Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 19-июлу № 151

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 3-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 6-берененин 4-бөлүгүнүн 4-пункту "Өкмөттүн" деген сөздөн кийин "Өкмөт мүчөлөрүн - коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

3. 7-беренеде:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "тартам" деген сөз "тартууга даярмын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-бөлүгүндө "5 жумуш күнүнөн" деген сөздөр "2 жумадан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 9-беренеде:

4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Өкмөттүн отставкасынын натыйжасында кызматынан бошотулган Өкмөттүн мүчөсү, ишеним көрсөтпөөгө же ишеним көрсөтүүдөн баш тартууга байланыштуу Өкмөт отставкага кеткен учурларды кошпогондо, эки орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө компенсация алат.";

5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Эгерде кызматынан бошотулган Өкмөттүн мүчөсү жаңы Өкмөттүн курамынын мүчөлүгүнө же болбосо администрациялык ведомствонун жетекчилигине дайындалса, ушул берененин 4-бөлүгү менен каралган компенсация төлөнбөйт.";

6-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Премьер-министрдин тескемеси" деген сөздөр "Өкмөттүн чечими" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 3-главанын аталышында ", Өкмөттүн мүчөлөрүнүн ишинин кепилдиктери" деген сөздөр алып салынсын.

6. 10-берененин 1-бөлүгүндө:

5-пункту "коргонуу жөндөмдүүлүгүн" деген сөздөрдөн кийин улуттук коопсуздукту" деген сөздөр менен толукталсын;

9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9) чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин жана эл аралык уюмдардын алдында Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүктөрүн ачууну камсыз кылат;";

23-пункту "мыйзамдардын" деген сөздөн кийин Президенттин актыларынын" деген сөздөр менен толукталсын;

25-пункту "администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин," деген сөздөрдөн кийин "Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 26-1 жана 26-2-пункттар менен толукталсын:

"26-1) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн, штаттык санын бекитет;

26-2) Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү институтун түзөт;";

32-пункту "ведомстволордун" деген сөздөн кийин ", Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын.

7. 11-беренеде:

2-бөлүгүндө "бөлүштүрүп," деген сөз "бөлүштүрөт" деген сөзгө алмаштырылсын; "министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жөнүндө жоболорду бекитет" деген сөздөр алып салынсын;

3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

8. 13-берененин 5-7-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.

9. 17-беренеде:

1-бөлүгү "мыйзамдардын" деген сөздөн кийин ", Президенттин актыларынын" деген сөздөр менен толукталсын;

5-бөлүгүндө "аткаруу бийлигинин башка органдарынын" деген сөздөр "мамлекеттик башка органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

10. 18-берененин 2-бөлүгүндө:

11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

28-пунктунда "дипломатиялык рангдарды," деген сөздөр алып салынсын;

29-пункттагы "жана жогорку атайын класстык чендерди" деген сөздөр алып салынсын;

31 жана 32-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.

11. 20-берененин 3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"3) администрациялык ведомстволордун жетекчилерин, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, Өкмөткө ведомстволук караштуулуктагы уюмдар менен мекемелердин жана алардын бирикмелеринин жетекчилерин кызматка дайындоону жана кызматынан бошотууну;".

12. 22-берененин 1-бөлүгүндө:

8-пункт "чендерди" деген сөздөн кийин атайын класстык чендерди" деген сөздөр менен толукталсын;

10-пункт "конституциялык Мыйзамда" деген сөздөрдөн кийин "жана башка мыйзамдарда" деген сөздөр менен толукталсын.

13. 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23-берене. Премьер-министрди кызмат ордунан бошотууга жана

отставкага кетирүүгө негиздер

 

1. Премьер-министр Президент тарабынан төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулат:

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

2) башка ишке өткөндө же шайлануучу кызматка шайланганда;

3) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

4) ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

5) ээлеген кызматына шайкеш келбеген иш менен алектенгенде;

6) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;

7) сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, ошондой эле дайынсыз жоголду же өлдү деп табылганда;

8) каза болгондо.

2. Премьер-министрди ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча кызмат ордунан бошотуу Өкмөттүн отставкага кетишине алып келет.

Премьер-министр кызмат ордунан бошотулган учурда Өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияда каралган тартипте Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну уланта беришет. Премьер-министр кызмат ордунан бошотулган учурда анын милдеттерин аткаруу биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучуга жүктөлөт.

3. Премьер-министр төмөнкү учурларда отставкага кетти деп эсептелет:

1) Президент тарабынан анын отставкасы кабыл алынганда;

2) Өкмөт отставкага кеткенде.

4. Премьер-министрдин отставкасы Өкмөттүн отставкага кетишине алып келет.

Премьер-министр же болбосо Өкмөт отставкага кеткен учурда, Конституцияда каралган тартипте Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Премьер-министр же Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну уланта беришет.

5. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Президент тарабынан кабыл алынган арыздын негизинде милдеттерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызмат ордунан бошотулган учурда, анын ыйгарым укуктары биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучуга жүктөлөт.

6. Конституцияны жана мыйзамдарды бузуу менен байланышпаган негиздер боюнча кызмат ордунан бошотулган, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан ишеним көрсөтпөөгө же Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартууга байланышпаган негиздер боюнча отставкага кеткен Премьер-министр Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри наамына ээ болот.".

14. 24-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:

"4-1. Өкмөттүн мүчөсү отставка жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Өкмөттүн мүчөсүнүн отставкасы Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.".

15. 26-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Администрациялык ведомстволор өз ишин Өкмөттүн алдында жана анын жетекчилиги астында жүзөгө ашырат жана Өкмөт тарабынан аныкталуучу тартипте мамлекеттик агенттиктер, мамлекеттик инспекциялар, мамлекеттик кызматтар жана мамлекеттик фонддор формасында түзүлөт.

Мамлекеттик агенттик - иштин тиешелүү чөйрөсүндө аткаруу бийлиги органынын функцияларын жүзөгө ашыруучу администрациялык ведомство.

Мамлекеттик инспекция - иштин тиешелүү чөйрөсүндө аткаруу бийлиги органынын контролдоо жана инспектордук функцияларын жүзөгө ашыруучу администрациялык ведомство.

Мамлекеттик кызмат - атайын статусу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүүнү талап кылган, башкаруунун конкреттүү жаатында мамлекеттик саясатты камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу администрациялык ведомство.

Мамлекеттик фонд - башкаруунун конкреттүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу, ошондой эле акча каражаттарын топтоо жана товардык-материалдык баалуулуктарды чогултуу максаттарында түзүлүүчү администрациялык ведомство.".

16. 27-беренеде:

2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишинде компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөткө жана Президентке, ошондой эле Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө отчет берет.";

3-бөлүгүндө ", ошондой эле аны күтүүгө кеткен чыгымдардын өлчөмү" деген сөздөр алып салынсын.

17. 28-беренеде:

2-бөлүгүнүн үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;

3-бөлүгү "мыйзамдарды," деген сөздөрдөн кийин "Президенттин актыларын," деген сөздөр менен толукталсын.

18. 29-беренеде:

4-пунктунда "Өкмөттүн токтомдору менен тескемелеринин, Премьер-министрдин тескемелеринин" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле Өкмөттүн жана Премьер-министрдин чечимдеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9-пунктунда ", ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышынын маселелери боюнча" деген сөздөр алып салынсын;

11 жана 16-пункттар "мыйзамдардын," деген сөздөн кийин "Президенттин актыларынын," деген сөздөр менен толукталсын.

17-пунктунда "Премьер-министр тарабынан берилген" деген сөздөр "Өкмөт тарабынан аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

19. 30-беренеде:

берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-бөлүк менен толукталсын:

"5-1. Премьер-министр Президентке Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрүн, туруктуу өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин уюштурууга макулдук берет.";

7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Өкмөт Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Өкмөттүн компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча Президенттин сунуштарын карайт. Президент зарыл болгон учурларда Өкмөттүн жыйынын өткөрүүнү демилгелөөгө жана кароого жаткан маселелерди аныктоого укуктуу.".

20. 31-беренеде:

6 жана 7-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген жана расмий корутунду алуу үчүн Өкмөткө жиберилген же жиберилбеген мыйзам долбоорлоруна кат түрүндө корутунду берүүгө укуктуу. Мыйзам долбоорлоруна кат түрүндөгү корутундуларга Премьер-министр, биринчи-вице-премьер-министр же вице-премьер-министр кол коет.

7. Өкмөттүн корутундусу Мыйзам долбоорлорун комитеттердин, фракциялардын жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарында кароодо милдеттүү түрдө таркатылууга жана жарыяланууга жатат.";

8-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

9-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Өкмөт Жогорку Кеңешке берилген ченемдик укуктук актынын долбоорун чакыртып алууга укуктуу, бул жөнүндө Жогорку Кеңешке мыйзамдарда белгиленген тартипте билдирилет.".

21. 39-берененин 2-бөлүгүндө "Эгерде мыйзамдарды же мамлекеттик иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимдерде башкача каралбаса," деген сөздөр алып салынсын; "жергиликтүү" деген сөз "Жергиликтүү" деген сөзгө алмаштырылсын.

22. 10-глава күчүн жоготту деп таанылсын.

 

2-берене.

 

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев