жайларды сатып алууга макулдук берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

8) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен бүтүмдөрдү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

9) социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

 

II бөлүм
Турак жайларга менчик укугу жана башка укуктар

 

3-глава
Турак жайларга менчик укугу

 

15-берене. Турак жайларга менчик укугу

 

1. Жарандар, ошондой эле юридикалык жактар жеке менчигинде турак жайларга ээ болууга укуктуу.

Жарандардын жана юридикалык жактардын менчигинде турган турак жайлардын саны чектелбейт.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык менчигинде турак жайларга ээ болууга, аларды ушул Кодексте, жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жарандарга берүүгө укуктуу.

3. Мамлекеттик органдар мамлекеттик менчикте турган турак жайларга ээлик кылууну, пайдаланууну жана тескөөнү мыйзамдарда белгиленген шарттарда жана тартипте жүзөгө ашырат. Мамлекеттик органдар турак жайларды Кыргыз Республикасынын жарандарына ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте берет.

16-берене. Турак жайларга менчик укугун жана башка укуктарды алуунун негиздери

1. Турак жай укуктарынын жана милдеттенмелеринин келип чыгышына төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары;

2) мыйзамдарда каралган келишимдер жана башка бүтүмдөр;

3) сот актылары;

4) юридикалык жактардын компетенттүү органдарынын юридикалык жакты кайра уюштуруу жөнүндө актылары;

5) турак жай-курулуш кооперативдерине мүчөлүк;

6) мыйзамдарда каралган башка негиздер.

2. Турак жайларга укуктар ушул укуктарды мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоо учурунан тартып келип чыгат.

 

17-берене. Турак жандын менчик ээсинин укуктары

 

Турак жайдын менчик ээси турак жайга болгон өз укуктарын анын дайындалышына ылайык жана ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген аны пайдалануу чектерине ылайык жүзөгө ашырат.

 

18-берене. Турак жайдын менчик ээсинин милдеттери

 

1. Турак жайдын менчик ээси анын менчигинде турган турак жайды, ошондой эле жалпы үлүштүк менчик укугунда ага таандык башка мүлктү күтүү түйшүгүн тартат.

2. Турак жайдын менчик ээси аларды чарбакерсиз пайдаланууга жол бербестен, өзүнүн турак жайын жана жалпы мүлкүн талаптагыдай абалда кармоого, башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, турак жайларды пайдалануунун эрежелерин, көп батирлүү үйдөгү же коммуналдык батирдеги турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн күтүү эрежелерин сактоого милдеттүү.

3. Турак жайдын менчик ээси башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган, турак жайлардын же жалпы мүлктүн бүлүнүшүнө алып келген аракеттерди жасаган учурда, бүлүнгөн мүлктү калыбына келтирүү үчүн аларга келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

4. Эгерде жалдоочу аны арналышы боюнча пайдаланбаса, башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын дайыма же болбосо олуттуу бузса, анын бүлүнүшүнө жол берүү менен, турак жайды жана жалпы мүлктү чарбакерсиз пайдаланса, турак жайдын менчик ээси турак жайды мөөнөттүү пайдалануу келишимин бир тараптуу тартипте бузууга милдеттүү.

5. Эгерде турак жайдын менчик ээси ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген өз милдеттерин аткарбаса, укуктары бузулган адамдар, же алардын өкүлдөрү менчик ээсин бузууларды четтетүүнүн зарылдыгы жөнүндө эскерте алышат, ал эми эгерде жайдын бүлүнүшүнө алып келсе - ошондой эле менчик ээсине жайды оңдоо үчүн кошумча мөөнөт дайындай алышат.

Эгерде турак жайдын менчик ээси эскертилгенден кийин башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууну же турак жайды арналышы боюнча пайдаланууну уланта берсе, ага тете белгиленген мөөнөттөрдө зарыл оңдоону жүргүзбөсө, укуктары бузулган адамдардын доосу боюнча сот соттук чечимди аткарууга чыгымдарды чыгарып салып, сатуудан түшкөн каражаттарды менчик ээсине төлөп берүү менен мындай жайды ачык сатыктардан сатуу жөнүндө чечим чыгара алат.

 

19-берене. Турак жайдын менчик ээси менен бирге жашаган жарандардын укуктары жана милдеттери

 

1. Турак жайдын менчик ээсинин үй бүлө мүчөлөрүнө аны менен бирге жашаган, жалпы чарба жүргүзгөн жана жалпы бюджети бар жубайы, жакын туугандары кирет. Башка туугандары, эмгекке жөндөмсүз багуусундагылар жана башка адамдар, эгер жалпы чарба жүргүзсө, жалпы бюджети болсо жана бирге жашашса менчик ээсинин үй бүлө мүчөлөрү болуп таанылышы мүмкүн.

2. Турак жайдын менчик ээсинин үй бүлө мүчөлөрү, бирге жашаган башка адамдар, эгерде макулдашууда башкача белгиленбесе, бул турак жайды анын менчик ээси менен тең пайдаланууга укугу бар. Турак жайдын менчик ээсинин үй бүлө мүчөлөрү, аны менен бирге жашаган башка адамдар турак жайды арналышы боюнча пайдаланууга жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

3. Турак жайдын менчик ээсинин аракетке жөндөмдүү үй бүлө мүчөлөрү менчик ээси менен бирге жашаган башка эгерде макулдашууда башкача белгиленбесе, ушул турак жайды пайдалануудан келип чыккан милдеттенмелер боюнча менчик ээси менен бирдей жоопкерчилик тартат.

4. Турак жайга менчик укугунун башка адамга өтүшү, эгерде макулдашууда башкача каралбаса, үй бүлө мүчөлөрүнүн же менчик ээси менен бирге жашаган башка адамдардын турак жайды пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиз болуп саналат.

 

20-берене. Көп батирлүү үйдөгү турак эмес жайдын менчик ээсинин укуктары жана милдеттери

 

1. Көп батирлүү үйдөгү турак эмес жай - көп батирлүү үйдүн курулушун жүзөгө ашыруу боюнча баштапкы долбоорунда каралган, жашап туруудан башка максаттар үчүн пайдаланылуучу, соода, коомдук тамактануу, турмуш тиричилик жактан тейлөө уюштуруу, эмканалар, офистер жана өнөр жайлык мүнөздөгү эмес башка уюмдар үчүн арналган жай.

Көп батирлүү үйдөгү турак эмес жайларына мыйзамда белгиленген тартипте турак жайдын (батирлердин, бөлмөлөрдүн) багытын өзгөртүп кайра куруунун натыйжасында ушундай статус алган турак эмес жайлар да кирет.

2. Көп кабаттуу үйдөгү турак эмес жайлардын менчик ээлери көп батирлүү үйлөрдөгү турак жайлардын жалпы мүлкүнүн да менчик ээлери болуп саналышат.

3. Көп батирлүү үйдөгү турак эмес жайлардын менчик ээлери алардын сакталышын, талаптагыдай техникалык жана санитардык абалын камсыз кылууга, өз эсебинен жайлардын учурдагы жана капиталдык оңдоону жүргүзүүгө, көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү жана оңдоо боюнча жалпы чыгымдарды тартууга, ошондой эле өрткө каршы эрежелерди сактоого, отун-энергетика ресурстарын үнөмдөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Турак эмес жайдын менчик ээсинин көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү жана оңдоо боюнча жалпы чыгымдарга катышуу үлүшү көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын жалпы аянтына карата анын менчигиндеги турак эмес жайдын аянтынын катышына жараша аныкталат.

4. Ага таандык жайды өз алдынча кайра курууга же кайра өзгөртүүгө жол берген көп батирлүү үйдөгү турак эмес жайдын менчик ээси мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат жана бул жайды өз эсебинен мурдагы абалына келтирүүгө милдеттүү.

5. Көп батирлүү үйдөгү турак эмес жайларда өнөр жай өндүрүштөрүн жайгаштырууга жол берилбейт. Бул жайларда уруксат берилген жумуштардын түрлөрүнүн тизмеги Өкмөт тарабынан аныкталат.

 

21-берене. Көп батирлүү үйдөгү бириктирилип же улай салынган жайдын менчик ээсинин укуктары жана милдеттери

 

1. Баштапкы долбоордо каралбаган жана имараттын конструктивдүү бөлүктөрүндө же үйдүн жанындагы жер участогуна кошумча куруунун натыйжасында пайда болгон көп батирлүү үйдөгү турак же турак эмес жай бириктирилип же улай салынган жай болуп эсептелет.

2. Бириктирилип же улай салынган жайларды куруу көп батирлүү үйдүн бардык турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин макулдугу менен мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Бириктирилип жана улай салынган жайлардын менчик ээлери көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнүн менчик ээлери болуп саналышпайт.

 

22-берене. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлккө менчик укугу

 

1. Бирден ашуун менчик ээсин тейлеген жайлар, үй ичиндеги тарамдар жана инженердик жабдуулар (подъезддер, вестибюлдар, батир аралык тепкич чарчылары жана аянтчалар, тепкичтер, желдеткич жана лифт шахталары, батирден тышкаркы коридорлор, коридорлор, кир жайгычтар, кир жуучу орундар, кампа-жайлар, чатыр, техникалык кабаттар, жер төлөөлөр, өткөөл шлюздар, акыр-чикир камералары, акыр-чикир өткөргүчтөр, чатырдын асты (чатыр жапмасы), имараттын курулуш конструкциялары, башка кошумча жайлар жана башкалар), ошондой эле үй жанындагы жер участоктору көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчиги болуп саналат.

2. Көп батирлүү үйдүн лифт жабдуусу көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигинде, мамлекеттик же муниципалдык менчикте болушу мүмкүн.

3. Лифт жабдууларынын менчик ээлери болуп саналган мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары капиталдык оңдоону жүзөгө ашыруу шартында көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлерине гана аларды өткөрүп бере алат.

4. Жалпы үлүштүк менчикте турган мүлктүн менчик ээлери бул мүлктү күтүү үчүн жалпы мүлктүн өзүнө тийиштүү үлүшүнүн көлөмүнө жараша каражат чыгымдоо түйшүгүн тартат.

5. Көп батирлүү үйдүн турак же турак эмес жайынын менчик ээси жалпы мүлктөгү өз үлүшүн ажырата албайт, ошондой эле бул үлүштү турак жана турак эмес жайдагы менчик укугунан өзүнчө берүүгө алып келген аракеттерди жасай албайт.

6. Жалпы мүлктүн бир бөлүгүн мыйзамдарда белгиленген тартипте пайдаланууга алган көп батирлүү үйдүн турак же турак эмес жайларынын менчик ээлери аны макулдашууда же мыйзамдарда каралган шарттарда пайдаланууга укуктуу жана аны ажыратууга укуксуз.

7. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигинде турган мүлк ушул Кодексте белгиленген учурларда, ушундай менчик ээлеринин жалпы чогулушунун чечими боюнча ушул Кодексте белгиленген тартипте башка адамдардын башкаруусуна өткөрүлүп берилет.

8. Көп батирлүү үй кыйраган, анын ичинде капыстан жок болгон же бузулган учурда, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери жер участогуна, ушул үйдү ыңгайлуулуктары үчүн арналган анда жайгашкан башка объекттерге үлүштүк укугун сактап калат.

 

23-берене. Көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлккө менчик укугундагы үлүштөрдү аныктоо

 

1. Турак же турак эмес жайынын менчик ээсинин көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлккө менчик укугундагы үлүшү бир менчик ээсинин турак же турак эмес жайынын жалпы аянтынын көп батирлүү үйдөгү турак же турак эмес жайлардын жалпы аянтына карата аныкталат.

2. Көп батирлүү үйдөгү жайга менчик укугу башка адамга өткөндө ал мурдагы менчик ээсиндей эле ошол үйдөгү жалпы мүлккө ошол эле көлөмдө менчик укугунун үлүшүнө ээ болот. Көп батирлүү үйдөгү жайга менчик укугунун башка адамга өтүшү боюнча келишим жалпы мүлккө менчик укугунун үлүшүнүн өтүшү коштолбосо, маанисиз болуп саналат.

Көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого жатат.

Жалпы мүлктөгү үлүш өлчөмү жөнүндөгү маалыматтар турак үйдүн жана батирдин техникалык паспортуна киргизилет.

3. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээси көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктөгү өзүнүн үлүшүн натуралай бөлүүнү жүзөгө ашырууга укуксуз.

 

24-берене. Коммуналдык батирдеги бөлмөлөрдүн менчик ээлеринин жалпы мүлккө менчик укугу

 

1. Коммуналдык батирдеги бөлмөлөрдүн менчик ээлерине бир бөлмөдөн ашыкты тейлөө үчүн пайдаланылуучу ал батирдеги жайлар жалпы үлүштүк менчик укугунда таандык болот.

2. Коммуналдык батирдеги бөлмөлөрдүн менчик ээлери ушул батирдеги жалпы мүлктү күтүүгө чыгымдардын оордугун чогуу тартышат.

3. Коммуналдык батирдеги бөлмөнүн менчик ээсинин жалпы мүлктү күтүүгө жумшалуучу милдеттүү чыгымдардагы үлүшү көрсөтүлгөн менчик ээсинин бул батирдеги жалпы мүлккө менчик укугундагы үлүшү менен аныкталат.

 

25-берене. Коммуналдык батирдеги жалпы мүлккө менчик укугундагы үлүшүн аныктоо

 

1. Коммуналдык батирдеги бөлмөлөрдүн менчик ээлеринин жалпы мүлккө менчик укугундагы үлүштөрү тең деп таанылат.

2. Коммуналдык батирдеги бөлмөнүн менчик ээсинин көп батирлүү турак үйдөгү жалпы мүлккө менчик укугундагы үлүшү ушул бөлмө аянтынын коммуналдык батирдеги бардык бөлмөлөрдүн аянттарынын суммасына карата катышы коммуналдык батирдин жалпы аянтынын көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын жалпы аянтына карата катышына көбөйтүлүү менен аныкталат.

3. Бөлмөнүн менчик ээсинин коммуналдык батирдеги жалпы мүлкүнө менчик укугундагы үлүш көрсөтүлгөн бөлмөгө менчик укугунун тагдыры кайталанат.

4. Коммуналдык батирдеги бөлмөнүн менчик ээси төмөнкүлөргө укуксуз:

1) ушул батирдеги жалпы мүлккө карата менчик укугундагы өзүнүн үлүшүн натуралай бөлүп берүүгө;

2) ушул батирдеги жалпы мүлккө карата менчик укугундагы өз үлүшүн бөлүп берүүгө, ошондой эле ушул үлүштү аталган бөлмөгө карата менчик укугунан ажыратып бөлүп берүүгө алып келүүчү башка аракеттерди жасоого.

5. Коммуналдык батирдеги бөлмөнү сатууда ушул коммуналдык батирдеги бөлмөлөрдүн калган менчик ээлери Жарандык кодексинде белгиленген тартипте жана шарттарда бөлүнүп жаткан бөлмөнү сатып алууга артыкчылыктуу укукка ээ болушат.

 

26-берене. Турак жайларды пайдалануу укугу

 

1. Турак жайларды мөөнөттүү, анын ичинде ижара шартында пайдалануу укугуна Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, юридикалык жактар, чет өлкөлүк юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээ болушат.

2. Турак жайлардын менчик ээлери ушул Кодекстин жоболоруна ылайык жарандык-укуктук келишимдердин негизинде аларды мөөнөттүү жана мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө укуктуу.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайлары Кыргыз Республикасынын жарандарына мөөнөттүү пайдаланууга, анын ичинде ижара шарттарында ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте берилет.

 

27-берене. Турак жайлардын сервитуту

 

1. Турак жайлардын сервитуту тараптардын макулдашуусу боюнча (ыктыярдуу сервитут), же зарылчылык болгондо, ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде (мажбурлоо сервитуту) белгилениши мүмкүн.

2. Сервитутту белгилөө жөнүндө келишим (ыктыярдуу сервитут) төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) сервитут жүктөлгөн жайдын сыпатталышын;

2) сервитутту белгилөөнүн шарттарын жана мөөнөттөрүн;

3) сервитуттун жайгашкан жерин көрсөтүү менен турак жайдын планын же картасын.

3. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда, ыйгарым укуктуу орган кызыкдар адамдын талабы боюнча мажбурлоо сервитутун белгилөөгө укуктуу.

4. Мажбурлоо сервитуту төмөнкүлөрдү камсыз кылуу үчүн белгиленет:

1) эгерде башка кирүү мүмкүн болбосо, кыйла кыйын, же болбосо теңдеш эмес чыгымдарды талап кылса турак жайга кирүүнү;

2) мажбурлаган сервитутту белгилөөсүз камсыз кылынышы мүмкүн болбогон электр берүүчү жана байланыш чубалгыларын тартуу жана эксплуатациялоо, суу менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, мелиорация жана башка муктаждыктар.

5. Ыйгарым укуктуу органдын сервитутту белгилөөнү же белгилөөдөн баш тартууну караган чечими сервитутту белгилөөгө кызыкдар адам тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.

6. Турак имаратындагы турак же турак эмес жайга сервитут жүктөө турак жайдын менчик эзсин турак жайын пайдалануу жана тескөө укугунан ажыратпайт.

7. Мажбурлоо сервитутун белгилөө менен турак жайдын менчик ээсине келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу анын кызыкчылыгында сервитут белгиленген адам тарабынан кайтарылууга жатат.

Чыгымдардын өлчөмү ыйгарым укуктуу орган тарабынан, менчик ээси макул болбогон учурда - сот тарабынан аныкталат.

8. Укугуна мажбурлоо сервитуту жүктөлгөн турак жай менчик ээси кызыкчылыгына сервитут белгиленген адамдан зыяндардын ордун толтуруунун эсебине ошого тете төлөм талап кылууга укуктуу.

9. Көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлк объекттери сервитут менен оордотулушу мүмкүн.

10. Сервитут кызыкдар адамдардын жана ушул мүлктүн менчик ээлеринин ортосундагы келишимдин негизинде белгиленет. Сервитутту белгилөө тууралуу же жалпы мүлк объекттерин пайдалануу келишиминин шарттары тууралуу талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

 

28-берене. Турак жайга укукту берүүдө, өтүүдө сервитуттун сакталышы

 

1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, турак жайга укукту берген, өткөн учурда сервитут сакталып калат.

2. Сервитут сатып алуу-сатуунун, күрөөнүн өз алдынча предмети болушу мүмкүн эмес жана пайдаланууну камсыз кылуу үчүн сервитут белгиленген турак жайдын менчик ээси болуп саналбаган адамдарга кандайдыр бир ыкма менен берилиши мүмкүн эмес.

3. Мажбурлоо сервитуту ыйгарым укуктуу органдын же соттун чечими боюнча сервитутту белгилөө негиздеринин жоюлушуна байланыштуу токтотулушу мүмкүн.

 

29-берене. Турак жайга менчик укугунун жана башка укуктардын токтотулушу

 

Турак жайга менчик укугу жана башка укуктар аларды токтотууга негиз болуп саналган жагдайлардан улам ыктыярдуу негизде жана мажбурлоо тартибинде токтотулушу мүмкүн. Турак жайларга менчик укугу жана башка укуктар төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

1) турак жайдын менчик ээси ээлигин башка адамга өткөрүп бергенде;

2) менчик ээси же жалдоочу турак жайга укугунан ыктыярдуу баш тартканда;

3) мураскерлери болбогондо турак жайдын менчик ээси же жалдоочу каза болгондо;

4) турак жайды пайдалануу мөөнөтү бүткөндө;

5) ага байланыштуу кызматтык турак жай берилген эмгек жана аларга теңдештирилген мамилелер токтогондо;

6) жеңүүгө болбогон күчтүн аракеттеринин натыйжасында турак жайды андан ары пайдаланууга мүмкүн болбогондо;

7) турак жайды жалдоого берүүчү болуп саналган юридикалык жак жоюлганда;

8) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган турак жайды жалдоочу Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;

9) менчик ээсинин карыздары боюнча жер участогу менен бирге турак, жайына мыйзамга ылайык акы төлөтүп алууда;

10) бузууга жаткан турак жайы менен бирге жер участогун ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган негиздер боюнча жана тартипте алып коюуда.

 

30-берене. Жер участокторун алып коюу менен байланыштуу бузууга жаткан турак жайлардын

 менчик ээлерине компенсация төлөп берүү

 

1. Коомдук муктаждыктар үчүн жер участокторун алып коюу менен байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүнөн турак жайлар бузулган турак жайдын турак аянтынан кем эмес өлчөмдө турак жайлардын менчик ээлеринин менчигине берилет же турак жайдын рыноктук сатып алуу баасы төлөнүп берилет.

Мында бузууга жаткан турак жайлардын менчик ээлери тандоо уугуна ээ.

2. Турак жайды сатып алуунун рыноктук баасы турак жайдын рыноктук наркын, жер участогуна укукту, ошондой эле үчүнчү жактардын алдындагы милдеттенмелеринин мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна байланыштуу менчик ээсине келтирилген зыянды өзүнө камтыйт.

3. Төмөнкүлөр коомдук муктаждыктар болуп саналат;

1) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу;

2) бул объекттерди жайгаштыруунун мүмкүн болуучу башка варианттары болбогондо мамлекеттик же муниципалдык маанидеги төмөндөгү объекттерди жайгаштыруу:

а) коргонуу жана коопсуздук объекттери;

б) транспорт, байланыш жолдору, информатика жана байланыш объекттери;

в) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегарасынын статусун жана коргоону камсыз кылуучу объекттер;

г) табигый монополиялардын субъекттеринин ишин камсыз кылуучу объекттер;

д) инженердик, жол-транспорттук инфрастүзүмдөрдүн (имараттар, курулмалар жана тилкелик трассалар), ошондой эле информатика жана байланыш, электр жана газ менен камсыздоо объекттери;

е) республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен курулуп жаткан социалдык инфратүзүмдөрдүн объекттери;

ж) муниципалдык маанидеги жылуулук жана суу менен камсыздоо объекттери.

4. Коомдук муктаждыктар үчүн жер участокторун алып коюунун тартиби жана шарттары жер мыйзамдарында аныкталат.

 

4-глава
Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу

 

31-берене. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу

 

1. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкаруу жарандардын жагымдуу жана коопсуз жашоо шартын, көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүүнүн белгиленген ченемдерине жана эрежелерине ылайык болушуп, көрсөтүлгөн мүлктү пайдалануу маселелерин өз убагында жана квалификациялуу чечүүнү камсыз кылышы керек.

2. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкаруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) көп батирлүү үй төрттөн ашпаган батирди өзүнө камтыган учурларда жайлардын менчик ээлери тарабынан;

2) келишимдин негизинде башкаруучу уюм (юридикалык жак) же башкаруучу (жеке ишкер статусуна ээ жеке жак) тарабынан;

з) турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери тарабынан;

4) турак жай, турак жай-эксплуатациялык кооперативдери тарабынан;

5) ушул Кодексте белгиленген учурда, адистешкен мамлекеттик же муниципалдык мекемелер тарабынан.

3. Көп батирлүү үйдүн турак же турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкаруунун ыкмасы жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунда тандалып алынат. Башкаруунун ыкмасын тандап алуу жөнүндө жалпы чогулуштун чечими турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы санынын ичинен көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана көп батирлүү үйдөгү жайлардын бардык менчик ээлери үчүн милдеттүү болуп саналат.

4. Эгерде көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлери көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү башкаруунун ыкмасын ушул Кодекс күчүнө киргенден кийин алты айдын ичинде тандап албаса, ыйгарым укуктуу орган ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте башкаруучу уюмду же башкаруучуну тандап алуу боюнча ачык конкурс өткөрүүнү демилгелейт жана өткөрөт.

5. Ыйгарым укуктуу орган конкурс өткөргөнгө чейин он беш күндөн кечиктирбестен көп батирлүү үйдөгү турак же турак эмес жайлардын бардык менчик ээлерин конкурсанттар (башкаруучулар) тарабынан сунушталган башкаруу келишимдеринин шарттары менен тааныштырууга милдеттүү.

6. Башкаруучу орган ачык конкурс өткөрүлгөн күндөн тартып он күндүн ичинде көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын бардык менчик ээлерин анын натыйжалары жөнүндө кабарландырат.

7. Ачык конкурстун натыйжалары жөнүндө протоколго жеңип чыккан башкаруучу уюм менен ыйгарым укуктуу орган (башкаруучу) тарабынан кол коюлат жана келишимдин күчүнө ээ болот.

8. Турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушу көп батирлүү үйдүн жайларынын менчик ээлеринин ичинен башкаруучу уюм (башкаруучу) менен тиешелүү келишимдерге кол коюуга өкүлдөрдү берүүгө укуктуу.

9. Жалпы мүлктү башкаруу келишими түзүлгөн учурдан тартып бир жылдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу орган ушул үйдү башкаруу ыкмасын тандап алуу жөнүндө маселени чечүү үчүн ушул үйдөгү турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушун чакырат.

 

32-берене. Турак жайлардын ээлеринин көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруусу

 

1. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн турак жайдын менчик ээлери тарабынан башкарууда жалпы мүлктү күтүү жана пайдалануу боюнча чечимдер турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунда кабыл алынат. Мында чечим турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.

2. Турак жайлардын менчик ээлери көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу боюнча алардын кызыкчылыктарын билдирүүгө адамга мыйзамдарда белгиленген тартипте ыйгарым укук берүүгө укуктуу.

 

33-берене. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруучу уюм же башкаруучу тарабынан башкарылышы

 

1. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлери турак жайдын менчик ээлеринин жалпы чогулушунун чечиминин негизинде көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу тууралуу келишим түзүүгө конкурс жарыялайт.

2. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкаруу башкаруучу уюм же башкаруучу тарабынан келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын жалпы мүлкүн ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүнүн тартиби, формасы жана иштөө шарттары жарандык мыйзамдарда белгиленет.

3. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкаруу келишимин өзгөртүү жана (же) бузуу жарандык мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Көп батирлүү үйдүн жаппы мүлкүн башкаруу бир гана башкаруучу же башкаруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Эгерде көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы чогулушунда башка башкаруучу уюм (башкаруучу) тандалса же жалпы мүлктү башкаруунун башка ыкмасы тандалса, башкаруучу уюм (башкаруучу) жалпы мүлктү башкаруу келишими токтотулганга чейинки отуз күндө көп батирлүү үйгө бардык техникалык документтерди жана ушундай үйдү башкарууга байланышкан башка документтерди тиешелүү өкүлдөрүнө өткөрүп берүүгө милдеттүү.

6. Эгерде көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу келишиминде башкача белгиленбесе, башкаруучу уюм (башкаруучу) жыл сайын учурдагы жылдын биринчи кварталынын ичинде көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлерине өткөн жылдагы башкаруу тууралуу келишимдин аткарылышы жөнүндө отчет берет.

 

34-берене. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнүн турак жай менчик ээлеринин шериктиги

тарабынан башкарылышы

 

1. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлери көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу үчүн турак жай менчик ээлеринин шериктигине биригүүгө укуктуу.

2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин уюштуруунун жана анын ишинин тартиби мыйзамда аныкталат.

 

35-берене. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнүн турак жай же турак жай-эксплуатациялык кооперативдер

тарабынан башкарылышы

 

1. Турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу үчүн турак жай жана турак жай - эксплуатациялык кооперативдерди уюштурууга укуктуу.

2. Турак жай жана турак жай - эксплуатациялык кооперативдерди уюштуруунун жана ишинин тартиби мыйзамда аныкталат.

 

36-берене. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган көп батирлүү үйдүн жалпы

 мүлкүн башкаруу

 

1. Бардык турак жайлары мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу үй балансында турган ыйгарым укуктуу орган тарабынан ачык конкурстун натыйжалары боюнча же көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу үчүн адистешкен мамлекеттик же муниципалдык мекемени түзүү жолу менен тандалып алынган башкаруучу уюм менен башкаруу келишимин түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Бардык турак жайлары мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруунун тартиби тиешелүүлүгүнө жараша Өкмөт же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленет.

 

37-берене. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлктү күтүүгө чыгымдарды төлөө

 

1. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайдын менчик ээси жалпы үлүштүк менчикте турган көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкарууга чыгымдарга башкаруунун тандап алынган формасына карабастан бул мүлккө жалпы менчик укугундагы өз үлүшүнө тете өлчөмдө катышууга милдеттүү.

2. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкарууга акы өлчөмү турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат жана бир жылга аныкталат.

3. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкарууга чыгымдарды төлөө боюнча милдеттер ушул үйдөгү турак жайга менчик укугу пайда болгон учурдан тартып ушул үйдөгү турак жайлардын (турак жана турак эмес) бардык менчик ээлерине жайылтылат.

4. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайга менчик укугу жаңы менчик ээсине өткөндө ага жалпы мүлктү башкарууга чыгымдарды төлөө боюнча милдеттенмелер да өтөт.

5. Турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин убактылуу болбошу көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкарууга чыгымдарды төлөөдөн бошотуу үчүн негиз болуп саналбайт.

6. Жалпы мүлктү башкарууга чыгымдарды төлөө боюнча карыздары бар турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкаруу органдарында, турак жай же турак жай-эксплуатациялык кооперативдерде кызмат орундарын ээлей алышбайт.

7. Ыйгарым укуктуу органдар же көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруучу адамдар жалпы мүлктү күтүүгө чыгымдарды төлөө боюнча карыздарды турак жайлардын менчик ээлеринен өндүрүп алуу жөнүндө сотко кайрылууга укуктуу.

 

III бөлүм
Турак жайга укукту ишке ашыруу

 

5-глава
Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган турак жайларды берүү

 

38-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган турак жайларды берүү

 

1. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган турак жайды берүү турак жайлардын менчик ээлери тарабынан он жылдык мөөнөткө акысын төлөп мөөнөттүү пайдаланууга берүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Ушул Кодексте белгиленген учурларда, мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайлар Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине берилиши мүмкүн.

3. Жашоо үчүн жарандарга берилүүчү турак жайы ошол калктуу конуштун шарттарына жараша ыңгайлаштырылып, белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бериши керек.

Бериле турган турак жайлар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон адам мурда эсепте турган ошол калктуу конуштун чегинде болушу керек.

4. Авариялык жана эски үйлөрдөгү, барактардагы, жер төлөөлөрдөгү жана турак жай үчүн ыңгайлаштырылбаган башка курулуштардагы, ошондой эле бузууга капиталдык оңдоого же болбосо турак эмес жайга өткөрүүгө жаткан үйлөрдөгү бошогон турак жайларды берүүгө жол берилбейт.

Турак жайы жарандарга турак жай аянтынын ченеминен төмөн эмес берилет.

5. Кыргыз Республикасынын турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарына турак жай берүү кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт.

6. Турак жайлар ошол калктуу конушта туруктуу жашаган жарандарга, эреже катары бир үй-бүлөгө берилет.

7. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж катары эсепке туруу укугу мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүнөн мүлктүк жалдоо келишимдери боюнча алар турак жайларды алганга чейин же аларды эсептен чыгаруунун ушул Кодексте каралган негиздерин тапканга чейин жарандарда сакталат.

8. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган турак жайды берүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан формасы жана маанилүү шарттары жарандык мыйзамдарда белгиленген мүлктүк жалдоо келишиминин негизинде жүргүзүлөт.

9. Ушул Кодексте белгиленген тартипте берилген мүлктүк жалдоо келишими боюнча турак жайды пайдалануу ушул Кодексте белгиленген талаптарды эске алуу менен турак жайды мүлктөй жалдоо келишимине ылайык жүзөгө ашырылат.

 

39-берене. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды таануу негиздери

 

1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп таанылат:

1) ошол калктуу конушта турак жай аянты менен камсыз кылууну эсепке алуу менен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими менен үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө аныкталган деңгээлден турак жай аянты менен камсыз болгондор;

2) белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербеген турак жайда жашагандар;

3) өзүнүн менчигинде же үй бүлө мүчөлөрүнүн, аны менен бирге жашаган жакын туугандарынын менчигинде турак жайы болбогон жана ошол административдик-аймактык бирдиктин аймагында үч жылдан, республикага баш ийген шаарлар үчүн, ал эми калган аймактарда - бир жылдан кем эмес жашагандар;

4) өзүнүн менчигинде же аны үй-бүлө мүчөлөрүнүн алар жашаган калктуу конуштун аймагында менчигинде мурда жеке турак жай курулушу үчүн берилген жер участогу болбогондор;

5) коммуналдык батирде жашаган үй-бүлөсүнүн курамында бир батирде бирге жашоого мүмкүн болбогон айрым бир өнөкөт оорулардын оор формалары менен жабыркаган оорулуулар болгондо;

6) мезгилдик жана убактылуу жумушчуларды, ошондой эле окуусуна байланыштуу жайгаштырылган жарандарды кошпогондо, жатаканаларда жашагандар;

7) акыркы беш жылдын ичинде менчигинде болгон турак жайы алынып коюлгандыгынан көрүнгөн өзүнүн турак жай шарттарынын начарлашына багытталган жарандык-укуктук аракеттерди жасабагандар.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча да турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп таанылат.

 

40-берене. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу

 

1. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу мамлекеттик органдарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жашаган жери боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Турак жай фонду бар жана турак жай курулушун жүргүзгөн уюмдарда иштеген же турак жай курулушунда үлүштүк катышы бар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эске алуу иштеген жери боюнча, алардын каалоосу боюнча, жашаган жери боюнча да жүзөгө ашырылат. Алар менен катар эле пенсияга кетүүсү менен байланыштуу уюмдарда ишин таштаган жарандар эсепке алышат.

3. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуунун тартиби, ошондой эле жарандарга турак жайларды берүүнүн кезегин аныктоо ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленет.

 

41-берене. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуунун тартиби

 

1. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды жашаган жери боюнча эсепке алуу турак жай маселелери боюнча комиссиянын корутундусу болгондо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен, ал эми иштеген жери боюнча - администрация менен уюмдун профсоюздук комитетинин биргелешкен чечими менен жүргүзүлөт.

2. Биринчи кезекте турак жайларды алууга укугу бар жарандар өзүнчө тизмелерде эсепке алынат.

Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж эсепке алынган жарандардын тизмеси ар жыл сайын такталууга жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын расмий булактары аркылуу жарыяланып жатат.

Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөр укуктарды каттоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын эсебин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдардын суроо-талаптары боюнча кыймылсыз мүлккө менчик укуктары катталгандар жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

3. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке коюу жөнүндө арыз тиешелүү ыйгарым укуктуу органга же уюмга келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат.

Чечим кабыл алынганы жөнүндө жаранга жазуу жүзүндө билдирилет.

4. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу жана аларга турак жайларды берүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

 

42-берене. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсептен чыгарууга негиздер

 

1. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандар эсептен төмөнкүдөй учурларда чыгарылат:

1) турак жай шарттарын жакшыртууга укук берүүчү негиздерин жоготкондо;

2) башка калктуу конушка туруктуу жашаган жерине кеткенде;

3) пенсияга чыкканына, мөөнөттүү аскер кызматына чакырылганына байланыштуу бошотулган учурлардан тышкары, жаран эсепте турган уюм менен эмгек келишими токтотулганда;

4) жаран турак жай шарттарын жакшыртуу муктаждыгы жөнүндө чындыкка дал келбеген маалыматтарды бергенде же болбосо эсепке алуу жөнүндө маселени чечүүдө кызмат адамдары тарабынан укук ченемсиз аракеттер жасалганда;

5) беш жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылганда;

6) эсепте турган жери боюнча эсептен чыгаруу жөнүндө арыз бергенде.

2. Жарандар эсепке алуу жөнүндө чечим чыгарууга укугу бар орган тарабынан эсептен чыгарылат.

Кабыл алынган чечим жөнүндө жаранга жазуу жүзүндө билдирилет.

3. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинде турган жаран башка жерге туруктуу жашаган жерине кетсе же кайтыш болсо, эгерде анын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп таануу үчүн негиздер жоюлбаса, анын ордуна анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири эсепке коюлат. Мында үй-бүлө мүчөсү, эгерде ал ушул уюмда иштеген учурда гана иштеген жери боюнча эсепке коюлат, ал эми эсепте турган жаран өндүрүштөгү кырсыктын же кесипкөй оорунун натыйжасында кайтыш болгон учурда, үй-бүлө мүчөсү анын иштеген жерине карабастан эсепке алынат.

4. Уюмдарда турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуунун абалын контролдоо кесипкөй бирликтердин тиешелүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын эсепке алуунун абалын контролдоо кесипкөй бирликтердин органдары менен бирдикте аталган органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

43-берене. Жарандарга турак жайларды берүүнүн кезектүүлүгү

 

1. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинде турган жарандарга, турак жайларды кезексиз жана биринчи кезекте алуу укугуна ээ адамдардан тышкары турак жайлар жалпы кезектүүлүк тартибинде берилет. Турак жайларды берүүнүн кезектүүлүгү эсепке алуунун убагы боюнча аныкталат.

2. Жалпы кезекте турган жарандардын ичинен турак жайларды алуу мөөнөттөрүндө артыкчылыктан турак жай шарттарын жакшыртууга өтө муктаж үй-бүлөлөр пайдаланышат.

3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, социалдык тейлөөнүн стационардык мекемелеринде жашаган балдар, эгерде реабилитациялоонун жеке программасы өзүн-өзү тейлөө жана алар он сегиз жашка чыкканда өз алдынча жашоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн караса, ошондой эле жетим балдар, ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар алардын билим берүү жана башка мекемелерде, анын ичинде социалдык тейлөө мекемелеринде, балдар үйлөрүндө болуусу аяктагандан кийин турак жай менен биринчи кезектеги тартипте камсыз кылынат.

 

44-берене. Турак жайларды кезексиз жана биринчи кезекте берүү

 

1. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын төмөндөгү категорияларына турак жайлар кезексиз берилет: жетим балдарга, ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарга, жетим балдардын жана ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын ичинен адамдарга, алардын билим берүүчү жана башка мекемелерде, анын ичинде социалдык жактан тейлөө мекемелеринде, багуучу үй-бүлөлөрдө, үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүндө болуусу аяктаганы боюнча, камкорчулук (көзөмөлчүлүк) токтотулганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө аяктаганы боюнча же эркиндигинен ажыратуу жайларынан келгендиги боюнча.

2. Биринчи кезектүүлүктөгү тартипте турак жайы менен төмөндөгү категориядагы жарандар камсыз кылынат:

1) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары жана курман болгондордун же дайынсыз жоголгон аскерлердин (партизандардын) үй-бүлөлөрү жана белгиленген тартипте аларга теңештирилген адамдар;

2) Советтер Союзунун Баатырлары, Социалисттик Эмгектин Баатырлары, ошондой эле Даңк, Эмгек Даңкы ордендери, "СССР Куралдуу Күчтөрүндө мекенге кызмат кылгандыгы үчүн" орденинин бардык үч баскычы менен сыйланган адамдар;

3) Өкмөт тарабынан бекитилген оорулардын тизмесинде саналган кээ бир өнөкөт оорулардын оор формалары менен жабыр тарткан адамдар;

4) жарандык жана Улуу Ата Мекендик согуштардын мезгилинде жана СССРди коргоо боюнча башка аскердик операциялардын убагында кызмат кылып жаткан армиянын курамында болгон адамдар, жарандык жана Улуу Ата Мекендик согуштун партизандары, ошондой эле СССРди коргоо боюнча аскердик операцияларга катышкан башка адамдар;

5) аскер кызматчыларынын ичинен I жана II топтордогу майыптар жана I жана II топтордогу эмгек майыптары;

6) аскердик кызматтык милдеттерин аткарууда, адамдын өмүрүн, коомдук мүлктү сактап калуу боюнча жарандык парзды аткарууда курман болгон адамдардын үй-бүлөлөрү;

7) "Баатыр-эне" наамы ыйгарылган энелер, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөр;

8) 1986-1987-жылдарда бөлүп коюлган зонанын чегинде Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан же ушул мезгилде Чернобыль АЭСинде эксплуатациялоо же башка жумуштарда иштеген (анын ичинде убактылуу жиберилген же ишке жөнөтүлгөн) адамдар, ошондой эле атайын жыйымдарга чакырылган жана ушул мезгилде дислокацияланган жерине жана аткарган жумуштарына карабастан көрсөтүлгөн авариянын кесепеттерин жоюуга байланышкан жумуштарды аткарууга тартылган аскер кызматчылары жана аскерге милдеттүүлөр, ошондой эле 1986-1987-жылдарда бөлүнүп коюлган зонада кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын зардалдар жана катардагы курамындагы адамдар;

9) мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун бузууга жаткан жашаган турак жайларында жашаган адамдар;

10) мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун кулап калуу коркунучу бар турак жайларында жашаган адамдар;

11) аскер кызматынан запаска же отставкага бошотулган жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп таанылган (аскер шаарчаларынан чыгарылган) аскер кызматчылары.

 

45-берене. Турак жай аянтынын ченеми

 

1. Кыргыз Республикасында турак жай аянтынын ченеми Өкмөт тарабынан белгиленет жана бир адамга жыйырма чарчы метрден кем болбоого тийиш.

2. Ченемден ашык турак жай аянты жарандардын айрым категорияларына бөлмө түрүндө же он чарчы метр өлчөмүндө кошумча турак жай аянты берилет. Айрым өнөкөт оорулардын оор формалары менен жабыркаган жарандарга, ошондой эле ишинин шарттары жана мүнөзү боюнча ушундай өлчөмдөгү аянтка муктаж болгон жарандарга кошумча турак жай аянтынын өлчөмү кеңейтилиши мүмкүн.

Өнөкөт ооруулардын тизмеги Өкмөт тарабынан аныкталат.

3. Кошумча турак жай аянтын берүүнүн тартиби жана шарттары жана аны алууга укугу бар жарандардын категорияларынын тизмеги Өкмөт тарабынан белгиленет.

4. Турак жайларды мөөнөттүү пайдаланууга, анын ичинде ижара шартында пайдаланууга берүүдө турак жайдын менчик ээси ушул беренеде карапган бир адамга турак жай аянтынын ченемин сактоого милдеттүү.

Мында турак жайда жалдоочу турак жайдын менчик ээсине же анын ыйгарым укуктуу адамына турак жайда жашай турган адамдардын саны жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.

 

46-берене. Турак жайын берүүдө жарандардын кызыкчылыктарын эсепке алуу

 

1. Турак жайды берүүдө бир бөлмөгө жубайлардан башка тогуз жаштан өйдө ар кайсы жыныстагы адамдарды бир бөлмөгө жайгаштырууга жол берилбейт.

2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, улгайгандарга, жүрөк-кан тамыр оорусуна жана башка оор илдетке чалдыккан турак жайлар алардын каалоосун эсепке алуу менен төмөнкү кабаттардан же лифти бар үйлөрдөн берилет.

3. Берилүүчү турак жайдын өлчөмүн аныктоодо үй-бүлөдө боюнда бар аялдын бар - жогу эскеё алынат.

 

47-берене. Турак жайды берүү чечимин кайра кароо

 

Турак жайды берүү жөнүндө чечим, эгерде мурда белгисиз болгон жагдайлар билинсе жана жаранга турак жайдын берилишине таасир этиши мүмкүн болсо, турак жайды мүлктүк жалдоо келишимин түзгөнгө чейин ыйгарым укуктуу органдар тарабынан кайра каралышы мүмкүн.

 

48-берене. Жарандарды алар ээлеген турак жайдан чыгаруу

 

1. Мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондундагы ээлеп турган турак жайдан адамдарды чыгарууга төмөнкү учурларда жол берилет, эгерде адам:

1) турак жайды өзүм билемдик менен ээлеп алса;

2) урап калуу коркунучу бар турак жайда жашаса;

3) ал жеткис күчтүн аракетсиздигинин натыйжасында жашоо үчүн жараксыз турак жайда жашаса.

2. Адамды аны менен чогуу жашаган адамдар менен бирге турак жайдан чыгаруу соттун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Урап калуу коркунучу бар же ал жеткис күчтүн аракеттеринин натыйжасында жашоо үчүн жараксыз турак жайдан адамдар чыгарылганда аларга башка теңдеш турак жай же көчмө турак фондунан турак жайы ушул Кодексте белгиленген шарттарда берилет.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн жобосу жеке менчик турак жай фондундагы үйлөрдө жашаган адамдар үчүн колдонулушу мүмкүн эмес.

 

6-глава
Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү
турак жайларды пайдалануу

 

49-берене. Турак жайын мүлктүк жалдоо келишими

 

1. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды мүлктүк жалдоо келишими жалдоого берүүчү - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы менен жалдоочунун - жарандын ортосунда жазуу жүзүндө түзүлөт.

2. Турак жайы мүлктүк жалдоо келишиминин объекти болуп саналат.

3. Бөлмөнүн бир бөлүгү же башка бөлмө менен бир кире бериш аркылуу байланышкан бөлмө (чектеш бөлмөлөр), ошондой эле кошумча жайлар (ашкана, коридорлор, буюм-тайым сактоочу бөлмөлөр ж.б.) мүлктүк жалдоо келишиминин объектиси болушу мүмкүн эмес.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдалануу ушул Кодексте белгиленген талаптарды эске алуу менен турак жайды мүлктүк жалдоо келишимине ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Турак жайды мүлктүк жалдоонун типтүү келишими Өкмөт тарабынан бекитилет.

6. Турак жайды мүлктүк жалдоо келишиминен келип чыгуучу мамилелерге карата жарандык мыйзамдардын эрежелери колдонулат.

Турак жайды мүлктүк жалдоо келишимине өзгөртүү, толуктоо киргизүү жана токтотуу тартиби ушул Кодексте белгиленген талаптарды эске алуу менен жарандык мыйзамдарда белгиленет.

7. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды мүлктүк жалдоо келишими жалдоого берүүчүнүн талабы боюнча ушул Кодексте жана Жарандык кодексте белгиленген негиздер боюнча гана сот тартибинде бузулушу мүмкүн.

8. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүнөн берилген турак жайды жалдоого, кайра жалдоого берүү, алмашуу жана алар менен башка жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.

 

50-берене. Турак жайды жалдоого берүүчүнүн укуктары жана милдеттери

 

1. Жалдоого берүүчү жалдоочудан төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:

1) турак жай үчүн акысын өз убагында төлөөнү;

2) турак жайды сарамжалдуу жана таза пайдаланууну;

3) турак жайды жана жалпы пайдалануудагы көмөкчү жайларды пайдалануунун эрежелерин сактоону.

2. Жалдоого берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) турак жайды аны пайдалануу үчүн жарактуу абалда өткөрүп берүүгө;

2) мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарын сактоого;

3) жалдоочу тарабынан турак эрежелери бузулган жана башка адамдарга зыян келтирилген учурда мүлктүк жалдоо келишимин бузууга;

4) жалдоочуга башка адамдардын укуктарынан эркин турак жайды өткөрүп берүүгө;

5) берилген турак жай жайгашкан көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктүн талаптагыдай сакталышына жана оңдоого катышууга;

6) турак жайды капиталдык оңдоону жүзөгө ашырууга;

7) башка милдеттерди аткарууга.

3. Ушул Кодексте жана турак жайды жалдоо келишиминде каралган милдеттерди аткарбаган турак жайдын жалдоого берүүчүсү мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.

 

51-берене. Турак жайды жалдоочунун укуктары жана милдеттери

 

1. Турак жайды жалдоочу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) турак жайды пайдаланууга;

2) жалдоого берүүчүнүн макулдугу менен телефон жана башка коммуникацияларды киргизүү түрүндө өз каражатынын эсебинен турак жайды пайдалануучунун шарттарын жакшыртууга;

3) жалдоого берүүчүдөн турак жайды капиталдык оңдоодон өткөрүүнү талап кылууга.

2. Турак жайды жалдоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) турак жайды өзүнүн арналышы боюнча жана ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген чектерде пайдаланууга;

2) жалданган турак жайдын сакталышын камсыз кылууга;

3) турак жайды талаптагыдай абалда кармоого;

4) турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз убагында акы төлөөгө;

5) турак жайды учурдагы оңдоодон өткөрүүгө;

6) мүлктүк жалдоо келишимин узартпоо шартында жалдоого берүүчү тарабынан жазуу жүзүндө эскертүү берилген күндөн тартып эки жуманын ичинде ээлеген турак жайды бошотуп берүүгө;

7) турак жайды пайдалануунун башка эрежелерин сактоого.

 

52-берене. Жалдоочунун үй-бүлө мүчөлөрү

 

1. Турак жайды жалдоочунун үй-бүлө мүчөлөрүнө аны менен бирге жашаган, жалпы чарба жүргүзгөн жана жалпы бюджети бар жакын туугандары кирет. Башка туугандары, эмгекке жөндөмсүз багуусундагылар жана башка адамдар, эгер жалпы чарба жүргүзсө, жалпы бюджети болсо жана бирге жашашса менчик ээсинин үй бүлө мүчөлөрү болуп таанылышы мүмкүн.

2. Эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн жарандар үй-бүлө мүчөлөрү болуусун токтотсо, бирок жалданган жайда жашоону улантып жатса, алар жалдоочу жана анын үй-бүлө мүчөлөрүндөй эле укуктарга жана милдеттерге ээ болушат.

Жалдоочунун үй-бүлө мүчөсү катары адамды таануу жөнүндө талаш-тартыш сот тартибинде чечилет.

3. Жалдоочунун аны менен бирге турган үй-бүлө мүчөлөрү жалдоочу менен бирдей бардык укуктардан пайдаланат жана турак жайдын мүлктүк жалдоо келишиминен келип чыккан бардык милдеттерди тартат. Үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү ушул келишимден келип чыккан милдеттенмелер боюнча жалдоочу менен бирдей мүлктүк жоопкерчилик тартат.

4. Жалдоочу ушул жайда жашаган жашы жеткен бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ээлеген жайга өзүнүн жубайын, балдарын, ата-энесин, башка туугандарын жана анын багуусундагы эмгекке жарамсыздарды киргизүүгө укуктуу. Алардын жашы жете элек балдарынын ата-энелери менен бирге туруусуна макулдук талап кылынбайт.

5. Ушул беренеге ылайык турак жайга киргизилген адамдар, эгерде киргизүүдө ушул адамдардын жалдоочунун жана аны менен бирге жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда башка макулдашуу болбосо, ушул жайдан анда жашаган калган адамдар менен тең пайдалануу укугуна ээ болот.

 

53-берене. Турак жайды пайдаланганы жана коммуналдык кызмат

көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө

 

1. Мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунун турак жайын пайдаланганы үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмү турак жайдын сапатына жана ыңгайлуулугуна, үйдүн жайгашкан жерине жараша белгиленет.

2. Турак жайларды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын жалдоо келишимдери боюнча жалдоочулар үчүн жалпы мүлктү башкаргандыгы үчүн акы төлөөнүн өлчөмү ээлеген турак жайдын жалпы аянтына (өзүнчө бөлмөлөрдө - ушул бөлмөлөрдүн аянтына жараша) жараша аныкталат.

3. Мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдаланганы үчүн акы төлөөнүн (батир акысынын) өлчөмү Өкмөт тарабынан белгиленет.

4. Муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдаланганы үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленет.

5. Турак жайды пайдаланганы үчүн төлөнүүчү акынын курамына көп батирлүү үйдөгү жалпы пайдаланылуучу көмөкчү жайларды техникалык жана санитардык-гигиеналык жактан жана үй жанындагы жер участогу үчүн күтүү чыгымдардын акы төлөө суммасы, ошондой эле Турак жай курулушун өнүктүрүү фондуна жиберилүүчү акчалай сумма кирет.

6. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн (суу менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, электр-жылуулук менен камсыздоо, жана башка тейлөө кызмат көрсөтүүлөр) акы төлөө батир акысынан тышкары белгиленген тартипте бекитилген тарифтер боюнча алынат жана жарандарга берилген эсептер боюнча төлөнөт.

7. Жалдоочу батир акысын жана товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны өз убагында төлөөгө милдеттүү.

 

54-берене. Жалдоочунун ээлеп турган батиринин ордуна ага андан кичирээк өлчөмдөгү

турак жайды берүүгө укугу

 

Белгиленген ченемден ашык аянты бар жалдоочу үй-бүлө мүчөлөрүнүн макулдугу менен ыйгарым укуктуу органдан ээлеп турган батиринин ордуна белгиленген тартипте кичирээк өлчөмдөгү турак жайды берүүсүн талап кылууга укуктуу.

 

55-берене. Убактылуу тургундар

 

1. Турак жайды жалдоочу жана аны менен жашаган үй-бүлө мүчөлөрү өз ара макулдашуу боюнча аларды пайдалануусунда турган турак жайда башка жарандардын убактылуу жашоосуна (убактылуу тургундарга) уруксат бере алышат.

Убактылуу тургундарды үч айдан ашуун мөөнөткө киргизүүгө турак аянтынын ченемдери сакталган шартта жана жалдоого берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү кабарлоосу менен гана жол берилет.

2. Убактылуу тургундар ушул жайда жашаган жалдоочунун же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринчи талабы боюнча жайды бошотуп берүүгө милдеттүү. Баш тарткан учурда жалдоочу же анын үй-бүлө мүчөлөрү башка турак жай бербестен убактылуу тургундарды сот тартибинде чыгарууну талап кылууга укуктуу.

3. Убактылуу тургундар катары турак жайда жашаган жарандар жашаган мөөнөтүнө карабастан бул жайга өз алдынча укукка ээ эмес.

4. Турак жайга мүлктүк жалдоо келишиминин токтотулушу менен убактылуу жашаган жайды бошотуп берүүдөн баш тартканда, башка турак жай бербестен сот тартибинде чыгарылууга жатат.

 

7-глава
Кызматтык турак жайлар

 

56-берене. Кызматтык турак жайлар

 

1. Турак жайы же анын ыйгарым укуктуу органынын атынан менчик ээсинин чечими менен кызматтык жайдын катарына киргизилет жана чыгарылат.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз кызматкерлери үчүн кызматтык турак жайларды курууну жана сатып алууну жүзөгө ашырууга укуктуу.

3. Кызматтык турак жай берилиши мүмкүн болгон кызматкерлердин категорияларынын тизмеги кызматтык турак жайлардын менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленет.

4. Кызматтык жайлар ушул Кодексте белгиленген учурлардан тышкары менчиктештирилбейт.

5. Менчик ээси үчүн өз зарылдыгын жоготкон кызматтык турак жай менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы тарабынан ушундай кызматтык жайды башка калктуу конуштан сатып алуу үчүн менчик ээсинин макулдугу менен менчик укугунан ажыратылат.

 

57-берене. Кызматтык турак жайларды берүүнүн жана аларды пайдалануунун тартиби

 

1. Кызматтык турак жайлар берилиши мүмкүн болгон адамдар карамагында кызматтык жайлары бар ыйгарым укуктуу органга өтүнүч беришет.

Ыйгарым укуктуу орган өтүнүчтүн негиздүүлүгүн карайт жана үч айлык мөөнөттүн ичинде кызматтык турак жай берүү жөнүндө маселени чечет. Кызматтык турак жайды берүү жөнүндө чечим карамагында кызматтык турак жайлары бар ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат.

2. Кабыл алынган чечимге ылайык кызматтык турак жайы мүлктүк жалдоо келишими боюнча пайдаланууга берилет, анын маанилүү шарттары ушул Кодекстин талаптарын эске алуу менен жарандык мыйзамдарда белгиленет.

3. Кызматтык турак жайларда жашаган жарандарга турак жайларды брондоого, алмашууга (анын ичинде кызматтык жайга), бул жайларды жалдоого берүүгө, жалдоочунун үй-бүлө мүчөлөрүнүн талабы боюнча мүлктүк жалдоо келишимине өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилбейт.

4. Кызматтык турак жай алган адамдын үй-бүлө мүчөлөрү ушул жайды өз алдынча пайдалануу укугуна ээ эмес.

5. Кызматтык турак жайдын менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы менен эмгек мамилелерин токтоткон адамдар кызматтык турак жайын анда жашаган бардык адамдар менен бирдикте турак жайларды мүлктөй жалдоо келишиминде белгиленген мөөнөттүн ичинде бошотуп бериши керек.

6. Аскер шаарчаларынын кызматтык турак жайлары аскер кызматынан запаска же отставкага бошотулган аскер кызматчыларына Өкмөт белгилеген тартипте жана шарттарда берилет.

7. Ал жеткис күчтүн аракеттеринде кызматтык турак жайы жараксыз болуп калса, жалдоого берүүчү жалдоочуга башка турак жай берүүгө укуктуу.

8. Кызматтык турак жайларды берүүнүн жана аларды пайдалануунун тартибинин өзгөчөлүктөрү кызматтык жайлардын менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленет.

 

8-глава
Турак жайларды менчиктештирүү

 

58-берене. Турак жайларды менчиктештирүү

 

1. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын менчиктештирүү акы төлөө негизинде, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда акысыз негизде турак жайларды жарандардын менчигине берүү түрүндө жүзөгө ашырылат.

2. Турак жайларды менчиктештирүү төмөнкүдөй формада жүзөгө ашырылат:

1) конкурс аркылуу сатуу;

2) кийин сатып алуу менен ижарага өткөрүп берүү;

3) тикелей сатуу;

4) акысыз өткөрүп берүү.

Менчиктештирүүнүн формасын турак жайдын менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы аныктайт.

3. Төмөнкүлөр менчиктештирүүгө жатпайт:

1) белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербеген, белгиленген тартипте жашоо үчүн жараксыз жана оңдоого жатпайт деп таанылган батирлер;

2) бузууга жаткан үйлөр;

3) жабык аскер шаарчаларында турган үйлөр;

4) алардын ортосунда талаш-тартыш болгондо, туугандык мамилелер менен байланышпаган эки жана андан ашуун үй-бүлөлөр жашаган батирлер;

5) адистешкен турак жай фондунун турак жайлары;

6) көчмө турак жай фондунун турак жайлары;

7) ушул Кодексте каралган учурлардан тышкаркы, кызматтык жайлары.

4. Тарыхый, маданий жана архитектуралык мааниси бар турак үйлөр, ошондой эле ушундай үйлөрдө жайгашкан батирлер ушул турак жайлардын сакталышын караган өзүнчө келишимдерди түзүү менен тиешелүү мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдугу менен гана менчиктештирилүүгө жатат.

5. Жатаканалар жана мейманкана тибиндеги үйлөр мыйзамдарда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан турак үй статусуна которулат жана ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте менчиктештирүүгө жатат.

Мындай үйлөрдүн турак жайларында жашаган адамдар турак жайларды тикелей сатуу жолу менен менчиктештирүүгө артыкчылыктуу укукка ээ болушат.

6. Батирлерди, коммуналдык батирлерди же коммуналдык батирдеги бөлмөлөрдү менчиктештирүүдө турак жайды сатып алуучу жалпы мүлк объектинин, анын ичинде көп батирлүү үйдүн жанындагы жер участогунун үлүшүнө да ээ болот.

 

59-берене. Кызматтык турак жайларды менчиктештирүү

 

1. Кызматтык турак жайларды менчиктештирүүгө төмөнкүдөй адамдардын гана менчигине тикелей сатуу жолу менен өзгөчө учурларда жол берилет:

1) согуштун майыптарына жана СССРди жана Кыргыз Республикасын коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда, же болбосо майданда болгондугуна байланыштуу ооруп калуунун айынан жарадар, контузия же мертинүүнүн айынан майып болгон аскер кызматчыларынын ичинен башка майыптарга;

2) аракеттеги армиянын курамында болгон Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

3) СССРди коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын жана партизандардын үй-бүлөлөрүнө;

4) кызмат милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө;

5) аскердик же башка кызмат өтөө мезгилинде алган мертинүүнүн (жарадар болуунун, травма, контузия алуунун) же ооруга чалдыгуунун кесепетинен майып болгон адамдардын ичинен I жана II топтордогу майыптарга;

6) I жана II топтордогу эмгек майыптарына;

7) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I кана II топтордогу майып балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөргө;

8) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, кызматтык турак жайларда жыйырма жылдан кем эмес жашаган адамдарга.

2. Кызматтык турак жайларды менчиктештирүү ушул главада белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Кызматтык жайларды менчиктештирүүнүн тартибинин өзгөчөлүктөрү мыйзамдарда белгилениши мүмкүн.

 

60-берене. Турак жайды менчиктештирүүнүн тартиби

 

1. Менчиктештирүүдө турак жайлардын сатып алуучулары Кыргыз Республикасынын жарандары боло алышат.

2. Турак жайды сатып алууга арыз карамагында турак жайы болгон тиешелүү ыйгарым укуктуу органга берилет.

Турак жайларды менчиктештирүү жөнүндө жарандардын арыздары алар берилген күндөн тартып эки айлык мөөнөттө каралат.

3. Ыйгарым укуктуу органдардын чечими мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Турак жайды жеке менчикке берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого жаткан турак жайын сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт.

5. Турак жайлардын менчик ээлери болгон жарандар жарандык мыйзамдарга ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоого укуктуу.

 

61-берене. Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо

 

1. Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоонун тартиби Өкмөт тарабынан белгиленет.

2. Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркы карамагында менчиктештирилүүчү турак жайы болгон ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү комиссия тарабынан белгиленет.

3. Турак жайларды менчиктештирүүдөн түшкөн акча каражаттары Турак жай курулушун өнүктүрүү фондуна же ушундай фонддорго түшөт жана мамлекеттик же муниципалдык турак жайларды куруу жана күтүү үчүн пайдаланылат.

 

9-глава
Турак жай курулушун өнүктүрүү фонду

 

62-берене. Турак жай курулушун өнүктүрүү фондун уюштуруу

 

1. Турак жай курулушун өнүктүрүү фонду мыйзамдарда белгиленген тартипте Өкмөт тарабынан уюштурулат.

2. Мамлекеттик менчикте турган турак жайларды курууну өнүктүрүүгө дем берүү турак жай курулушун өнүктүрүү фондун түзүүнүн максаты болуп саналат.

3. Турак жай курулушун өнүктүрүү фонду акча каражаттарын топтойт:

1) мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайларды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн бир бөлүгүнөн;

2) мамлекеттик турак жай фондун менчиктештирүүдөн;

3) жарандар, юридикалык жактар жана башка уюмдар тарабынан өткөрүп берилүүчү каражаттардан;

4) эл аралык финансы институттарынын жана башка уюмдардын зайымдык жана гранттык акчалай каражаттарынан;

5) турак жай курулушуна дем берүүчү адистешкен баалуу кагаздарды чыгаруу жолу менен акча каражаттарын тартуунун эсебинен.

4. Өкмөт жыл сайын Турак жай курулушунун планын кабыл алат жана Турак жай курулушун өнүктүрүү фондуна милдеттүү чегерүүлөрдүн өлчөмүн белгилейт.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарда бегиленген тартипте турак жай курулушун өнүктүрүүнүн ушундай фонддорун уюштурууга укуктуу.

 

10-глава
Куруу жана сатып алуу аркылуу турак жанга укукту ишке ашыруу

 

63-берене. Жарандын менчик укугуна таандык турак үндү пайдалануу

 

1. Жарандар жеке менчик үйгө (үйдүн бир бөлүгүнө) ээ боло алышат, аны жашоо жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн пайдаланууга укугу бар. Алар үйгө башка жарандарды киргизүүгө, ошондой эле аны жарандык мыйзамдарда белгиленген шарттарда жана тартипте жалдоого берүүгө укуктуу.

2. Жаранга менчик укугуна таандык турак үйдүн турак жана жалпы аянтынын өлчөмү шаар куруу мыйзамдарынын ченемдеринин талаптарын эске алуу менен турак үй курууга бөлүнгөн жер участогунун аянты менен чектелет.

3. Көрсөтүлгөн турак үйдүн турак жана жалпы аянтынын эң төмөнкү өлчөмү ошол районунун курулушу үчүн санитардык-техникалык ченемдерге ылайык келиши керек.

 

64-берене. Турак жай-курулуш кооперативдеринин үйлөрүнөн турак жай алууга укук

 

1. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандар турак жай курулуш кооперативдерине кирүүгө укуктуу.

2. Турак жай-курулуш кооперативдери анын мүчөлөрүнүн жашаган жери боюнча же иштеген жери боюнча өздөрүнүн турак жай-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн ыктыярдуу башталыштарда уюштурулат.

3. Турак жай курулушуна акча каражаттары менен катышуу бул кооперативдердин ишинин негизги багыты болуп саналат.

4. Турак жай-курулуш кооперативдерин уюштуруунун жана ишинин тартиби, ошондой эле жарандарды кооперативдин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан турак жай-курулуш кооперативдеринин мүчөлүгүнө кабыл алуунун тартиби мыйзамдарга ылайык белгиленет.

 

65-берене. Турак жай-курулуш кооперативинин үйүнөн турак жай берүү

 

1. Турак жай курулуш кооперативинин мүчөлөрүнө кабыл алынган адамга кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча анын пайлык төгүмүнүн суммасына ылайык көп батирлүү үйдөн менчигине батир берилет.

2. Турак жай-курулуш кооперативинин мүчөсүнүн, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери, турак жайларды пайдалануунун шарттары жана пайдаланууну токтотуунун негиздери кооперативдин уставында аныкталат.

3. Турак жай-курулуш кооперативинин мүчөсү төмөнкүдөй учурларда кооперативден чыгарылышы мүмкүн:

1) кооперативге кабыл алуу үчүн негиз болгон, чындыкка туура келбеген маалыматтарды берсе;

2) соттун өкүмү менен пайлык төгүм кылмыштуу жол менен табылган каражаттардан тургандыгы белгиленсе;

3) кооперативге киргенден кийин үч айдын ичинде пайлык төгүмдү, ошондой эле банк кредитин тындыруу төгүмдөрүн же болбосо кооперативдин үйүн капиталдык оңдоону, күтүүнү жана эксплуатациялоону жүргүзүүгө төгүмдөрдү жүйөлүү себептерсиз дайыма (жылына үч айдын ичинде) төлөбөсө;

4) эгерде эскертүү жана коомдук таасир этүү чаралары натыйжасыз болуп калса, турак жайды дайыма бүлдүрсө же бузса, же аны арналышы боюнча пайдаланбаса же болбосо башкалар үчүн бир батирде же бир үйдө жашоого мүмкүн болбогон жашоо эрежелерин дайыма бузса.

Турак жай-курулуш кооперативинен чыгаруу турак жай-курулуш кооперативинин уставында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

4. Турак жай-курулуш кооперативинин мүчөлүгүнөн чыгаруу жөнүндө чечим сотко даттанылышы мүмкүн. Адам кооперативден негизсиз чыгарылган деп таанылган соттун чечими ушул адамды кооперативге мүчөлүгүнө жана андан ары турак жайды пайдалануу укуктарына калыбына келтирүүгө алып келет.

 

66-берене. Юридикалык жана жеке жактардын кийин сатуу үчүн турак жайларды курууга укугу

 

1. Жарандар жана юридикалык жактар кийин сатуу үчүн турак жайларды курууну жүзөгө ашырууга укуктуу.

2. Турак жайды куруу менчик ээси же курулуш үчүн белгиленген тартипте берилген жер участогун пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт.

Көп батирлүү үйдү эксплуатацияга бергенде үй жанындагы жер участогу менчигинин формасына карабастан укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн чек араларында көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигине өтөт.

Турак жайларды турмуштук камсыз кылуу үчүн курулган инженердик инфратүзүмдүн объекттери (трансформатордук подстанциялар, электрдик тарамдар, насостук станциялар, ар кандай арналыштагы өткөрмө түтүктөр, кабелдик чубалгылар) тиешелүү камсыздоочу уюмдардын балансына кайтарымсыз өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Менчик ээлери бул мүлктүн наркын тындыруунун эсебинен алардын товарларды берүүсүнүн шарттарында бул мүлктү камсыздоочу уюмдардын балансына өткөрүп берүүгө укуктуу.

3. Турак жайларды курууда жеке, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үлүштүк куруу келишиминин шарттарында курулуп жаткан турак жайга үлүштүк укукту алууга укуктуу.

4. Турак жайды үлүштүк куруу келишим жазуу жүзүндө түзүлөт, нотариалдык ырасталуусу жана мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүсү керек.

5. Курулуп бүтпөгөн турак жай мындай турак үйдүн менчик ээсинин баардык жер, шаар куруу мыйзамдарынан келип чыккан милдеттенмелерин бүтүм боюнча өткөрүп берүү шарттарында жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн предмети болушу мүмкүн.

6. Жарандар жана юридикалык жактар тарабынан курулган турак жайлар ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык келиши керек.

7. Курулган турак жайлар курулган турак жайларды эксплуатациялоого киргизилген жана мыйзамдарда белгиленген тартипте турак жайга менчик укугу мамлекеттик катталган учурдан тартып жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн предмети болушу мүмкүн.

8. Көп батирлүү үйдөгү турак жайларды сатуу учурунда сатып алуу келишими же ээликтен ажыратуунун башка келишими боюнча өткөрүлүп берилүүчү жайлардын курамына көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнө үлүшү кошо киргизилет. Көп батирлүү үйдөгү турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн аныктоонун жана пайдалануунун тартиби жарандык мыйзамдар менен жөнгө салынат.

67-берене. Ипотекалык турак жай кредитин алуу менен турак жайларды алуу

Жарандар ипотекалык насыялоону жүзөгө ашыруу жолу менен турак жайды сатып алууга укуктуу. Турак жайларды сатып алуу үчүн максаттуу насыялык келишимдерди камсыз кылуучу ипотекалык келишимдерди түзүүнүн тартиби жарандык мыйзамдарда жөнгө салынат.

11-глава
Адистешкен турак-жай фондунун тутуму аркылуу турак
 жайга укукту ишке ашыруу

 

68-берене. Адистешкен турак жай фонду

 

1. Адистешкен турак жай фонду социалдык колдоого муктаж жарандар үчүн турак жайлардан турат. Жатак-үйлөрдөгү, пансиондордогу жана социалдык жактан тейлөөчү башка мекемелердеги бөлмөлөр мыйзамдарда белгиленген ушундай турак жайлар болуп саналат.

2. Адистешкен турак жай фонду мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте болушу мүмкүн.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган адистешкен турак жай фондунун турак үйлөрү ээликтен ажыратууга, пайдаланууга өткөрүп берүүгө, күрөө катары өткөрүп берүүгө жана башка бүтүмдөрдү жасоого жатпайт.

4. Адистешкен турак жай фондунун турак жайлары турак жайларга коюлуучу ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык келиши керек, ошондой эле арналышы боюнча гана пайдаланылышы жана турак жайды пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиз болуп саналган белгилүү бир окуя болгонго чейин пайдаланууга берилиши керек.

Адистешкен турак жай фондунун турак жайын пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиздер социалдык колдоого муктаж адамдардын ар бир категориясына карата ченемдик укуктук актыларда аныкталат.

Адистешкен турак жай фондунан берилген турак жайын пайдалануу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, атайын турак жай фондунун турак жайларын пайдалануу акы төлөө болуп саналат. Мамлекеттик менчикте турган турак жайларды пайдаланууга төлөнүүчү акы Өкмөт тарабынан, ал эми муниципалдык менчикте турган турак жайлар - тиешелүүлүгүнө жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталат.

Социалдык колдоого муктаж адамдардын айрым категорияларына адистешкен турак жай фондунун турак жайын пайдаланганы үчүн акы төлөө боюнча чыгымдарды мамлекет субсидиялайт же компенсациялайт.

6. Адистешкен турак жай фондунан турак жайын берүү жана пайдалануу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү макулдашуулардын негизинде юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте адистешкен турак жай фондунун турак жайларын түзүүгө укуктуу.

8. Адистешкен турак жай фондунун турак жайлары социалдык маанилүү көйгөйлөрдү чечүүнү, ошондой эле социалдык чөйрөгө кошумча адам, материалдык, финансылык ресурстарды мамлекеттик эмес булактардан тартууну караган мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкактарында түзүлүшү мүмкүн.

Мамлекеттик социалдык тапшырыкты жайгаштыруунун жана пайдалануунун тартиби мыйзамдарда аныкталат.

 

69-берене. Социалдык колдоого муктаж адамдар

 

1. Социалдык колдоого муктаж жарандардын категориясына төмөнкүлөр кирет:

1) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар (чоң кишилер жана балдар);

2) жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар;

3) жалгыз бой улгайган жарандар;

4) айыкпаган оорулар менен жабыркаган жана СПИД менен ооруган жарандар, алардын тизмеги Өкмөт тарабынан аныкталат;

5) белгилүү бир жашаган жери жок адамдар.

2. Социалдык колдоого муктаж жарандарды эсепке алуунун тартиби мыйзамдарда аныкталат.

 

12-глава
Жеңүүгө болбогон күчтүн аракеттеринде турак жайга
укукту ишке ашыруу

 

70-берене. Турак жайга менчик укугун жоготууга алып келген жеңүүгө болбогон күчтүн аракеттери

 

1. Мамлекет жеңүүгө болбогон күчтүн (табигый жана аскердик аракеттер) аракеттердин натыйжасында алар турак жайга менчик укугун жоготкон учурда жарандарга турак жай берүүгө милдеттүү.

2. Мамлекет жарандарга көчмө турак жайларды (боз үйлөрдү, дөңгөлөктүү типтүү үйлөрдү (трейлерлерди), адистешкен вагон-үйлөрдү ж.б.) бир жылдан ашпаган мөөнөткө мөөнөттүү пайдаланууга берет.

Көчмө турак жай фондунун турак жайларында жашоо үчүн шарттар мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык келиши керек.

Көчмө турак жай фондунун турак жайларын пайдалануунун тартиби ушул Кодекстин талаптарын эске алуу менен мыйзамдарда аныкталат.

3. Көчмө турак жай фондунун турак жайлары жеке менчикке берилбейт, ал эми мүлктү (ссуданы) анын маанилүү шарттары жарандык мыйзамдарда белгиленген кайтарымсыз пайдалануу келишими боюнча берилиши мүмкүн.

Көчмө турак жай фондунун турак жайларына муктаж жарандарды эсепке алуунун тартиби, ошондой эле аларды берүүнүн шарттары Өкмөт тарабынан аныкталат.

4. Көчмө турак жай фондунун турак жайларын күтүүнүн жүгүн жарандык коргонуу, өрт жана радиациялык коопсуздук жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүк тартат.

 

71-берене. Аргасыз жер которгондор жана качкындар үчүн турак жай

 

Аргасыз жер которгондорго жана качкындарга, мыйзамдуу негиздерде ушундай деп таанылгандарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштоосу боюнча алардын жашоосу үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик турак жай фондунан турак жай бере алат.

 

IV бөлүм
Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

 

13-глава
Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

 

72-берене. Товарлардын жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү

 

1. Турак үйдө берилүүчү товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр тиешелүү калктуу конуштун шарттарына карата турак жайлардын зарыл ыңгайлуулуктарын, алардын белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга ылайык келишин камсыз кылат.

2. Товарларга төмөнкүлөр кирет:

1) электр энергиясы;

2) жылуулук энергиясы (ысык суу менен камсыздоо, жылуулук);

3) иче турган суу;

4) жаратылыш газы;

5) байланыш кызматтары (телефон, интернет, телекөрсөтүү).

3. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкүлөр кирет:

1) катуу турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу;

2) суу жүргүзүү (канализация);

3) үй ичиндеги тарамдарды жана инженердик жабдууларды анын ичинде көп батирлүү үйдү лифттик жабдууларды жабуучу же адистешкен уюмдар тарабынан техникалык тейлөө.

 

73-берене. Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын өлчөмү

 

1. Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:

1) товарды эсепке алуу приборлору менен (электр энергиясы, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, иче турган суу, суу жүргүзүү (канализация);

2) товарды эсепке алуу приборлору болбогондо акынын өлчөмү Өкмөт тарабынан белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилген керектөө ченемдери менен аныкталат;

3) турак жайдын жалпы аянтынын өлчөмүнөн (жылуулук, үй ичиндеги тарамдарды жана инженердик жабдууларды, анын ичинде лифттик жабдууларды техникалык тейлөө);

4) турак жайларда иш жүзүндө жашагандардын санынан (тиричилик таштандыларын чыгаруу, суу жүргүзүү (канализация), ысык суу менен камсыздоо).

2. Эсепке алуу приборлору болгондо, берилүүчү товардын көлөмүн керектөө ченемдери боюнча аныктоого жол берилбейт.

3. Турак жайда берилүүчү товарларды жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөнүн тарифтери жана ченемдери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте бекитилет.

4. Жарандар убактылуу болбогондо керектөө ченемдери боюнча эсептелген товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы, эсепке алуу приборлору белгилөөчү жылуулук энергиясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, жарандар убактылуу болбогон мезгил үчүн мыйзамдарга ылайык аны түзөтүүнү эске алуу менен киргизилет.

 

74-берене. Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө боюнча милдеттер

 

1. Жарандар жана юридикалык жактар товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз убагында жана толугу менен акы төлөөгө милдеттүү.

2. Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн менчик ээсинин же турак жайды пайдалануучунун акы төлөө боюнча милдеттери мыйзамдарга ылайык ушундай товарларды же коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү коюуга тиешелүү жарандык-укуктук келишимдер түзгөн учурдан тартып же көрсөтүлгөн товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү мурда түзүлгөн келишим боюнча койгон учурдан тартып келип чыгат.

Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү алты айдан ашык создуктурган учурда, камсыздоочу же адистешкен башка уюмдар товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө боюнча карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө сотко кайрылууга укуктуу.

3. Мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунун турак жайын жалдоочу тарабынан товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү алты айдан ашык создуктургандыгы үчүн турак жайдын менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы бир тараптуу тартипте мүлктү жалдоо келишимин бузууга жана андан карыздын суммасын сот тартибинде өндүрүп алууга укуктуу.

 

75-берене. Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акы төлөө боюнча жарандардын

 айрым категорияларын социалдык коргоо

 

1. Жарандардын айрым категорияларына мыйзамдарда белгиленген тартипте жана шарттарда товарларга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жеңилдиктер же турак жай субсидиялары берилиши мүмкүн.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, товарларга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча жеңилдиктер же турак жай субсидиялары чет өлкө жарандарына, жарандыгы жок адамдарга берилбейт.

 

14-глава
Көп батирлүү үйдөгү турган үй ичиндеги тарамдарды жана
инженердик жабдууларды тейлөө

 

76-берене. Көп батирлүү үйдөгү турган үй ичиндеги тарамдар жана инженердик жабдуулар

 

1. Көп батирлүү үйдөгү турган үй ичиндеги тарамдарга жана инженердик жабдууларга газды, муздак сууну, суу жүргүзүүнү, ысык сууну жана жылуулукту камсыздоону, электр энергиясын, лифттик жабдууну, тартылган телефон байланышын, интернет жана кабелдик теле көрсөтүүнү жеткирүү боюнча инженердик коммуникациялар кирет.

2. Үй ичиндеги тарамдардын жана инженердик жабдуулардын менчик ээлери инженердик жабдуулардын, үй ичиндеги тарамдардын, эсепке алуу приборлорунун сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана техникалык тейлөөнү жүргүзүү үчүн аларга жеткиликтүү камсыз кылышат.

3. Үй ичиндеги тарамдардын жана инженердик жабдуулардын менчик ээлери тарабынан ыйгарым укук берилген адамдар өз ичине профилактикалык кароолорду, учурдагы оңдоолорду, ошондой эле авариялык тейлөөнү камтыган техникалык тейлөөнү камсыз кылуу максатында жабдуучу уюмдар же адистешкен башка уюмдар менен келишим түзүүгө милдеттүү.

4. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөнүн белгиленген режимин сактоого, ошондой эле жабдуучу жана башка уюмдарга авариялар, өрт, үй ичиндеги тарамдардын жана инженердик жабдуулардын оң эместиктери жана башка бузуулар тууралуу токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.

5. Үй ичиндеги тарамдардын техникалык абалына жана эксплуатациялоого карата талаптар, ошондой эле алардын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун тартиби ченемдик укуктук актыларда аныкталат.

6. Турак жай имаратынын ички тарамдарын жана инженердик жабдууларын кайра курууга тыюу салынат. Жетүүгө болбогон күчтүн аракеттеринин учурларында шаар куруу жана архитектура жаатындагы тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча үй ичиндеги тарамдарды жана инженердик жабдууларды кайра куруу жүргүзүлүшү мүмкүн.

 

77-берене. Лифттик жабдуу

 

1. Лифттер менен жабдылган көп батирлүү үйлөрдө лифт жабдуулардын менчик ээлери анын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. Лифттерди техникалык тейлөө адистешкен уюмдар тарабынан гана жүзөгө ашырылат.

2. Турак жайлардын менчик ээлеринин атынан лифттик жабдууларды техникалык тейлөө жөнүндө келишимдерди алар ыйгарым укук берген адамдар түзүшөт.

3. Көп батирлүү үйлөрдөгү лифттик жабдууларды капиталдык оңдоо жана иш жүзүндө эскиргендерин алмаштыруу анын менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен же жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

4. Лифттик жабдууларды техникалык тейлөө тарифтери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленет.

 

V бөлүм
Турак жай фондунун сакталышы жана эксплуатациялоо коопсуздугу.
Турак жай имараттарындагы жайларды кайра куруу

 

15-глава
Турак жай фондунун сакталышы жана эксплуатациялоонун коопсуздугу

 

78-берене. Турак жай фондунун сакталышын камсыз кылуу

 

1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле турак жайлардын менчик ээлери жана пайдалануучулары болуп саналган жарандар, юридикалык жактар турак жай фондунун сакталышын камсыз кылууга, инженердик жабдууларга, ыңгайлаштыруу объекттерине сарамжал мамиле жасоого, турак үйлөрдү, көп батирлүү үйдүн жанындагы жер участокторун жана жалпы пайдалануудагы башка жерлерди пайдалануунун эрежелерин сактоого милдеттүү.

2. Турак жай мамилелеринин бардык субъекттери турак жай фондунун сакталышына мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

 

79-берене. Турак үйдүн паспортун түзүү боюнча негизги жоболор

 

1. Турак үйдүн, анын ичинде көп батирлүү үйдүн паспорту көлөмдүк-пландоочу, долбоорлук, конструкциялык, изилдөөчүлүк чечимдердин бардык көрсөткүчтөрүн, турак үйдүн коопсуз пайдаланылышын камсыз кылуучу субъекттер жөнүндө маалыматтарды жана үйдүн коопсуздугу боюнча жүргүзүлгөн жумуштардын натыйжаларын жана анда андан ары да жашоого берилген уруксатты камтыган документ болуп саналат.

2. Турак үйдүн паспорту турак жай имараттарын сертификаттоодо да түзүлөт жана аларды камсыздандыруу үчүн негизги документ болуп саналат.

Турак үйдүн паспорту төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

1) долбоорду иштеп чыгуу жана турак жайды куруу жана анын катталышы жөнүндө маалыматтарды;

2) үй ичиндеги тарамдар жана турак жай үйүнүн инженердик жабдуулары жөнүндө маалыматтарды;

3) турак үйдүн көлөмдүк-пландоочу чечиминин маалыматтарын;

4) долбоорду, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, конструкцияларды, буюмдарды жана материалдарды сертификаттоо боюнча маалыматтарды өзүнө камтыган сертификациялык сыноолордун натыйжаларын;

5) объектти эксплуатациялоого кабыл алуу жана имаратты эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтарды;

6) курулуш жана эксплуатациялоо боюнча көрсөтмөлөрдү, тараптардын (долбоорлоочунун, куруучунун, менчик ээсинин) укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин;

7) аянтын көрсөтүү менен жалпы пайдалануудагы көмөкчү жайлардын тизмегин;

8) турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлктөгү үлүштөрүнүн өлчөмү жөнүндө маалыматтарды;

9) үй жанындагы жер участогунун чектери жөнүндө маалыматтарды;

10) жүргүзүлгөн датасын көрсөтүү менен турак жана турак эмес жайлардын жүргүзүлгөн кайра куруу жөнүндө маалыматтарды;

11) жүргүзүлгөн датасын көрсөтүү менен көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн капиталдык оңдоо жөнүндө маалыматтарды.

3. Бардык турак үйлөр менчигинин формасына карабастан турак үйдүн паспортуна ээ болушу керек.

 

80-берене. Турак жайларды эксплуатациялоо процессиндеги контроль жана мамлекеттик көзөмөл

 

1. Турак үйдү техникалык эксплуатациялоону контролдоону имараттын менчик ээси же ал ыйгарым укук берген адам имараттардын жана курулуштардын коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттерде белгиленген тартипте эксплуатациялык же инструменталдык контроль түрүндө жүзөгө ашырылат.

2. Турак үйдү эксплуатациялоо процессинде мамлекеттик көзөмөлдөө имараттардын жана курулуштардын коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттерге ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

81-берене. Турак жайлардын жер титирөөгө туруктуулугун камсыз кылуу

 

1. Турак жайлар мыйзамдарда белгиленген бекемдиктин, жер титирөөгө туруктуулугун, туруктуулуктун, коопсуздуктун жана технологиялуулуктун талаптарына жооп берүүгө тийиш.

2. Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул имарат тургузулган долбоордогу жер титирөөгө туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чечимдердин жана нормалардын талаптарына конструкциялардын, жайлардын, конструкциялык иш-чаралардын абалынын ылайык келүүсүн милдеттүү текшерүүнү жүргүзүшөт.

3. Имараттын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон имараттын эскилиги билингенде, атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары имараттардын менчик ээлерин турак имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттендирет же тургундарды реконструкциялоого жатпаган турак жайлардан чыгарууну сунуштайт.

 

82-берене. Турак жайларды эксплуатациялоодо өрт коопсуздугун камсыз кылуу

 

1. Турак жайлардын менчик ээлери жана пайдалануучулары өрт коопсуздугун жана турак жана турак эмес жайлардын аймагында мыйзамдарда белгиленген өрт коопсуздугунун талаптарын аткарууну, ошондой эле өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышына көзөмөл боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана ыктыярдуу өрт түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө өрт-техникалык иликтөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

2. Турак жайларды өрт-техникалык иликтөө жүргүзүүнүн тартиби мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

 

83-берене. Турак жайларда санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыз кылуу

 

1. Турак жайлардын менчик ээлери жана пайдалануучулары төмөнкүлөрдү жасоого тийиш:

1) калктын жашоосу жана экологиялык жактан коопсуздугу үчүн бейпил жана коопсуз шарттарды камсыз кылуучу санитардык ченемдерге жана эрежелерге, гигиеналык нормативдерге, стандарттарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык турак жайларды күтүүнү жана эксплуатациялону камсыз кылууга;

2) Турак жайдын санитардык абалына байланыштуу жугуштуу оорулардын пайда болушунун жана таралышынын алдын алууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө.

2. Турак жайларда талаптагыдай санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык шарттарды түзүү төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) желдетүү, жылуулук берүү жана абаны алмаштырып туруу, муздак жана ысык суу менен камсыздоо, ошондой эле газ менен камсыздоо жана суу жүгүртүү тутумдарынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;

2) турак жайларды жана коомдук пайдалануудагы жерлерди, үй жанындагы аймакты тазалоону, тиричилик таштандыларын жана карды чыгарууну, бак-даракты багып кароону, жайларды дезинфекциялоо, дератизациялоо жана башка санитардык алдын алуу жумуштарын камтыган иш-чаралардын комплексин жүргүзүү;

3) айлана-чөйрөдөгү абанын, табигый жана жасалма жарык берүүнүн жана инсоляциянын көрсөткүчтөрүнүн гигиеналык нормативдерге ылайык келишин камсыз кылуу, турак жайларда белгиленген ченемдерге физикалык факторлордун (радиациянын, ызы-чуунун, термелүүнүн, электромагниттик нурлануунун жана башка) зыяндуу таасирин болтурбоо.

3. Турак жайларда төмөнкүлөргө жол берилбейт:

1) мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык иштелип чыккан долбоорсуз эле инженердик жабдуу-шаймандарга, таштанды чыгаруу системасына өзгөртүү киргизүүгө;

2) ызы-чуунун, термелүүнүн, абанын булганышынын деңгээлинен жогоруланышын болуп саналган жумуштарды аткарууга;

3) абаны булгоочу жана иондоочу нурлануулардын булактары болуп саналган заттарды жана буюмдарды сактоого жана пайдаланууга;

4) жалпы пайдалануудагы жертөлөлөргө жана техникалык үй таманын алдындагы жерлерге, тепкичтик ачык жерлерге жана клеткаларга, чатыр астындагы жайларга жана башка жерлерге таштандыларды таштоого, булгоого, суу каптатууга.

4. Көп кабаттуу үйдүн цоколь бийиктигиндеги кабаттарына жана жертөлөлөрүнө турак жайларды жайгаштырууга жол берилбейт.

5. Мурдагы көрүстөндөрдүн, өлгөн мал көмүлгөн аймактардын, иштетилбеген таштандылар төгүлгөн жерлердин, уулуу калдыктар көмүлгөн жерлерге жана жарандардын ден соолугуна жана жашоосуна коркунуч келтирүүчү башка объекттердин жанына турак жайларды салууга тыюу салынат.

 

84-берене. Турак жай фондун эксплуатациялоодо энергияны үнөмдөөнү камсыз кылуу

 

1. Турак жайлардын менчик ээлери жана пайдалануучулары жайлардын жана жалпы пайдалануудагы жайлардын нормага салынган температурасын жана жайдын ичиндеги абанын салыштырмалуу нымдуулугун сактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Турак жайлардын жылуулугун сактоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзамдарда аныкталат.

 

85-берене. Жаратылыштын ар кандай кырсыктарынын таасиринде коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу

 

1. Турак жайларды коопсуз эксплуатациялоо үчүн, ошондой эле долбоорлоо алдындагы жумуштардын баскычында аларды инженердик коргоо ишин долбоорлоодо коркунучтуу жаратылыш процесстерин болтуруучу жана (же) аларды активдештирүүчү болжолдуу же болбосо реалдуу географиялык кырсыктар аныкталышы керек.

2. Эксплуатацияланып жаткан турак жайларды жаратылыш кырсыктарынан коргоо үчүн мезгил-мезгили менен, бирок 3 жылда бир жолудан кем эмес ар кандай жаратылыш кырсыктарынын таасирлеринен коргоочу тутумдун ишке жарактуулугуна контроль жүргүзүлөт. Ошону менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эксплуатациялоодо турган турак жай фонду үчүн жаратылыш процесстеринин коркунучтуулук категорияларын аныктоо максатында жаңы жаратылыш кырсыктарынын келип чыгышын аныктап туруулары керек.

3. Жаратылыш кырсыктарынын таасирлеринен жана жаңы коркунучтуу жаратылыш кырсыктарынын келип чыгышынан коргоо тутумунун иштөө жөндөмдүүлүгүн көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзамдарда аныкталат.

 

86-берене. Турак жайларда радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу

 

1. Турак жайлар радиациялык коопсуздуктун талаптарына жооп бериши керек.

2. Турак жайларды куруу үчүн жер участокторун берүүдө ыйгарым укуктуу органдар гамма-нурлануунун деңгээлин эске алуу менен жер участокторун бөлүп берүүгө милдеттүү.

3. Турак жайларда радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тартиби мыйзамдарга ылайык радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.

 

87-берене. Турак жайлардын сакталышына жана коопсуз эксплуатацияланышына контроль

 

1. Турак жай фондун эксплуатациялоо жаатындагы ишти жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдар аны коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу үчүн үзгүлтүксүз контроль жүргүзүшөт.

2. Турак жай фондун эксплуатациялоого контроль жүргүзүүнүн тартиби ченемдерге ылайык жана турак жай фондун жана анын инженердик тутумдарын коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Турак жай фондун коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылууга мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары мыйзам бузууларды табууда жазма-буйрук берүүгө жана табылган мыйзам бузууларды жоюу үчүн турак жай фондунун менчик ээсине тиешелүү протоколдорду түзүүгө милдеттүү.

 

16-глава
Турак жана турак эмес жайларды кайра куруу

 

88-берене. Турак жана турак эмес жайларды кайра куруу

 

1. Турак жай имараттарындагы турак жайларды кайра куруу ыйгарым укуктуу органдын жана турак жай фондун эксплуатациялоо жаатындагы иштерди жүзөгө ашырган органдын көзөмөлү алдында турак жайдын менчик ээлери тарабынан мыйзамдарда аныкталган тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) профилин өзгөртүүнү - жайдын функционалдык багытын өзгөртүүнү;

2) реконструкцияны - жайдын көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерин, инженердик жабдууларды жана архитектуралык чечимдерин өзгөртүүнү;

3) кайра пландоону - ушул жайдын конфигурациясына кийин өзгөртүү менен жайдын планын өзгөртүүнү.

2. Жеңүүгө болбогон күчтүн аракеттерине байланыштуу имаратты жарым-жартылай бүлдүрүшүн кошпогондо ири панелдүү, монолиттик жана кыш менен салынган көп батирлүү үйлөрдөгү жайларды кайра курууга тыюу салынат. Эгерде кайра куруу турак үйдүн тиричиликтик камсыз кылуу тутумун бузбаган жана инженердик коммуникацияларга оорчулук жана имараттын конструкциясына эксплуатациялык оорчулук алып келбеген учурларда, каркастык конструкциядагы турак үйлөрүндөгү жайларды кайра курууга жол берилет.

3. Жеке турак үйлөрдө жайларды кайра куруу шаар куруу мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

 

89-берене. Жеке турак үйлөрдөгү жайларды кайра куруудан баш тартуу үчүн негиздер

 

1. Адистешкен уюмдар тарабынан аткарылган долбоорлук иликтөө жумуштарысыз жайларды кайра курууга жана кызыкдар тараптардын уруксат берүүчү тиешелүү документтерди алуусуна тыюу салынат.

2. Эгерде которулуп жаткан жайга турак жайларга жетүүнү камсыз кылган жайларды пайдалануусуз жетүүгө мүмкүн болбосо, же ал жайга мындай жетүүнү жайгаштырууга техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, эгерде которулуп жаткан жай турак жайдын бир бөлүгү болуп саналса же болбосо ал жайдын менчик ээси же башка адам тарабынан туруктуу жашоо орду катары пайдаланылса, эгерде которулуп жаткан жайдын менчик укугуна кандайдыр бир адамдардын укуктары жүктөлгөн болсо, турак жайдын багытын турак эмес жайга өзгөртүү жүргүзүүгө тыюу салынат.

 

90-берене. Турак жана турак эмес жайларды кайра куруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар

жана алардын жоопкерчиликтери

 

1. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларын кайра куруу ушул Кодексте белгиленген учурларда, мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын кайра курууда инженердик курулмаларды которуунун долбоору ушул Кодекстин 88-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда тиешелүү жабдуучу уюмдар менен макулдашууга тийиш.

2. Турак жана турак эмес жайларды жана инженердик тарамдарды кайра курууга уруксат берүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары кабыл алынган документтердин тууралыгына кабыл алынган чечимдеринин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдерине ылайык келишине жоопкерчилик тартышат.

 

91-берене. Турак жайды кайра курууну аяктоо

 

1. Турак жайды кайра курууну аяктоо шаар куруу мыйзамдарында белгиленген тартипте, түзүлгөн кабыл алуу комиссиясынын актысы менен ырасталат.

2. Кабыл алуу комиссиясынын белгиленген тартипте кабыл алынган актысы тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга жиберилет.

 

92-берене. Турак жайларды өзү билемдик менен кайра куруунун кесепеттери

 

1. Мыйзамдарда каралган талаптарды бузуу менен жүргүзүлгөн турак жайды кайра куруу өзү билемдик менен куруу болуп саналат.

2. Турак же турак эмес жайды өзү билемдик менен кайра курган адам мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.

3. Өзү билемдик менен кайра курган турак же турак эмес жайдын менчик ээси же жалдоочусу мындай жайды ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген акылга сыярлык мөөнөттө мурдагы абалына келтирүүгө милдеттүү.

 

VI бөлүм
Корутунду жоболор

 

93-берене. Турак жай мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, турак жайлардын менчик ээлери жана пайдалануучулары, башка юридикалык жана жеке жактар турак жай мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жарандык, администрациялык жана жазык жоопкерчилигин тартышат.

 

Кыргыз Республикасынын

              Президенти

 

А.Атамбаев